Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 353
2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы N 303 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программанын иш-чаралар планы (мындан ары - План) 2-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы (мындан ары - Матрица) 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Планды өз убагында ишке ашырууну жана Программанын индикаторлорун аткарууну камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) Программаны сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
2-тиркеме |
2022-2026-жылдары МЖӨнү өнүктүрүү программасынын иш-чаралар ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы N 303 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу | 1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо жана кабыл алуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасынын Мыйзам белгиленген тартипте кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ |
2) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча методикалык колдонмону даярдоо жана бекитүү | 2026-жылдын декабры | МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча колдонмо бекитилди | МЖӨБ | ||
3) 2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын декабры | 2027-2030-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасы бекитилди | ИУА, ЭКМ, МЖӨБ | ||
2 | Фискалдык башкарууну жакшыртуу | МЖӨ долбоорлору боюнча жыйынды милдеттенмелер боюнча мониторинг жүргүзүүнү жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актыларды кабыл алуу | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
3 | МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттерди түзүү | 1) кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган Инфраструктуралык долбоорлорду жана кепилдик механизмдерин каржылоо фондун түзүү | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актылар кабыл алынды, фонддор түзүлдү | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
2) уюмдарды координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери үчүн Дем берүү фондун түзүү | 2025-жылдын декабры | ||||
4 | МЖӨнүн институттук түзүмүн чыңдоо | 1) мамлекеттик кызматчылар, жеке сектордун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окутуунун улуттук системасын түзүү | 2026-жылдын декабры | 200 угуучуну камтыган план менен окутуу программасы ишке киргизилди | МЖӨБ, ИЖИМ, КРСУ, ЕӨБ (макулдашуу боюнча) |
|
| 2) Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институтун ачуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институту ачылды | МЖӨБ, ИУА |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
КРСУ | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети |
ЕӨБ | - | Евразия өнүктүрүү банкы |
МЖӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. |
|
| 3-тиркеме |
Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы N 303 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | |
1-жыл | 2-жыл | |||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) |
1 | 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасынын күтүлгөн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу | 1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзам алдындагы актыларды актуалдаштыруу тууралуу мыйзам долбоорун сапаттуу даярдоону жана кабыл алууну камсыз кылуу | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү | Зарыл болгон мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынды | ИУА, ФМ, МЖӨБ |
2) үлгүлөрдү жана типтүү документтерди иштеп чыгуу, методологиялык документтерди кабыл алуу | Типтүү документтерди жана методологиялык документтерди кабыл алуу | 2025-жылдын декабры | Типтүү жана методологиялык документтерге киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматты топтоо, кабыл алуу |
| МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана/же МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган тарабынан типтүү жана методологиялык документтер кабыл алынды | МЖӨБ | ||
2 | МЖӨ долбоорлорун фискалдык башкарууну жакшыртуу | МЖӨ долбоорлору боюнча жыйынды милдеттенмелер боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук үчүн мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды кабыл алуу | 2026-жылдын декабры | Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу |
| Зарыл болгон мыйзам алдындагы жана/же ведомстволук актылар кабыл алынды | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
3 | МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн финансылык инструменттерди түзүү | МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн инфраструктуралык инструменттерди каржылоо фондун түзүү | Фонддорду түзүү боюнча зарыл болгон мыйзам алдындагы жана ведомстволук актыларды кабыл алуу | 2026-жылдын декабры | Концепцияны иштеп чыгуу. Талкуулоо, каражаттарды, анын ичинде тартылган каражаттарды издөө жана зарыл болгон уюштуруучулук жана ченемдик чараларды жүргүзүү. Финансылык инструменттерди түзүү жөнүндө ченемдик укуктук, ведомстволук актыларды кабыл алуу |
| МЖӨ системасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон финансылык инструменттер түзүлдү | ФМ, ИУА, МЖӨБ |
МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери үчүн дем берүү фондун түзүү | 2025-жылдын декабры | |||||||
4 | МЖӨнүн институттук түзүмүн чыңдоо | Мамлекеттик кызматчылар, жеке сектордун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окутуу системасын түзүү | Угуучулардын саны | 2026-жылдын декабры | ЖОЖдордун студенттери жана мамлекеттик, жеке сектордун өкүлдөрү үчүн окутуу программасын ишке киргизүү |
| 200 угуучуну камтыган план менен окутуу программасы ишке киргизилди | МЖӨБ, ИЖБИМ, КРСУ, ЕӨБ (макулдашуу боюнча) |
Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институтун ачуу | 2025-жылдын декабры | Долбоордук институтту түзүү үчүн зарыл болгон документтерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү | Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча долбоорлоо институту ачылды | МЖӨБ, ИУА | ||||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
КРСУ | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети |
ЕӨБ | - | Евразия өнүктүрүү банкы |
МЖӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. |