Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-майы № 290
Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин, окутуу программасын жана текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Жарандык жана кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган же эгерде спорт менен машыгуу же кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн курал алууга уруксат талап кылынган адамдарды окутуу программасы 2-тиркемеге ылайык;
- Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин билүүнү текшерүүнүн тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 14-июнундагы N 52 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |