Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 350
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктер боюнча окуган студенттерине дем берүү, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин статусун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "- 1600 сом" деген сөздөр "1-курста - 1000 сом, 2-курста - 2000 сом, 3-курста - 3000 сом, 4-курста - 4000 сом" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашырууга 2022-жылга республикалык бюджетте кошумча ассигнованиелерди карасын;
- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында 2021-2022-окуу жылында педагогикалык адистиктер боюнча окуган жана эң жакшы баалары бар биринчи курстун студенттери үчүн стипендиялар окуу жылы аяктаганга чейин 1600 сом өлчөмүндө төлөнөт деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 8-июлунда № 60-61 жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |