Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

 

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу ТАРТИБИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 425, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 656, 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665, 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1.Ушул Тартип "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 7, 26, 44, 51-беренелерине, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына (мындан ары - ЖОЖ) төмөнкүлөрдү тандоо жана кабыл алуу эрежелерин аныктайт:

- мамлекеттик билим берүү грантына (мындан ары - грант) талапкер болгон абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде грантка талапкер болгон абитуриенттерди - чет мамлекеттердин жарандарын;

- юридикалык жана (же) жеке жактар менен окутуунун наркын төлөө келишимдери (мындан ары - окутуунун наркын төлөө келишими) боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн ЖОЖдордун уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө же ведомстволук баш ийүүсүнө) карабастан абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын.

2. Ушул Тартип уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө же ведомстволук баш ийүүсүнө) карабастан бардык ЖОЖдорго карата колдонулат.

3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

- жалпы республикалык тестирлөө (мындан ары - ЖРТ) - бул ЖОЖдорго окууга тапшырууну каалаган адамдар үчүн көз карандысыз тестирлөө кызматы (мындан ары - КТК) тарабынан өткөрүлүүчү тестирлөө;

- жайкы кабыл алуу - абитуриенттерди ЖОЖдорго гранттык орундарга жана окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга жай мезгилинде жүзөгө ашырылуучу кабыл алуу;

- кышкы кабыл алуу - абитуриенттерди ЖОЖдорго окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга, жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга кыш мезгилинде жүзөгө ашырылуучу кабыл алуу;

- ЖОЖдорго кабыл алууга конкурска катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - АМС) - бул ЖОЖдорго онлайн режимде учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча (кышкы кабыл алуу үчүн - өткөн жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча); чет өлкөлүк жарандар үчүн ички экзамендердин жыйынтыгы боюнча каттоо жана кабыл алуу үчүн портал;

- электрондук талон - бул АМС аркылуу электрондук түрдө берилген өтүнмө.

4. ЖОЖдорго биринчи курска жалпы орто жана кесиптик орто билими бар адамдар кабыл алынат.

5. ЖОЖдорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ адамдар кабыл алынат. ЖОЖдорго тиешелүү адистиктерге тездетилген программалар боюнча окутууга тийиштүү профилдеги кесиптик орто билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ адамдар кабыл алынат. Кесиптик орто билимдин профилинин жогорку кесиптик билимдин профилине шайкештиги ЖОЖ тарабынан өз алдынча аныкталат.

6. Магистрди даярдоо программасы боюнча окутууга "бакалавр" же "адис" квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ адамдар кабыл алынат.

7. Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде алар бул деңгээлдеги билимди биринчи жолу алып жатышса, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде мамлекеттик ЖОЖдордо конкурстук негизде акысыз жогорку билим алууга укуктуу.

8. Абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө) карабастан ЖОЖдорго жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу: жай жана кыш мезгилдеринде жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга кышкы кабыл алуу ЖОЖдун кароосу боюнча жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт.

9. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет мамлекеттердин жарандарын уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдорго жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн тандоо жана кабыл алуу АМС аркылуу жүргүзүлөт.

10. ЖОЖдордо чет мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын же өзүнчө жарандардын ортосундагы келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. ЖОЖдор менен Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна чет өлкөлүк жарандарды тандоо үчүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө ортомчулук кызматтарды көрсөтүүчү жактардын ортосундагы келишимдер ЖОЖдорго кабыл алуу жарыялаганга чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) менен макулдашылууга тийиш.

11. Өзгөчө статусу бар мамлекеттик ЖОЖдорду кошпогондо, уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө) карабастан ЖОЖдор кабыл алууну даярдоо багыттарынын жана адистиктердин тизмегин ыйгарым укуктуу орган менен макулдашкандан кийин жарыялайт. Жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алуу планы ЖОЖдор тарабынан өз алдынча бекитилет.

 (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө) карабастан ЖОЖдорго күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формаларына, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен тапшыруудагы башкы критерийлер болуп абитуриенттин билиминин жана жөндөмүнүн деңгээли саналат.

2-глава. ЖОЖдорго кабыл алууну уюштуруу

13. Абитуриенттерди учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча (кышкы кабыл алуу үчүн - өткөн жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча) окутуунун бардык формаларына тандоо жана кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын белгиленүүчү мөөнөттөрдө АМС аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриент мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТнын жыйынтыгы 3 жыл жарактуу болот. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна кабыл алуу абитуриенттер медициналык күбөлөндүрүүдөн жана аскердик кызмат менен шартталган кошумча сыноолордон өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

13-1. Абитуриенттердин - чет мамлекеттердин жарандарынын документтерин кабыл алуу жылдын ичинде АМС аркылуу ишке ашырылат. Кирүү сыноолорун уюштуруу жана абитуриенттерди - чет мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу мөөнөттөрүнүн сакталышы үчүн жоопкерчилик ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясынын төрагасына жүктөлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Абитуриенттерди окутуунун наркын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык формаларына кабыл алууну уюштуруу үчүн ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт, анын төрагасы ЖОЖдун жетекчиси болот. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна кабыл алуу үчүн медициналык күбөлөндүрүүнү жана кошумча сыноолорду уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кабыл алуу комиссиясы түзүлөт.

15. Абитуриенттерди учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча гранттык окутууга тандоо жана кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын белгиленүүчү мөөнөттөрдө АМС аркылуу ЖОЖдордун гранттык комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.

