Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 353
2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программанын иш-чаралар планы (мындан ары - План) 2-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы (мындан ары - Матрица) 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Планды өз убагында ишке ашырууну жана Программанын индикаторлорун аткарууну камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) Программаны сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
2-тиркеме |
2022-2026-жылдары МЖӨнү өнүктүрүү программасынын иш-чаралар ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2022-2026-жылдары МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетишүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу | 1) МЖӨ жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо жана кабыл алуу | 2022-жылдын сентябры | Мыйзам белгиленген тартипте кабыл алынды | ЭКМ, ИУА, ФМ, МЖӨБ |
2) Зарыл болгон мыйзам алдындагы актыларды даярдоо жана кабыл алуу | 2022-жылдын ноябры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы актылар кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ | ||
3) МЖӨ тармактык багыттары боюнча алкактык шарттарды даярдоо жана бекитүү | 2025-жылдын августу | МЖӨнү колдонуу тармактары боюнча алкактык шарттар бекитилди | ИУА, ФМ, МЖӨБ | ||
4) КР Жер жана Турак жай кодекстерине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү | 2023-жылдын январы | МЖӨ алкагында жер укуктук мамилелерин жөнгө салуунун укуктук шарттары түзүлдү | АКТКЧМА, АЧМ, ИУА, МЖӨБ | ||
2 | Фискалдык башкарууну жакшыртуу | Төмөнкүлөргө багытталган мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актыларды кабыл алуу: |
| Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
- бардык демилгеленген МЖӨ долбоорлорун бюджеттик саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу механизмдерин камсыз кылуу; | 2022-жылдын сентябры | ||||
- МЖӨ долбоорлору боюнча тике жана шарттуу милдеттенмелер боюнча мамлекеттик ассигнованиелерди бюджеттөө; | 2022-жылдын октябры | ||||
- МЖӨ долбоорлору боюнча жалпы милдеттенмелер боюнча мониторингди жана отчеттуулукту камсыз кылуу; | 2022-2026-жылдар | ||||
- МЖӨ долбоорлору боюнча ар жылдык бюджеттик милдеттенмелердин чегин кеңейтүү | 2022-жылдын октябры | ||||
3 | МЖӨ долбоорлорун колдоо үчүн финансылык инструменттерди түзүү | 1) Инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо фондун түзүү | 2023-жылдын IV кварталы | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актылар кабыл алынды | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
2) Кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган кепилдик механизмдерин түзүү | 2023-жылдын IV кварталы | ||||
4 | МЖӨнү практикалык колдонуу үчүн методикалык базаны түзүү | Мамлекеттик органдар, консультанттар, инвесторлор жана МЖӨгө кызыкдар башка жактар тарабынан пайдалануу үчүн МЖӨ процесстери боюнча операциялык жана методологиялык колдонмолорду жана нускамаларды камсыз кылуу үчүн МЖӨ боюнча типтүү жана методологиялык документтерди кабыл алуу | 2022-жылдын IV кварталы | Зарыл болгон ведомстволук акт кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ |
5 | Төмөнкү тармактарда жана чөйрөлөрдө МЖӨнүн маанилүү долбоорлорун ишке ашыруу: - энергетика жана жылуулук менен камсыздоо; - саламаттык сактоо; - транспорт жана коммуникациялар; - билим берүү; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр; - суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария); - айыл чарба; - спорт, маданият ж.б. | 1) Орто мөөнөттүү тармактык программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу же МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана киргизүү боюнча айрым бөлүмдөрдү колдонуудагы тармактык программаларга киргизүү | 2023-жылдын I кварталы | Зарыл болгон мыйзам алдындагы актылар кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ, тармактык министрликтер жана ведомстволор |
2) жыл сайын ишке ашырылууга тийиш болгон МЖӨ долбоорлорунун планын бекитүү | Ар бир отчеттук жылдын 31-январынан кечиктирбестен | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси | ИУА, МЖӨБ | ||
3) экономиканын артыкчылыктуу тармактарында жана секторлорунда МЖӨ келишимдерине кол коюу | 2022-2026-жылдар | Ушул Программанын 2-бөлүмүнүн 2.5-пунктуна ылайык артыкчылыктуу тармактарда жана чөйрөлөрдө МЖӨ боюнча 50дөн кем эмес макулдашууга кол коюлду | ИУА, ФМ, МЖӨБ, тармактык министрликтер жана ведомстволор | ||
6 | Институционалдык түзүмдү күчөтүү | 1) Аткаруучу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында МЖӨ маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү | 2026-жылдын декабры | МЖӨ маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөр түзүлдү жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын потенциалы күчөтүлдү | ИУА, ФМ, МЖӨБ төмөнкү чөйрөлөр жана тармак-тар үчүн жооптуу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар: - энергетика жана жылуулук менен камсыздоо; - саламаттыкты сактоо; - транспорт жана коммуникациялар; - билим берүү; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр; - суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария); - айыл чарба; - спорт, маданият ж.б. |
2) Окутуу жана сертификациялоо планын иштеп чыгуу. APMG СРЗР программасы боюнча кеминде 50 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун өкүлдөрүн жана өнөктөштөрдү МЖӨ жаатындагы адистер катары аккредитациялоо | 2026-жылдын декабры | Окутуу жана сертификациялоо планы иштелип чыкты. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун өкүлдөрүн жана өнөктөштөрдү аккредитациялоо жүргүзүлдү | МЖӨБ | ||
3) МЖӨБ жана региондук өкүлчүлүктөрдү күчөтүү жана реформалоо | 2023-жылдын марты | МЖӨБнын функциялары күчөтүлүп, МЖӨБнын региондук өкүлчүлүктөрү түзүлдү | ИУА, ФМ, МЖӨБ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | ||
4) Квалификациялуу кадрларды тартуу үчүн каржылоонун ар кандай булактарынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү | 2026-жылдын декабры | Каржылоонун ар кандай булактарынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү берилди | МЖӨБ, ЭКМ | ||
7 | Башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча бирдиктүү порталды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын I кварталы | МЖӨ боюнча онлайн-окутуу, МЖӨ боюнча нускама берүү, МЖӨ долбоорлорун коштоо жана башка функциялар үчүн портал түзүлдү | МЖӨБ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
АКТКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МЖӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору |
|
| 3-тиркеме |
Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||
1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | |||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) | (10) |
1 | 2022-2026-жылдары МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетишүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу. МЖӨ долбоорлорун фискалдык башкарууну күчөтүү | - долбоордук демилгелерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу; - түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен МЖӨ долбоорлорун ыйгарууда атаандаштык жол-жоболорун киргизүү; - бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган тарабынан ар бир долбоорду ишке ашыруу циклинин бардык этаптарында конкурстук жана башка документтерди макулдашуу; - МЖӨ жөнүндө макулдашууда негизделген жана зарыл милдеттүү жоболордун болушу | Мыйзамдарды жана башка мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу | 2022-2023-жылдар | Мыйзам долбоорунун негизги концепциясын аныктоо. Баштапкы мыйзам долбоору. Финалдык мыйзам долбоору | Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун негизги концепциясын аныктоо. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун баштапкы пакети. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун финалдык пакети | Мыйзамга жана башка мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөр кабыл алынды | ИУА, ЭКМ, ФМ, МЖӨБ | |
2 | МЖӨ долбоорлорун колдоо үчүн финансылык инструменттерди түзүү | Инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо фондун түзүү | Финансылык инструменттерди түзүү боюнча зарыл болгон ченемдик актылар кабыл алынды | 2026-жыл | Концепцияны иштеп чыгуу | Талкуулоо, каражат табуу, анын ичинде тартылган каражатты пайдалануу, зарыл уюштуруучулук жана ченемдик чараларды жүргүзүү | Финансылык инструменттерди түзүү жөнүндө ченемдик укуктук, ведомстволук актыларды кабыл алуу | МЖӨ долбоорлорун колдоо үчүн зарыл финансылык инструменттер түзүлдү | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
Кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган кепилдик механизмдерин түзүү | 2023-жыл | ||||||||
3 | МЖӨнү практикалык колдонуу үчүн методикалык базаны түзүү | Ушул Программага ылайык бардык зарыл болгон ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан, үлгүлөрдү жана типтүү документтерди иштеп чыккандан кийин методологиялык документтерди кабыл алуу | Типтүү документтер, методологиялык документтер кабыл алынды | 2022-2023-жылдар | Типтүү жана методологиялык документтерге киргизүү үчүн керектүү маалыматтарды чогултуу | Типтүү жана методологиялык документ-терди кабыл алуу |
| МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана/же МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган тарабынан типтүү документтерди, методологиялык документтерди кабыл алуу | ИУА, ФМ, МЖӨБ |
