Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12 июлу № 383
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундарын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетb жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу' жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 8-июнундагы корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 1-5/159-6 буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги 32,05 га жер жеке турак үйлөрдү куруу чн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
- Халмион айылында жайгашкан №228 контурундагы 7,09га сугат айдоо жери
- Ынтымак айылында жайгашкан 12,23 га жер, анын ичинде №90 жана 92 контурлардагы 7,23 га сугат айдоо жери, № 147 контурдагы 5 га жайыт;
- Чекелик айылында жайгашкан № 204, № 205 контурлардагы 7,5 га сугат айдоо жери;
- Жошук айылында жайгашкан № 102 контурдагы 5,23 га сугат айдоо жери.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешеүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү.
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |