Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-октябры № 566
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ишине тиешелүү болгон айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
- 13, 14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
14. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.";
- 15-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;";
он үчүнчү абзацта "министрдин орун басарларын" деген сөздөр "министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он алтынчы, жыйырма экинчи абзацтарда "министрдин орун басарынын" деген сөздөр "министрдин биринчи орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пунктта "Министрдин орун басарлары" деген сөздөр "Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пункттун биринчи абзацында "министр" деген сөз "министр, министрдин биринчи орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 9-пунктта "министрдин орун басарлары" деген сөздөр "министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.";
- 11-пунктта:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;";
тогузунчу абзацта "министрдин орун басарларынын" деген сөздөр "министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункттун биринчи абзацы "(коллегиянын төрагасы)" деген сөздөрдөн кийин ", министрдин биринчи орун басары" деген сөздөр менен толукталсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын, ошондой эле мамлекеттик органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги 5-тиркемеге ылайык;";
- 6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасы;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пунктунун 2-пунктчасы;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 2-пунктчасы;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 2, 3-пунктчалары.
6. Министрликтер жана административдик ведомстволор бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын, ошондой эле мамлекеттик органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги
№ | Мамлекеттик органдын (мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн) аталышы | Орун басарларынын саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 4 |
2 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 4 |
3 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 4 |
4 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 4 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 4 |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | 4 |
7 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 4 |
8 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 4 |
9 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | 4 |
10 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 4 |
11 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 4 |
12 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | 3 |
13 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | 4 |
14 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 4 |
15 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | 4 |
16 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | 2 |
17 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик | 1 |
18 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | 2 |
19 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик | 2 |
20 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | 2 |
21 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | 3 |
22 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 3 |
23 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту | 2 |
24 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту | 1 |
25 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти | 2 |
26 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы | 5 |
27 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар | 2 |
28 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы | 2 |
29 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы | 2 |
30 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | 4 |
31 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | 4 |
32 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы | 2 |
33 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы | 2 |
34 | Штаттык саны 100 бирдикке чейинки мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү (ушул тиркеменин 28-33-пункттарында көрсөтүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдөн тышкары) | 1 |
35 | Штаттык саны 100 бирдиктен ашкан мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү (ушул тиркеменин 28-33-пункттарында көрсөтүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдөн тышкары) | 2 |
Эскертүү:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) төмөнкү:
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын директору болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп саналат;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин биринчи орун басарына (бул кызмат орду болсо) төмөнкү маселелер боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлөт:
- мамлекеттик органдын системасында адам ресурстарын башкаруу;
- мамлекеттик органдын системасында мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- мамлекеттик органды стратегиялык өнүктүрүү планын түзүү жана аткаруу, мамлекеттик органдын түзүмүн өркүндөтүү;
- аткаруу жана эмгек тартибин контролдоо;
- санариптик өнүктүрүү (мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат орду каралбаган мамлекеттик органдарда);
- мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык мамлекеттик органдын башка иши.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди министрдин биринчи орун басары менен министрдин орун басарларынын ортосунда башкача бөлүштүрүүгө жол берилет;
3) мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын бекитилген санынын чегинин алкагында санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын кызмат орду төмөнкү мамлекеттик органдарда каралган:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
Калган министрликтерде жана административдик ведомстволордо санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялар мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары, ал эми мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекиткен милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык башка жүктөлгөн милдеттер менен катар мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын бири тарабынан координацияланат.
Тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнүн алкагында мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарына министрликтин же административдик ведомствонун ишинин жалпы жана/же тармактык маселелерине тиешелүү кошумча милдеттерди аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде эл жана турак жай фондун каттоону даярдоо, жүргүзүү, жыйынтыктарын иштеп чыгуу, аналитикалык жалпылоо жана жарыялоо мезгилине айыл чарбалык каттоо, эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басарынын кошумча кызмат ордун киргизүүгө жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына штаттык санынын чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен белгиленет.".