Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 425
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республикадагы билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрүн белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 «Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жободо:
- 11-пунктундагы «15» деген цифралар «1» деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 3.4-пунктундагы «15» деген цифралар «1» деген цифра менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим беруу уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо:
- 33-пунктунун биринчи абзацындагы «15» деген цифралар «1» деген цифра менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 «Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
57-пунктунун жетинчи абзацындагы «15-сентябрга» деген сөздөр «30-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
79-пунктундагы «1-сентябрга» деген сөздөр «25-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
110-пунктунун сегизинчи абзацындагы «15-сентябрга» деген сөздөр «30-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 112-пунктундагы «10-сентябрга» деген сөздөр «25-августка» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
-өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
-ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |