Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 490
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга 50,0 млн. (элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө акча каражатын карасын жана "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Программаны каржыласын;
- Программаны ишке ашырууга финансы каражатын караштыруу менен "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- 2022-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди иштеп чыгууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жыл сайын 300,0 млн. сомдон кем эмес акча каражаттарын издеп тапсын жана бөлүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча жумуштардын заказчысы катары чыгуу жана бюджеттин ар жылдык пландарында башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык каражат караштыруу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамлекеттик картография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси Программага ылайык тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын жана аймакты пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн М 1:5000 жана М 1:2000 масштабындагы топографиялык пландар менен камсыздасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги:
- белгиленген мөөнөттө тиешелүү аймактардагы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу, долбоордук уюмдар менен келишимдерди түзүү жана Программаны аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен зарыл болгон иштерди аткарууну камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын архитектуралык-курулуш иш чөйрөсүндө ар кандай деңгээлдеги шаар куруу документтерин жана техникалык ченемдерин иштеп чыгуу үчүн каражаттарды тартуу боюнча эл аралык жана башка инвестициялык донор уюмдар менен ишти туруктуу негизде жүргүзүп турсун;
- ушул токтомдун ишке ашырылышы тууралуу отчетту ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечирбей Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |