Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-июлу № 385
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө
Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү процессине ишкерлерди тартууга багытталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
- 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) социалдык контракт түзүлгөн күндөн тартып 3 ай аяктаган күндөн кийинки 3 жылдын ичинде социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (ал жеткис күчтүн жагдайларын кошпогондо).";
2) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) социалдык контракттын негизинде бөлүнүүчү социалдык жардамдын суммалары, ошондой эле тиешелүү контракт түзүлгөн күндөн тартып 3 айдын ичинде социалдык контрактты аткаруудан алынган материалдык же акчалай түрдөгү кирешелер.".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды тапсын жана "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпулун төлөө үчүн каралган каражаттарды пайдалансын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды жүзөгө ашырууга тартылган кызматкерлерин жана кызмат адамдарын окутууну уюштурсун жана өткөрсүн;
- социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды ишке ашырсын;
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомго ылайык иш жүргүзүү сунушталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |