Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын
кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлу № 369, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 , 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат.
2. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү кошумча акылардан, үстөк акылардан турат.
3. Саламаттык сактоо уюмдарында минималдуу базалык ставкалардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленет.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш убактысынын ченемин аткарууну жана эмгекке катышуу коэффициентин эске алуу менен эсептелет. Ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык үстөк акылар жана кошумча акылар башка жогорулатууларды жана үстөк акыларды эске албастан кызматтык маянага карата белгиленген өлчөмдөрдө эсептелет.
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Кызматтык маяна - компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан, кызматкерлердин бир календарлык ай үчүн бир ставкада кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн эмгек акысы.
Эмгек акы - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөк акылар жана кошумча акылар түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кепилденген эмгек акыга эсептелген райондук коэффициентти кошпогондо, кызматтык маянага карата абсолюттук чоңдуктарда же пайыздар менен белгиленет.
Дем берүүчү жана компенсациялык үстөк акылар - кызматкерлерди кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүчү белгиленген кызматтык маянанын үстүнө кошумча үстөк акылар.
Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү үстөк акылар конкреттүү акчалай суммада же кызматтык маянанын белгилүү бир пайызында, ошондой эле эмгекке катышуу коэффициенти аркылуу төлөнүшү мүмкүн.
Эмгекке катышуу коэффициенти (мындан ары - ЭКК) - уюмдун ишинин жалпы натыйжаларына ар бир кызматкердин эмгектик салымын жалпыланган сапаттык жана сандык баалоо.
Эмгек паспорту - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан, ЭККны аныктоо үчүн ар бир кызматкердин учурдагы мезгилдеги ишинин натыйжаларын чагылдырган форма.
Жүктөмдүн ченемдери - кызматкерлер тарабынан бул белгилүү бир убакыттын аралыгында аткарылган жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүн сандык баалоо.
Иштеген жылдары - кызматкер саламаттыкты сактоо системасында кесиптик ишти аткарган убакыттын мезгили.
3. Кошумча акылар жана үстөк акылар
5. Саламаттык сактоо уюмдарында айрым уюмдарда, бөлүмдөрдө иштөө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ошондой эле кесипкөйлүктү жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында төмөнкүлөр белгиленет:
1) компенсациялык кошумча акылар:
- бийик тоолуу шарттарда жана Кыргыз Республикасынын алыскы зоналарында иштегендиги үчүн;
- айыл жеринде иштегендиги үчүн;
- квалификациялык категориясы үчүн;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өзгөчө эмгек шарттарында иштегендиги үчүн;
2) дем берүүчү үстөк акылар:
- окумуштуулук даражасы бар саламаттык сактоо кызматкерлерине;
- "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы", "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамдары бар адамдарга;
- консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөнүн эсебинен ЭКК аркылуу;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кызматтык маянага жогоруда саналган кошумча акылардын жана үстөк акылардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
7. Врачтык персоналдын квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 6000 сом;
- I квалификациялык категория - 4000 сом;
- II квалификациялык категория - 2000 сом.
Орто медициналык персоналдын квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 5000 сом;
- I квалификациялык категория - 3000 сом;
- II квалификациялык категория - 1000 сом.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине максаттуу дем берүүчү үстөк акылар бөлүнүшү мүмкүн.
4. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
9. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчи врачтарына жана алардын орун басарларына өздөрү штатында турган уюмдарда тиешелүү кызмат орду боюнча кызматтык маянасынын 25 пайызын төлөө менен жумуш убактысынын чегинде адистиги боюнча иштөөгө уруксат берилет.
Жетекчи врачтардын жана алардын орун басарларынын адистиги боюнча аткарган ишинин көлөмү тиешелүү медициналык жана бухгалтердик документтерде чагылдырылууга тийиш.
10. Протездик-ортопедиялык бөлүнүштөрдүн, гемодиализ бөлүмдөрүнүн, саламаттык сактоо уюмдарында оорулууларга операция жасоочу бардык аталыштагы хирургиялык бөлүмдөрдүн персоналына кызматтык маянасынын 15 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Башкы адистин милдетин аткаруучу штаттан тышкаркы кызматкерлерге (саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда профили боюнча) тиешелүү финансылык жылга бюджетте бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде негизги иштеген жери боюнча кызматтык маянасынын 10 пайызы өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
14. Калкты ВИЧке лабораториялык диагностикалоону, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды текшерүүнү, дарылоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине, ошондой эле иши ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга социалдык жана башка түрдөгү жардамдарды көрсөтүү менен байланышкан же болбосо жугузган материалды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ден соолукка коркунучтуу эмгек шарттарында диагностикалоо үчүн биологиялык препараттарды өндүрүү менен алектенген мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине кызматтык маянасынын 40 пайызы өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
15. Өзгөчө коркунучтуу карантиндик инфекциялар менен иштеген уюмдардын кызматкерлерине кызмат орду боюнча кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
Укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасында болгон саламаттык сактоо кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
Окуу өргүүлөрүндө, амбулатордук дарыланууда, ооруканаларда дарыланууда жүргөн кызматкерлерге үстөк акы төлөнбөйт.
16. Айыл жергесинде иштеген кызматкерлерге 1800 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Тез жардамдын көчмө бригадаларынын кызматкерлерине кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
171. Тез врачтык кийлигишүүнү (ургенттик кезметчиликти) талап кылган уюмдарга чакырылган учурда врачтардын эмгегине акы төлөө адистиги боюнча түнкү жана майрам убактысы үчүн иш жүзүндө иштеген сааттар үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен белгиленген сааттык кызматтык маянадан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
172. Саламаттык сактоо уюмдарынын штатында турбаган көчмө консультацияларды өткөрүүгө жана практикалык жардам көрсөтүүгө тартылган врач-консультанттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасындагы республикалык жана облустук ооруканалардын пландуу жана шашылыш консультациялык, практикалык жардам бөлүмдөрүнүн көчмө бригадаларынын врачтарынын жана орто медициналык персоналынын эмгегине акы төлөө түзүлгөн эмгек келишиминин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Акы төлөөнүн өлчөмү жол жүрүү убактысын эске алуу менен иш жүзүндө сарпталган убакыт үчүн, анын ичинде түнкү жана майрам убактысы үчүн компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлөт.
Наамдын жана окумуштуулук даражанын болушу | Бир саатка төлөө (сом) |
Профессор, медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы бар адис | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 150% |
Медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы бар адис | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 140% |
Врач-консультант | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 120% |
Орто медициналык персонал | Орто медициналык персоналдын бир сааттык кызматтык маянасынан 100% |
Врачтар жана орто медициналык персонал консультациялык, практикалык жардам көрсөтүү үчүн барганда эмгек акысы негизги иштеген жери боюнча сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Үй-бүлөлүк медициналык айымдын күбөлүгү бар үй-бүлөлүк медициналык айымдарга, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункттардын орто персоналына кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
19. Автокырсыктарда трассада өз убагында кечиктирилгис тез медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн адистерге кошумча акы иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн кызматтык маянасынын 20 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
20. Дарылоо-консультациялык процесске катышкан кафедра кызматкерлерине, илимий кызматкерлерге ЭКК аркылуу кошумча эмгек акы белгиленет.
21. Жогорку медициналык эмес билими бар адистерге, жогорку медайымдык билими бар, врачтын кызмат ордун ээлеген медициналык айымдарга кызматтык маяна ээлеген кызмат ордуна ылайык белгиленет.
22. Кесиптик орто билими бар врачтык персоналга, интерн-врачтарга, ординатор-врачтарга, кесиптик орто билими жок орто медициналык персоналга кызматтык маяна кызмат орду боюнча кызматтык маянасынан 10 пайызга төмөн белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
24. Тазалоочуларга, кир кийимди (атайын кийимди) жуу боюнча машинисттерге, кир жуучуларга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк акылар белгиленет.
241. Кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөктөр 2-разряддагы жумушчулар үчүн тиешелүү кызматтык маянадан 5 пайыз, 3-разряддагы -10 пайыз, 4-разряддагы - 15 пайыз, 5-разряддагы - 20 пайыз, 6-разряддагы жумушчулар үчүн - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Башкы бухгалтердин орун басарынын, менеджердин, экономисттин, башкы адистердин кызматтык маянасы административдик-башкаруу персоналынын адисинин кызматтык маянасынан 5 пайызга жогору белгиленет.
26. Врачтын туруктуу катышуусуз өз алдынча иштеген орто медициналык персоналга кызматтык маянасынын 10 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
27. Адистиги боюнча жогорку билими жок административдик-башкаруу персоналынын адисине кызматтык маяна кызматтык маянасынан 15 пайызга төмөн белгиленет.
