Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-декабры № 672
Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, турак жай фондунун объекттерин жана стратегиялык багыттагы маанилүү объекттерди курууну тездетүү, ошондой эле "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байге фондун түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому, "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байге фондун түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте жүзөгө ашырылуучу социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы турак жай фондунун бүткөрүлгөн объекттерин Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна акы төлөнүүчү негизде өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлери жана медициналык жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү турак үйлөрдү белгиленген тартипте бөлүп берсин.
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын жеңүүчүлөрүнө бир бөлмөлүү 9 (тогуз) батирди акысыз негизде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоо ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына берилсин.
5. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна мындан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте турак жай фондунун объекттерин курууну жүргүзүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 322 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |