Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 373 токтомуна) |
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) жеке менчик укугунда, чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда же болбосо башка мыйзамдуу негизде (ижара укугунда, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат боюнча, транспорт каражатын өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү органдын тескемесине ылайык ж.б.) транспорт каражатына ээлик кылган, уруксаттардын (лицензиялардын) негизинде кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган юридикалык, ошондой эле жеке жактар (мындан ары - камсыздандырылуучу) тарабынан кооптуу жүктөрдү ташууда үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө келтирилген чыгымдар жана зыяндар үчүн юридикалык жактар (камсыздандыруу уюмдары) (мындан ары - камсыздандыруучу) менен жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими транспорт каражатынын (кыймылдуу транспортту кошпогондо) мамлекеттик каттоодон өткөн фактысын, ошондой эле ушул Эрежелердин 1-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражатына ээлик кылуу укугун тастыктоочу документтерди берүү шартында түзүлүшү мүмкүн.
3. Ушул Эрежелерге ылайык түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп калат жана тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат.
2-глава. Камсыздандыруунун объектиси, камсыздандыруу окуясы, камсыздандыруу жоопкерчилигинин көлөмү
4. Кооптуу жүктөрдү ташуу процессинде үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна, материалдык баалуулуктарына жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдеттер менен байланышкан камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп саналат.
Камсыздандыруучу ташылган жүккө келтирилген зыян үчүн, ошондой эле камсыздандырылуучунун (анын кызматкерлеринин) эмгек милдеттерин аткарууда мүлктүк кызыкчылыктарына келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5. Камсыздандыруу окуясы деп болгон окуя саналат, анын келип чыгышы менен жүк ташуучу катары чыккан камсыздандырылуучуда кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда транспорт каражатын пайдаланууга байланыштуу үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети пайда болот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген үчүнчү жактар тарабынан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө камсыздандырылуучуга негиздүү дооматтарды коюу фактысы менен тастыкталган күтүлбөгөн, алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жана атайлабаган мүнөздөгү себептерден улам пайда болгон окуя.
6. Дооматты берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү документтик тастыктаманы камсыздандырылуучу алган учурдан тартып доомат коюлду деп эсептелет.
7. Бир эле себептин натыйжасында бир катар ырааттуу келип чыккан окуялардын (мисалы, өрт, жарылуу ж.б.) кесепетинде бир нече адамга келтирилген зыян бир камсыздандыруу окуясы катары каралат.
8. Ушул Эрежелерге ылайык төмөнкүлөрдүн орду толтурулууга тийиш:
1) үчүнчү жактардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын;
2) үчүнчү жактардын мүлкүнө келтирилген зыяндын;
3) айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын.
9. Төмөнкүлөрдүн кесепетинен келтирилген зыяндын орду толтурулууга тийиш:
1) транспорт каражаттарынын аварияларынан, кыйроолорунан, кагылышууларынан, өрттөн, жарылуулардан;
2) жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда жүктөр менен болгон окуялардан.
3-глава. Камсыздандыруунун субъекттери
10. Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча укуктук мамилелердин субъекттери катары: камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, үчүнчү жак (пайда табуучу) чыгат.
11. Камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн жана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга белгиленген тартипте лицензия алган, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну караган юридикалык жак камсыздандыруучу деп таанылат.
12. Кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда зыян келтиргендиги үчүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн кооптуу жүктөрдү ташуучу юридикалык жактар жана жеке жактар камсыздандырылуучу катары чыга алат.
13. Үчүнчү жактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кооптуу жүктөрдү ташуунун натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна, же мүлкүнө зыян келтирилген жеке жактар;
2) кооптуу жүктөрдү ташуунун натыйжасында мүлкүнө зыян келтирилген юридикалык жактар;
3) кооптуу жүктөрдү ташуунун натыйжасында айлана-чөйрөгө зыян келтирилген учурда айлана-чөйрөнү коргоону башкаруу карамагына кирген мамлекеттин атынан чыккан аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы.
4-глава. Камсыздандырып жабуудан чыгаруу
14. Төмөнкүлөргө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар канааттандырылбайт:
1) согушка же согуш аракеттерине (согуш жарыяланганына же жарыяланбаганына карабастан), алардын кесепеттерине, куралдуу түзүмдөрдүн, террорчулардын аракеттерине, иш таштоолорго, чет мамлекеттердин кол салууларына, душмандык аракеттерине;
2) козголоңдорго, иш таштоолорго, локауттарга, өлчөмү элдик көтөрүлүшкө чейин өсүп жеткен жарандык баш-аламандыкка, көтөрүлүшкө, жарандык толкундоолорго, аскердик козголоңго, революцияларга, аскердик басып алууларга же бийликти мыйзамсыз тартып алууга, мүлктү конфискациялоого, реквизициялоого же улутташтырууга;
3) атомдук жарылуунун тике же кыйыр таасирлерине, сокку уруу толкунунун тике же кыйыр таасирлерине, атом энергиясын колдонуу жана бөлүктөргө бөлүнүүчү материалдарды пайдалануу менен байланышкан радиацияга жана радиоактивдик жана башка иондук нурданууларга;
4) табигый түрдө келип чыккан жеңилгис күчтөрдүн (жер титирөөнүн, жер көчкүнүн, чөгүүлөрдүн, суу ташкындарынын, суу каптап кетүүнүн ж.б.) таасирлерине.
15. Төмөнкүлөрдүн орду толтурулбайт:
1) компетенттүү органдардан уруксат албастан жана Камсыздандыруучу менен макулдашпастан конкреттүү кооптуу жүктү транспорт менен ташуу үчүн уруксат берилген жүрүү маршрутун өзгөртүүдө келтирилген зыяндын;
2) зарыл коргонуу же өтө зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун, алардын өкүлдөрүнүн, кызматкерлердин ниет-оюнун, орой этиятсыздыгынын натыйжасында келип чыккан зыяндын.
Мында мүмкүн болуучу зыяндын келтирилиши кыйла көп ыктымалдуулук менен күтүлгөн жана мындай аракеттерге жооптуу адам билип туруп жол берген аракет жана аракетсиздик атайлап зыян келтирүүгө теңештирилет;
3) келтирилген чыгымдар менен түздөн-түз себептик байланышта турган кылмыштын камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышы бар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте кылмыш же административдик укук бузуу деп таанылган камсыздандыруучу, анын өкүлдөрү, кызматкери тарабынан жасалган иш-аракеттердин кесепетинен келип чыккан зыяндын;
4) кооптуу жүктөрдү ташуу Эрежелерин регламенттеген ченемдерге байланыштуу (ташылган жүктүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) жана тиешелүү компетенттүү органдар берген талаптарды жана сунуштарды аткарбоонун кесепетинен келип чыккан зыяндын. Камсыздандыруучулардын талаптарын аткаруунун шарттары жана тартиби кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камтылат;
5) билдирилгенге ылайык келбеген жүктөрдү, ошондой эле контрабандалык жүктөрдү ташууда келтирилген зыяндын;
6) камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышта турган Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте кылмыш же административдик укук бузуу деп таанылган пайда табуучунун иш-аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндын;
7) Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун эрежелеринин талаптарын камсыздандырылуучу аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында (ташылган жүктүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) келтирилген зыяндын;
8) күнөөлүү иш-аракеттери чыгымдардын себеби болуп саналган үчүнчү жак келтирген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө каалагандай талаптардын;
9) келишимдердин, контракттардын, макулдашуулардын негизинде же камсыздандырылуучу менен макулдашуу боюнча билдирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө каалагандай талаптардын;
10) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган зыяндын ордун камсыздандыруу суммасынан ашыкча толтуруу жөнүндө каалагандай талаптардын.
