Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-июну № 322
Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, социалдык-маданий багыттагы стратегиялык маанилүү объекттердин курулушун тездетүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Социалдык-маданий багыттагы объекттерди долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |