ТоктомКүчүн жоготту

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 16-июну № 323

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Инвестициялык климатты жакшыртуу, Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өнүктүрүү институттарын мамлекеттик колдоо чараларын жана ресурстарын консолидациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Координациялык кеңешке көмөк көрсөтсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды белгиленген тартипте берсин.

4. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (макулдашуу боюнча) стратегиялык инвестициялык долбоорлорду колдоо маселелери боюнча Координациялык кеңеш менен өз ара аракеттенүү сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин КУРАМЫ

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун директору;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча);

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

"РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

"Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

"Кыргызстан банктар союзу" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

"Бакубат Талас" бакубатчылык фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

"Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);

ар кандай өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).