Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтомуна) |
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 296, 2025-жылдын 28-мартындагы № 164 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) социалдык контракттын негизинде бул жардамды алуу ниетин билдирген жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (мындан ары - үй-бүлөлөр) социалдык жардам берүүнүн шарттарын жана механизмин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
сатып алуу боюнча топ - аймактык бөлүмдүн кызматкеринен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ыйгарым укуктуу адисинен (мындан ары - адис), катышуучудан (контракт/келишим түзгөн жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө/ишкер) жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы/шаардын мэри аныктаган жана бекиткен, сатып алууну жүзөгө ашыруучу жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) бекиткен форма боюнча сатып алуу актысын түзүүчү башка кызматкерлерден турган топ;
келишим - социалдык адаптациялоо программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкер менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн (мындан ары - аймактык бөлүм) ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык ишкерге акысыз (жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тобуна акысыз социалдык жардам түрүндө берилүүчү) социалдык жардам берилет, ал үй-бүлөлөрдү туруктуу иш менен камсыз кылуу же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет;
мүлктүк потенциал - бизнес-планды ишке ашыруу процессинде пайдаланылышы мүмкүн болгон жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн активдери (киреше алып келүүчү ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон жер үлүшү, чарбалык курулуштар, жайлар, инвентарь ж.б.);
Программа ишкердик субъектинин (мындан ары - ишкер) катышуусу менен иштелип чыгышы жана ишке ашырылышы мүмкүн;
социалдык адаптациялоо программасы - оор турмуштук кырдаалды жоюуга багытталган иш-чаралардын түрлөрүн жана көлөмүн, аларды ишке ашыруу ыкмаларын камтыган көрсөтүлгөн иш-чаралардын комплекси;
эркин эмгек потенциалы - бизнес-планды ишке ашыруу үчүн тартылышы мүмкүн болгон үй-бүлөнүн эмгек ресурстары (иш менен камсыз болбогон же жарым-жартылай иштеген, үй-бүлөнүн эмгек ишин жүзөгө ашырууга жөндөмдүү болгон эмгекке жарамдуу мүчөлөрү);
социалдык контракт - жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө (же алардын тобу) менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык аймактык бөлүм үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө милдеттенет, үй-бүлө (же алардын тобу) Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.
3. Социалдык контракттын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалды жеңип чыгуу боюнча активдүү иш-аракеттерге дем берүү;
- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөргө жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү;
- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумундагы бирөөнүн багуусунда болуу жүйөсүн азайтуу;
- чакан ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.
4. Социалдык контракттын негизинде' социалдык жардам көрсөтүүнүн принциптери:
- катышуунун ыктыярдуулугу;
- Программа жана социалдык контракттын шарттары боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун милдеттүүлүгү;
- Программаны иштеп чыгууда үй-бүлөлөргө жекече мамиле кылуу.
5. Социалдык контракттын/келишимдин негизинде социалдык жардамды каржылоо булактары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары (жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо), ошондой эле төмөнкү финансылык каражаттары болушу мүмкүн:
а) өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш уюмдардын;
б) жеке жана юридикалык жактардын;
в) коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук жана кайрымдуулук фонддорунун;
г) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка финансылык каражаттар.
2. Үй-бүлөлөрдү тандоо жана Программаны иштеп чыгуу тартиби
6. Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) жүзөгө ашырат.
7. Төмөнкү критерийлерге жооп берген үй-бүлө социалдык контракт түзүүгө укуктуу:
- үй-бүлөнүн жакыр же аз камсыз болгондугун ырастоочу документтин болушу (социалдык паспорттун болушу же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуучу);
- социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алууга үй-бүлөнүн макулдугу;
- үй-бүлөнүн бизнес-планынын болушу;
- үй-бүлөнүн эмгек жана мүлктүк потенциалынын болушу.
8. Үй-бүлөнүн өкүлү (мындан ары - арыз ээси) иш жүзүндө жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кайрылат жана ыйгарым укуктуу органдын бекитилген формасы боюнча социалдык контракт түзүүгө арыз берет.
Облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында арыз ээси аймактык бөлүмгө кайрылат.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арыз ээси менен биргеликте Программаны жана бизнес-планды иштеп чыгат.
Облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында аймактык бөлүм арыз ээси менен биргеликте Программаны жана бизнес-планды иштеп чыгат.
3. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тандоо тартиби
10. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тандоо Комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
11. Келишим түзүү укугун алуу үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- үй-бүлөнүн эмгекке жөндөмдүү жарандары үчүн туруктуу узак мөөнөттүү жумуш орундарын (же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды) түзүү үчүн ишкердик объектин түзүү боюнча ишкердин бизнес-долбоорунун болушу;
- ишкер тарабынан тиешелүү административдик-аймактык бирдикте өз ишин 1 жылдан кем эмес жүргүзүүсү.
12. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу укугун алуу үчүн ишкер чарбаны иш жүзүндө жүргүзгөн жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн арыз менен кайрылат.
Облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында ишкер аймактык бөлүмгө кайрылат.
Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тартуу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан кабыл алынат.
4. Комиссиянын иштөө тартиби
13. Комиссиянын жыйналышына арыз ээси (жана ишкер) жана аймактык бөлүмдүн өкүлдөрү катышат.
14. Эгерде Программада жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына тиешелүү маселелер каралса, Комиссиянын жыйналышына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
15. Комиссиянын жыйналышында:
- социалдык контракт түзүүгө талапкер болгон үй-бүлөнүн эмгектик жана мүлктүк потенциалы каралат;
- арыз ээсинин Программасы жана бизнес-планы каралат, талкууланат жана жактырылат (облустук жана республикалык маанидеги шаарларда бекитилет);
- Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкердин Программасы жана бизнес-долбоору каралат, талкууланат жана жактырылат (облустук жана республикалык маанидеги шаарларда бекитилет);
- зарылдыгына жараша Программага түзөтүүлөр киргизилет.
Артыкчылык үч жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө берилет.
16. Социалдык жардам берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- ушул Жобонун 7 жана 11-пункттарынын шарттарына ылайык келбегендик;
- арыз ээси тарабынан үй-бүлөнүн курамы, кирешеси жана өзүнө же анын үй-бүлөсүнө таандык мүлкү жөнүндө толук эмес же так эмес документтерди жана маалыматтарды берүү.
17. Комиссиянын чечими жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - акимге (мындан ары - ЖМА башчысы) жиберилет.
Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссиянын чечими социалдык контракт/келишим түзүү үчүн аймактык бөлүмгө жиберилет.
5. Программаны, бизнес-планды/долбоорду бекитүү жана социалдык контракт/келишим түзүү тартиби
18. Катышуучуларды, алардын Программаларын жана Программаны ишке ашырууга катышкан ишкерлердин бизнес-пландарын/долбоорлорун бекитүү жана аларды тандоону жүргүзүү максатында ЖМА башчысынын чечими менен Социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия (мындан ары - Убактылуу комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- ЖМА башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары (ал жок болгон учурда - анын милдеттерин аткаруучу кызмат адамы) - Убактылуу комиссиянын төрагасы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары (мындан ары - ЖӨБО) жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
- аймактык бөлүмдүн жетекчиси;
- аймактык бөлүмдүн кызматкери - Убактылуу комиссиянын катчысы;
- катышуучулардын ишкердик ишинин багыттарына жараша мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмүнүн адиси (ЖМА башчысынын ыктыяры боюнча);
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун жана/же өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү (ЖМА башчысынын ыктыяры боюнча).
19. Убактылуу комиссия:
- үй-бүлөнүн Программасын жана бизнес-планын карайт жана бекитет;
- Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкердин Программасын жана бизнес-долбоорун карайт жана бекитет;
- ЖӨБО жана аймактык бөлүм менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө Программанын ишке ашырылышын контролдоону жана натыйжалуулугун баалоону жүзөгө ашырат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн функциялар облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
20. Тандалган Программаларды жана катышуучулардын бизнес-пландарын/долбоорлорун бекитүү Убактылуу комиссиянын протоколу менен, облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссиянын протоколу менен таризделет.
21. Катышуучулардын Программалары жана бизнес-планы Убактылуу комиссия тарабынан, облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссия тарабынан бекитилген үй-бүлөнүн өкүлү менен аймактык бөлүм ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча социалдык контракт түзөт.
Бизнес-долбоорлору Убактылуу комиссия тарабынан, облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссия тарабынан бекитилген Программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкерлер менен аймактык бөлүм ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча келишим түзөт.
22. Социалдык контракт/келишим 2 нускада түзүлөт. Бир нускасы катышуучуга берилет, экинчи нускасы аймактык бөлүмдө калат.
23. Ар бир катышуучуга өздүк иш түзүлөт, ал аймактык бөлүмдө сакталат.
Катышуучунун өздүк иши төмөнкү документтерден түзүлөт:
- социалдык контракт/келишим түзүүгө арыз;
- катышуучунун паспортунун көчүрмөсү (ишкер катышкан учурда ишкердик субъекти катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк);
- Программалар;
- үй-бүлөнүн бизнес-планы;
- ишкердин бизнес-долбоору (катышкан учурда);
- социалдык контракт/келишим;
- Комиссиянын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү;
- Убактылуу комиссиянын протоколунун көчүрмөсү;
- сатып алуу актысы.
6. Социалдык жардамды төлөө өлчөмдөрү жана тартиби
24. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды төлөө аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
Ишкердик субъекти Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан учурда кайтарымсыз сумма (үй-бүлөлөргө социалдык жардам түрүндө берилүүчү сумма) ишкерге аймактык бөлүм тарабынан төлөнөт.
Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды каржылоодо төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган (аймактык бөлүм) менен каржылоону жүзөгө ашыруучу жактын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
25. Бир үй-бүлөгө социалдык жардамды төлөөнүн өлчөмү 150000 (бир жүз элүү миң) сом өлчөмүндө белгиленет.
Жергиликтүү бюджеттин каражаттары жана башка бюджеттен тышкаркы каражаттар каржылоону жүзөгө ашыруучу жактын каалоосу боюнча социалдык жардамдын негизги төлөмдөрү катары, ошондой эле кошо каржылоо тартибинде да берилиши мүмкүн.
Жергиликтүү бюджеттен жана/же башка бюджеттен тышкаркы каражаттардан кошо каржыланган учурда төлөмдөрдүн өлчөмү ыйгарым укуктуу орган (аймактык бөлүм) менен каржылоону жүзөгө ашыруучу адамдын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Социалдык жардамдын суммасы катышуучунун жеке/алыш-бериш эсебине которулат.
Социалдык жардамды төлөө аймактык бөлүм тарабынан банк-оператор аркылуу активдерди сатып алуунун алдында жүргүзүлөт.
Жакыр үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде бир жолку социалдык жардамды эсептөө аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан накталай эмес формада ыйгарым укуктуу орган келишим түзгөн банктар тарабынан ачылган транзиттик банктык эсептерге каражаттарды чегерүү жолу менен жүргүзүлөт.
7. Социалдык контракт/келишим түзгөн катышуучуларды коштоо
27. Социалдык контракттын/келишимдин ишке ашырылышын коштоону, жалпы координациялоону жана контролдоону ЖМА башчысы жүзөгө ашырат.
Облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында социалдык контракттын/келишимдин ишке ашырылышын жалпы коштоону, координациялоону жана контролдоону ЖӨБО башчысы жүзөгө ашырат.
ЖМА, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана Ош шаарынын башчылары тиешелүү аймакта социалдык контракттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
28. Тандалган үй-бүлөлөрдү/ишкерлерди коштоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Программаны же бизнес-планды/долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча консультацияларды берүү жана колдоо;
- окутууну өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга көмөк көрсөтүү;
- катышуучу тарабынан өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо.
29. Сатып алуу боюнча топ товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзөт.
Сатып алуу боюнча топтун курамы ЖМА, облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын мэриясынын башчысынын чечими менен бекитилет.
Сатып алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
30. Катышуучу төлөмдү өз колу менен жүргүзөт. Сатып алуу боюнча топтун мүчөлөрүнө жана/же кызмат адамдарына катышуучу тарабынан акча каражаттарын которууга тыюу салынат.
Сатып алуу боюнча топтун мүчөлөрү жана/же кызмат адамдары катышуучуга товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн акча каражаттарын ала албайт, өткөрүп бере албайт жана акы төлөй албайт.
8. Бишкек шаарында аймактык бөлүмдү тандоонун жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби
31. Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын алдындагы Социалдык контракт боюнча комиссия (мындан ары - Бишкек ш. ММА алдындагы комиссия) төмөнкүлөрдөн турган курамда жүзөгө ашырат:
- Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары (ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу кызмат адамы) - Комиссиянын төрагасы;
- Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси;
- жергиликтүү кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери - Комиссиянын катчысы;
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери (макулдашуу боюнча);
- муниципалдык аймактык башкармалыктын (мындан ары - МАБ) жетекчиси/өкүлү;
- өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча);
- жана башкалар (муниципалдык администрациянын башчысынын ыктыяры боюнча).
Бишкек ш. ММА алдындагы комиссиянын иш тартибин Бишкек шаарынын мэриясы аныктайт.
32. Үй-бүлөнүн өкүлү (мындан ары - арыз ээси)/ишкер социалдык контракт/келишим түзүүгө арыз менен МАБга кайрылат.
33. Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана аймактык бөлүм тарабынан арыз ээси менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен өз ара аракеттенүүдө Программаны жана үй-бүлөнүн бизнес-планы иштелип чыгат.
Өздүк иш МАБ тарабынан түзүлөт жана Комиссияга берилет.
34. Бишкек ш. ММА алдындагы комиссиялар катышуучулардын Программасын жана бизнес-планын/долбоорун жактырат жана бекитет.
Бишкек ш. ММА алдындагы комиссиянын чечими социалдык контракт/келишим түзүү үчүн аймактык бөлүмгө жиберилет.
Катышуучулардын өздүк иштери кийин эсепке алуу жана сактоо үчүн аймактык бөлүмгө берилет.
35. Сатып алуу боюнча топтун курамы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын чечими менен бекитилет.
36. Социалдык контракттын/келишимдин ишке ашырууну жалпы координациялоо жана контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
37. Катышуучулар тарабынан Программаны ишке ашырууну коштоо аймактык бөлүм, Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Катышуучулар тарабынан Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мониторингдин көрсөткүчтөрү Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан талданат жана мониторинг жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 15ине чейин ыйгарым укуктуу органга отчет түрүндө берилет, анын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
38. Ушул главада каралбаган маселелер ушул Жобонун калган жоболору менен жөнгө салынат.
9. Программаны ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо
39. Натыйжалуулуктун мониторингин аймактык бөлүм адис менен биргеликте ай сайын активдерди сатып алуу аяктаган айдан кийинки алгачкы үч айда жүргүзөт.
Үч ай өткөндөн кийин мониторинг биринчи жылы кварталына бир жолу жүргүзүлөт.
Социалдык контрактты ишке ашыруунун экинчи жана үчүнчү жылында мониторинг жарым жылда бир жолу жүргүзүлөт.
40. Мониторингдин көрсөткүчтөрү аймактык бөлүм тарабынан талдоого алынат жана мониторинг жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 15ине чейин ыйгарым укуктуу органга отчет түрүндө берилет, анын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
41. Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун аралык жана жыйынтыктоочу баалоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган критерийлер боюнча жүргүзүлөт.
10. Корутунду жоболор
42. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү мөөнөтү, ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышын кошпогондо, арыз берилген учурдан тартып активди сатып алууга чейин 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт катышуучуларды окутуу үчүн зарыл болгон мөөнөткө пропорционалдуу түрдө көбөйүшү мүмкүн.
43. Социалдык контракт/келишим 3 (үч) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
44. Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону ыйгарым укуктуу орган (аймактык бөлүм) жүзөгө ашырат.
45. Акча каражаттары максатсыз пайдаланылган учурда аймактык бөлүм Комиссиянын чечиминин негизинде социалдык контрактты/келишимди бир тараптуу тартипте бузат.
Социалдык контрактты/келишимди бузуу жөнүндө чечим аймактык бөлүм тарабынан социалдык контрактты/келишимди бузууга негиз болгон жагдайлар аныкталгандан кийин кабыл алынат.
46. Социалдык контрактты/келишимди бузуу жөнүндө чечим катышуучуга социалдык контрактты/келишимди бузуунун себептерин жана төлөнгөн сумманы кайтарып берүү зарылдыгын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жиберилет.
Каражаттарды максатсыз пайдаланган учурда өндүрүп алуу жөнүндө чечим Комиссиянын чечиминин негизинде аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
47. Социалдык жардамды төлөөгө багытталган каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
48. Катышуучу социалдык жардамдын толук суммасын акчалай формада ордун толтуруу жолу менен социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартууга укуктуу.
49. Катышуучу социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын алкагында сатып алынган активдерди жоготкон же ал жеткис күчтүн (суу ташкыны, жер титирөө жана табигый-техногендик мүнөздөгү башка кырдаалдар, массалык тартипсиздиктер, өрт, аскердик жана этностор аралык чыр-чатактар, активдерди уурдоо, сатып алынган жаныбардын өлүмү, катышуучунун ооруп калуусу же каза болушу) жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында социалдык контракттын шарттарын аткаруу мүмкүн болбогон учурда же көрсөтүлгөн социалдык жардамдын толук суммасын акчалай түрдө кайтарып берүү менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдан өз ыктыяры менен баш тартканда, катышуучу социалдык контракттын/келишимдин шарттарынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Катышуучу ооруп калгандыгына байланыштуу социалдык контракттын шарттарын аткаруудан бошотуу катышуучунун эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу же саламаттык сактоо органдарынын тиешелүү документи менен ырасталууга тийиш.
Катышуучуну жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан кабыл алынат, анын негизинде аймактык бөлүм тиешелүү акт чыгарат.
Программаны ишке ашырууга катышкан ишкерлерди ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында келишимдин шарттарын аткаруудан бошотуу ушул пунктта көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жана тартипте жүзөгө ашырылат.