Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 369
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин мотивациялоону жана эмгек акысын төлөөнү жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:
- 31-пунктундагы «40» деген цифралар «60» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |