Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 27-июну № 261
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы N 400, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512, 2020-жылдын 1-октябрындагы № 508, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 350, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 219, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628, 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын студенттери менен окуучуларынын стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндөгү" 2005-жылдын 19-январдагы N 20 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери менен окуучуларын социалдык жактан коргоо жана материалдык шыктандырууну күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Окуу стипендияларынын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:
- жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын эң жакшы баалары бар студенттерине - 800 сом, жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктер боюнча окуган эң жакшы баалары бар студенттерине - 1-курста - 1000 сом, 2-курста - 2000 сом, 3-курста - 3000 сом, 4-курста - 4000 сом;
- орто кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын эң жакшы баалары бар студенттери үчүн - 720 сом, орто кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктер боюнча окуган эң жакшы баалары бар студенттерине - 1440 сом;
- башталгыч кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын окуучуларына:
окутуу мөөнөттөрү 1 жыл , тамак-аш менен камсыз болбогон жана эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 500 сом, жакшы жана эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 400 сом; жалаң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 300 сом белгиленсин;
окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем эмес, тамак-аш менен камсыз болгон, эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 300 сом, жакшы жана эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 250 сом, жалаң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 200 сом белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы N 400, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512, 2020-жылдын 1-октябрындагы № 508, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 350, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын биринчи курстарынын студенттери менен окуучуларына стипендия биринчи семестрдин жыйынтыгы боюнча төлөнөт;
- баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын биринчи курстарынын окуучуларына окуунун биринчи жарым жылдыгында стипендия учурдагы бааларын эске алуу менен, андан кийин окуунун жарым жылдык жыйынтыктары боюнча төлөнөт;
- дене-бой өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына окуу боюнча стипендия жалпы негиздерге ылайык 10 пайыз жогорулатылган өлчөмдө төлөнөт;
- күндүз окутуу бөлүмүндөгү жетим жана ата-энелеринин кароосунан ажыраган, акыл эси начар өнүккөн балдар 624 сом социалдык стипендия алууга укуктуу. Социалдык стипендия алуучуларга окуудагы жетишкендиктери үчүн стипендия төлөнбөйт;
- жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын социалдык стипендия алууга укуктуу студенттеринин жана окуучуларынын аны алууга укуктары медициналык себептер боюнча академиялык өргүү учурунда сакталат;
- мамлекет тарабынан толук камсыздандырууга алынган жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын студенттерине, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдардын окуучуларына социалдык стипендия төлөнбөйт, ал эми окуу стипендиясы жалпы негиздерде төлөнөт;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жерлеринде жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына жана аларга социалдык төлөмдөрдүн башка түрлөрүнө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда студенттердин жана окуучулардын социалдык жана окуу стипендиялары ошол коэффициенттерди эсепке алуу менен төлөнөт;
- чет өлкөлүк окуучуларга, студенттерге жана аспиранттарга стипендия жалпы негиздерде же Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде төлөнөт;
- даректүү атайын стипендиялар жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери же стипендияны өз каражаттарынын эсебинен төлөп жаткан фонддор, жеке адамдар, ишканалар жана уюмдар тарабынан белгиленет;
- жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын, илимий-изилдөө институттарынын аспиранттарына стипендия 2175 сом өлчөмүндө белгиленет жана экинчи курста стипендиянын суммасынан 30 пайызга, үчүнчү курста экинчи курстагы стипендиянын суммасынан 30 пайызга жогорулатылат;
- жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ординаторлоруна окуу мезгилине 1200 сом өлчөмүндө стипендия белгиленет, буга адистештирилген медициналык билим берүү программаларын өздөштүргөн ординаторлор, интерндер кирбейт. Клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окуу мезгилине 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия белгиленет, ал андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен контракт боюнча төлөнөт;
- докторантурада окуп жатышкан докторанттардын жана докторлук диссертацияларды даярдашы үчүн илимий кызматкерликке которулган илимдин кандидаттарынын эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу кийинки өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы N 400, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 219, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628, 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик уюмдарда окуп жаткандарга пландуу стипендиялык фонддун 1 пайыз өлчөмүндө материалдык жардам фонду белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдары бар министрликтери менен ведомстволору стипендияларды бекитилген бюджеттин чегинде каржылашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги башка кызыкдар министрликтер менен бирдикте бир айлык мөөнөттүн ичинде мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын студенттери менен окуучуларына стипендияларды белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы иштеп чыксын.
6. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги N 182 "Жогорку окуу жайлардын студенттерине, атайын, орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-ноябрындагы N 780 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги N 182 "Жогорку окуу жайлардын студенттерине, атайын, орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
М.Керимкулов |