Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-майы № 288
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Үрөнчүлүк секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү жана республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогору сортторунун жана гибриддеринин сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоо максатында, "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |