Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 344
2022-2023-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-2023-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери жана ведомстволору тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдары боюнча 2022-2023-окуу жылына бюджеттик негизде билим алуучуларды кабыл алуу планын бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2022-2023-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын САНЫ
№ | Шифр | Адистиктердин аталышы | Бюджеттик орундардын саны |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |||
1 | 050303 | Чет тили | 15 |
2 | 050503 | Технология | 10 |
3 | 050601 | Музыкалык билим берүү | 50 |
4 | 050704 | Мектепке чейинки билим берүү | 155 |
5 | 050709 | Башталгыч класстарда окутуу | 510 |
6 | 050721 | Дене тарбия | 79 |
7 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 33 |
8 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | 10 |
9 | 070903 | Скульптура | 10 |
10 | 070907 | Живопись (түрлөрү боюнча) | 12 |
11 | 080106 | Финансы (тармактар боюнча) | 15 |
12 | 080107 | Салык жана салык салуу | 20 |
13 | 080110 | Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) | 15 |
14 | 080114 | Жер-мүлктүк мамилелер | 20 |
15 | 100105 | Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу | 10 |
16 | 110201 | Агрономия | 35 |
17 | 110301 | Айыл чарбасын механикалаштыруу | 45 |
18 | 110302 | Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу | 70 |
19 | 110305 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы | 30 |
20 | 110902 | Ихтиология жана балык өстүрүүчүлүк | 15 |
21 | 111102 | Айыл чарбасындагы ишкердик | 15 |
22 | 111201 | Ветеринария | 85 |
23 | 120101 | Колдонмо геодезия | 15 |
24 | 120301 | Жерге жайгаштыруу | 30 |
25 | 130305 | Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо | 25 |
26 | 130403 | Тоо иштерин ачуу | 10 |
27 | 130404 | Пайдалуу казылуучу кендерди жер астында иштетүү | 20 |
28 | 140101 | Жылуулук электр станциялары | 15 |
29 | 140206 | .Электр станциялары, тармактар жана системалар | 65 |
30 | 140212 | Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) | 60 |
31 | 140613 | Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча) | 15 |
32 | 150411 | Өнөр жай жабдуулары менен сантехникалык түзүлүштөрдү монтаждоо жана техникалык эксплуатациялоо (тармактар боюнча) | 25 |
33 | 151001 | Машина куруунун технологиясы | 15 |
34 | 190503 | Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (суу транспортун кошпогондо, транспорттун түрлөрү боюнча) | 40 |
35 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана ондоо | 65 |
36 | 190605 | Жүк-көтөрүүчү транспорттук, курулуштук, жол машиналарын жана жабдууларды техникалык эксплуатациялоо | 25 |
37 | 190701 | Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (аба транспортун кошпогондо, транспорттун түрлөрү боюнча) | 25 |
38 | 220206 | Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 30 |
39 | 230108 | Компьютердик системалар жана комплекстер | 10 |
40 | 230109 | Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо | 75 |
41 | 230110 | Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө | 30 |
42 | 230111 | Компьютердик системаларды программалоо | 40 |
43 | 230115 | Компьютердик тармактар | 25 |
44 | 250403 | Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо | 20 |
45 | 260202 | Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы | 25 |
46 | 260204 | Ачытуу өндүрүшүнүн жана шарап жасоонун технологиясы | 25 |
47 | 260303 | Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы | 45 |
48 | 260903 | Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы | 40 |
49 | 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 60 |
50 | 270110 | Ички сантехникалык түзүлүштөрдү жана желдеткичтерди монтаждоо жана эксплуатациялоо | 45 |
51 | 270206 | Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо | 25 |
52 | 270301 | Архитектура | 45 |
53 | 270401 | Нарктык инжиниринг | 12 |
54 | 280201 | Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо | 20 |
55 | 280401 | Жерлерди мелиорациялоо, рекультивациялоо жана коргоо | 20 |
Бардыгы: | 2301 | ||
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
56 | 060101 | Дарылоо иши | 275 |
57 | 060102 | Акушердик иш | 275 |
58 | 060104 | Медициналык-профилактикалык иш | 50 |
59 | 060105 | Профилактикалык стоматология | 50 |
60 | 060109 | Медициналык айым иши | 525 |
61 | 060110 | Лабораториялык диагностика | 150 |
62 | 060112 | Медициналык массаж | 10 |
Бардыгы: | 1335 | ||
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | |||
63 | 070102 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 120 |
64 | 070104 | Вокалдык искусство | 27 |
65 | 070106 | Хордук дирижерлөө | 15 |
66 | 070109 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) | 12 |
67 | 070113 | Музыка теориясы | 12 |
68 | 050723 | Дене тарбия жана спорт | 25 |
69 | 070201 | Актерлук өнөр | 24 |
70 | 070302 | Балет искусствосу | 40 |
71 | 070602 | Дизайн | 16 |
72 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | 18 |
73 | 070907 | Живопись | 25 |
74 | 071202 | Китепкана таануу | 28 |
75 | 071402 | Социалдык-маданий иш (түрлөрү боюнча) | 63 |
76 | 100105 | Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу | 10 |
Бардыгы: | 435 | ||
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги | |||
77 | 160901 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | 20 |
78 | 160902 | Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен тейлөө | 20 |
79 | 160904 | Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | 20 |
Бардыгы: | 60 | ||
Жалпы: | 4131 | ||