Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 , 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобо "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнүн жана себүүнүн эсебинен үрөнчүлүк системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
1. Жалпы жоболор
1. Үрөнчүлүк чарба - менчигинин түрүнө карабастан ушул Жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлган талаптарга (критерийлерге) жооп берген бир же бир нече айыл чарба өсүмдүгүнүн үрөндүк жана көчөт материалын өстүрүүчү жана сатуучу чарба жүргүзүүчү субъект.
2. Үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкер юридикалык же жеке жак айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
1) үрөнчүлүк чарба статусун алууга арыз;
2) юридикалык жактын мамлекеттик катталганы (кайрадан катталганы) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же жеке адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
3) айдоо жерлердин менчик ээлиги жана (же) пайдалануу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (өзүндө документтердин түп нускалары болуу керек);
4) материалдык-техникалык базасы (себүүчү, жыйноочу, кыртышты иштетүүчү, үрөн тазалоочу жана дарылоочу айыл чарба техникасынын маркасын жана техникалык абалын көрсөтүү менен) бар экендиги, ошондой эле алардын өндүрүштүк кубаттуулугун жана табигый абалын чагылдыруу менен бар болгон кырмандары жана кампа жайлары жөнүндө декларация (маалыматтар);
5) ар бир айыл чарба өсүмдүгү боюнча өндүрүүнүн жана сатуунун жакынкы үч жылга карата көлөмүн эсептөө менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү түзүмү жөнүндө жана үрөндөрдү сатуунун болжолдонгон булактары жөнүндө маалыматтар.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ушул пунктта саналып өткөн документтерди алуу мүмкүндүгү болгон учурда, үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкерлерден бул документтер талап кылынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкер болгон юридикалык же жеке жак Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу арыз берүүгө укуктуу.
Кароо үчүн документтер электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документ түрүндө берилет.
4. Келип түшкөн арызды кароо үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмүндө 5 мүчөдөн турган комиссия түзүлөт. Жыйналышка 4 мүчөдөн кем эмеси катышкан учурда комиссиянын жыйналышы укуктуу болуп саналат. Комиссиянын курамына айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн райондук мамлекеттик администрациясынын, үрөнчүлүк чарба жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн кызмат адамын, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык бөлүмүнүн өкүлүн милдеттүү түрдө киргизүү менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн келип түшкөн арызды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия милдеттүү түрдө жерине баруу менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкердин ишинин натыйжалары жөнүндө корутундуну даярдайт.
Оң корутунду чыгаруу жөнүндө чечим кворумду түзгөн комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынууга тийиш. Комиссиянын бир же андан көбүрөөк мүчөлөрү тарабынан каршы пикирлер болгон учурда баш тартуу себептерин негиздөө менен терс корутунду чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Комиссиянын келип түшкөн арызды кароо мөөнөтү 10 жумуш күнгө чейинки убакытты түзөт.
6. Ушул жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук топтому берилген жана ушул Жобонун 12, 13, 15-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн оң корутундуну тиркөө менен үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу жөнүндө тиешелүү өтүнүч катты жөнөтөт.
Келип түшкөн өтүнүч каттарды кароо үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу боюнча комиссия түзүлөт.
Комиссиянын курамына үрөнчүлүк маселелерин тейлеген министрдин орун басары, тармактык түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана алардын карантини, айыл чарбасын механизациялоо боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери, илимий-изилдөө институттарынын окумуштуулары, Кыргызстандын үрөнчүлөр ассоциациясынын өкүлү кирет.
