Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 токтомуна ылайык) |
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 543, 2024-жылдын 5-февралындагы № 44, 2024-жылдын 23-июлундагы № 419
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) салыштыруу актысы - тараптардын ортосунда белгилүү бир мезгил үчүн өз ара эсептешүүлөрүнүн абалын чагылдырган документ;
2) администрациялануучу эсеп - укук бузууларды, анын ичинде муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн ачылган эсеп;
3) "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы - аппараттык-программалык комплекстер фиксациялаган маалыматты жана жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары - ЖКЭ) бузуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу, ЖКЭ бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жеткирүү/жеткирбөө статусун жана борбордук деңгээлде төлөөнү чагылдырган мамлекеттик маалыматтык система;
4) аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) - транспорт каражаттарынын жалпы агымы, фиксацияланган ЖКЭ бузуулар жана видео байкоо жөнүндө комплекстүү маалыматты автоматташтырып берүү системасын билдирген, фото жана кинотартуу, видеожазуу функциялары бар стационардык/көчмө сертификацияланган контролдук-өлчөөчү техникалык каражат;
5) Укук бузуулардын бирдиктүү реестри - катталган укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, ошондой эле аларга карата колдонулган жазалар жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;
6) конкурс - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды берүүгө жеңүүчү аныктала турган тандоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Айыптардын суммаларын түзүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды жыйноо боюнча администрациялануучу эсепти (мындан ары - администрациялануучу эсеп) ачууга уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын администрациялануучу эсебине каражаттар жеке жана юридикалык жактар тарабынан "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн иш жүзүндө төлөнгөн айыптардан түшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
5. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптарды төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу автоматтык режимде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте, иш жүзүндө түшкөн финансы каражаттарын жана төлөнгөн айыптардын санын эсепке алуу үчүн ар бир айдын 10уна (он) чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын администрациялануучу эсебине иш жүзүндө түшкөн акча каражаттардын алкагында ар бир АПК жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан укук бузуулар боюнча салыштыруу актысын түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги салыштырууну жүргүзүүдөн кийин төлөнгөн айыптардан түшкөн акча каражаттарын төмөнкүдөй бөлүштүрөт:
1) өз компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
2) укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгына өз-өзүнчө.
3. Айыптардын суммаларын пайдалануу тартиби
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги администрациялануучу эсепке түшө турган каражаттардан зарыл финансы каражаттарын биринчи кезекте төмөнкүлөргө бөлүп берет:
1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруучу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз компетенциясынын чегинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин алкагында, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык, конкурстун/конкурстардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык подрядчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жана толугу менен бөлүү үчүн минималдуу айыптын суммасынан ашпастан АПКны техникалык тейлөөгө (АПКда фиксацияланган айыптар боюнча гана);
2) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына түзүлгөн Келишимдерге ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, бирок 26 сомдон ашпаган тарифтерге ылайык почта кызматтары (токтомдорду басып чыгаруу, конвертациялоо жана дарек ээсине жеткирүү) үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасынын жана "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн, анын ичинде материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн - айыптын суммасынан 13%.
4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгына материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 456-беренесине ылайык өз компетенциясынын чегинде каралган жана салынган укук бузуулар үчүн өндүрүлүүчү айыптардын суммасынан 25% өлчөмүндө.
5) Бишкек шаарынын мэриясына материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 492 жана 496-беренелерине ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан өз компетенциясынын чегинде каралган жана салынган укук бузуулар үчүн өндүрүлүүчү айыптардын суммасынан 80% өлчөмүндө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 543, 2024-жылдын 5-февралындагы № 44, 2024-жылдын 23-июлундагы № 419 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттары бөлүштүрүлгөндөн кийин укук бузууларды, анын ичинен мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптардын калган суммалары төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
1) АПК аркылуу фиксацияланган:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине - маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борборун күтүүгө жана модернизациялоого (мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу компоненттердин алкагында гана), анын ичинде материалдык-техникалык камсыздоо жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн 3%;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына - стационардык АПК орнотуу каралган жол инфратүзүмүнүн, кесилиштердин жана мобилдик системалардын элементтерин талаптагыдай абалга келтирүү менен байланышкан чыгымдарга, анын ичинде материалдык-техникалык камсыздоо жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн 15%;
2) Укук бузуулардын бирдиктүү реестриндеги айыптар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өз компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга жана кызматкерлерге материалдык дем берүүгө 13% өлчөмүндө бөлүштүрүлөт (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын, Кыргыз Республикасынын сотторун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгын жана Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо);
3) укук бузуу үчүн айып ыктыярдуу түрдө төлөнбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине - мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн, материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга жана кызматкерлерге материалдык дем берүүгө 5% өлчөмүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44, 2024-жылдын 23-июлундагы № 419 токтомдорунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинен, Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында түшкөн каражаттардын калдыгы, сумма жана алар боюнча эсептелген айыптар республикалык маанидеги жолдордо бузуулар фиксацияланган учурда республикалык бюджетке жана тийиштүү муниципалитеттердин аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда бузуулар фиксацияланса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине эсепке киргизилет.
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин жана Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында өндүрүлгөн айыптар боюнча салынуучу туум толук көлөмдө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
11. 8 жана 9-пункттарда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражаттарды сарптоо чыгымдардын бекитилген сметасына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын администрациялануучу эсебине кирешелердин иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
12. Бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу ушул Тартиптин 8, 9-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечимдери менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бухгалтердик эсеп боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү бюджеттик мыйзамдарга жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каражаттардын түзүлүшүнүн (түшүүсүнүн) жана пайдалануунун эсебин жүргүзөт.