Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 368
2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин;
2) 2022-жылдын 30-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку окуу жайларында мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет берсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде 2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучулар үчүн каражаттарды карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2022-жылдын 19-июлунда www.gov.kg сайтында жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуу КӨЛӨМҮ
Тармак | Код | Адистик | Гранттардын саны |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 358 | ||
560001 | Дарылоо иши (адис) | 230 | |
560003 | Медициналык-профилактикалык иш (адис) | 58 | |
560002 | Педиатрия (адис) | 50 | |
560006 | Медайым иши (адис) | 20 | |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 100 | ||
770100 | Мотоаткыч аскерлердин командалык тактикалык (бакалавр) | 75 | |
770200 | Чек ара иши (бакалавр) | 25 | |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 130 | ||
532200 | Укук коргоо иши (бакалавр) | 130 | |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 20 | ||
530800 | Эл аралык мамилелер (магистр) | 9 | |
530500 | Юриспруденция (магистр) | 10 | |
580200 | Экономика (магистр) | 1 | |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 206 | ||
550600 | Көркөм өнөр билими (бакалавр) | 6 | |
570004 | Музыка таануу (адис) | 2 | |
570006 | Кинооператорлук (адис) | 10 | |
570008 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) (адис) | 43 | |
570009 | Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) (адис) | 20 | |
570010 | Дирижёрлук (аткаруучу жамааттардын түрлөрү боюнча) (адис) | 5 | |
570011 | Композиция (адис) | 1 | |
570012 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) (адис) | 7 | |
570013 | Үн режиссурасы (адис) | 4 | |
570014 | Актёрдук искусство (адис) | 20 | |
570015 | Режиссура (колдонуу тармактары боюнча) (адис) | 20 | |
570018 | Хореография режиссурасы (адис) | 2 | |
570019 | Хореография педагогикасы (адис) | 4 | |
570029 | Социалдык-маданий иш (адис) | 53 | |
570002 | Театр таануу | 3 | |
570005 | Кино таануу | 3 | |
570027 | Адабият чыгармачылыгы | 3 | |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 4663 | ||
Кен казуу өнөр жайы | 620100 | Геодезия жана аралыктан изилдөө (бакалавр) | 38 |
620100 | Геодезия жана аралыктан изилдөө (магистр) | 10 | |
620001 | Колдонмо геодезия (адис) | 20 | |
630001 | Колдонмо геология (адис) | 31 | |
630002 | Геологиялык чалгындоо технологиясы (адис) | 30 | |
630003 | Кен иштери (адис) | 48 | |
630004 | Кен иштериндеги же нефтигаз өндүрүшүндөгү физикалык процесстер (адис) | 10 | |
630100 | Колдонмо геология (магистр) | 5 | |
630400 | Нефтигаз иштери (бакалавр) | 15 | |
630400 | Нефтигаз иштери (магистр) | 5 | |
650200 | Металлургия (бакалавр) | 15 | |
650200 | Металлургия (магистр) | 5 | |
Бардыгы: | 232 | ||
Гуманитардык адистиктер | 530100 | Философия (бакалавр) | 10 |
531400 | Дин таануу (бакалавр) | 10 | |
531400 | Дин таануу (магистр) | 5 | |
531500 | Аймак таануу (бакалавр) | 10 | |
540200 | Социалдык иш (бакалавр) | 65 | |
570600 | Китепкана таануу жана документ жүргүзүү (бакалавр) | 18 | |
571200 | Музеология жана маданий, тарыхый мурастын объекттерин коргоо (бакалавр) | 10 | |
540100 | Социология (бакалавр) | 25 | |
530200 | Саясат таануу (бакалавр) | 25 | |
Экспр. | Архив таануу | 15 | |
Бардыгы: |
| 193 | |
Саламаттык сактоо | 560001 | Дарылоо иши (адис) | 78 |
560002 | Педиатрия (адис) | 15 | |
560003 | Медициналык-профилактикалык иш (адис) | 30 | |
Бардыгы: |
| 123 | |
Компьютердик технологиялар | 510200 | Колдонмо математика жана информатика (бакалавр) | 73 |
510200 | Колдонмо математика жана информатика (магистр) | 16 | |
590100 | Маалымат коопсуздугу (бакалавр) | 35 | |
590100 | Маалымат коопсуздугу (магистр) | 10 | |
710100 | Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр) | 110 | |
710100 | Информатика жана эсептөө техникасы (магистр) | 5 | |
710200 | Маалыматтык тутумдар жана технологиялар (бакалавр) | 85 | |
710200 | Маалыматтык системалар жана технологиялар (магистр) | 8 | |
710300 | Колдонмо информатика (бакалавр) | 62 | |
710300 | Колдонмо информатика (магистр) | 8 | |
710400 | Программалык инженерия (бакалавр) | 42 | |
710400 | Программалык инженерия (магистр) | 10 | |
710500 | Интернет технологиялар жана башкаруу | 10 | |
710600 | Компьютердик лингвистика (бакалавр) | 25 | |
710600 | Компьютердик лингвистика (магистр) | 3 | |
Бардыгы: |
| 502 | |
Маданият жана искусство | 570025 | Графика (адис) | 10 |
570022 | Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (адис) | 10 | |
570020 | Дизайн (адис) | 10 | |
570024 | Живопись (адис) | 10 | |
570021 | Интерьерлер жана жабдуулар (адис) | 10 | |
570026 | Скульптура (адис) | 10 | |
Бардыгы: |
| 60 | |
Билим берүү | 510100 | Математика (бакалавр) | 15 |
510100 | Математика (магистр) | 6 | |
510400 | Физика (бакалавр) | 19 | |
510400 | Физика (магистр) | 5 | |
520100 | Химия (бакалавр) | 15 | |
520100 | Химия (магистр) | 5 | |
520200 | Биология (бакалавр) | 15 | |
520200 | Биология (магистр) | 10 | |
520400 | География (бакалавр) | 15 | |
520400 | География (магистр) | 5 | |
530400 | Тарых (бакалавр) | 15 | |
530400 | Тарых (магистр) | 10 | |
531000 | Филология (бакалавр) | 44 | |
531000 | Филология (магистр) | 7 | |
532000 | Дене тарбия (бакалавр) | 202 | |
532000 | Дене тарбия (магистр) | 10 | |
550001 | Кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил (адис) | 19 | |
550100 | Табигый-илимий билим берүү (бакалавр) | 185 | |
550100 | Табигый-илимий билим берүү (магистр) | 5 | |
550200 | Физика-математикалык билим берүү (бакалавр) | 319 | |
550200 | Физика-математикалык билим берүү (магистр) | 9 | |
550300 | Филологиялык билим берүү (бакалавр) | 380 | |
550300 | Филологиялык билим берүү (магистр) | 10 | |
550400 | Социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавр) | 123 | |
550500 | Технологиялык билим берүү | 23 | |
550600 | Көркөм өнөр билими (бакалавр) | 68 | |
550700 | Педагогика (бакалавр) | 313 | |
550700 | Педагогика (магистр) | 20 | |
550800 | Кесиптик билим берүү (бакалавр) | 38 | |
550800 | Кесиптик билим берүү (магистр) | 8 | |
Бардыгы: |
| 1918 | |
Өнөр жай (тамак-аш, иштетүүчү, машина куруу) | 570700 | Костюм жана текстиль искусствосу (бакалавр) | 47 |
580600 | Логистика (бакалавр) | 25 | |
580600 | Логистика (магистр) | 3 | |
650100 | Материал таануу жана материалдардын технологиясы (бакалавр) | 14 | |
650300 | Машина куруу (бакалавр) | 18 | |
650300 | Машина куруу (магистр) | 3 | |
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (бакалавр) | 12 | |
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (магистр) | 3 | |
650500 | Колдонмо механика (бакалавр) | 17 | |
650500 | Колдонмо механика (магистр) | 3 | |
680100 | Приборкуруу (бакалавр) | 5 | |
680200 | Биотехникалык системалар жана технологиялар (бакалавр) | 15 | |
690100 | Электроника жана наноэлектроника (бакалавр) | 15 | |
690100 | Электроника жана наноэлектроника (магистр) | 7 | |
690600 | Телематика (бакалавр) | 10 | |
700200 | Техникалык системаларда башкаруу (бакалавр) | 12 | |
700200 | Техникалык тутумдарда башкаруу (магистр) | 3 | |
700300 | Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу (бакалавр) | 15 | |
700300 | Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу (магистр) | 3 | |
700500 | Мехатроника жана робототехника (бакалавр) | 21 | |
700500 | Мехатроника жана робототехника (магистр) | 3 | |
700600 | Стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология (тармактар боюнча) (бакалавр) | 19 | |
700600 | Стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология (тармактар боюнча) (магистр) | 3 | |
700800 | Техникалык физика (бакалавр) | 15 | |
700800 | Техникалык физика (магистр) | 5 | |
720100 | Химиялык технология (бакалавр) | 17 | |
720100 | Химиялык технология (магистр) | 5 | |
740100 | Өсүмдүктөрдөн алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 15 | |
740100 | Өсүмдүктөрдөн алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 3 | |
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 15 | |
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 3 | |
740300 | Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (бакалавр) | 19 | |
740600 | Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы (бакалавр) | 14 | |
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (бакалавр) | 26 | |
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (магистр) | 3 | |
760300 | Техночөйрөлүк коопсуздук (бакалавр) | 28 | |
760300 | Техночөйрөлүк коопсуздук (магистр) | 6 | |
Бардыгы: |
| 450 | |
Айыл чарба | 520900 | Биоэкология (бакалавр) | 15 |
520900 | Биоэкология (магистр) | 5 | |
610001 | Ветеринария (адис) | 96 | |
610200 | Агрономия (бакалавр) | 57 | |
610200 | Агрономия (магистратура) | 5 | |
610300 | Агроинженерия (бакалавр) | 54 | |
610300 | Агроинженерия (магистратура) | 5 | |
610400 | Зоотехния (бакалавр) | 15 | |
610400 | Зоотехния (магистр) | 3 | |
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (бакалавр) | 38 | |
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (магистр) | 5 | |
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (бакалавр) | 15 | |
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (магистр) | 5 | |
720200 | Биотехнология (бакалавр) | 35 | |
720200 | Биотехнология (магистр) | 10 | |
730100 | Токой иштери жана ландшафттык курулуш (бакалавр) | 15 | |
730100 | Токой иштери жана ландшафттык курулуш (магистр) | 5 | |
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (бакалавр) | 30 | |
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (магистр) | 10 | |
610880 | Балык чарба жана аквакультура (бакалавр) | 15 | |
Бардыгы: |
| 438 | |
Байланыш | 690300 | Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы (бакалавр) | 33 |
690300 | Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы (магистр) | 5 | |
690200 | Радиотехника (бакалавр) | 14 | |
Бардыгы: |
| 52 | |
Курулуш | 750100 | Архитектура (бакалавр) | 25 |
750100 | Архитектура (магистр) | 8 | |
750200 | Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (бакалавр) | 15 | |
750300 | Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо (бакалавр) | 14 | |
750400 | Шаар курулушу (бакалавр) | 20 | |
750400 | Шаар курулушу (магистр) | 5 | |
750500 | Курулуш (бакалавр) | 138 | |
750500 | Курулуш (магистр) | 35 | |
750002 | Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу (адис) | 15 | |
Бардыгы: |
| 275 | |
Транспорт | 670100 | Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (бакалавр) | 10 |
670100 | Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (магистр) | 5 | |
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (бакалавр) | 35 | |
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (магистр) | 8 | |
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (бакалавр) | 50 | |
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (магистр) | 8 | |
Бардыгы: |
| 116 | |
Туризм | 600100 | Сервис (бакалавр) | 5 |
600200 | Туризм (бакалавр) | 29 | |
600300 | Мейманкана иши (бакалавр) | 5 | |
Бардыгы: |
| 39 | |
Башкаруу | 580900 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (магистр) | 80 |
Бардыгы: |
| 80 | |
Экология | 520800 | Экология жана жаратылышты колдонуу | 55 |
Бардыгы: |
| 55 | |
Энергетика | 640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (бакалавр) | 15 |
640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (магистр) | 3 | |
640200 | Электр энергетикасы жана электр техникасы (бакалавр) | 107 | |
640200 | Электр энергетикасы жана электр техникасы (магистр) | 5 | |
Бардыгы: |
| 130 | |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку окуу жайларына кабыл алууда жеңилдиктерден пайдаланган адамдарга берилүүчү гранттар: |
| ||
2020-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн гранттардын саны | 50 | ||
Жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына, майыптарына, бала чагынан майыптарга теңештирилген I, II топтогу майыптардын катарындагы жарандарды; майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды кабыл алуу үчүн гранттардын саны(*) | 288 | ||
2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары жана кайрылман статусу бар адамдар үчүн гранттардын саны | 30 | ||
чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны | 75 | ||
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны | 80 | ||
6000 | |||
Эскертүү (*) Айылдык жаштардын катарындагы адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу квотанын алкагында гранттык окууга кабыл алынат.