Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 токтому менен бекитилди) |
2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында
мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү
ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасы жеке сектордун ролун олуттуу күчөтүү менен зарыл экономикалык жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн инвестицияларды камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын потенциалын жакшыртуу үчүн зарыл күч-аракеттерди көрүп жатат.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан укуктук, институционалдык базаны түзүү, ошондой эле финансылык инструменттерди өнүктүрүү боюнча мурда көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасы "The Economist Intelligence Unit" көз карандысыз компаниясынын баалоосуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (мындан ары - МЖӨ) өнүктүрүүнүн жаңыдан пайда болгон өсүү стадиясына өтүү менен 69 өлкөнүн арасынан 22-орунда турат.
Коомдук инфратүзүмдү түзүү жана олуттуу модернизациялоо үчүн кыйла натыйжалуу ыкмалардын бири МЖӨ колдонуу экендигин эске алып, Кыргыз Республикасы МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү боюнча активдүү чараларды көрүп жатат.
Алсак, 2021-жылы МЖӨ долбоорлорунун пайда болушу жана ишке ашырылышы үчүн натыйжалуу укуктук шарттарды түзүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын координациялык ролун күчөтүү менен "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясына кол коюлду.
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтому менен МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жол-жоболорун жөнгө салуучу бир катар актылар бекитилди.
Ошентип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жеке инвестицияларды тартуунун эң актуалдуу инструменттеринин бири катары активдүү колдоого алынууда, муну Кыргыз Республикасынын Президентинин МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана ишке ашыруу жөнүндө жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин МЖӨ чөйрөсүндөгү чечимдери тастыктап турат жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында МЖӨнүн өзгөчө ролу аныкталды.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларды эске алуу менен, 1 млрд. АКШ долларынан ашык суммадагы жеке инвестициялар каралган МЖӨ долбоорлорунун портфелинин 32ден 55ке чейин көбөйүшү байкалды, бул мамлекеттик органдар тарабынан да, жеке сектор тарабынан да кызматташууга болгон кызыгуунун жогорулагандыгын айгинелейт.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасында инфратүзүмдүн абалы боюнча бир катар көйгөйлөр бар. Алсак, 2019-жылдагы абал боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында жүргүзүлгөн баалоо боюнча Кыргыз Республикасы 2019-жылы инфратүзүмдүн сапатына глобалдык баа берүүдө өнүгүп келе жаткан абалдагы өлкөлөрдүн катарына кирип, 141 өлкөнүн ичинен 103 орунду ээлеп турган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында экономикалык жана социалдык инфратүзүмдү модернизациялоо жана улуттук деңгээлде МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана жеке инвестицияларды концентрациялоо үчүн МЖӨ механизмдерин активдүү колдонуу максатында 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүнүн ушул программасы иштелип чыккан.
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген 2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасы кабыл алынган, анда МЖӨ механизмдерин ишке ашыруу боюнча негизги милдеттер жана бул милдеттерди аткаруу үчүн зарыл чаралар баяндалган.
Программада негизги иш-аракеттер белгиленген, аларды ишке ашырууда негизги артыкчылык (i) мамлекеттик башкарууну жакшыртууга; (ii) мамлекеттик потенциалды чыңдоого; (iii) ишенимди бекемдөөгө; (iv) финансылык инструменттерди өнүктүрүүгө жана (v) жеке секторду өнүктүрүүгө берилген. Программа жалпы көлөмү 20 млрд сомдон кем эмес МЖӨ жөнүндө макулдашууларды түзүүгө багытталган.
Аны ишке ашыруунун жана 2013-2021-жылдар аралыгында зарыл экономикалык жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө багытталган башка иш-аракеттердин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык өнүктүрүү институттарынын колдоосу менен МЖӨ үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана бул механизмди иш жүзүндө киргизүү үчүн иш-чаралардын комплексин ишке ашырды.
Бирок мурдагы программада инфратүзүмдү мамлекеттик тең каржылоону көбөйтүү, МЖӨнү толук масштабдуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык инструменттерди иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча коюлган айрым милдеттер финансылык кыйынчылыктардан улам, ошондой эле COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам экономиканын деңгээлинин төмөндөшүнүн натыйжасында практикалык натыйжаларга алып келген жок. Бул ишти келечекте улантуу зарыл.
МЖӨнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2012-жылы ченемдик укуктук чөйрөнү, институционалдык базаны түзүүнү, МЖӨнүн пилоттук долбоорлорун даярдоону жана МЖӨ маселелери боюнча кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатууну камтыган тиешелүү реформаларды баштаган.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик) МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - МЖӨ алкагында бюджеттик каражаттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары аныкталган, ошондой эле 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун координациялоо жана МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашыра турган МЖӨ борбору түзүлгөн.
Укуктук жана жөнгө салуучу негиз түзүлгөн, тиешелүү мамлекеттик органдардын потенциалын күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо механизми түзүлдү жана МЖӨ долбоорлорунун портфелин кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкү кадамдарды жасады:
а) МЖӨ жөнүндө Мыйзамды кабыл алуу:
- 2009-жылдын 11-майында "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Бирок Мыйзамда конкурстук негизде жеке өнөктөштөрдү тандоонун түшүнүктүү жана так эрежелери, макулдашуулардын милдеттүү шарттары, МЖӨ моделдеринин баяндамасы, тобокелдиктерди бөлүштүрүү тартиби жана башкалар жок болчу;
- 2012-жылдын 22-майында, жогоруда аталган Мыйзамдын кемчиликтерин таанып, негизги эл аралык принциптерге ылайык оңдоолор киргизилген. Мыйзамда ишке ашыруунун негизги принциптери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин карамагында турган операциялык жана институционалдык алкактар баяндалган;
- 2016-жылдын 22-июнунда МЖӨ жөнүндө Мыйзамды эл аралык оң тажрыйбага ылайык келтирүү үчүн, өзгөчө фискалдык (бюджеттик) башкаруу механизмдерине карата өзгөртүүлөр киргизилген;
- 2019-жылдын 22-июлунда МЖӨ жөнүндө Мыйзам МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорду караган жаңы редакцияда кабыл алынган;
- 2021-жылдын 11-августунда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ролун күчөтүүгө жана МЖӨ долбоорлорун даярдоо жол-жоболорун, механизмдерин жана мөөнөттөрүн оптималдаштырууга багытталган МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган.
б) жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин МЖӨ долбоорлорун демилгелөө жана баалоо, аларды даярдоо жана жеке өнөктөштөрдү тандоо боюнча операциялык колдонмолорду жана типтүү документтерди кабыл алуу боюнча ар кандай чечимдери кабыл алынды;
в) МЖӨнү өнүктүрүүнү координациялоо жана колдоо үчүн институционалдык түзүм түзүлдү:
- 2012-жылы МЖӨ жөнүндө Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталган;
- 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 токтому менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларын тартуу жана коргоо боюнча агенттиги түзүлгөн (мындан ары - ИТКА). ИТКАнын жалпы милдети - Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде МЖӨнү илгерилетүү. Агенттиктин кызматкерлери тармактык министрликтерге жана ведомстволорго, башкача айтканда мамлекеттик өнөктөштөргө МЖӨ долбоорлорун даярдоодо жана ишке ашырууда колдоо көрсөтүштү жана жалпысынан МЖӨ концепциясын алдыга жылдырышты. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп кала берген, ал долбоорлорду бекитүүгө, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды даярдоого жана саясатка жооптуу болгон;
- 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында өлкөдө МЖӨ процесстерин ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана координациялоо, анын ичинде МЖӨ өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу үчүн МЖӨ боюнча кеңеш түзүлгөн;
- 2019-жылдын июнь айында МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууда жана илгерилетүүдө мамлекеттик органдарга координациялоо жана колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик ведомство катары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында МЖӨ борбору түзүлгөн;
г) 2013-2021-жылдар аралыгында эл аралык өнүктүрүү институттарынын колдоосу менен иш процессинде тренингдер жана практикалык консультациялар түрүндө мамлекеттик органдардын потенциалын күчөтүү, ошондой эле окутуу жана эл аралык сертификациялоо программасы боюнча 60тан ашуун мамлекеттик кызматчыларды окутуу жана сертификациялоо боюнча иш жүргүзүлдү (Certified PPP Professional - CP3P);
д) 2014-жылы МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун каржылоо жана даярдоо фонду (ДКДФ) түзүлгөн. ДКДФ МЖӨнүн 6 долбоорун даярдоону каржылады жана жаңы долбоордук демилгелерди карап жатат.
Бул иш-аракеттердин натыйжасында өлкөдөгү МЖӨ абалы жакшы жагына олуттуу өзгөрүлдү, бул The Economist эл аралык басылмасы тарабынан 2018-жылы өткөрүлгөн INFRASCOPE (рейтингдин) профилдик баалоосунун жүрүшүндө белгиленген жана практикалык жетишкендиктерге таасирин тийгизди.
Алсак, 2022-жылга чейин МЖӨнү өнүктүрүүнүн бүткүл мезгилинде МЖӨ жөнүндө 3 макулдашуу ийгиликтүү түзүлгөн:
1) "Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында диализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу" МЖӨ долбоору боюнча. 2017-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен "Fresenius Medical Care Deutschland GmbH" компаниясынын (Германия) ортосунда макулдашуу түзүлгөн;
2) "Бишкектеги коомдук транспорт системасы үчүн жол кире акысын төлөөнүн автоматташтырылган системасын долбоорлоо, ишке киргизүү жана пайдалануу" МЖӨ долбоору боюнча. 2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясы менен "BCG AG" (Швейцария) компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн;
3) "Кызыл-Кыргызстан" кинотеатрын реконструкциялоо" МЖӨ долбоору боюнча. 2018-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаменти менен "Бурана Гранд" ЖЧК жана "Корпорация ADS Group" - жеке консорциумунун ортосунда макулдашуу түзүлгөн.
МЖӨнү өнүктүрүүнүн жаңы импульсу
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен 2021-жылы кыска убакыттын ичинде билим берүү, айыл чарба, социалдык инфратүзүм чөйрөсүндөгү долбоорлор боюнча жеке өнөктөштөр менен 1 млрд. сомдон ашык суммага 6 макулдашууга кол коюлган:
1) Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын спорттук күрөш залын куруу;
2) Кыргыз Республикасындагы лотерея иши;
3) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин № 2 корпусун жакшыртуу жана аймагын пайдалануу;
4) Ысык-Көл облусунда илимий-өнөр жай мөмө-жемиш питомнигин уюштуруу;
5) Турмуш-тиричилик тейлөө комбинатын жана тигүү цехин куруу;
6) Чүй облусунда балык чарбасын куруу.
МЖӨ долбоорлорунун портфелин өстүрүү боюнча иш улантылууда жана МЖӨнүн 10дон кем эмес долбоору боюнча
2022-жылы тиешелүү макулдашууларга кол коюу күтүлүүдө.
Ушуну менен бирге, жетишкендиктер менен катар бүгүнкү күндө МЖӨ чөйрөсүндө тийиштүү мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө тоскоол болгон бир катар маселелер бар.
Аларга төмөнкүлөрдү тизмектөөгө болот:
1. МЖӨ жөнүндө мыйзамдар МЖӨнүн сапаттуу жана фискалдык-туруктуу долбоорлорун иштеп чыгууга өбөлгө түзүүчү толуктоолорду талап кылат, алар каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну (чыгымдар менен пайданын оптималдуу катышы) жана өлкөнүн масштабында маанилүү социалдык-экономикалык таасир тийгизе турган олуттуу инфратүзүмдүк милдеттерди чечүүнү камсыз кылат. МЖӨ боюнча колдонмолорго жана типтүү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши керек.
2. МЖӨнү фискалдык (бюджеттик) башкарууну жакшыртуу зарыл, ал бардык МЖӨ долбоорлорунун жыйынды фискалдык таасирин контролдоого тийиш. МЖӨ долбоорлорунун бардыгы мамлекеттин түздөн-түз финансылык катышуусун караштырбаса дагы, потенциалдуу фискалдык тобокелчиликтерди алып келерин түшүнүү зарыл. Бул Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Эл аралык валюта фондунун жана Азия өнүктүрүү банкынын материалдарында ырасталды.
3. МЖӨ долбоорлорунун коммерциялык жандуулугун жана финансылык жагымдуулугун колдоо үчүн финансылык инструменттердин жоктугу.
4. Улуттук деңгээлде МЖӨнү өнүктүрүү үчүн МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча органдардын ролун күчөтүү бөлүгүндө МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды күчөтүү зарылдыгы.
Ошондой эле МЖӨ долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу, анын ичинде макулдашууларга мониторинг жүргүзүү жана башкаруу жана зарыл ыкчам аракеттерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын институттук түзүмүн жакшыртуу жана потенциалын жогорулатуу боюнча иштерди улантуу талап кылынат. Бул үчүн алар МЖӨ чөйрөсүндө адистештирилген жана компетенттүү адам ресурстарына ээ болушу керек. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар мындай адистерди даярдоонун туруктуу процессин далилденген тиешелүү тажрыйбалардын негизинде, анын ичинде МЖӨ - CP3P жаатындагы адистерди сертификациялоо программасынын негизинде координациялоо жана камсыз кылуу зарыл.
2016-2021-жылдары МЖӨнү өнүктүрүүнүн мурдагы программасында мындай органдарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүү каралган, бирок бул финансылык кыйынчылыктардан, ошондой эле COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам экономиканын деңгээлинин төмөндөшүнүн натыйжасында практикалык натыйжаларга алып келген эмес.
5. Мамлекеттик инфратүзүм көбүнчө ири активдерди жана объектилерди билдирет. Ошол эле учурда аларды модернизациялоонун зарылдыгы анык.
Ички же тышкы булактардын эсебинен мамлекеттик инвестициялар болгон күндө дагы, кадимки сатып алуу механизмдерин колдонуу көбүнчө каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, долбоорлоо, куруу жана инфратүзүм объекттерин башкаруу сапатында МЖӨ механизмдерине тең келе албайт. Негизги инфратүзүмгө карата мурунку мамилелер өзүн актабайт жана мунун бардыгы ири жеке каржылоону жана МЖӨ алкагында компетенттүү башкарууну ишке киргизүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат.
Ушуга байланыштуу, ар кандай тармактарда МЖӨ тажрыйбасы көп жана ири эл аралык капиталга жетүү мүмкүнчүлүгү бар ири инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл, ал Кыргыз Республикасында МЖӨнү жөнгө салуунун эл аралык практикага шайкеш келишинин эсебинен, долбоорлорду кылдаттык менен даярдоону, алардын финансылык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча шарттарды түзөт.
Бул үчүн МЖӨнү, биринчи кезекте, бюджетке жүктү азайтуу гана эмес, коомдук инфратүзүмдү жана инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун, модернизациялоонун жана колдоонун натыйжалуу куралы катары колдонуу зарыл.
Бирок жогоруда белгиленгендей, негизги ири инфратүзүм модернизациялоо боюнча кечиктирилгис чараларды талап кылат.
Мунун баары, бюджеттик каржылоону кошкондо, салттуу ыкмаларга салыштырмалуу каржылоону кыйла майнаптуу пайдалануу жана долбоорлордун кыйла майнаптуулугунда жана натыйжалуулугунда болгон МЖӨнүн негизги артыкчылыгын пайдаланбоого алып келет.
Мунун баары мындай долбоорлордун тобокелдиктеринин профилинин кыйла жогору болушун жана алардын жеке өнөктөштөр үчүн жагымдуулугунун төмөндүгүн билдирет, ошондой эле мамлекеттен олуттуу кепилдиктерди талап кылат.
Кыргыз Республикасындагы МЖӨ долбоорлоруна жүргүзүү сереп көрсөткөндөй, пайдалануучулардын төлөмдөрүнө негизделген долбоорлор өлкөнүн инфратүзүмдүк муктаждыктарынын бир аз бөлүгүн түзөт, ал эми калган бөлүгү долбоорлорду кыйыр колдоону (субсидиялар, кепилдиктер ж.б.) түз каржылоо түрүндө мамлекеттик бюджеттин олуттуу катышуусун талап кылат.
Энергетика, саламаттык сактоо, транспорт жана коммуникациялар, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария), коомдук жана мамлекеттик инфратүзүмдү материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу сыяктуу жоопкерчилик чөйрөсүндө инфратүзүмдүн олуттуу үлүшү бар тармактарда МЖӨнүн практикалык артыкчылыгы талап кылынат.
6. Инфратүзүмдү модернизациялоого болгон муктаждыктарга тармактык баа берүү жана жооптуу органдар тарабынан жаңы долбоорлорго карата тиешелүү пландарды иштеп чыгуу жетишсиз деңгээлде турат. Программалык мамиле маанилүү, анткени ал мамлекеттик ресурстарды (финансылык жана адамдык) сарамжалдуу пландаштырууга жана пайдаланууга мүмкүндүк берет, жеке сектордун демилгелерин координациялайт (багыт берет), мамлекеттин активдүү позициясын, ошондой эле МЖӨнүн потенциалдуу долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгууну жана алдын ала баалоону камсыз кылат.
Бирок азыркы учурда инфратүзүмдү модернизациялоо маселесине тармактык гана мамиле жетишсиз, инфратүзүмдүк муктаждыктарды баалоо жана алардын комплекстүү өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн өз аймактарындагы артыкчылыктуу долбоорлорду идентификациялоо процессине жергиликтүү бийликтин активдүү катышуусу зарыл.
Бул мамлекеттин түздөн-түз жана шарттуу милдеттенмелерин пландоо үчүн бюджеттик цикл менен координациялоо үчүн да маанилүү.
2. Программанын максаты, милдеттери жана артыкчылыктары
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 435 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында долбоордун сапатын жогорулатуу, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жана МЖӨ чөйрөсүндө адамдык потенциалды күчөтүү, МЖӨ механизми жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле МЖӨнүн финансылык инструменттерин өнүктүрүү жолу менен МЖӨ механизмдерин практикалык киргизүү жана бул үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мындан аркы кадамдар жасалары белгиленет.
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы МЖӨнү өнүктүрүүнү практикалык күчөтүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин активдештирүү боюнча милдеттерди да коет.
Бул Программа 2022-2026-жылдар мезгилине милдеттерди коет жана мамлекеттик органдар үчүн ченемдик укуктук негиз жана иш-аракеттер планы болуп саналат.
Программанын максаты экономикалык жана социалдык жактан маанилүү, фискалдык-туруктуу долбоорлорду натыйжалуу жана туура ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун ресурстарын жана тажрыйбасын бириктирүү жолу менен коомдун кызыкчылыгында инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн өлкөдө МЖӨнү чыңдоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Аталган максатка жетүү үчүн бул Программада төмөнкүдөй милдеттер камтылган.
2.1. МЖӨ чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны түзүү
МЖӨ өзүнүн зарылдыгын далилдеген жана өнүккөн МЖӨ рынокторунда колдонулган тиешелүү тажрыйбаларды талап кылган татаал механизм болуп саналат. Мындай мамилелерди ири жана компетенттүү эл аралык инвесторлор дагы күтүшөт.
МЖӨ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башкалардын катарында төмөнкү башкы жоболорду караштырууга тийиш:
а) токтотуучу жана каршы салмактуулук системасын камсыз кылуу.
Дүйнөдө МЖӨ долбоорлорунун көптөгөн ийгиликсиз мисалдары бар. Ийгиликсиздиктин негизги себеби болуп МЖӨ долбоору тобокелдиктерди бөлүштүрүү жагынан анын түзүмү жеке сектордун талаптарына, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарына (кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын), ошондой эле өлкөнүн фискалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келишин камсыз кылуу үчүн кылдат даярдыкты талап кылган татаал механизм экендигин талаптагыдай баалабоо эсептелет.
Долбоорду даярдоо төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу органдар тарабынан милдеттүү этап-этабы менен макулдашуу процессинен өтүүгө тийиш:
- долбоорду даярдоонун талаптагыдай сапаты;
- долбоордун актуалдуулугун ырастаган чечимдерди кабыл алуу критерийлерине ылайык келиши;
- МЖӨнү пайдалануудан (жана тиешелүү түрдө аны колдонуунун негиздүүлүгүнөн), социалдык жана экономикалык таасирден жана кайтарымдан баанын жана сапаттын оптималдуу катышы (ресурстарды пайдалануунун майнаптуулугу);
- түз жана/же шарттуу фискалдык кесепеттердин негиздүүлүгү жана алгылыктуулугу;
б) МЖӨ долбоорлорун сапаттуу даярдоо.
Бул жобо жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды ишке ашыруунун негизин түзөт. МЖӨ колдонуу практикасы көрсөткөндөй, бул маселе процесстин катышуучулары тарабынан көп учурда көңүл бурулбай калат, бул эч кандай даярдыксыз долбоорлорду иштеп чыгууга алып келет, бул МЖӨ долбоорун зарыл өлчөмдө баалоого жана МЖӨ жөнүндө сапаттуу макулдашууну даярдоону камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт.
МЖӨ жөнүндө мыйзамдар демилгеленген МЖӨ долбоорун милдеттүү түрдө даярдоо жөнүндө талаптарды камтууга тийиш, ал техникалык жана функционалдык талаптардан жана критерийлерден тышкары потенциалдуу фискалдык таасирди баалоону (шарттуу милдеттенмелер маселелерин ачып көрсөтүүнү кошо алганда), МЖӨнү колдонуунун негиздемесин жана чыгымдар менен натыйжалардын оптималдуу катышын, долбоордун социалдык-экономикалык таасирин көрсөтүүнү, ошондой эле макулдашуулар же форс-мажордук жагдайлар бузулган учурда компенсациялардын зарыл механизмдерин караштырууга тийиш.
МЖӨ боюнча бүтүмдөрдү жүргүзүү боюнча консультациялык ресурстарды тартуу жолу менен милдеттүү көз карандысыз экспертизаны тартуу жана МЖӨ долбоорлорун коштоо практикасын киргизүү зарыл;
в) жеке өнөктөштөрдү тандоодо конкурстук ыкманын артыкчылыгы.
МЖӨ практикасында альтернативасыз негизде түзүлгөндүктөн ийгиликсиз болгон долбоорлордун көптөгөн мисалдары бар.
Альтернативдик сунуштардын жоктугу бир сунушту объективдүү баалоого мүмкүндүк бербейт, ошондой эле мамлекеттик өнөктөштөрдүн сүйлөшүү позициясынын начардыгын билдирет. Мунун баары жеке сектордун инновацияларына, каржылоонун ийкемдүү механизмдерине жана шарттарына карата альтернативалардын жоктугун билдирет, эң негизгиси - коом үчүн чыгым менен пайданын оптималдуу катышына жетүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт жана бюджетке жагымсыз кесепеттердин келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Макулдашууларды тикелей түзүү белгилүү бир учурларда өзүн-өзү актайт, бирок ал зарыл болгон изилдөөлөрдү (ишке ашырылышын изилдөө ж.б.) камтыган долбоорду сапаттуу даярдоо менен милдеттүү түрдө бекемделиши керек, ал техникалык жана функциялык талаптардан жана критерийлерден тышкары потенциалдуу фискалдык таасирди баалоону (шарттуу милдеттенмелер маселелерин ачууну кошо алганда), МЖӨнү колдонуунун негиздемесин жана чыгымдар менен пайданын оптималдуу катышын, долбоордун социалдык-экономикалык таасирин көрсөтүүнү камтууга тийиш.
МЖӨ жөнүндө негизделген жана сапаттуу макулдашуу тиешелүү даярдыктын негизинде гана даярдалышы мүмкүн.
Бул маселелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам алдындагы актыларынын алкагында да каралышы мүмкүн;
г) МЖӨ жөнүндө макулдашууларды талаптагыдай башкаруу.
МЖӨнүн көптөгөн мисалдары бар, мында ишке ашыруунун жүрүшүндө эрежелерге өзгөртүүлөрдү, макулдашуунун предметине өзгөртүүлөрдү, милдеттенмелерди ж.б. кошуп алганда ар кандай себептер боюнча макулдашуулардын шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы аныкталган. Макулдашууну мындай өзгөртүү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө пайдага, б.а. чыгым менен пайданын катышына жана фискалдык тобокелдикке дуушар болууга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн;
д) МЖӨ долбоорлорунун финансылык жагымдуулугун жогорулатуу.
Мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу ири мамлекеттик инфратүзүмгө инвестицияларды тартуу ишинде жеке өнөктөш үчүн тобокелдиктердин татаалдыгын жана жогорку деңгээлин, бул мамилелердин узак мөөнөттүү мүнөзүн, социалдык (же коом үчүн негизги) инфратүзүмдүн чоң үлүшүнүн же социалдык багыттагы тарифтердин олуттуу үлүшүнүн натыйжасында салыштырмалуу төмөн маржаны эске алууга тийиш.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында МЖӨ чөйрөсү МЖӨ жөнүндө макулдашууларды бузуунун ар кандай учурлары жана себептери, форс-мажордук жагдайлар, тартылган инвестициялар боюнча мамлекеттик кепилдиктер, мамлекеттик өнөктөштөрдүн милдеттенмелери ж.б. боюнча компенсациялардын натыйжалуу механизмдерин караштырышы керек.
Долбоордун жүзөгө ашуусун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бюджетти (капиталдык гранттар, жеңилдетилген насыялар, пайдалануу стадиясындагы субсидиялар) кош каржылоо маанилүү аспект болуп саналат.
Мунун бардыгы коом үчүн зарыл болгон жагымдуулугун жана туруктуулугун, анын ичинде социалдык инфратүзүмдү жогорулатуу үчүн зарыл.
Мындан тышкары, узак мөөнөттүү кредиттик линияларды берүүчү эл аралык финансы институттарынын катышуусу менен инфратүзүмдү каржылоо фонду сыяктуу механизмдерди, ошондой эле экономикалык негизделген жана жагымдуу, бирок каржылоосу жетишсиз болуп саналган МЖӨ долбоорлорун тең каржылоо үчүн субсидиялоо механизмин (жетишсиз каржылоону компенсациялоо) түзүү боюнча практикалык иш-аракеттердин зарылдыгы бар.
Ошону менен бирге, ишке ашырылып жаткан МЖӨ долбоорлорунда тике жана шарттуу милдеттенмелер боюнча Фонд түзүү жолу менен МЖӨ долбоорлорунун алкагында кепилдик механизмдеринин зарылдыгы маанилүү бойдон калууда.
Ошондой эле түзүлүп жаткан кепилдик механизмдеринин, анын ичинде кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган эл аралык финансы институттарынын катышуусу менен жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу талап кылынат. Бул Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорунун финансылык жагымдуулугун жогорулатат;
е) тармактарды өнүктүрүү пландарында каралбаган долбоордук демилгелердин санын азайтуу үчүн МЖӨ долбоорлорун идентификациялоого программалык мамиле.
Инфратүзүмдү модернизациялоо боюнча тармактык пландар (программалар, стратегиялар ж.б.) инфратүзүмдүк муктаждыктарга глобалдык өлкөлүк баа берүүнү билдирет, ал мамлекеттик ресурстарды жана иш-аракеттерди пландаштыруу үчүн негиз болуп саналат, ошондой эле инвесторлорго МЖӨгө өздөрүнүн катышуусун пландаштырууга мүмкүндүк берет.
МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү - бул Кыргыз Республикасынын экономикалык, укуктук, социалдык жана башка шарттарында тигил же бул ыкмаларды апробациялоо жана адаптациялоо үчүн бир аз убакытты талап кылган процесс экендиги анык. МЖӨнү практикалык колдонуунун баштапкы мезгилинде
2016-2021-жылдары МЖӨ жөнүндө мыйзамдар бир катар долбоорлордо колдонулган жана бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бул иш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жаңы тажрыйбасын, эл аралык финансы институттарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн сунуштарын чагылдыруу үчүн улантылышы керек;
ж) МЖӨ механизмдерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына реформаларды жүргүзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Ар кандай чөйрөлөрдө МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү маселеси маанилүү бойдон калууда. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу процессинде МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик жер участокторуна тиешелүү маселелер көп кездешет, ушуга байланыштуу МЖӨ алкагында жер укуктук мамилелерин жөнгө салуунун укуктук шарттарын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер жана турак жай мыйзамдарын иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.
Мындан тышкары, өлкөдө энергетиканы өнүктүрүүнүн жогорку потенциалын эске алуу менен ЭКБ (энергиянын кайра жаралуучу булактары) өнүктүрүүнүн маанилүү тармагы болуп саналат жана МЖӨ механизмдерин колдонуу жолу менен бул чөйрөгө инвестицияларды өнүктүрүү жана тартуу жагына иштин багыты эң туура чечим катары эсептелет. Бул милдетти аткаруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
‒ ЭКБ жаатындагы ченемдик укуктук базаны инвентаризациялоо;
‒ ЭКБ жаатындагы ЧУАларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
‒ Кыргыз Республикасында ЭКБ өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана бекитүү;
‒ МЖӨ механизмин колдонуу аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
‒ ЭКБ чөйрөсүндө алкактык шарттарды иштеп чыгуу;
‒ Кыргыз Республикасынын аймагында ЭКБ боюнча долбоорлорду ишке ашырган инвестор үчүн аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу.
Мындай ишти Айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, дене тарбия, транспорт жана коммуникациялар, социалдык чөйрө ж.б. сыяктуу экономикалык жактан зарыл, негизделген жана кыйла максатка ылайыктуу МЖӨ механизмдерин колдонуу жолу менен инвестицияларды тартуу зарыл.
2.2. Фискалдык (бюджеттик) башкарууну жакшыртуу
Фискалдык башкаруу маселелери боюнча МЖӨнүн фундаменталдык аспектилеринин башкы элементтери жогоруда аныкталган МЖӨ жөнүндө мыйзамдарда каралууга тийиш.
Бирок практикалык деңгээлде, мыйзамдардын милдеттүү талаптарынан тышкары, тийиштүү фискалдык башкаруунун практикалык процессин камсыз кылуу үчүн тиешелүү эрежелердин жана жол-жоболордун (операциялык колдонмолор жана методологиялык инструменттер) болушу зарыл, анын ичинде демилгеленген жана ишке ашырылган долбоорлордун фискалдык таасирин баалоо, каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун баалоо, долбоорду ишке ашыруунун толук циклинин ичинде МЖӨ долбоорлоруна каражаттарды бюджеттөө, долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, МЖӨ долбоорлору боюнча милдеттенмелер боюнча жыйынды эсепке алуу жана отчеттуулук.
Талаптагыдай фискалдык башкаруу МЖӨ циклинин бардык этаптарында демилгелөө стадиясында алдын ала баалоодон, андан кийин МЖӨ долбоорун даярдоодон (анын максатка ылайыктуулугу жана негиздүүлүгү ырасталган учурда), жеке өнөктөштү тандап алуудан жана макулдашууну түзүүдөн баштап, долбоорду ишке ашыруу аяктаганга чейин, анын мониторинги жана белгилүү бир жагдайлар келип чыккан учурда зарыл болгон иш-аракеттерди камтыйт.
Фискалдык башкаруу бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик органдын жоопкерчилиги болуп саналат жана долбоордук демилгелерди, долбоорду даярдоо боюнча документтерди жана анын наркынан көз карандысыздыктын ар бир долбоору боюнча фискалдык тобокелдиктердин негиздүүлүгү жана алгылыктуулугу жагынан конкурстук документтердин пакетин, колдонулган жол-жоболорду жана башка факторлорду баалоо боюнча функцияларды камтыйт.
Бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик органдын жоопкерчилик чөйрөсүнө, ошондой эле фискалдык тике жана шарттуу милдеттенмелердин көлөмүнүн жана пайда болуу ыктымалдуулугунун өзгөрүшү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле мындай милдеттенмелердин жыйынды эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүү кириши керек.
Бул үчүн бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган операциялык жана методологиялык эрежелерден жана демилгеленген жана ишке ашырылып жаткан долбоорлордун фискалдык таасирин баалоо боюнча колдонмолордон тышкары (алардын наркына жана мамлекеттик колдоого болгон муктаждыгына карабастан) төмөнкүлөр үчүн зарыл болгон жөнгө салууну иштеп чыгып, актуалдуулугун колдоп турушу зарыл:
- МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу мезгилинде тике жана шарттуу милдеттенмелерди жабууга каражаттарды жабууну камсыз кылуу;
- долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана бардык түрдөгү фискалдык милдеттенмелердин келип чыгуу ыктымалдуулугун баалоо;
- МЖӨ долбоорлорунун потенциалдуу фискалдык таасиринин жыйынды эсебин жана ачык-айкын отчеттуулугун камсыз кылуу.
МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ошондой эле талаптагыдай фискалдык башкаруу маселесинде өзүнүн жоопкерчилик зонасы бар (Программанын "МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу" деген 1-пунктунун "а) токтотуучу жана каршы салмактуулук системасын камсыз кылуу" пунктчасында көрсөтүлгөндөй). Ал өзүнө төмөнкүдөй көз караш боюнча долбоорлорду баалоо жана координациялоо механизмин камсыз кылууну камтыйт:
- демилгеленген МЖӨ долбоорунун негиздүүлүгү жана тармактарды жана аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу программалык багыттарына шайкештиги;
- анын даярдалышынын талаптагыдай сапаты;
- МЖӨнү пайдалануудан баанын жана сапаттын оптималдуу катышын (ресурстарды пайдалануунун майнаптуулугун), аны колдонуунун негиздүүлүгүн, долбоордун социалдык жана экономикалык таасирин жана кайтарымдуулугун камсыз кылуу;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун альтернативдүү ыкмаларын баалоо.
Ошондой эле, МЖӨнүн долбоордук портфелин жана ушул механизмди колдонуу менен инфратүзүмдү модернизациялоо боюнча күч-аракеттерди көбөйтүү максатында бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган МЖӨ долбоорлору боюнча тике жана шарттуу милдеттенмелер боюнча суммардык фискалдык милдеттенмелердин жогорку чегин көбөйтүүсү керек, ал азыркы учурда бюджеттин жылдык чыгымдарынын 0,5% деңгээлинде белгиленген (мында жогоруда аталган үч долбоор боюнча потенциалдуу бюджеттик милдеттенмелердин учурдагы деңгээли 0,2% түзөт).
Милдеттенмелердин учурдагы жогорку чеги МЖӨ программасын ишке ашырууну токтотуп турат жана экономикалык өнүгүүнүн салыштырмалуу деңгээли бар башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла катаал болуп саналат.
2.3. МЖӨ долбоорлорунун туруктуулугунун жана финансылык жагымдуулугун колдоо үчүн финансылык инструменттерди түзүү
Долбоордук каржылоого жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү жана арттыруу үчүн, ошондой эле кыйла ири масштабдуу МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн кыргыз сомунда көрсөтүлгөн узак мөөнөттүү кредиттик линияларды берүү үчүн финансылык инструменттерди, ошондой эле экономикалык негизделген жана жагымдуу, бирок каржылоосу жетишсиз болуп саналган МЖӨ долбоорлорун тең каржылоо үчүн субсидиялоо механизмин (жетишсиз каржылоону компенсациялоо) түзүү зарыл.
Ушуга байланыштуу, төмөнкүлөрдү түзүү боюнча иштиктүү кадамдарды жасоо керек:
1) Инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо фондунун (ИДКФ), анын ичинде өнүктүрүү боюнча эл аралык институттардын колдоосу менен, азыркы учурда жергиликтүү финансы секторунун мындай түрдөгү каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, узак мөөнөттүү карыздык долбоордук каржылоону (көбүнчө кыргыз сомунда) берет.
Ушул эле максат үчүн МЖӨ аркылуу ишке ашырууга кыйла ыңгайлуу долбоорлор (энергетика, транспорт жана коммуникациялар, социалдык сектор ж.б.) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 токтому менен бекитилген мамлекеттик инвестициялар программасынын (МИП) каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгүн кароо керек. Бул кредиторлор (өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылат. Бул өлкөдө МЖӨнү өнүктүрүү үчүн келечектүү багыт, анткени МИП боюнча инфратүзүмдү модернизациялоонун салттуу механизмдерин колдонуу зарыл болгон натыйжалуулукту жана туруктуулукту камсыз кылбайт, мында МИП олуттуу финансылык ресурстарга каржылоонун пайдалуу шарттарына топтолот жана жогоруда белгиленгендей, пландаштырылган көптөгөн долбоорлор аларга МЖӨ механизмдерин колдонуу үчүн ылайыктуу болуп саналат.
Бирок бул МЖӨ үчүн, биринчи кезекте, мыйзамдар, компетенттүүлүк жана сапаттуу долбоорлорду иштеп чыгуу жагынан туура чөйрөнү камсыз кылган учурда гана мүмкүн болот.
2) кредит берүүчү уюмдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган кепилдик механизмдерге МЖӨ долбоорлорунун жеткиликтүүлүгүн өркүндөтүү жана жогорулатуу. Бул жеке инвесторлордун МЖӨ долбоорлору боюнча тобокелдиктерге дуушар болушун азайтып, алардын финансылык жагымдуулугун жогорулатат. Бул кепилдик механизмдери төмөнкүлөрдү азайтууга багытталышы мүмкүн:
- кирешелүүлүк тобокелдиктери;
- валюта тобокелдиктери;
- пайыздык чендердин тобокелдиктери;
- саясий жана башка тобокелдиктер.
Алсак, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан МЖӨ жөнүндө макулдашуунун алкагында мамлекеттик өнөктөштөрдүн тике жана шарттуу тобокелдиктерин жабуу боюнча кепилдик механизмдерин түзүү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
2.4. МЖӨнү практикалык колдонуу үчүн методикалык базаны түзүү
Негизги жоболор, анын ичинде талаптар жана жол-жоболор МЖӨ жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынат. Бирок мамлекеттик органдар, консультанттар, инвесторлор жана МЖӨгө кызыкдар башка жактар пайдалануу үчүн МЖӨ процесстери боюнча операциялык жана методологиялык документтердин жыйындысын берүү зарылчылыгы бар.
Кыргыз Республикасында бул маалымат жана зарыл типтүү документтер МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан 2020-жылы МЖӨ боюнча колдонмо түрүндө кабыл алынган.
Бирок, МЖӨнү жөнгө салууну өркүндөтүү, жаңы ыкмаларды кабыл алуу жана жаңы тажрыйба алуу процессинин уланып жаткандыгына байланыштуу, ушул Программанын алкагында адаптациялоо жана өркүндөтүү процесси МЖӨ жөнүндө жетекчиликке да колдонулушу керек.
2.5. МЖӨнүн маанилүү жана келечектүү долбоорлорун ишке ашыруу
Жогоруда айтылгандай, маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу компетенттүү тармактык адистер тарабынан сапаттуу даярдоону жана көз карандысыз баалоону талап кылат. Көптөгөн долбоордук демилгелер өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүнүн колдоосун жана техникалык жардамын табышат.
Бирок, МЖӨ ДКДФ ролун күчөтүү зарыл, бул инфратүзүмдү модернизациялоо түзүмүндө МЖӨ үлүшүн көбөйтүү максатына жетүү үчүн аны капиталдаштырууну көбөйтүүнү талап кылат. Инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо фондун түзүү үчүн көрсөтүлгөн каржылоо булактарынан тышкары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен МЖӨ ДКДФны натыйжалуу иштетүү шартында аны кошумча капиталдаштырууну талкуулоо маселесин кароо зарыл.
Ушуга байланыштуу, тиешелүү мамлекеттик органдар жана жооптуу уюмдар өз объектилерин модернизациялоо боюнча кыйла артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин даярдап, долбоорлорду иштеп чыгууну баштоосу зарыл. Бул биринчи кезекте өзүнө төмөнкүдөй чөйрөлөрдү жана тармактарды камтыйт:
- энергетика;
- саламаттык сактоо;
- транспорт жана коммуникациялар;
- билим берүү;
- муниципалдык инфратүзүм жана кызмат көрсөтүүлөр;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария);
- айыл чарба;
- спорт, маданият жана башкалар.
Сандык көрсөткүчтөр төмөнкү секторлордо/тармактарда МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу болуп саналат:
- энергетика - 30 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 5 МЖӨ долбоору;
- саламаттык сактоо - 10 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 5 МЖӨ долбоору;
- транспорт жана коммуникациялар - 25 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 5 МЖӨ долбоору;
- билим берүү - 5 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 7 МЖӨ долбоору;
- муниципалдык инфратүзүм жана кызмат көрсөтүүлөр - 15 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 10 МЖӨ долбоору;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (санитария) - 2 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 5 МЖӨ долбоору;
- айыл чарба - 8 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 5 МЖӨ долбоору;
- спорт, маданият жана башкалар - 5 млрд. сомго жакын инвестиция менен кеминде 10 МЖӨ долбоорлору.
Бардык жогоруда аталган МЖӨ долбоорлорунун жалпы наркы ушул Программанын негизги натыйжасына - болжол менен 100 млрд. сом суммасындагы ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорунун портфелине туура келет.
Белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жыл сайын ар бир отчеттук жылга ишке ашырылууга тийиш болгон МЖӨ долбоорлорунун планын бекитет.
2.6. Институционалдык түзүмдү күчөтүү
Долбоордук демилгелерди баалоо жана бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын системасы түрүндөгү тиешелүү институционалдык түзүм МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу процессинин жүрүшүндө токтотуучу жана каршы салмактуулук системасын камсыз кылуу үчүн зарыл:
1) МЖӨ долбоорлорун сапаттуу идентификациялоо жана иштеп чыгуу үчүн кабыл алынган МЖӨ стандарттары боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жана уюмдардын (потенциалдуу мамлекеттик өнөктөштөрдүн) компетенциясын күчөтүү зарыл, бул компетенттүү адам ресурстарынын болушун билдирет. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар аймактардын потенциалын координациялоо жана күчөтүү үчүн өлкөнүн региондорунда өз өкүлчүлүгүн камсыз кылышы керек;
2) балансты камсыз кылуу, долбоордун сапатына, анын негиздүүлүгүнө объективдүү баа берүү үчүн өлкөдө МЖӨ чөйрөсү үчүн (ыйгарым укуктуу орган), МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү үчүн (МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган) же мамлекеттик бюджеттин деңгээлинде фискалдык башкаруу (бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган) үчүн глобалдык жоопкерчилик тарткан ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясын күчөтүү зарыл. МЖӨ процессинин катышуучуларынын ролдорун, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү жана аларды жогоруда баяндалгандай улуттук мыйзамдарда, мыйзамдык актыларда жана ведомстволук колдонмолордо жана нускамаларда ченемдик жактан бекемдөө зарыл.
МЖӨ жөнүндө мыйзам фискалдык башкаруунун тийиштүү системасы үчүн негиз түзүүгө тийиш, ал МЖӨ долбоорлорунун натыйжалуу мониторингин жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн критерийлердин так топтомунун, чечимдерди кабыл алуунун, фискалдык тобокелдиктер боюнча баалоо, эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча колдонмонун негизинде МЖӨ циклинин толук мезгилинде бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган тарабынан контролду камтыйт.
Бул процесс МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо боюнча органдын ролун күчөтүүнү да билдирет. Өзүнчө, бирок ушул Программанын алкагында МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча органдын потенциалын күчөтүү боюнча төмөнкү чараларды (бирок алар менен чектелбестен) карап чыгуу жана кабыл алуу зарыл, алар МЖӨ долбоорлорун практикалык илгерилетүү боюнча ишти кыйла сапаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет:
- МЖӨ долбоорлорун өз алдынча иштеп чыгуу;
- толук өзүн-өзү каржылоо жана квалификациялуу кадрларды тартуу максатында каржылоонун ар кандай булактарынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
- МЖӨнүн региондук долбоорлорунун санын көбөйтүү үчүн (МЖӨ Борборунун) региондук өкүлчүлүктөрдү ачуу;
- МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча органдын потенциалын күчөтүү боюнча стратегиялык документтин алкагында толук иштеп чыгууну талап кылган башка чаралар;
3) мындай токтотуучу жана каршы салмактуулук системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн МЖӨ процессинин катышуучулары алардан талап кылынган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү компетенттүү болушу зарыл:
- МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тармактык ведомстволор - долбоордук сунуштарды туура идентификациялоо жана даярдоо, МЖӨ долбоорлорун анын бардык аспектилери боюнча сапаттуу даярдоону камсыз кылуу, анын ичинде жеке өнөктөштөрдү тандоону даярдоо жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (МЖӨ жана мамлекеттик финансы боюнча) - долбоорлорду даярдоонун сапатын баалоо жана координациялоо маселелери боюнча, ага фискалдык таасирдин негиздүүлүгүн жана алгылыктуулугун, социалдык-экономикалык таасирди, сунушталган МЖӨ долбоорлорунун чыгымдарынын жана натыйжаларынын оптималдуу катышын, инфратүзүмдү модернизациялоо үчүн бул механизмди тандоонун негиздүүлүгүн талдоо кирет.
Бул үчүн жогоруда белгиленгендей, тармактык ведомстволордо да, ыйгарым укуктуу органдарда да даярдалган адистердин болушу зарыл. Ушуга байланыштуу МЖӨ процессинин катышуучуларынын түзүмүндө адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү жана квалификацияны туруктуу жогорулатуу процесси аркылуу алардын потенциалын колдоо зарыл;
4) бирок бул чаралар жетишсиз, анткени аларды иштеп чыгуунун бардык этаптарында тармактык ведомстволорду жана долбоорлорду коштоо үчүн эксперттик колдоо түрүндө тышкы колдоо зарыл. МЖӨ бүтүмдөрү боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн ар кандай тар адистештирилген маселелер боюнча эксперттерди үзгүлтүксүз тартуу менен МЖӨ боюнча ыйгарым укуктуу орган координациялаган көз карандысыз эксперттик колдоо керек;
5) бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү да маанилүү. Бул маселени чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык жана МЖӨ боюнча кеңешти жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана ведомстволорунда МЖӨ маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү зарыл. Бул кадам өлкөнүн инвестициялык климатына тыкыр мониторинг жүргүзүүгө, мамлекеттик органдар тарабынан МЖӨ долбоорлорун сапаттуу даярдоого жана мамлекеттик өнөктөштөр тарабынан МЖӨ долбоорлорун кыйла натыйжалуу коштоого жөндөм түзүүгө мүмкүндүк берет.
2.7. Башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү
МЖӨ долбоорлорун демилгелөө, илгерилетүү жана даярдоо боюнча функцияларды кыйла натыйжалуу аткаруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча бирдиктүү порталды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү талап кылынат. Бул портал МЖӨ долбоорлорун иликтөөнүн, скринингдин жана демилгелөөнүн стадияларында убакытты кыскартууга мүмкүндүк берет, анын ичинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүнү ар кандай этаптарында андан аркы кадамдарды түшүндүрүү, талаш маселелерди чечүү боюнча кеңештерди берүү жана МЖӨ методологиясын баяндоо менен бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүн МЖӨ механизмдерине тиешелүү маселелерде аралыктан окутууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, бул портал Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин жайылтуу менен мамлекеттик кызматчыларды жана бизнес өкүлдөрүн МЖӨ принциптерине жана негиздерине онлайн окутууну жүргүзүү үчүн колдонулат.
3. Күтүлгөн натыйжалар
Инфратүзүм - бул курулмалардын, системалардын, тармактардын, ишканалардын жана материалдык эмес активдердин жыйындысы, бул калктын жашоо-турмушун камсыз кылат жана өлкөнүн калган иш-аракеттери жана өнүгүшү үчүн маанилүү негиз болуп саналат. Ишеничтүү болбогондук же начар иштөө өлкөнүн өнүгүүсүнүн төмөндүгүнүн белгиси болуп саналат. Кадыресе кабыл алынган бардык нерсе (жолдор, медицина, коомдук транспорт, билим берүү, байланыш ж.б.) инфратүзүм болуп саналат жана адамдардын жашоо сапатын аныктайт.
Бул күнүмдүк жашоону камсыз кылуу үчүн гана маанилүү эмес. Ал жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүдө негизги ролду ойнойт, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылат.
2022-2026-жылдары МЖӨнү өнүктүрүүнүн ушул программасында коюлган милдеттер мамлекеттик органдардын жана тармактык уюмдардын ишинин негизи болуп, төмөнкүлөр үчүн жөндөм түзүшү керек:
- жогоруда айтылган мамилелерге жана принциптерге ылайык өз компетенциясынын чегинде чара көрүү;
- өз тармактарындагы инфратүзүмдү практикалык модернизациялоо, анын олуттуу бөлүгү реабилитациялоо боюнча кечиктирилгис чараларды талап кылат, ал эми экинчи бөлүгү - иштөөнүн жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууну талап кылат.
2022-2026-жылдары МЖӨнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун башкы натыйжасы болуп, инфратүзүмдүк объекттерди техникалык жактан колдоп, аларды башкарууну жана кызмат көрсөтүүнү кыйла сапаттуу камсыз кыла турган, ошондой эле инфратүзүмдүк боштуктарды фискалдык жактан туруктуу түрдө толтура турган ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорунун портфели эсептелет. Бул Программаны ишке ашыруунун натыйжасында болжолдуу суммасы 100 млрд сомго артыкчылыктуу секторлордо МЖӨнүн сапаттуу жана туруктуу долбоорлору түрүндө бул натыйжага жетишүү зарыл.
Бул башкы натыйжага жетишүү ушул Программадагы милдеттерди сапаттуу ишке ашыруу менен камсыз кылынат:
1. МЖӨ боюнча мыйзамдар Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү жагынан да, компетенттүү инвесторлордун, өзгөчө ири негизги инфратүзүмдү модернизациялоону камсыз кыла тургандардын позициясынан да кыйла жакшыртылат. Бул мыйзамдар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- долбоордук демилгелер актуалдуу, негизделген, сапаттуу даярдалгандыгын жана ресурстарды пайдалануунун оптималдуу натыйжалуулугун (баа менен сапаттын катышы) камсыз кылып, олуттуу социалдык-экономикалык таасир тийгизерин камсыз кылуу үчүн токтотуучу жана каршы салмактуулук системасын колдонуу;
- түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен МЖӨ долбоорлорун ыйгарууда атаандаштык жол-жоболорун колдонуу зарылдыгы жөнүндө МЖӨнүн концептуалдык принциптери;
- бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик органдын ар бир МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун толук циклинин бардык этаптарында зарыл болгон конкурстук жана башка документтерди финансылык тобокелдиктердин келип чыгуу предметине макулдашуу боюнча ролун жогорулатуу;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууда аны өзгөртүүгө, форс-мажорго, өзгөчө жагдайларга, мөөнөтүнөн мурда бузууда компенсацияга ж.б. тиешелүү негизделген жана зарыл милдеттүү жоболордун болушу.
Кыргыз Республикасынын айрым өзгөчөлүктөрүн (экономиканын өлчөмү, финансы системасынын потенциалы, калктын төлөөгө жөндөмдүүлүгү, социалдык инфратүзүмдүн түзүмү жана башка факторлор) эске алуу менен МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу тиешелүү эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жана МЖӨ чөйрөсүндөгү таанылган уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта эволюциялык жол менен жүргүзүлүшү керек.
2. Фискалдык башкаруунун тийиштүү принциптерин киргизүүнүн натыйжасында МЖӨ долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине потенциалдуу таасири МЖӨ долбоорлорун туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн негиздүү жана акылга сыярлык болот.
3. МЖӨ долбоорлорун финансылык колдоо механизмдеринин болушу кыйла ири жана зарыл инфратүзүмдү тартууну камсыз кылат, алардын көпчүлүк объекттери финансылык шарттарга сезимтал жана мындай колдоо механизмдеринин колдоосуз жеке сектор үчүн финансылык жагымдуулукту камсыз кыла албайт.
4. МЖӨ боюнча жаңыртылган колдонмо кызыкдар тараптардын пайдалануусу үчүн зарыл болгон операциялык жана методологиялык колдонмолорду, нускамаларды жана МЖӨ процесстери боюнча типтүү документтерди камсыз кылат.
5. МЖӨгө программалык мамиле кылуу МЖӨнүн артыкчылыктуу жана туруктуу долбоорлорун демилгелөө үчүн тармактык жана аймактык керектөөлөргө баалоо жүргүзүүгө, ошондой эле аларды координациялоону жана бюджеттик процесстер менен байланыштырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
6. Бул процесстердин бардыгы жогоруда каралгандай МЖӨ чөйрөсүндөгү компетенттүү адистер тарабынан жүзөгө ашырылуучу натыйжалуу институционалдык түзүмдүн башкаруусунда болот.
4. Тобокелдиктер жана жагымдуу өбөлгөлөр
4.1. Бул Программа потенциалдуу түрдө ишке ашыруунун төмөнкү тобокелдиктерин камтыйт:
- катуу бюджеттик чектөөлөрдү талап кылган COVID-19 пандемиясынын кесепетинен экономиканын олуттуу төмөндөшүнүн натыйжасында татаал финансылык-экономикалык кырдаал
2022-жылдан кийин да уланышы мүмкүн жана зарыл иш-чараларды каржылоого (же кыйла аз көлөмдө каржылоого), биринчи кезекте финансылык инструменттерди жана механизмдерди түзүүгө мүмкүндүк бербейт;
- ошондой эле COVID-19 пандемиясы белгилүү бир географиялык чектөөлөрдү белгилейт, алар кызматташтыкты жана өлкөлөргө барууну, анын ичинде Кыргыз Республикасына барууну кыйындатат, ошондой эле жалпысынан трансчек аралык кызматташтыкка терс таасирин тийгизди;
- бул Программаны ишке ашыруу мезгилине туура келген тышкы карыздарды төлөөнүн туу чокусу бюджеттик каржылоого да таасирин тийгизет;
- зарыл финансылык инструменттердин жана механизмдердин жоктугу кадыр-баркы жакшы ири эл аралык жана адистештирилген жеке секторду тартууга мүмкүндүк бербейт, инвестициялардын жана зайымдык каржылоонун наркы жогору бойдон калат, бул МЖӨ долбоорлорун мамлекет үчүн наркы жагынан актоого жана алгылыктуу болуусуна алып келбейт;
- МЖӨ механизмдери жөнүндө маалыматсыздыктын ишенбөөчүлүктүн сакталып туруу ыктымалдыгы бар, бул өлкө масштабында анча маанилүү эмес долбоорлорду демилгелөө жана ишке ашыруу кырдаалына алып келет, ошол эле учурда кыйла жагымдуу, даярдоонун ыкчамдыгы жана ишке ашырууну баштоо жагынан долбоорлор конкурстук негизде түзүлбөйт. Бул тиешелүү макулдашууларга эң жакшы шарттарды киргизүүгө мүмкүндүк бербейт, чыгымдардын жана пайданын оптималдуулугун жана социалдык-экономикалык жыргалчылыктарды төмөндөтөт;
- мунун баары энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, артыкчылыктуу тармактарды модернизациялоого жана экономикада кошумча наркты түзүүгө мүмкүндүк бербейт.
4.2. Айрым тобокелдиктердин глобалдык мүнөзүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети анын контролунда турган жана МЖӨ чөйрөсүн жакшыртууга кандайдыр бир оң салым кошо ала турган төмөнкү чараларды белгилейт:
- МЖӨнүн артыкчылыктуу долбоорлорун тармактык программаларга бекитүү;
- зарыл каржылоону, татаал жана комплекстүү маселелерди чечүү тартибин, кылдат изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жана конкурсту даярдоонун эсебинен долбоорду даярдоо тартибин бекитүү менен ар бир артыкчылыктуу долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча кызыкдар тараптарды кылдат даярдоону жана координациялоону камсыз кылуу;
- зарыл финансылык инструменттерди жана механизмдерди мүмкүн болушунча жана масштабда түзүү үчүн артыкчылыктуу негизде каражаттарды издөө;
- МЖӨ мыйзамдарын жана жөнгө салууну мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык келтирүү жана МЖӨ чөйрөсүндө чет өлкөлүк инвесторлордун жана долбоордук каржылоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын ишенимин жогорулатуу үчүн тиешелүү рейтинг алуу;
- инвестициялар жана МЖӨ боюнча консультациялык-кеңешүүчү органдын алкагында МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин активдүү координациялоо;
- контролдоочу жана укук коргоо органдары менен МЖӨ долбоорлорун координациялоо.
4.3. МЖӨнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөр, анын ичинде эл аралык инвесторлордун катышуусу менен Программанын
4.2-пунктунда көрсөтүлгөн чараларды ишке ашыруу болот. Мындан тышкары, өнүгүп келе жаткан өлкө катары Кыргыз Республикасы өнүккөн МЖӨ рынокторуна караганда долбоорлор боюнча кирешелүүлүктү жогору сунуш кылгандыгын көңүлдөн чыгарбоо керек.
Бул Программа сунуш кылган чаралар тобокелдиктерди азайтууга жана Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин натыйжалуу колдонуу үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.