Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759, 2026-жылдын 9-февралындагы № 71, 2026-жылдын 30-апрели № 322 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугунда негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруучу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруучу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав, Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызтранснефтегаз" при Министерстве энергетики Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызтранснефтегаз" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргызтранснефтегаз".
Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 326.
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоонун принциптеринде иштейт, ал чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик берүүнү (кепилдикти) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы өздөрү бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Ишкананын курамына "Ош", "Баткен" жана "Сох жаратылыш газын сактоо жайы" филиалдары кирет.
"Ош" филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ош шаары.
"Баткен" филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен шаары.
"Сох жаратылыш газын сактоо жайы" филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Актурпак айылы.
13. Ишкана мунай-газ өндүрүү тармагында иш жүргүзөт, мунай жана газ өндүрүүчү ишканалардын ички рынокту жана мунай менен газдын экспортун камсыз кылуу бөлүгүндө өндүрүштүк-чарбалык ишин координациялайт.
2. Максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын стратегиялык маанидеги товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;
- товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча түздөн-түз мамлекеттик заказды аткаруу;
- мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максатка жетүү жана функцияларды аткаруу;
- керектөөчүлөрдү газ жана мунай продуктулары менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо;
- калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетика комплексинин ишканаларын мунай жана газ менен камсыз кылуу;
- тиешелүү келишимдерди түзгөн мунай-газ тармагынын ишканаларына калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетика комплексинин ишканаларын газ менен камсыз кылуу боюнча көмөк көрсөтүү;
- мунай жана газ менен камсыздоо чөйрөсүндө калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү.
16. Ишкана өз ишинде төмөнкү функцияларды аткарат:
- төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
мунай жана газ өндүрүүчү ишканалар тарабынан мунай жана газ өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган иш-аракеттерди;
отун-энергетика комплексин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кендерде өндүрүлгөн газды керектөөгө өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-аракеттерди;
мунай жана газды сактоону, кайра иштетүүнү, ташууну жана сатууну;
- Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын келечектүү ишканаларын модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшүн камсыз кылат;
- ички рынокто да, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары да менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга мунайды жана газды сатууну жүзөгө ашырат;
- мунай-газ өндүрүүчү ишканаларга газ-транспорт системасына кошулууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
3. Укуктар жана милдеттер
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашырууга;
- рыноктук конъюнктуранын негизинде коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
- кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
- өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жеке адамдарды Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жөнөтүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- менчик ээсинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугуна таандык жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана алар үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишим милдеттенмелерин так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган жумуштарды каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
- коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешеси бар маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышын талдоо жана ага мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо;
- Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирикмелеринин) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 322 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейленүүчү иш чөйрөлөрүндө тармактык саясат маселелерине тиешелүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана аны өнүктүрүүнүн стратегиялык планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- өз компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
- аткаруучу органдын отчетторун угууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматынан бошотуу, ага карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жоопкерчиликти колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
22. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруучу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын иши менен байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы башкаруу Ишкананын жетекчиси болуп саналган директор тарабынан жүзөгө ашырылат.
24. Директор мамлекеттик башкаруучу органдын сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
25. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- иши канааттандырарлык эмес деп бааланса жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер жасалса;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- Ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө квартал сайын берилүүчү жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
- кызматкерлерди ишке кабыл алуунун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруучу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
- ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставына жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдындагы максаттары менен милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетту, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана аны өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берип турууга;
- мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди коюуга, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы чөйрөсүндө болбосун бардык тийиштүү зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
- Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыктабоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жазалоо жана сыйлоо чараларын көрөт;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
- Ишкананын финансылык отчеттуулугунун (бухгалтердик) абалы, финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759 токтомунун редакциясына ылайык).
32. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишкананын директорунун эки орун басары болот, алар мамлекеттик башкаруу органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 71 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору жок учурда Ишкананын ишине директордун буйругу менен аныкталган директордун орун басары жетекчилик кылат.
Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун башка адам ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн-түз баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
38. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы төлөө тартибин аныктайт.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык ишмердиктин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
6. Ишкананын жетекчи курамы
40. Ишкананын жетекчи курамына таандык адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- директор;
- директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчи курамына таандык болгон адамдар өздөрүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыктарында иштөөгө тийиш, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашай туруу укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде ушул кылмыштар үчүн соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчилик кызматынан мурда бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте мурда жетекчилик кызматтарды ээлеген жана анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
- мамлекеттик администрациялык, саясий, атайын кызматтарды, саясий жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде жеке өздөрү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, алардын уюштуруучу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
7. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
43. Ишкана өз ишин жылдык иш пландын негизинде же мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган 3 жана андан ашык жылга карата узак мөөнөттүү иш пландын негизинде жүргүзөт.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү келишимдер түзөт.
45. Ишкана келишимдин предметин эркин тандайт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген милдеттенмелерин, чарбалык өз ара мамилелердин башка ар кандай шарттарын өзү аныктайт.
46. Ишкана бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчеттору квартал сайын жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары тууралуу отчетторду төмөнкүлөргө берип турат:
- ички аудиторго (эгер бар болсо, ички аудит кызматына);
- мамлекеттик башкаруу органына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Ишкана финансы-чарбалык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге карата иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
49. Мамлекеттик ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ишкананын ишинин негизги багыттарын жана максаттарын белгилөө;
- тармактын жана рыноктун сүрөттөмөсүн, ишкана өндүргөн товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
- ишкана өндүргөн товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
- ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
- уюштуруу планын;
- финансылык планды;
- тобокелдиктерди талдоону.
50. Ишкананын директору жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетин аткаруу тууралуу отчетту киргизет.
51. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берип турат.
52. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалаганы, ошондой эле отчетторду бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын ишин Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде, белгиленген тартипте текшерет.
8. Ишкананын мүлкү жана финансылары
54. Ишкана мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделет жана ага бекитилип берилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү оперативдүү башкаруу укугу саналат.
55. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
56. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатылып алынган кирешелер, натыйжалар, продукциялар;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
57. Өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
58. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
59. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
60. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүндө, бирок 50 пайыздан кем эмеси андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен анын алыш-бериш эсебине которулат.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
61. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө ишке ашырылат.
Мамлекеттик ишкананы кошуу, бириктирүү, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
62. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар менен милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
64. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуучу Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
66. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.