Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 290 токтомуна) |
Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер колдонууга уруксат алууну талап кылган жарандык жана кызматтык куралдарды (газ тапанча жана револьвер, ок атуучу спорттук жана аңчылык курал, коргонуу куралы, кызматтык курал, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Дж жогору болгон пневматикалык курал, калибри 6 мм жогору болгон белги берүүчү курал) (мындан ары - курал) коопсуз колдонуунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Эрежелер ушул Эрежелердин 1-пунктунда көрсөтүлгөн куралды колдонууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызматтык куралды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берилген Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, ишкана жана мекеме кызматкерлери (мындан ары - ээси) тарабынан аткарылышы милдеттүү.
3. Курал Кыргыз Республикасынын курал жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулушу жана пайдаланылышы керек.
4. Куралдын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) куралды жана патрондорду жашаган жеринде (барган жеринде) алардын сакталышын, сактоо коопсуздугун жана аларды башка адамдардын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган шарттарды сактоо менен, кулпулануучу сейфтерде же темир шкафтарда, өтө бекем материалдан жасалган үкөктөрдө же темир менен капталган жыгач үкөктөрдө сактоого милдеттүү. Мында курал дүрмөтүнөн бошотулуп, бекиткичине коюлушу керек;
2) куралга дайыма октолуу жана ок чыгарууга даяр болгондой мамиле кылууга;
3) куралдын конкреттүү моделинин паспортунда (пайдалануу боюнча нускамада) жазылган коопсуздук талаптарын сактоого;
4) спорттук иш-чаралар, окуу жана машыгуу түрүндөгү ок атуу учурларда куралды октоп, ок атуунун жетекчисинин уруксаты менен гана ок атууну баштоого;
5) найдын каналдарын, ошондой эле куралдын башка түзүүчү бөлүктөрүн ок атканга чейин жана ок аткандан кийин, ошондой эле курал түшүп кеткенден кийин да ичинде (сыртында) башка нерселердин болуусун текшерүүгө жана зарыл болгон учурда аларды тазалоого;
6) куралдын түзүлүшү, аны чачуу, чогултуу, октоо жана дүрмөтүнөн бошотуу ыкмалары, мээлөө жана ок атуу методдору, ошондой эле ушул Эрежелер менен таанышкандан кийин гана куралдан ок атууга киришүүгө;
7) куралды атып керүүнү бул максаттар үчүн атайын арналган жерлерде гана жүргүзүүгө;
8) ок атууда октун учкан траекториясын, куралдын кыйратуучу элементтерин, бута кыйраган учурдагы мүмкүн боло турган терc кесепеттерди, кайып кетүүнү жана жаза атууну эске алууга;
9) атып бүткөндөн кийин куралды дүрмөтүнөн бошотууга;
10) куралды дүрмөтүнөн бошогон жана транспорттук тарада, футлярда же каптамада таңгакталган абалда ташууга. Ташуу учурунда куралдын патрондору, куралдын кыйратуучу элементтери патронникке, магазиндин же барабандын ичине салынбастан курал менен чогуу таңгакталышы мүмкүн;
11) куралдын жана анын патрондорунун жерге түшүүсүнө жол бербөөгө.
5. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) куралды зарылдыгы жок октоого, бекиткичин бошотууга, мээлегенге чейин механизмди иштетүүчү крючокко манжаны коюуга;
2) коргонуу учурун эске албаганда, куралды ал октолбогон болсо да адамдарга, үй жаныбарларына, транспорт каражаттарына же алар пайда болушу мүмкүн болгон багытка, имараттарга, курулмаларга, электр өткөрүү линияларынын өткөргүчтөрүнө жана тирөөчтөрүнө, ошондой эле башка кооптуу багыттарга багыттоого;
3) куралды жана анын патрондорун сактоого жана (же) алып жүрүүгө тийиштүү уруксат берүү кагазы жок аны сактоого, алып жүрүүгө, ташууга жана пайдаланууга;
4) атууга жарабаган же бузулган (жаракасы бар, тешилген, көөп чыккан, дат баскан) куралдарды жана анын патрондорун, ошондой эле көзгө көрүнгөн кемтиги бар (жарака, буроолордун бошоосу, тетиванын жарактан чыгуусу) куралдарды пайдаланууга;
5) куралдын патрондорун жана куралдын пайдалануудагы моделинен атууга арналбаган куралдын кыйратуучу элементтерин, өз алдынча кеңейтилген ок-дары дүрмөтү бар патрондорду, кустардык ыкма менен жасалган кыйратуучу элементтерди, пайдалануу мөөнөтү аяктаган патрондорду, атылбай калган патрондорду пайдаланууга;
6) ыңгайсыз абалда же көп найлуу куралдын бир нече найынан бир убакта атууга;
7) жакшы көрүнбөгөн шартта бүдөмүк көрүнгөн бутага, ошондой эле ызы-чууга, шыбыртка атууга;
8) куралдын курамдык бөлүктөрүн жана компоненттерин өз алдынча оңдоого, аларга конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
9) куралды жана анын патрондорун атайын жабдылган сактоо жайларынан тышкары калтырууга, ошондой эле аларды бөтөн адамга берүүгө;
10) баңги зат каражаттарын, психотроптук, ууландыруучу жана башка маң кылуучу заттарды колдонгондогу абалда жана (же) алкоголдук мас абалында, көңүл бурууну жана реакциянын тездигин төмөндөткөн дары-дармектердин таасири алдында, ошондой эле адамдардын коопсуздугуна, куралдын жана анын патрондорунун сактыгына коркунуч жараткан ооруган же алсыроо абалында куралды алып жүрүүгө, ташууга жана пайдаланууга, алардын патрондорун октоого.
2. Газ тапанчалары жана револьверлер
6. Газ тапанчаларынын жана револьверлердин (мындан ары - газ куралы) ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) газ куралынын патрондорун жылчыксыз таңгакта сактоого, алып жүрүүгө жана ташууга;
2) газ куралынын патрондору жайгашкан таңгакты ачкандан кийин патрондордо жана таңгактын ички бетинде порошок түрүндөгү жаш агызуучу же дүүлүктүрүүчү заттардын жок экендигин кароого;
3) эгерде таңгакты ачкандан кийин жаш агызуучу же дүүлүктүрүүчү заттардын таасири байкалса (чүчкүрүү, тамактын кырылдашы, көз жана мурун ачышуу, жаш агуу, мурундан суу куюлуу), газ куралынын патрондорун спиртке нымдалган тампон же спирт аралашмасы менен сүртүүгө;
4) октоп же дүрмөтүнөн бошоткондо газ куралды жогору жакка же башка коопсуз тарапка каратууга;
5) ок атуу учурунда аэрозолдук булуттун терс таасиринен качыш үчүн, газ куралды атууда колду сунуп, аткандан кийин тез арада бир нече метр арыраак жылууга;
6) газ куралдын окторун, атылган гильзаларын жана газ куралдын тетиктерин кармаган кол менен бетти кармоого, өзгөчө көзгө тийгизүүгө болбойт;
7) атылгандан кийин газ куралды спирт менен же 40 пайыздык спирт аралашмасына чыланган кездеме менен сүртүп, полиэтилен баштыкчасына салып коюуга.
7. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) бет алдыдан соккон шамал учурунда жана тар чөйрөнүн ичинде (бөлмөдө, лифтте, транспорт каражаттарында), куралдын учу тие турган объекттен 1 метрден ашык алыстыкта газ куралды колдонууга;
2) атылуучу окторду жана бытыраларды, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары тарабынан колдонууга уруксат берилбеген заттарды, таап алган окторду газ куралына патрон катары колдонууга;
3) газ куралынан атуу учурунда затвордун эркин абалында, куралдын затворунан же колду анын кыймылына багыттап кармоого;
4) газ куралын жана анын патрондорун күйүүчү, оңой күйүп кетүүчү жана агрессивдүү химиялык заттар менен бирге сактоого;
5) газ куралын, анын патрондорун кийимдердин чөнтөктөрүнө салып жүрүүгө, ысып кетүүсүнө, аларга кир жана атмосфералык жаан-чачындын тийүүсүнө жол берүүгө;
6) чыкпай калган окту атуудан чыккан кесепеттерди болтурбоо үчүн затворду (барабанды) атылбай калгандан кийин 5 секунддан эрте эмес убакыттан кийин ачууга;
7) таап алган газ куралынын огун пайдаланууга.
