Загрузка документа…
| ||
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 290 токтомуна) |
Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин билүүнү текшерүүнүн ТАРТИБИ
1. Жарандык жана кызматтык куралды алууга биринчи жолу уруксат алган же эгерде спорт менен машыгуу же кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн аларга курал алууга уруксат талап кылынган адамдардын (мындан ары - талапкер) куралды коопсуз пайдалануу эрежелерин билүүнү текшерүү зачет тапшыруу жолу менен жүргүзүлөт.
2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызматтык куралды алып жүрүүгө жана сактоого укук берилген аскер кызматчыларына жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жайылтылбайт.
3. Зачет тестирлөө (компьютердик же жазуу) жана куралды пайдалануунун көндүмдөрүн практикалык көрсөтүү формасында жүргүзүлөт.
4. Талапкерлерден зачет алуу адистештирилген билим берүү уюмунун жетекчиси түзгөн үч мүчөсүнөн кем эмес сандагы экзамендик комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет: адистештирилген билим берүү уюмунун кызматкерлери, лицензиялоо-уруксат берүү иштери боюнча ички иштер органдарынын аймактык бөлүгүнүн өкүлү кирет. Зачетторду кабыл алууга кеткен убакыт программанын жалпы окуу убактысына кирет.
Талапкерлер өздөрүнүн каалоосу менен тестти мамлекеттик же расмий тилде тапшырат.
5. Тест тапшырууда баалоонун төмөнкүдөй шкалалары белгиленет:
- 100% туура жооп - эң жакшы;
- 99-94% туура жооп - жакшы;
- 93-81% туура жооп - канааттандырарлык;
- 80% жана андан төмөн туура жооп - канааттандырарлык эмес.
6. Тест тапшырбаган ("канааттандырарлык эмес" деген баа алган) талапкер кайра окуудан өткөндөн кийин ага кайра тест тапшырууга уруксат берилет.
7. Теориялык бөлүктөн зачет тапшырбаган талапкерге практикалык бөлүктүн зачетун тапшырганга уруксат берилбейт.
8. Зачет тапшырган талапкерге адистештирилген билим берүү уюмунун мөөрү менен ырасталган, билим берүүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген үлгүдөгү сертификат берилет. Сертификат мөөнөтсүз деп эсептелет.