16. Гранттык комиссиялар төмөнкүдөй курамда түзүлөт:

- ЖОЖдун жетекчиси (комиссиянын төрагасы);

- билим берүү башкармалыгынын борбордук же региондук органынын өкүлү;

- ЖРТнын жыйынтыгы боюнча конкурстук кабыл алуу жүргүзүлүп жаткан багыттар жана адистиктер боюнча ЖОЖдун ар бир факультетинин жетекчилигинин бирден өкүлү.

17. Гранттык комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- ар бир даярдоо багыты жана адистиктери боюнча конкурска катышуу үчүн катталгандардын саны жөнүндө протоколдорду түзүү;

- конкурска катышкан абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү;

- абитуриенттердин ар бир категориясы боюнча ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин түзүү;

- ЖОЖго кабыл алууга каалоосун ырастаган жана ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин белгиленген форма боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгын ырастоо үчүн КТКга берүү.

18. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы лицензияда белгиленген чектүү контингенттин, ошондой эле билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иш тартибин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.

19. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби ЖОЖдун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү ал жөнүндө жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылды түзөт.

20. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну ЖОЖдун жетекчиси тарабынан дайындалуучу жооптуу катчы уюштурат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Кирүү сыноолорун уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын курамы бекитилет. Экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби ЖОЖдун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү алар жөнүндө жоболор менен аныкталат. Бул комиссиялардын курамы жыл сайын кеминде 50 пайызга жаңыланып турууга тийиш.

22. Тездетилген программалар боюнча окутууга кабыл алууда аттестациялык сыноолорду уюштуруу жана өткөрүү үчүн ЖОЖдо аттестациялык комиссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссияларды түзүүнүн тартиби, курамы, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби, ошондой эле аттестациялык сыноолорду өткөрүү жол-жоболору ЖОЖдун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү тийиштүү жоболор менен аныкталат.

23. ЖОЖго кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган жарандардын укуктарынын сакталышын, кабыл алуу комиссиясынын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын, тапшыруучулардын жөндөмдөрүн баалоонун объективдүүлүгүн, кабыл алуунун бардык этаптарында кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигинин жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

24. Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттин ЖРТга катышканы жөнүндө маалыматтардын аныктыгын контролдоого милдеттүү, ошондой эле абитуриент тарабынан берилген билими тууралуу башка документтерди текшерүүгө укуктуу.

3-глава. Абитуриенттерге маалымат берүүнү уюштуруу

25. Абитуриент, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, ата-энеси ЖОЖдун уставы, анын билим берүү ишине лицензиялары жана аккредитациялоо сертификаттары, ЖОЖго кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кирүү сыноолорунун программалары жана кабыл алууга байланышкан башка зарыл болгон маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Окутуунун наркын төлөө келишими боюнча орундарга кабыл алууда кабыл алуу комиссиясы абитуриентти, анын мыйзамдуу өкүлдөрүн, ата-энесин тараптардын милдеттенмелери жана укуктары, окутуу үчүн акынын өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби, акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга милдеттүү.

26. ЖОЖ жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну ошол билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия болгондо гана жарыялайт.

27. Абитуриентти жана (же) анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тааныштыруу максатында ЖОЖ 28-пунктта көрсөтүлгөн документтерди 1-майдан кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтында жайгаштырууга жана/же ЖОЖдо маалымат такталарын тариздөөгө милдеттүү.

28. Документтерди кабыл алуу башталганга чейин ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясы төмөнкүлөрдү жарыялайт:

- ЖОЖго кабыл алуунун ар жылдык эрежелерин;

- ЖОЖ билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензияга ылайык кабыл алууну жарыялаган даярдоо багыттарынын жана адистиктеринин тизмесин;

- ар бир даярдоо багыты жана адистик боюнча жалпы билим берүү предметтери боюнча кирүү сыноолорунун тизмесин;

- жогорку кесиптик билими бар адамдар үчүн кирүү сыноолорунун тизмесин жана өткөрүү формаларын;

- магистратура программалары боюнча окутуу үчүн кирүү сыноолорун жана тездетилген программаларга - аттестациялык сыноолордун тизмесин жана өткөрүү формаларын;

- ар бир даярдоо багыты жана адистик боюнча биринчи курска кабыл алуу үчүн орундардын жалпы санын;

- кирүү жана аттестациялык сыноолордун жыйынтыгы боюнча апелляцияларды берүү жана кароо эрежелерин;

- сырттан келген тапшыруучулар үчүн жатакананын (жатаканалардын) болушу жана жатаканалардагы орундардын саны жөнүндө маалыматты;

- окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга тапшыруучулар үчүн келишимдин үлгүсүн;

- гранттык окутууга тапшыруучулар үчүн келишимдин (контрактын) үлгүсүн;

- аларга тиешелүү бөлүктө медициналык күбөлөндүрүүдөн жана кошумча сыноолордон өтүүнүн мөөнөттөрүн;

- магистратура программалары боюнча окутуу үчүн кирүү сыноолорун жана экинчи жана кийинки курстарга аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн мөөнөттөрүн;

- окутуу үчүн акы төлөөнүн мөөнөттөрүн.

29. Документтерди кабыл алуу учурунда ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясы абитуриенттердин суроолоруна жооп берүү үчүн атайын телефон линияларынын иштешин уюштурат.

Берилген арыздардын саны, конкурс тууралуу маалымат ар бир даярдоо багыты жана адистик боюнча берилүүгө жана ЖОЖдун расмий сайтында жана/же кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактасында жайгаштырылууга тийиш.

4-глава. Документтерди кабыл алуу

30. ЖОЖдорго кабыл алуу жарандардын жеке арыздары боюнча жүргүзүлөт.

31. Тездетилген программалар боюнча окутууга, ЖРТнын жыйынтыгын талап кылбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерине документтерди кабыл алуу 20-июнда башталат, магистратура программалары боюнча 20-июнда башталат 1-октябрда бүтөт.

32. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ички иштер жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.

33. Абитуриенттердин - чет мамлекеттердин жарандарынын документтерин кабыл алуу АМС аркылуу жылына эки жолу: 20-июндан; 1-декабрдан тартып жүргүзүлөт.

34. ЖОЖго кабыл алуу жөнүндө арызды берүүдө абитуриент өзүнүн каалоосу боюнча анын ким экендигин, жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана керектүү сандагы фото сүрөттөрүн берет.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин көчүрмөлөрүн алар тапшырылып жаткан ЖОЖ тарабынан түп нускасы боюнча күбөлөндүрүүгө жол берилет.

35. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими, орто же жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик документине эквиваленттүү билими жөнүндө документин тапшырууга тийиш.

Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билим жөнүндө документтердин эквивалентүүлүгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Чет өлкөлүк окуу жайлардан окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген билиминин мазмунунун деңгээлинин шайкештиги жөнүндө маалымкатты бербесе кабыл алынбайт.

36. Ар бир тапшыруучуга жеке дело ачылат, анда тапшырылган бардык документтер жана кирүү сыноолорунун, аттестациялык сыноолордун материалдары (анын ичинде ЖОЖдун апелляциялык комиссиясынын чечиминин протоколунун көчүрмөсү) сакталат.

Тапшыруучулардын жеке делосу ЖОЖдо документтерди кабыл алуу башталган датадан тартып алты ай сакталат.

37. Документтерди тапшырууда абитуриентке документтерди кабыл алуу тууралуу тил кат берилет.

38. ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына билип туруп жасалма документтерди тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

5-глава. Абитуриенттерди мамлекеттик билим берүү грантына тандоо жана кабыл алуу механизми

39. Гранттарды конкурстук бөлүштүрүү учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүзөгө ашырылат (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине бөлүнгөн гранттардан тышкары). Кыйла көп балл алган абитуриенттер кабыл алынууга тийиш. Абитуриент мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТнын жыйынтыгы 3 жыл жарактуу болот.

40. Маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине гранттарды конкурстук бөлүштүрүү жана абитуриенттерди кабыл алуу ЖОЖдор тарабынан өткөрүлүүчү атайын сыноолордун негизинде жүзөгө ашырылат. Кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү болбогон ЖОЖдордун жана адистиктердин тизмегин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.

41. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу санын жана турларынын графигин бекитет. Ар бир тур башталганга чейин бош орундар жөнүндө маалыматтар АМСке, ЖОЖдордун сайттарына, маалымат такталарына жайгаштырылат, басылмага жарыяланат же башка жол менен абитуриенттердин арасында жайылтылат. Акыркы турдан кийин бош орундар калган учурда, гранттык комиссия талапкерлердин катарлашкан тизмеси боюнча кийинки турган талапкерлерди кабыл алууга сунуштайт. Бардык турларда тандоо жана кабыл алуу эрежелери бирдей.

42. Учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди кабыл алууга конкурс АМС аркылуу гана өткөрүлөт. Конкурска негизги тест боюнча (медициналык жана фармацевтик адистиктерге негизги жана предметтик тест боюнча) ыйгарым укуктуу орган аныктаган босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна кабыл алуу үчүн конкурска медициналык күбөлөндүрүүдөн жана кошумча сыноолордон өткөн абитуриенттер киргизилет.

43. ЖОЖго кабыл алууга жана грант алууга конкурста негизги жана тиешелүү предметтик тесттен негизги жана предметтик тесттердин баллынын суммасы боюнча конкурска катышкандардын босоголук баллына барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер артыкчылык негизде кабыл алуу укугуна ээ болушат. Эгерде конкурска предметтик тесттин жыйынтыгы бар абитуриенттер жетишсиз санда катышса, гранттык комиссия абитуриенттерди негизги тесттин жыйынтыгы боюнча кабыл алууга сунуштайт (медициналык жана фармацевтик адистиктерден тышкары).

Медициналык жана фармацевтик адистиктер боюнча ЖОЖго кабыл алууга жана грант алууга конкурска негизги жана предметтик тесттерден ыйгарым укуктуу орган аныктаган босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер гана киргизилет.

Тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү, кошумча сыноолорду же кошумча предметтик тесттерди талап кылган багыттарга жана адистиктерге конкурска ошол сыноолордон ийгиликтүү өтүшкөн абитуриенттер киргизилет.

44. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун кошумча сыноолордон өтүүнү талап кылган адистиктерине жана багыттарына кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы артыкчылыктуу болуп эсептелет.

Кошумча чыгармачыл сыноолордон өтүүнү талап кылган адистиктерге жана багыттарга кабыл алууда чыгармачыл сыноолордун жыйынтыгы артыкчылыктуу болуп саналат.

Грант алууга конкурска катышуу үчүн кошумча сыноолордон же кошумча предметтик тесттерден өтүүнүн жана алар менен байланышкан кандайдыр бир кошумча шарттарды аткаруунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтар абитуриентке жана анын ата-энесине ЖРТ башталганга чейин жеткирилет.

Кошумча сыноолор турлар башталганга чейин өткөрүлүүгө тийиш.

45. Гранттарды конкурстук бөлүштүрүү жана ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди кабыл алуу өз-өзүнчө, абитуриенттердин белгилүү бир категорияларынын алкагында, тиркелген Абитуриенттердин категориялары жөнүндө нускамага жана ушул Жобонун тиркемесине ылайык алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүүгө ылайык жүзөгө ашырылат.

46. Абитуриент ар бир турда АМС аркылуу гранттык окутууга конкурска катышуу үчүн бир өтүнмө жана наркын төлөө келишими боюнча окутууга катышуу үчүн бир өтүнмө берүүгө укуктуу.

47. Тандоого жана кабыл алууга конкурска катышуу үчүн абитуриент өтүнмөнү АМС аркылуу аралыктан режиминде өз алдынча же ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясы аркылуу бере алат.

48. АМС онлайн режиминде төмөнкүлөрдү түзөт:

- ар бир категория боюнча өзүнчө абитуриенттин идентификациялык номерин жана анын алган баллынын санын көрсөтүү менен абитуриенттердин катарлашкан тизмесин;

- ошол күнгө карата Абитуриенттердин категориялары жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн категориялар менен алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүүнүн ортосундагы пайыздык катышты (тиркеме).

49. Ар бир турда конкурска катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо 2,5 календардык күнгө, абитуриенттерди каттоонун үчүнчү календардык күнү саат 14.00гө чейин созулат.

50. Сунушталган абитуриенттердин ошол багыт боюнча окууну каалоосун ырастоосу 3 күнгө, ар бир турдун алтынчы күнү саат 16.00гө чейин созулат.

51. Акыркы турдан кийин кошумча сунушталган абитуриенттердин ошол багыт боюнча окууну каалоосун ырастоосу ЖОЖ тарабынан сунушталган учурдан баштап 24 саатка созулат. 24 саат өткөндөн кийин, эгерде абитуриент окууну каалоосун ырастабаса, гранттык комиссия талапкерлердин катарлашкан тизме боюнча кийинки талапкерлерди кабыл алууга сунуштайт. Бул жол-жобо акыркы тур бүткөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

52. Абитуриенттердин төмөнкү категориялары (ырастоочу документтери болсо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын ушул категориядагы адамдар үчүн бекитилүүчү гранттык орундардын квотасынын чегинде конкурстун негизинде ЖОЖго кабыл алынат:

- I, II топтогу майыптар;

- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;

- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;

- этностук кыргыздар;

- 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болгон окуялардын кесепетинен каза болгон адамдардын балдары;

- кайрылман статусуна ээ болгон адамдар.

Абитуриенттин жогоруда саналган категорияларга таандык экендигин ырстоочу санариптештирилген документтер АМСга тиркелүүгө тийиш, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт багыттарына жана адистиктерине талапкер болгон абитуриенттер ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.

ЖОЖдун гранттык комиссиясы абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде даярдоо багыттары жана адистиктери боюнча квотаны конкурстук негизде бөлүштүрөт. Арыз ЖОЖго гранттык орундар бөлүнгөн даярдоо багытына же адистикке конкурска катышуу үчүн берилиши мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн категориялар үчүн багытталган квоталар толук талап кылынбаган учурда, алар тандоонун жана кабыл алуунун акыркы турунда ЖОЖдун гранттык комиссиясынын чечими боюнча башка абитуриенттердин ортосунда жалпы шарттарда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

53. Гранттык орундарга конкурстан сырткары төмөнкүлөр кабыл алынат:

- ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү календардык жылы эң жогорку балл топтогон абитуриенттер тандаган мамлекеттик ЖОЖдорго ошол ЖОЖдордо ишке ашырылуучу каалаган адистиктерге жана даярдоо багыттарына. Ушул категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу үчүн гранттардын саны 50дөн ашпоого тийиш. Ушул категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат;

- учурдагы календардык жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-орунду, 2-орунду, 3-орунду ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болгон абитуриенттер олимпиаданын предметине дал келген адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору баллды алган шартта;

- учурдагы жылы "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр, 2 жана 3-орундарды ээлеген байге ээлери болуп саналган абитуриенттер конкурстун номинациясы дал келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору баллды алган шартта;

- "Алтын тамга" сертификатына ээ болгон абитуриенттер, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору баллды алган шартта;

- абитуриенттер - Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна медициналык күбөлөндүрүүдөн, кошумча сыноолордон өтүү жана ЖРТнын босоголук баллына барабар же андан жогору балл алган шартта.

54. Баллдар бирдей болгондо төмөнкүлөргө артыкчылык берилет (ырастоочу документтери бар болсо):

- "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамына ээ абитуриентке;

- мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриентке;

- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сертификатына ээ абитуриентке;

- ЖРТнын профилдик предметтик тести боюнча кыйла жогору балл алган абитуриентке.

Абитуриенттин жогоруда аталган категорияларга таандыктыгын ырастаган санариптештирилген документтер АМСга тиркелүүгө тийиш, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт багыттарына жана адистиктерине талапкер абитуриенттер ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.

55. ЖОЖдун гранттык комиссиясынын мүчөлөрү берилген өтүнмөлөрдүн саны жөнүндө протокол түзүшөт. ЖОЖдун гранттык комиссиясы Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн ЖОЖдун адистиктерине конкурска катышкан абитуриенттердин социалдык категорияларынын пайыздык катышын эсептөө протоколуна кол коет (тиркеме).

56. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери каттоонун акыркы күнүнөн кийинки күнү эртең мененки саат 10дон кечиктирбестен АМСка, ЖОЖдун сайтына жана маалымат стенддеринде жайгаштырылууга тийиш.

57. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент ошол ЖОЖдо окууну каалагандыгын ар бир турдун 6-календардык күнү саат 16:00гө чейин кабыл алуу комиссиясына төмөнкүдөй документтерди тапшырып, ырасташы керек:

- паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн;

- ЖРТ ырастамасынын түп нускасын;

- орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими жөнүндө дипломдун түп нускасын же анын дубликатын;

- аскердик билетин же каттоо күбөлүгүн;

- тиешелүү сандагы фотосүрөттөрүн.

Документтерди электрондук түрдө АМС аркылуу тапшыргандан кийин ЖРТнын жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди студенттердин катарына кабыл алууга жол берилет. Абитуриент документтеринин түп нускаларын 30-августка чейин ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына тапшырууга милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 425, 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

58. ЖОЖдо окууну каалагандыгын ырастаган абитуриенттердин тизмеси кабыл алуунун бардык турлары аяктагандан кийин абитуриенттердин топтогон баллдарынын ишенимдүүлүгүн ырастоо үчүн ЖОЖдун гранттык комиссиясынын төрагасынын колу коюлуп, КТКга жөнөтүлөт. КТКнын ырастоосу 2 календардык күндүн ичинде берилет.

59. КТК тарабынан ырасталган абитуриенттердин тизмеси абитуриенттерди кабыл алуу жөнүндө буйруктарды даярдоо үчүн ЖОЖдун администрациясына өткөрүп берилет.

60. Кабыл алуу жол-жобосу бузулган учурда, абитуриент 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга апелляция менен кайрылууга укуктуу.

6-глава. Абитуриенттерди максаттуу кабыл алууну уюштуруу

61. Гранттык негиздеги максаттуу орундарга конкурска учурдагы жылы ЖРТга катышып, аныкталган босоголук баллга барабар же жогору баллды алган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (медициналык адистиктер үчүн аймактык саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен макулдашуу боюнча) жетекчиси кол койгон окууга жолдомосу бар (даярдоо багытын/адистикти көрсөтүү менен) Кыргыз Республикасынын жарандарына - абитуриенттерге жол берилет. Максаттуу кабыл алуу конкурсуна катышкан жана эң жогору балл топтогон абитуриенттер кабыл алууга сунушталат. Ушул категориядагы абитуриенттер үчүн ыйгарым укуктуу орган өзүнчө босоголук балл белгилеши мүмкүн.

62. Гранттык негизде максаттуу кабыл алуу үчүн орундардын саны ыйгарым укуктуу орган тарабынан ар бир даярдоо багытына жана адистикке бекитилген кабыл алуу планынын чегинде белгиленет.

63. Гранттык негиздеги максаттуу орундардын саны документтерди кабыл алуунун жана тандоо менен кабыл алуу турларынын жүрүшүндө көбөйтүлүшү мүмкүн эмес.

64. Гранттык негиздеги максаттуу орундарга кабыл алынган абитуриенттер менен жумушка милдеттүү бөлүштүрүү жөнүндө студенттин, ЖОЖдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.

65. Конкурс боюнча гранттык негиздеги максаттуу орундарга өтпөй калган адамдар билим алуунун каалаган формалары боюнча жалпы конкурска катыша алат.

66. Тандоо менен кабыл алуунун акыркы турунда бош калган гранттык негиздеги максаттуу орундар жалпы конкурска катышкан адамдарга берилет.

67. Иш берүүчүлөр өз каражаттарынын эсебинен окутуу наркын төлөө менен келишимдер боюнча республиканын билим берүү уюмдарында адистерди максаттуу даярдоону заказ берүүгө укуктуу.

68. Окутуунун наркын төлөө келишими боюнча максаттуу даярдоонун шарттары иш берүүчү менен студенттин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.

7-глава. Окутуунун наркын төлөө менен келишими боюнча окутууга тандоо жана кабыл алуу механизми

69. Абитуриенттерди окутуунун наркын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык формаларына кабыл алууга конкурс учурдагы жылдын ЖРТнын жыйынтыктары боюнча АМС аркылуу жылына эки жолу өткөрүлөт (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт багыттары боюнча адистиктерди кошпогондо). Кышкы кабыл алуу АМС аркылуу өткөн жылдагы ЖРТ жыйынтыктары боюнча жүзөгө ашырылат. Конкурска катышууга негизги тесттен ыйгарым укуктуу орган аныктаган босоголук баллга барабар же андан жогору баллды алган абитуриенттерге жол берилет.

70. Конкурс мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер абитуриенттер үчүн белгиленген абитуриенттердин категорияларын эсепке албастан өткөрүлөт, эң жогору балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын учурдагы жылдын ЖРТ жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын санын жана графигин бекитет. Тандоо жана кабыл алуу эрежелери бардык турларда бирдей. Акыркы турдан кийин бош орундар калган болсо, кабыл алуу комиссиясы талапкерлердин катарлашкан тизмеси боюнча кийинки турган абитуриентти кабыл алууга сунуштайт.

Окутуунун наркын төлөө келишими боюнча АМС аркылуу тандоо жана кабыл алуу конкурсуна катышуунун эрежелери, абитуриенттердин АМСда катталуу жана өздөрүнүн окууну каалагандыгын ырастоо мезгили (убакыты) гранттык окутуу конкурсуна катышуу үчүн белгиленген эрежелерге жана катталуу жана ырастоо мезгилине (убакытына) шайкеш келет.

71. Кошумча предметтик тесттерди талап кылган адистиктерге жана багыттарга (медициналык адистиктерден башка) окутуунун наркын төлөө келишими боюнча орундарга конкурска ошол тесттерди тапшырбаган, бирок негизги тест боюнча босоголук баллга барабар же андан жогору баллды алган абитуриенттерге да жол берилет. Бул адистиктерге кабыл алууда предметтик тесттердин жыйынтыктарына ээ болгон абитуриенттер артыкчылыктуу укукка ээ болот жана калган орундарга абитуриенттер негизги тесттин жыйынтыктары боюнча сунушталат.

72. Конкурстан сырткары, оң баага туура келген баллы бар болсо, окутуунун наркын төлөө келишими боюнча орундарга (ырастоочу документтери бар болсо), төмөнкүлөр кабыл алынат:

- томолой жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;

- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандап алган даярдоо багыты жана адистиги боюнча ЖОЖдо окууга каршы көрсөтмөсү жок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

- эл аралык жана республикалык олимпиадалардын байге ээлери (учурдагы жылы 1-3-орундарды ээлеген), тандап алган ЖОЖдогу багыттарга жана адистиктерге олимпиаданын предмети профилдик болгондо;

- учурдагы жылы "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр жана 2-3-орундарды ээлеген байге ээлери болуп саналган абитуриенттер конкурстун номинациясы дал келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору баллды алган шартта;

- "Алтын тамга" сертификатына ээ болгон абитуриенттер, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору баллды алган шартта.

Абитуриенттин жогоруда аталган категорияларга таандыктыгын ырастаган санариптештирилген документтер АМСка тиркелүүгө тийиш, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт багыттарына жана адистиктерге талапкер абитуриенттер ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.

73. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына тапшырууда башка бирдей шарттарда төмөнкүлөр артыкчылыктуу укукка ээ болот (ырастоочу документтери болсо):

- "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар абитуриенттер;

- мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн адамдар;

- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сертификаты бар адамдар;

- ЖРТнын предметтик тестинен кыйла жогору баллга ээ болгон абитуриенттер.

Абитуриенттин жогоруда аталган категорияларга таандыктыгын ырастаган санариптештирилген документтер АМСга тиркелүүгө тийиш, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт багыттарына жана адистиктерге талапкер абитуриенттер ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.

74. Олимпиада оюндарынын, дүйнө чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери мамлекеттик жана муниципалдык ЖОЖдорго дене тарбия жана спорт тармагындагы даярдоо багыттары (бакалавриат, магистратура) жана адистиктери боюнча окуу үчүн кирүү сыноолорусуз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

75. ЖОЖ кирүү сыноолорун төмөнкүлөр үчүн гана өткөрөт:

- ЖРТнын жыйынтыктарын талап кылбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге тапшыруучу абитуриенттер үчүн;

- чет өлкөлүк жарандар - абитуриенттер үчүн.

76. Кирүү сыноолору абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыктары боюнча тандоо турларын өткөрүү менен бир убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.

77. ЖОЖдун уюштуруу-укуктук формасына карабастан кабыл алуу эрежелеринде кирүү сыноолорунун предметтеринин тизмеси аныкталат.

78. Кирүү сыноолору (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери боюнча сыноолордон башка) жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларына туура келген программалар боюнча өткөрүлөт.

79. ЖОЖдордо кирүү сыноолорун өткөрүүнүн мөөнөттөрү алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан жайкы кабыл алууда - 1-июлдан 25-августка чейин, кышкы кабыл алууда - 20-декабрдан 15-февралга чейин.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүүнүн мөөнөттөрү: жайкы кабыл алуунун алкагында - 1-августтан тартып 1-декабрга чейин; кышкы кабыл алуунун алкагында - 20-декабрдан тартып 20-мартка чейин.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн.

 (КР Министрлер Кабинетинин, 2022-жылдын 1-августундагы № 425, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 656, 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665, 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

80. Кирүү жана аттестациялык сыноолордун ырааттамасы (предмети, күнү, убактысы, экзамендик тобу жана экзамен өтүүчү жер, консультациялар, жыйынтыктарды жарыялоо күнү) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы же анын орун басары тарабынан бекитилет жана 20-июндан жана 15-декабрдан (кышкы кабыл алуу үчүн) кечиктирбей абитуриенттерге маалымдалат. Кирүү сыноолорунун жана аттестациялык сыноолордун ырааттамасында экзамендик комиссиялардын төрагаларынын жана экзаменаторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөйт.

81. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин документтерин алып кеткен адамдар конкурстан четтетилет.

82. Жүйөлүү себептер боюнча (документ менен ырасталган ооруп калуусу, жакындарынын өлүмү) кирүү сыноолоруна келбей калган адамдар кирүү сыноолорун тапшыруунун кийинки этаптарында параллелдүү топтор менен же алар аяктагандан кийинки мезгилде жекече киргизилет.

83. Тездетилген программа боюнча ЖОЖго окууга кабыл алуу кесиптик жогорку же орто билим алууда өткөн айрым дисциплиналардын жана башка окуу иш-чараларынын окутуу жыйынтыктарын кайра аттестациялоонун (кайра зачет берүүнүн) негизинде жүргүзүлөт. Окутуунун жыйынтыктарын кайра аттестациялоо (кайра зачет берүү) ЖОЖ тарабынан өз алдынча өткөрүлөт. Мында тездетилген программаларды ишке ашырууда окуу мөөнөтү студент тарабынан башка билим берүү программасы боюнча кесиптик орто билим жана (же) жогорку билим алууда өздөштүргөн (өткөн) айрым дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун жыйынтыктарын толугу менен же жарым-жартылай кайра аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча аныкталат.

84. Магистратуранын программалары боюнча окутуу үчүн конкурс жарандардын арыздары боюнча кирүү сыноолорунун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

8-глава. Кирүү сыноолорун өткөрүүнүн жалпы эрежелери

85. Кирүү сыноолору экзамен (оозеки же жазуу), тестирлөө (бланктык же компьютердик), маектешүү түрүндө өткөрүлүшү мүмкүнКирүү сыноолорун өткөрүүнүн формасы (онлайн, оффлайн) ЖОЖ тарабынан белгиленет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106  токтомунун редакциясына ылайык)

86. ЖОЖ кирүү сыноолорун өткөрүү үчүн заманбап тестирлөө методдорун колдонуу менен баалоо жаатында адистешкен уюмдардын тесттик тапшырмаларын, аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде пайдаланса болот. ЖОЖдун предметтик комиссиялары тарабынан иштелип чыккан тесттик тапшырмалар, оозеки экзамен үчүн билеттер, жазуу экзамендери үчүн тапшырмалар жалпы орто билим берүү программасына туура келүүгө тийиш.

87. Тесттик тапшырмалардын, оозеки экзамендер үчүн билеттердин жана жазуу экзамендери үчүн тапшырмалардын пакеттери жана алардын ачкычтары (жооптору) кабыл алуу комиссиясынын төрагасында чапталган конверттерде сакталышы керек, алар тестирлөөнүн (экзамендин) алдында гана ачылат.

88. Тестирлөөнүн же жазуу экзаменинин узактыгы ЖОЖ тарабынан аныкталат.

89. Абитуриентке кирүү экзамендерине уруксат паспорту же ким экенин күбөлөндүрүүчү башка документи болгондо гана берилет.

90. Кирүү сыноолору башталаардын алдында экзамендик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан экзамен өткөрүү эрежелери тууралуу инструктаж өткөрүлөт.

91. Кирүү экзамендери учурунда абитуриенттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- китептерди, дептерди, жазууларды, мобилдик телефондорду, электрондук жазуу китептерин жана маалыматты сактоонун башка каражаттарын алып келип пайдаланууга;

- сүйлөшүүгө же экзаменаторлордун уруксатысыз орун алмаштырууга;

- экзамендик билеттерди, жооптордун бланктарын жана жазууларды алмаштырууга.

Кирүү сыноолорун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө талаптарды бир нече жолу бузган учурда абитуриент дисквалификацияланып, кийинки экзаменге киргизилбейт. Дисквалификация тиешелүү акт менен таризделип, экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.

92. Абитуриент тарабынан аткарылган тесттик тапшырманы тапшырууда комиссиянын мүчөлөрү жооптордун бланкы менен тесттик тапшырманын вариантынын номери шайкеш болушун, жооптордун бланкында оңдоолордун, белгилердин жоктугун, бланктардын шарик же гель калеми менен толтурулушун текшерет.

93. Кирүү экзамендеринде бөтөн адамдардын катышуусуна тыюу салынат.

94. Экзамен аяктаганда тесттер, жооптордун бланктары жана экзамендик баракчалары кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына тапшырылат.

95. Жооптуу катчы кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен бирге жазуу иштерин же жооптордун бланктарын шифрлейт, экзамендик баракчага жана жооптордун бланкына шарттуу шифр коет.

96. Экзамендик баракчалар жооптуу катчыда калат жана чапталган сейфте сакталат, ал эми жооптордун бланктары текшерүү үчүн экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнө өткөрүп берилет, мында аларды ЖОЖдо гана текшерүүгө уруксат берилет. Бул кирүү сыноосуна тиешеси жок адамдар текшерүүгө киргизилбейт.

97. Экзамендик иштерди текшерүү ошол эле күнү, шифрлөө аяктагандан кийин дароо башталат.

98. Экзамендик иштерди текшерүүдө төмөнкүдөй эрежелер сакталууга тийиш:

- карандаш менен боёлгон жооптор эсептелбейт;

- абитуриент тарабынан жооптун эки варианты белгиленсе, ошол суроого жооп эсептелбейт;

- жооптордун бланкында коюлган балл менен катар милдеттүү тартипте текшерүүчүнүн колу коюлат жана фамилиясы жазылат;

- жооптордун бланктарында ишке тиешеси жок кол коюлуп калса же башка жазуулар болсо, тесттик тапшырмалар эки экзаменатор тарабынан текшерилет.

99. Компьютердик тестирлөөнү жүргүзүүдө суроолор жана жооптор компьютердин мониторунда чагылдырылат. Эгерде бардык суроолор бүтсө же тест үчүн бөлүнгөн убакыт бүтсө, тест аяктайт. Тесттин жыйынтыгы электрондук протоколдо фиксацияланат. Тестирлөөнүн жыйынтыктары менен таанышуу фактысы абитуриенттин тестирлөө баракчасындагы колу менен ырасталып, экзамендик ведомостто фиксацияланат.

100. Абитуриентке конкурска катышууга укук берген минималдуу босоголук балл күн мурунтан ЖОЖ тарабынан белгиленет жана максималдуу мүмкүн болгон баллдардын санынын 40 пайызынан кем болбошу керек.

101. Окутуунун наркын төлөө келишими боюнча орундарга кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси экзамен өткөн күндүн эртеси саат эртең мененки 10дон кечиктирбей илинүүгө тийиш.

102. ЖОЖго кабыл алынган адамдардын жазуу иштери алардын өздүк ишине тиркелет же электрондук (санариптик) түрдө студенттердин маалыматтар базасына киргизилет. Кабыл алынбаган абитуриенттердин жазуу иштери алты ай аралыгында сакталып, андан соң жок кылынат.

9-глава. Апелляцияларды берүүнүн жана кароонун жалпы эрежелери

103. Кирүү же аттестациялык сыноонун жыйынтыктары боюнча абитуриент апелляциялык комиссияга сыноону өткөрүүнүн белгиленген тартибин, анын пикири боюнча, бузуу жана/же анын жыйынтыктары менен макул эместиги тууралуу жазуу жүзүндө апелляциялык арыз (мындан ары - апелляция) берүүгө укуктуу.

Жазуу түрүндөгү сыноону жүргүзгөн учурда абитуриент өзүнүн иши менен тааныша алат.

104. Апелляцияны кароо экзаменди кайра тапшыруу болуп саналбайт. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сыноону тапшыруунун жыйынтыктарын баалоонун тууралыгы гана текшерилет.

105. Апелляцияны экзамен боюнча бааны жарыялагандан кийинки күнү абитуриент жеке өзү берет. Кабыл алуу комиссиясы апелляцияларды кабыл алууну бүт жумуш күн аралыгында камсыздайт.

106. Абитуриент апелляцияны кароодо катышууга укуктуу. Абитуриент ким экенин күбөлөндүрүүчү документин жана экзамендик баракчаны алып келүүгө тийиш.

107. Жашы жете элек (18 жашка чейинки) абитуриенттер менен чогуу ата-энесинин бири же анын мыйзамдуу өкүлү катышууга укуктуу, мыйзамга ылайык жашы жеткенге чейин аракетке толук жөндөмдүү деп таанылган жашы жете электерди кошпогондо.

108. Аппеляцияны кароодон кийин экзамен боюнча баа жөнүндө аппеляциялык комиссиянын чечими чыгарылат.

109. Аппеляциялык комиссияда карама-каршы пикирлер жаралган учурда добуш берүү жүргүзүлөт жана чечим көпчүлүк добуш менен бекитилет. Протокол менен таризделген аппеляциялык комиссиянын чечими абитуриентке маалымдалат (кол койдуруу менен).

10-глава. Кабыл алуу

110. Абитуриенттерди ЖОЖдордун, алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан, студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына кабыл алуу билими жөнүндө документинин түп нускасы же анын дубликаты бар болсо ишке ашырылат.

Магистратуранын сырттан окуу формасына жана тиешелүү профили боюнча кесиптик орто билим берүүнүн базасында окутуунун тездетилген программасына кабыл алууда гранттык же бюджеттик негизде окуган педагогикалык даярдоо багыттарынын жана адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү, берген окуу жай тарабынан күбөлөндүрүлгөн базалык жогорку кесиптик билими (бакалавр) жөнүндө дипломдун же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн жана гранттык же бюджеттик негизде окугандыгы жана жумушка бөлүштүрүү жөнүндө окуу жайынын маалымкатын тапшырат.

Абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыктары боюнча АМСка төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыргандан кийин студенттердин катарына кабыл алууга жол берилет:

- паспортун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн;

- ЖРТнын сертификатын;

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатты, кесиптик орто билими жөнүндө дипломду же анын дубликатын;

- аскердик билетин же каттоо жөнүндө күбөлүгүн.

Мында абитуриент документтердин түп нускаларын жана тиешелүү сандагы фотосүрөттөрдү 30-августка чейин ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына тапшырууга милдеттүү.

 (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 425, 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

111. Абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыктары боюнча студенттердин катарына кабыл алуу тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө сертификаттын түп нускасы болгондо жүзөгө ашырылат. Кабыл алуу комиссиясына керектүү документтерди тапшыруу жолу менен ЖОЖдо окуу ниетин ырастаган абитуриенттердин ЖРТ жыйынтыктары кабыл алууга чейин КТК тарабынан ырасталууга тийиш.

112. Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-февралга чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 1-декабрга чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 20-мартка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет өлкөлөрдө келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

113. ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучулары ЖОЖго жалпы негизде кабыл алынат.

114. Кирүү сыноолоруна жүйөлүү себептерсиз келбегендер же канааттандырарлык эмес деген баа алган адамдар конкурска катыша албайт жана ЖОЖго кабыл алынбайт.

115. Кирүү сыноолорунда же ЖРТ боюнча алган баллдын санын көрсөтүү менен конкурстун жыйынтыктары боюнча кабыл алынгандыгы тууралуу буйруктар ЖОЖдун расмий сайтында жарыяланат же кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактасында жайгаштырылат.

116. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан көзөмөл иретинде жүргүзүлгөн текшерүүдө конкурсту өткөрүү жана абитуриентти, анын ичинде ЖРТнын жыйынтыктары тууралуу анык эмес маалыматты берүүнүн негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталган учурда студент белгиленген тартипте окуудан чыгарылат.

11-глава. Маалымат берүү жана контролдоо

117. ЖОЖдор уюштуруу-укуктук формаларына карабастан ыйгарым укуктуу органга кабыл алуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтарды төмөнкүдөй мөөнөттө берет:

- гранттык негизде окутууга - 30-сентябрга чейин;

- акы төлөнүүчү негизде окутууга - жайкы кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча 10-декабрында чейин; кышкы кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча 30-мартында чейин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)

118. ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясынын ишин контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине тиркеме

Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө НУСКАМА

1. Гранттарды алууга (конкурстан тышкары кабыл алынууга укуктуу абитуриенттерден башка) талапкер абитуриенттер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

- абитуриенттер - Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;

- абитуриенттер - облустук борборлордун (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Каракол, Талас шаарлары) жана кичи шаарчалардын (Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Токмок, Кант, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Өзгөн, Раззаков, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Шопоков, Токтогул, Миңкуш шаарчасы) жалпы билим берүү уюмдарынын жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;

- абитуриенттер - айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;

- абитуриенттер - Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү.

2. Абитуриенттердин категорияларынын пайыздык катышы ЖОЖдун гранттык комиссиясы тарабынан ар бир адистик үчүн, ар бир турда каттоо аяктагандан кийин, максаттуу орундарга конкурска катышкан абитуриенттердин категорияларын, ошондой эле жеңилдик берилген абитуриенттерди кошпогондо, төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

 

 

 

мында, Nk - тиешелүү категориядагы абитуриенттердин саны;

N жалпы - конкурска катышкан абитуриенттердин жалпы саны.