3. Ок атуучу спорттук жана аңчылык курал, кызматтык курал, өзүн коргоочу курал
8. Ок атуучу спорттук жана аңчылык куралдын, өзүн коргоочу куралдын (мындан ары - атуучу курал) ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ок атуучу куралдын стволунун каналдарын, курамдык бөлүктөрүн өз учурунда тазалап жана майлап, анда (аны) дат басууга жол бербөө;
2) октоп же огун чыгарып жаткан учурда ок атуучу куралды жогору жакка же башка коопсуз тарапка каратуу.
9. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) ок атуучу куралдын ок кутучасына (барабанга) патронду күч менен же шыкап салууга;
2) чыкпай калган окту атуудан чыккан кесепеттерди болтурбоо үчүн ок атуучу куралдын затворун (барабанды) атылбай калгандан кийин 5 секунддан эрте эмес убакыттан кийин ачууга;
3) капысынан табылган патрондорду пайдаланууга;
4) ок атуучу куралды багытынан тышкары пайдаланууга;
5) ок атуучу куралдан атуу учурунда затвордун эркин абалында куралдын затворунан же колду анын кыймылына багыттап кармоого;
6) ок атуучу куралды жана анын патрондорун күйүүчү, оңой күйүп кетүүчү жана агрессивдүү химиялык заттар менен бирге сактоого;
7) кыска сайлуу ок атуучу куралды кийимдин чөнтөктөрүнө салып жүрүүгө.
4. Найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Дж жогору болгон пневматикалык курал
10. Найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Дж жогору болгон пневматикалык куралдын (мындан ары - пневматикалык курал) ээси октоп же огун чыгарып жаткан учурда куралды жогору жакка же башка коопсуз тарапка багыттоо керек.
11. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) калктуу конуштарда пневматикалык куралды каптамасыз алып жүрүүгө жана ташууга, ошондой эле мындай куралды калктуу конуштарда атуучу тирлерден, атуучу жайлардан, аңчылык-ок атуучу стенддерден тышкары жерлерде пайдаланууга;
2) пневматикалык куралдын конкреттүү модели үчүн атайын арналбаган буюмдарды ок катары пайдаланууга;
3) атылган окторду кайра пайдаланууга;
4) кыска найлуу пневматикалык куралды кийимдин чөнтөктөрүнө салып жүрүүгө.
5. Белги берүүчү курал
12. Белги берүүчү куралдын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) октоп же дүрмөтүнөн бошоткондо белги берүүчү куралды жогору жакка же башка коопсуз тарапка багыттоо;
2) белги берүүчү куралдан стволдун каналын өйдө жакка каратканда гана атуу.
13. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) куралдын ок кутучасынын ичине патронду күч менен же шыкап салууга;
2) өрт коркунучу бар объекттердин жанында, ошондой эле пиротехникалык заряддын учуу траекториясында тоскоолдуктар болсо же пайда болушу мүмкүн болсо, белги берүүчү куралдан атууга;
3) белги берүүчү куралга атылуучу окторду жана бытыраларды, ошондой эле колго жасалган жана таап алган окторду пайдаланууга;
4) белги берүүчү куралды жана анын патрондорун күйүүчү, оңой күйүп кетүүчү жана агрессивдүү химиялык заттары бар бөлмөдө бирге сактоого;
5) белги берүүчү куралды жана анын патрондорун кийимдин чөнтөктөрүнө салып жүрүүгө.