Комиссия өтүнүч кат келип түшкөн жана расмий катталган учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде аны карайт жана үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу же статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссия тарабынан оң чечим кабыл алынган учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үрөнчүлүк чарбалардын бекитилген тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечиминин долбоорун даярдайт жана белгиленген тартипте киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген жана (же) 12, 13 жана 15-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен тиешелүү жоопту жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик үрөнчүлүк чарбаларынын жетекчилери айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
81. Комиссия жыл сайын төртүнчү кварталда жерине баруу менен статуска ээ үрөнчүлүк чарбалардын ишине мониторинг жүргүзөт. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча комиссия айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үрөнчүлүк чарбалардын ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү жана ылайык келбөөсү жөнүндө сунуштарды киргизүү менен корутундуну киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Үрөнчүлүк чарбаларынын категориялары
9. Үрөнчүлүк чарбалары аткаруучу функцияларына жараша төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи үрөнчүлүктү жүргүзүү укугу берилген үрөнчүлүк чарбасы - биринчи жылдык көбөйтүү питомниктери менен алектенген (П-1), экинчи жылдык көбөйтүү питомниктери менен алектенген (П-2), биринчи жылдык көбөйтүү (Р-1), экинчи жылдык көбөйтүү (Р-2) жана суперэлита менен алектенген чарба;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы сортторунун үрөндөрүн, ошондой эле гибриддердин биринчи муунунун үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу укугу берилген үрөнчүлүк чарба.
10. Биринчи үрөнчүлүктү жүргүзүү укугуна ээ болгон үрөнчүлүк чарба өз ишин айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген биринчи үрөнчүлүктү жүргүзүү боюнча методикалык колдонмолорго жана нускамаларга ылайык жана селекционерлердин контролу астында жүзөгө ашырат.
11. Үрөнчүлүк чарба айыл чарба өсүмдүктөрүнүн элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы сортторун жана гибриддердин биринчи муундагы үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу боюнча өз функцияларын камсыздоо үчүн биринчи үрөнчүлүктү жүргүзүү укугу берилген үрөнчүлүк чарбалардан жыл сайын элита үрөндөрүн өндүрүү максатында суперэлита үрөндөрү, ошондой эле биринчи муундагы гибриддик үрөндөрдү алуу максатында гибриддештирүүчү участокторго себүү үчүн гибриддердин баштапкы тектик формаларынын үрөндөрүн сатып алат.
Ар бир сортко таандык анын түшүмдүүлүк жана чарбалык-биологиялык касиеттерин сактоо максатында үрөнчүлүк чарбаларга үчүнчү жана массалык репродукциядагы үрөндөрдү, ошондой эле 2-муундагы гибриддерди өндүрүүгө жана сатууга жол берилбейт.
Үрөнчүлүк чарбалар үрөндөрдүн сатылбай калган калдыгын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган шарттарда мамлекеттик үрөн фондун топтоого пайдаланышы мүмкүн.
3. Үрөнчүлүк чарбаларга коюлуучу талаптар
12. Үрөнчүлүк чарба төмөнкүдөй талаптардын сакталышын камсыздоого милдеттүү:
- жогорку сапаттагы үрөндүк материалды өндүрүүгө ылайыктуу жаратылыштык-климаттык шарттарда болуу;
- ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык көлөмдө айдоо жерлеринин болушу;
- материалдык-техникалык базасынын (кампа жайынын, зернотоктун, айыл чарба жана үрөн тазалоочу техниканын) болушу;
- штатта милдеттүү түрдө агроном-үрөнчүнүн болушу.
13. Үрөнчүлүк чарба өз менчигинде же узак мөөнөттүү негизде убактылуу пайдалануудагы айдоо жерлеринин төмөнкүдөй аянттарына ээ болууга тийиш:
1) дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн жана көп жылдык чөптүн үрөндөрүн өндүрүүгө жана сатууга адистештирилген үрөнчүлүк чарбада:
- Чүй облусу - 200 га кем эмес;
- Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустары - 100 га кем эмес;
- Баткен облусу - 50 га кем эмес;
2) пахта жана май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн өндүрүүгө жана сатууга адистештирилген үрөнчүлүк чарбада - 50 га кем эмес;
3) картошка жана кант кызылчасынын үрөндүк (көчөт) материалын өндүрүүгө жана сатууга адистештирилген үрөнчүлүк чарбада - 20 га кем эмес;
4) жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн жана тамекини өндүрүүгө жана сатууга адистештирилген үрөнчүлүк чарбада - 3 га кем эмес;
5) мөмө, жемиш жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөт материалын өндүрүүгө жана сатууга адистештирилген үрөнчүлүк чарбада - 3 га кем эмес.
4. Үрөнчүлүк чарбанын укуктары жана милдеттери
14. Үрөнчүлүк чарба төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) эгер өндүрүштүк зарылдык болсо, башка үрөнчүлүк чарба эмес чарба жүргүзүүчү субъекттер менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өзүнүн методикалык колдонмосу жана бул үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттары үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу менен кошумча өндүрүүгө келишимдерди түзүүгө;
2) профилдик үрөнчүлүк бирикмелерди жана ассоциацияларды түзүүгө же мүчөсү болууга;
3) мамлекеттик дотацияны алууга;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу бийлик органдарынын аны үрөнчүлүк чарба статусунан ажыратууга, ошондой эле ага бекитип берилген айдоо жерлерин алып коюуга багытталган аракеттерин административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
5) үрөндүк материалдын себүү сапаттарын аныктоо үчүн үрөндүк айдоолорго (гибриддештирүү участокторуна) талаа инспекциясын (иликтөөлөрдү) жана лабораториялык анализдерди жүргүзүүдөн баш тарткан мамлекеттик кызматтардын аракетине же аракетсиздигине административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга.
15. Үрөнчүлүк чарба төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) "Үрөн жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын так сактоого;
2) айыл чарбаны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган негизги үрөндүк өсүмдүктөр боюнча үрөндөрдү өндүрүүнүн жана сатуунун индикативдик планын аткарууга;
3) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүлгөн жана сатылуучу үрөндүк материалын маркалоону жана таңгактоону үрөндүн эндей берилишин болтурбоо менен камсыз кылууга;
4) жыл сайын 1-январга чейин үрөн, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үрөнчүлүк боюнча тиешелүү жыл ичинде жасалган жумуштар жөнүндө отчет берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттору жана гибриддери боюнча сортту жаңыртууну жана сортту алмаштырууну жүргүзүүгө;
6) эсептик маалыматтарды үрөндүк айдоолордун керектүү удаалаштыгы боюнча талаптарды так сактоо үчүн 7 жыл бою сактоо менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунун жайгаштырылышын ар бир талаа боюнча туруктуу эсепке алууну жүргүзүүгө;
7) эсептик маалыматтарды 5 жыл бою сактоо менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк материалынын кыймылын сорттордун жана гидриддердин ичиндеги ар бир партия жана ар бир репродукция боюнча туруктуу эсепке алууну жүргүзүүгө;
8) үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) схемаларына ылайык форма боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк себүүлөрүн талаада инспекциялоо (иликтөө) жүргүзүүгө жыл сайын өтүнмө берүүгө;
9) карантиндик объекттерди аныктоо үчүн себүүлөргө жана тигүүлөргө иликтөө жүргүзүүгө жана аларды толук жок кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;
10) фитосанитардык ченемдерди сактоо, эмгекти коргоо жана айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө;
11) милдеттүү түрдө үрөнчүлүк тармакка ишке тартылган адистердин жана кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга;
12) жыл сайын 1 га кем эмес аянтта айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тааныштыруу жана өндүрүшкө киргизүүнү тездетүү максатында жогорку маржиналдуу өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун (айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тизме боюнча) демонстрациялык айдоолорду уюштурууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Көчөт материалынын үрөнүн сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын отчетторду кароонун жана үрөнчүлүк чарбаларынын ишине талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыйынтыкталган маалыматты берет.
5. Үрөнчүлүк чарбаны статусунан ажыратуу
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Ушул Жобонун 8-1-пунктунда көрсөтүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча үрөнчүлүк чарбалардын алардын статусуна ылайык келбегендиги аныкталган учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна статусунан ажыратуу жана үрөнчүлүк чарбалардын бекитилген тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдин тиешелүү долбоорун киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Үрөнчүлүк чарбалар административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үрөнчүлүк чарба статусунан ажыратуу жөнүндө чечимди даттанууга укуктуу.