28. Түнкү убакта ишке тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын адистерине (анын ичинде медициналык жана фармацевтикалык) эмгек акы түнкү убакта иштеген ар бир саат үчүн сааттык кызматтык маянанын бир жарым өлчөмүндө төлөнөт.
Кечки саат 22ден таңкы саат 6га чейин түнкү убакыт деп эсептелет.
29. Майрам күндөрү иштегендиги үчүн адистердин эмгек акысы адистиги боюнча белгиленген сааттык кызматтык маянанын эки эсе өлчөмүндө эсептелет.
30. Убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөмдөр:
- өзүнүн жумуш убагында (негизги иши менен катар) убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин (айкалыштыруу) жана башка адистик, квалификация же кызмат орду боюнча кошумча ишти аткаргандыгы үчүн адистерге ордун алмаштырган кызматкердин кызматтык маянасына жараша айкалыштырган кызмат орду боюнча 30 пайыздан кем эмес жана 50 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт;
- жумуш убактысынан ашыкча айкалыштырып иштеген адистерге кызмат орду боюнча иш жүзүндө иштеген сааттары үчүн акы белгиленет. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашыкча иштөө күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпашы керек.
31. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө келип түшкөн атайын каражаттардын жалпы көлөмүнөн 60 пайызга чейин жумшалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлу № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Сый акы берүү
32. Саламаттык сактоо уюмдарында кызматкерлерге сый акы берүү уюмдун кесиптик бирлик комитети менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөнүн чегинде жүргүзүлөт. Кызматкердин сый акысынын өлчөмү кызматтык маянадан ашпоого тийиш. Кызматкерлерге сый акы берүү эмгек акы төлөө фонду боюнча үнөмдөө болгондо кварталына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
33. Уюмдардын кызматкерлерине сый акы берүүнүн көрсөткүчтөрү жамааттык келишимге сый акы берүү жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
34. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине сый акы берүү жөнүндө маселе жогору турган орган менен макулдашылат.
6. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби
35. Саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган эмгек акы төлөө фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка каражаттардын.
Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан эмгек акы, дем берүүчү жана компенсациялык үстөк акылар төлөнөт.
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында эмгек акы республикалык бюджеттин каражаттарынан, ММК каражаттарынан, атайын эсептен турат. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлүшү саламаттык сактоо уюмунун бекитилген бюджетинин чегинде, жетиштүү каражаттар болгондо белгиленет.
36. Эмгек акыга төмөнкүлөр кирет:
- кепилденген бөлүгү:
кызматтык маяна;
иштеген жылдары;
- компенсациялык төлөмдөр:
бийик тоолуу шарттагы иш стажы үчүн;
Кыргыз Республикасынын алыскы зоналарында жана бийик тоолуу шартта иштегени үчүн;
айыл жергесинде иштегени үчүн;
өзгөчө эмгек шарттарында иштегени үчүн;
түнкү убакта жана майрам күндөрү иштегени үчүн;
квалификациялык категория үчүн;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
эсептелип берилген өргүүлөр боюнча төлөм;
убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча төлөм;
кызматкер иштен бошотулганда (кыскартылганда) бир жолку жөлөкпулду (компенсацияны) төлөө;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төлөнүүчү төлөмдөр;
- дем берүүчү үстөк акылар:
окумуштуулук даражасы үчүн;
ардак наамы үчүн;
консолидацияланган эмгек акы төлөө фондун үнөмдөөнүн эсебинен ЭКК аркылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөө фондунун өлчөмү консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунун суммасынан эмгек акыны жана жеке төлөмдөрдү алып салуу жолу менен аныкталат.
38. ЭКК ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрү боюнча аныкталат. Саламаттык сактоо уюмунун ишинин жалпы натыйжаларына ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилет. Ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрүнүн негизинде саламаттык сактоо уюмунун эксперттик комиссиясы тарабынан ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун көрсөткүчтөрү иштелип чыгат.
39. ЭКК төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
Курамына бөлүм башчысы, улук медайым жана ушул түзүмдүк бөлүмдүн жамаатынын чогулушу тандаган түзүмдүк бөлүмдүн өкүлү кирген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерине эмгек паспортун толтуруу боюнча комиссия ар бир кызматкердин саламаттык сактоо уюмунун ишинин жалпы натыйжаларына кошкон салымын эске алуу менен ЭКК аныктайт. Комиссиянын курамы түзүмдүк бөлүмдөрдө уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Ар бир кызматкердин ЭККсын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен форма боюнча эмгек паспорту толтурулат, анда отчеттук мезгилдеги иштин жыйынтыгы чагылдырылат.
40. Эмгек паспортторун туура толтурууну эксперттик комиссия контролдойт. Эксперттик комиссия уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет, анын курамына уюмдун кесиптик бирлигинин комитетинин өкүлү милдеттүү түрдө кирүүгө тийиш.
41. ЭКК негизги кызмат орду боюнча да, айкалыштырып иштегени боюнча да өзүнчө эсептелет.
42. ЭККны эсептөө:
- бөлүм башчылары, улук, күндүзгү процедуралык, таңуучу медициналык айымдар үчүн жүктөм ченемдери жана аларды иш жүзүндө аткаруу бөлүмдүн бардык врачтарынын дарыланган учурларынын, келүүлөрүнүн, изилдөөлөрүнүн суммасы боюнча аныкталат;
- реанимация жана анестезиология бөлүмдөрүнүн, операция блогунун, кабыл алуу блогунун, стерилизация бөлүмүнүн кызматкерлери, врач-дежуранттар ж.б. үчүн ЭККнын өлчөмү иштин спецификасына ылайык жүктөм ченемдерин эсепке албастан аныкталат.
43. Түзүмдүк бөлүмдүн комиссиясы ажыратуу себептерин комиссиянын протоколунда негиздөө менен кызматкерди кошумча эмгек акысынан ажыратууга укуктуу.
44. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөнү эсептөө:
Жалпы консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан төмөнкү суммалар алынып салынат:
- кепилденген эмгек акынын;
- компенсациялык төлөмдөрдүн;
- дем берүүчү үстөк акылардын;
- кызматкердин пайдасына жүргүзүлүүчү жеке төлөмдөрдүн;
- эмгек келишими боюнча иштеген кызматкерлерге төлөмдөрдүн;
- өткөн айлар үчүн кайра эсептөөлөрдүн.
Кепилденген эмгек акы фонду бардык кызматкерлердин кепилденген эмгек акысынын суммасы катары аныкталат.
45. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөнүн өлчөмүн эсептөө уюм боюнча эмгекке катышуу коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентин ошол кызматкердин ЭККсына көбөйтүү жолу менен аныкталат:
КЭАФҮ = ЭККБАЭ х ЭКК, мында:
КЭАФҮ - консолидацияланган эмгек акы фондун үнөмдөө;
ЭККБАЭ - уюм боюнча эмгекке катышуу коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентинин өлчөмү;
ЭКК - кызматкердин эмгекке катышуу коэффициенти.
ЭККБАЭ = КЭТФҮФ / ЭККС, мында:
КЭТФҮФ - консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөө фонду;
ЭККС - саламаттык сактоо уюму боюнча бардык ЭККлардын суммасы.
ЭККС = ЭКК1 + ЭКК2 + ЭККЗ + ЭКК4 +... + ЭККN, мында
ЭКК(1:N) - ар бир кызматкердин эмгекке катышуу коэффициенти.
46. Ар бир кызматкердин эмгекке катышуу коэффициентинин өлчөмү төмөнкү суммалардан ашпоого тийиш:
- врачтар жана АБП адистери үчүн - 5 бирдик;
- орто персонал үчүн - 4 бирдик;
- кенже жана башка персонал үчүн - 3 бирдик.
47. Кызматкерлердин эмгек акысы кепилденген эмгек акынын суммасы, консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөдөн төлөмдөр жана кызматкердин пайдасына башка жеке төлөмдөр катары төмөнкүдөй аныкталат:
ЭА = КЭА + КЭТФҮ + ЖТ, мында:
ЭА - кызматкердин эмгек акысынын өлчөмү;
КЭА - кызматкердин кепилденген эмгек акысынын өлчөмү;
КЭТФҮ - консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөө;
ЖТ - кызматкердин пайдасына жеке төлөмдөр.
48. Кызматкерлердин эмгек акысы боюнча каражаттарды эсептен чыгаруу жана чегерүү жалпы фонддун ар бир булагынан салыштырма салмагы боюнча жүзөгө ашырылат.