Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-июну № 315
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын символика белгисинин баяндалышын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын символика белгисинин баяндалышын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, 1, 2-пункттарындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын" деген сөздөр "Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын символика белгисинин баяндалышында:
- аталышындагы, 1, 3-пункттарындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын" деген сөздөр "Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгиси үч кырдуу шоолалуу кочкул-көк түстөгү сегиз бурчтуу чыгыш жылдызы түрүндөгү стилдештирилген композиция болуп саналат. Сегиз бурчтуу чыгыш жылдызынын борборунда жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону символдоштурган тегерек түрдөгү калкандын сүрөттөлүшү жайгашкан. Калкандын борборундагы ачык кызыл фондо микроскоптон, ачык китептен, таразадан жана кыргыз улуттук оюмунан турган ак түстө аткарылган контур түрүндөгү көркөм композиция жайгашкан.
Калкандын жогорку бөлүгүндө баш тамгалар менен "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ" деген сөздөр, калкандын төмөнкү бөлүгүндө баш тамгалар менен "СОТТУК-ЭКСПЕРТТИК КЫЗМАТ" деген сөздөр жайгаштырылган.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |