Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-июну № 313
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын өз убагында башкы пландар менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 2022-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди иштеп чыгууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жыл сайын 300,0 млн. сомдон кем эмес акча каражаттарын издеп тапсын жана бөлүп берсин.";
2) 3-пунктундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 8-пунктуна" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамлекеттик картография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 5-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасында:
- 1-главанын тогузунчу абзацындагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 8-пунктуна" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |