Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 257
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызмат орду киргизилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмесинде:
12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |