Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгисинин баяндалышын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгисинин баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгисин даярдоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматка республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгисинин БАЯНДАЛЫШЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгиси Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматка таандык экендигин көрсөткөн расмий символ болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгиси үч кырдуу шоолалуу кочкул-көк түстөгү сегиз бурчтуу чыгыш жылдызы түрүндөгү стилдештирилген композиция болуп саналат. Сегиз бурчтуу чыгыш жылдызынын борборунда жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону символдоштурган тегерек түрдөгү калкандын сүрөттөлүшү жайгашкан. Калкандын борборундагы ачык кызыл фондо микроскоптон, ачык китептен, таразадан жана кыргыз улуттук оюмунан турган ак түстө аткарылган контур түрүндөгү көркөм композиция жайгашкан.
Калкандын жогорку бөлүгүндө баш тамгалар менен "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ" деген сөздөр, калкандын төмөнкү бөлүгүндө баш тамгалар менен "СОТТУК-ЭКСПЕРТТИК КЫЗМАТ" деген сөздөр жайгаштырылган.
3. Символика белгисинин сүрөттөлүшү төмөнкүлөргө жайгаштырылат:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын заказы менен даярдалуучу басылма, сувенирдик, маалыматтык, кино, видео, фото жана башка продукцияларга;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын расмий интернет-сайтына;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын транспорттук каражаттарына.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символикасы түшүрүлгөн ар кандай атрибуттарды даярдоодо белгинин өлчөмү буюмдун өлчөмүнө пропорционалдуу шайкеш келүүгө тийиш.
Сыйлык жана белек катары берилүүчү буюмдарга символика белгисин даярдоодо алтын, күмүш, сайкалданган, хромдолгон же кара болот, латунь, коло сыяктуу пайдаланылуучу материалдарга ылайык милдеттүү түрдө негизги элементтерди жана алардын пропорцияларын сактоо менен негизги түстөрдү, өңүн өзгөртүүгө жол берилет.
Символика белгисинин сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктеринин кызматтык кабинеттерине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын жыйындар залына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын кызматтын төрагасы аныктаган башка жерлерге жайгаштырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын символика белгисин башка органдар жана адамдар пайдаланганга болбойт. Аны бурмалоого, бузууга жана символика белгисине карата башка ушундай түрдөгү аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда аталган иш-аракеттерди жасаганга күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.