4 | МЖӨнүн маанилүү долбоорлорун ишке ашыруу | Төмөнкү тармактарда жана чөйрөлөрдө МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү: - энергетика жана жылуулук менен камсыздоо; - саламаттык сактоо; - транспорт жана коммуникация; - билим берүү; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр; - суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария); - айыл чарба; - спорт, маданият ж.б. | Кеминде 50 МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу | 2022-2026-жылдар | Стратегиялык документтерди эске алуу менен МЖӨ долбоорлорун идентификациялоо | МЖӨ долбоорлору боюнча конкурсту же түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун даярдоо, өткөрүү | МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу | МЖӨ жөнүндө макулдашууларга кол коюлду, МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык аларды ишке ашырууга туруктуу мониторинг жүргүзүү | ИУА, ФМ, МЖӨБ төмөнкү чөйрөлөр жана тармактар үчүн жооптуу тармактык министрликтер жана ведомстволор: - энергетика жана жылуулук менен камсыздоо; - саламаттык сактоо; - транспорт жана коммуникациялар; - билим берүү; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр; - суу менен камсыз-доо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария); - айыл чарба; - спорт, маданият ж.б. |
5 | Институционалдык түзүмдү күчөтүү МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда маалымдуулукту жана тажрыйба алмашууну жогорулатуу | APMG СРЗР программасы боюнча кеминде 50 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун өкүлдөрүн жана өнөктөштөрдү МЖӨ жаатындагы адистер катары аккредитациялоо | Аккредитациялоо (сертификат) | 2022-2024-жылдар | Талапкерлерди тандоо | Окутуу | Аккредитациялоо | Кеминде 25 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыга сертификат берилди | МЖӨБ, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш-төр (макулдашуу боюнча) |
Квалификациялуу кадрларды тартуу үчүн ар кандай каржылоо булактарынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин киргизүү | 2022-2024-жылдар | Акы төлөнүүчү кызматтардын тизмесин түзүү | Бекитүү жана макулдашуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү | МЖӨ борбору тарабынан акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү | МЖӨ борбору тарабынан акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | МЖӨБ, ЭКМ | ||
Аткаруу бийлигинин органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында МЖӨ маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү | Түзүмдүк бөлүмдөр түзүлдү | 2022-2024-жылдар | Мамлекеттик жана/же муниципалдык органдын түзүмүн талдоо | Тиешелүү түзүмдөрдү түзүү үчүн керектүү документтерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү | Түзүмдүк бөлүмдү түзүү жөнүндө чечим | МЖӨнү илгерилетүү үчүн жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарда түзүмдүк бөлүм түзүлдү | ИУА, ФМ, МЖӨБ, төмөнкү чөйрөлөр жана тармак-тар үчүн жооптуу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар: - энергетика жана жылуулук менен камсыздоо; - саламаттык сактоо; - транспорт жана коммуникациялар; - билим берүү; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр; - суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария); - айыл чарба; - спорт, маданият ж.б. | ||
6 | МЖӨ долбоорлорун даярдоонун сапатын жогорулатуу | МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо боюнча органдын ролун күчөтүү | КР региондорунда аймактык өкүлчүлүктөр түзүлдү | 2022-2024-жылдар | Аймактык өкүлчүлүктөрдү ачуу үчүн облустарды аныктоо | МТБ жана ЭТФ каржылоо үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүү | МЖӨБнын аймактык өкүлчүлүктөрү түзүлдү | МЖӨБ аймактык өкүлчүлүктөрүнүн иши башталды | ИУА, ФМ, МЖӨБ Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
7 | Башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча бирдиктүү порталды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Интернет мейкиндигиндеги электрондук маалымат порталы | 2023-жыл | МЖӨ боюнча онлайн-окутуу, МЖӨ боюнча нускама берүү, МЖӨ долбоорлорун коштоо жана башка функциялар үчүн портал түзүлдү |
|
| МЖӨ боюнча онлайн-окутуу, МЖӨ боюнча нускама берүү, МЖӨ долбоорлорун коштоо жана башка функциялар үчүн портал ишке киргизилди | МЖӨБ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
МЖӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 353
2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы N 303 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программанын иш-чаралар планы (мындан ары - План) 2-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы (мындан ары - Матрица) 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Планды өз убагында ишке ашырууну жана Программанын индикаторлорун аткарууну камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) Программаны сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
2-тиркеме |
2022-2026-жылдары МЖӨнү өнүктүрүү программасынын иш-чаралар ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы N 303 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу | 1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо жана кабыл алуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасынын Мыйзам белгиленген тартипте кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ |
2) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча методикалык колдонмону даярдоо жана бекитүү | 2026-жылдын декабры | МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча колдонмо бекитилди | МЖӨБ | ||
3) 2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын декабры | 2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасы бекитилди | ИУА, ЭКМ, МЖӨБ | ||
2 | Фискалдык башкарууну жакшыртуу | МЖӨ долбоорлору боюнча жыйынды милдеттенмелер боюнча мониторинг жүргүзүүнү жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актыларды кабыл алуу | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
3 | МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттерди түзүү | 1) кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган Инфраструктуралык долбоорлорду жана кепилдик механизмдерин каржылоо фондун түзүү | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актылар кабыл алынды, фонддор түзүлдү | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
2) уюмдарды координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери үчүн Дем берүү фондун түзүү | 2025-жылдын декабры | ||||
4 | МЖӨнүн институттук түзүмүн чыңдоо | 1) мамлекеттик кызматчылар, жеке сектордун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окутуунун улуттук системасын түзүү | 2026-жылдын декабры | 200 угуучуну камтыган план менен окутуу программасы ишке киргизилди | МЖӨБ, ИЖИМ, КРСУ, ЕӨБ (макулдашуу боюнча) |
|
| 2) Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институтун ачуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институту ачылды | МЖӨБ, ИУА |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
КРСУ | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети |
ЕӨБ | - | Евразия өнүктүрүү банкы |
МЖӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. |
|
| 3-тиркеме |
Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы N 303 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | |
1-жыл | 2-жыл | |||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) |
1 | 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу | 1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзам алдындагы актыларды актуалдаштыруу тууралуу мыйзам долбоорун сапаттуу даярдоону жана кабыл алууну камсыз кылуу | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү | Зарыл болгон мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ |
2) үлгүлөрдү жана типтүү документтерди иштеп чыгуу, методологиялык документтерди кабыл алуу | Типтүү документтерди жана методологиялык документтерди кабыл алуу | 2025-жылдын декабры | Типтүү жана методологиялык документтерге киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматты топтоо, кабыл алуу |
| МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана/же МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган тарабынан типтүү жана методологиялык документтер кабыл алынды | МЖӨБ | ||
2 | МЖӨ долбоорлорун фискалдык башкарууну жакшыртуу | МЖӨ долбоорлору боюнча жыйынды милдеттенмелер боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук үчүн мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды кабыл алуу | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу |
| Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
3 | МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттерди түзүү | МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн инфраструктуралык инструменттерди каржылоо фондун түзүү | Фонддорду түзүү боюнча зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды кабыл алуу | 2026-жылдын декабры | Концепцияны иштеп чыгуу. Талкуулоо, каражаттарды, анын ичинде тартылган каражаттарды издөө жана зарыл болгон уюштуруучулук жана ченемдик чараларды жүргүзүү. Финансылык инструменттерди түзүү жөнүндө ченемдик укуктук, ведомстволук актыларды кабыл алуу |
| МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон финансылык инструменттер түзүлдү | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери үчүн дем берүү фондун түзүү | 2025-жылдын декабры | |||||||
4 | МЖӨнүн институттук түзүмүн чыңдоо | Мамлекеттик кызматчылар, жеке сектордун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окутуу системасын түзүү | Угуучулардын саны | 2026-жылдын декабры | ЖОЖдордун студенттери жана мамлекеттик, жеке сектордун өкүлдөрү үчүн окутуу программасын ишке киргизүү |
| 200 угуучуну камтыган план менен окутуу программасы ишке киргизилди | МЖӨБ, ИЖБИМ, КРСУ, ЕӨБ (макулдашуу боюнча) |
Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институтун ачуу | 2025-жылдын декабры | Долбоордук институтту түзүү үчүн зарыл болгон документтерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү | Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институту ачылды | МЖӨБ, ИУА | ||||