16. Камсыздандыруучунун төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартышына төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
1) камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө камсыздандыруучуга кабарлабоо;
2) камсыздандырылуучу же пайда табуучу келтирилген зыянга күнөөлүү жактан тиешелүү чыгымдардын ордун толтуртуп алса.
5-глава. Камсыздандыруу суммасы, жоопкерчиликтин чектери
17. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган сумма камсыздандыруу суммасы болуп саналат, ага жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү белгиленет.
Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде болгон бардык камсыздандыруу окуялары боюнча төлөмдөрдүн жалпы суммасы камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн ашуусу мүмкүн эмес.
18. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө жоопкерчиликтин чектери белгилениши мүмкүн.
6-глава. Камсыздандыруу сый акылары (камсыздандыруу төгүмдөрү)
19. Камсыздандыруу үчүн төлөм камсыздандыруу сый акысы болуп саналат, аны камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруучуга берүүгө милдеттүү.
20. Камсыздандыруу сый акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тарифтик ставкаларына жана камсыздандыруу суммаларына жараша аныкталат.
21. Конкреттүү жүк үчүн камсыздандыруу тарифтеринин чоңдугу кооптуу жүктүн классификациясына, ташылып бараткан жүктүн көлөмүнө, аны ташуучу транспорттун түрүнө жана потенциалдуу зыяндын өлчөмүнө таасир тийгизүүчү башка факторлорго жана анын болуу ыктымалына жараша белгиленет.
7-глава. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
22. Милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндөгү макулдашуу болуп саналат, ага ылайык камсыздандырылуучу белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө камсыздандыруу сый акысын төлөп берүүгө милдеттенет, ал эми камсыздандыруучу кооптуу жүктөрдү ташуунун натыйжасында өмүргө, ден соолукка, мүлккө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө үчүнчү жактар мыйзамга негизденген талаптарды камсыздандырылуучуга койгон учурда, милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарында каралган өлчөмдөгү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө милдеттенет.
23. Милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө 1-тиркемеге ылайык формада түзүлөт. 2-тиркемеге ылайык форма боюнча камсыздандырууга арыз милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп саналат. Арыз милдеттүү камсыздандыруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана камсыздандыруу компаниясында сакталат.
24. Камсыздандырылуучу арыз бергенден кийин беш күндүк мөөнөттө милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди кабыл алат жана камсыздандыруу сый акыларынын эсептерин жүргүзөт.
25. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу тобокелдик даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниси бар белгилүү болгон жагдайларды камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн берилген маалыматтардын, анын ичинде камсыздандыруучунун жазуу жүзүндөгү суроолоруна берген жооптордун ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчиликтерди тартат.
26. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин 25-пунктта көрсөтүлгөн жагдайлар жөнүндө камсыздандырылуучу атайлап жалган маалыматтарды камсыздандыруучуга билдиргендиги белгилүү болсо, камсыздандыруучу келишимди жараксыз деп таанууну талап кылууга укуктуу.
27. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый акысы (же болбосо узартып төлөөдө биринчи камсыздандыруу төгүмү) төлөнгөн күндөн кийинки күндүн 00 саатынан тартып күчүнө кирет.
28. Камсыздандыруу сый акысын (биринчи камсыздандыруу төгүмү) төлөө күнү деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) накталай акча менен төлөөдө - камсыздандыруучунун кассасына акча каражаттарын төгүү күнү;
2) накталай эмес эсеп боюнча төлөөдө - камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебине акча которуу күнү.
29. Милдеттүү камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.
30. Милдеттүү камсыздандыруу келишими 1 жылдык мөөнөткө же жүктөрдү ташуу мезгилине түзүлөт.
31. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучунун жоопкерчиликтери жөнөтүү пунктунан жүктү жүктөгөн учурдан тартып, бирок 28-пунктта көрсөтүлгөн күндөн мурда эмес, камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн жүк баруучу пунктта аларды түшүрүп бүткөнгө чейин башталат, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушунун бүтүшү көрсөтүлгөн күндөн кеч эмес.
32. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу же ал ыйгарым укук берген адам жүккө алдын ала кароолорду жүргүзүүгө жана тизмелерди түзүүгө, таңгактарды, контейнерлерди ж.б. пломбалоого катышууга укуктуу.
33. Камсыздандыруу мөөнөтү, башкача айтканда камсыздандыруучу жоопкерчилик тарта турган мезгил милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленет. Камсыздандыруу мөөнөтүнүн башталышы календардык күндү, же сөзсүз болушу керек болгон окуяны (мисалы, жүк ташуучу тарабынан жүк кабыл алынган күн) көрсөтүү менен аныкталышы мүмкүн. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу бүтө турган күн да келишимде көрсөтүлөт. Темир жол транспорту үчүн келишимди колдонууну токтотуу мөөнөтү баруу пунктунда жүктөрдү түшүрүп бүткөн, календардык штамп менен күбөлөндүрүлгөн дата болуп саналат. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жана камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый акысын төлөгөндөн кийин орун алган же камсыздандыруу датасы башталганга чейин колдонулуп баштаган себептерден улам камсыздандыруу окуясы болсо, анда камсыздандыруу төлөмдөрү ошол камсыздандыруу окуясынын болушуна кириптер кылуучу окуялар жана процесстер жөнүндө камсыздандырылуучу эч нерсе билбеген жана билиши мүмкүн болбогон учурда гана төлөнүүгө тийиш.
8-глава. Тараптардын укуктары жана милдеттери
34. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Эрежелердин шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга;
2) камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
3) камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө билдирүү келип түшкөндө аны белгиленген тартипте токтоосуз каттоого жана 3-тиркемеге ылайык форма боюнча камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт түзүүгө;
4) камсыздандыруу актысын түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) таанышуу үчүн берүүгө;
5) камсыздандыруу окуясы таанылган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө арызды жана камсыздандыруу окуясынын болушун бышыктаган керектүү бардык документтерди алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде камсыздандыруу суммасынын жана жоопкерчиликтин алкагында камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө. Тараптардын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн, мүнөзүн жана формасын аныктаган компетенттүү сот органынын чечиминин негизинде камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилет. Эгерде камсыздандыруу төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнүп берилбесе, камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөгү туумду төлөп берет;
6) ушул Эрежелерге ылайык камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясы болгондо чыгымдарды болтурбоо же азайтуу максатында камсыздандырылуучу жумшаган чыгымдарды кайтарып берүүгө, эгерде мындай чыгымдарды жумшоо зарыл болсо же камсыздандыруучунун макулдугу менен сарпталса;
7) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу үчүн негиздер болгон учурда баардык керектүү документтер берилген датадан тартып отуз күндүн ичинде, баш тартуунун себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө бул жөнүндө камсыздандырылуучуга билдирүүгө;
8) камсыздандыруу сырын сактоого.
35. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражатына эксплуатациялык документтерди изилдөөгө. Ушул пункттун жоболору темир жол транспортуна колдонулбайт;
2) тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, алардын компетенциясына жараша камсыздандыруу окуясынын болуу фактысын жана жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын өлчөмүн бышыктаган документтерди сурап алууга;
3) үчүнчү жактын ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо жана камсыздандыруу окуясы болгондо төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга. көз карандысыз эксперттин зыяндын өлчөмүн баалоо мөөнөтү комиссиянын иштөө мөөнөтүнөн ашпашы керек;
4) камсыздандыруу окуясынын болушун жана зыяндын өлчөмдөрүн таануу максатында камсыздандырылуучу койгон доо талаптарын жана башка дооматтарды экспертизадан өткөрүүгө. Экспертиза жүргүзүүнү талап кылган тараптын эсебинен экспертиза жүргүзүлөт;
5) жабыр тарткан үчүнчү жактын дооматтарын жөнгө салуу максатында камсыздандырылуучу менен макулдашуу боюнча камсыздандырылуучунун кызыкчылыктарын коргоого;
6) камсыздандырылуучу менен макулдашуу боюнча камсыздандырылуучунун атынан камсыздандыруу окуясынын кесепетинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана макулдашууларды түзүүгө;
7) келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен байланышкан мамилелерде камсыздандырылуучунун атынан жана тапшыруусу боюнча чыгууга;
8) камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча пайда табуучу койгон доо талаптарга карата анын атынан сотто иштерди жүргүзүүнү өзүнө алууга. Бирок камсыздандыруучунун бул аракеттери камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү боюнча өзүнүн милдетин таануу катары бааланышы мүмкүн эмес;
9) мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандырылуучуга коюлган дооматтардын же доо талаптарынын өлчөмүн талашууга;
10) транспорт каражатынын техникалык абалы белгиленген талаптарга ылайык келбесе милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга;
11) камсыздандырылуучу билдирген маалыматтарды, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу келишиминин талаптарынын жана шарттарынын сакталышын текшерүүгө;
12) келтирилген зыяндар үчүн күнөөлүү адамга карата кайра талап кылуу укугун коюуга;
13) кооптуу жүктөрдү ташууда камсыздандыруу тобокелдигинин (камсыздандыруу окуясынын келип чыгуу ыктымалдыгы же ал келип чыккан учурда мүмкүн болуучу зыяндын өлчөмүнүн) өсүшүнө алып келиши мүмкүн болгон жагдайлар өзгөргөн учурда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга.
36. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген камсыздандыруучунун башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
37. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн керектүү маалыматтарды, анын ичинде камсыздандыруу тобокелдигинин даражасын баалоо үчүн олуттуу мааниси бар ага белгилүү баардык жагдайлар жөнүндө, келишимде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун күчүндө турган башка келишимдер жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
2) камсыздандыруу сый акысын милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө) төлөөгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүндө турган мезгилде келишимди түзүүдө камсыздандыруучуга билдирилген жагдайларда олуттуу өзгөрүүлөр болгондугу жана ошол өзгөрүүлөр камсыздандыруу тобокелдигинин өсүшүнө олуттуу таасир тийгизе тургандыгы ага маалым болушу жөнүндө камсыздандыруучуга дароо билдирүүгө;
4) транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоого тиешелүү, ошондой эле ташуунун эрежелерин регламенттеген жана кооптуу жүктөрдү сактоого карата ченемдерге (ташылуучу жүктүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) тиешелүү компетенттүү органдар берген баардык талаптарды жана сунуштарды аткарууга;
5) дароо, бирок үч жумуш күндөн кечиктирбестен, камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө камсыздандыруучуга жазуу жүзүндө билдирүүгө, ошондой эле ушул Эрежелерге ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө камсыздандыруучуну кириптер кыла турган каалагандай окуялар жөнүндө билдирүүгө. Мындай камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- үч жумуш күндүн ичинде ага маалым болгон бардык маалыматтарды, атап айтканда болгон окуянын толук баяндамасын (зарыл болгондо - жазуу жүзүндө) берүүгө жана камсыздандыруу окуясынын болушунун себептери, жүрүшү жана кесепеттери, ошондой эле келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү документтерди, атап айтканда: ушул окуяга байланыштуу алынган кандай болбосун доо талаптарынын же дооматтардын, каттардын, соттун жазма буйруктарынын, билдирмелердин, сотко чакыруулардын же башка юридикалык документтердин көчүрмөлөрүн камсыздандыруучуга жөнөтүүгө;
- камсыздандыруучуга талап кылынган андан аркы маалыматтарды жана жардамдарды берүүгө;
- камсыздандыруучунун кызыкчылыктарына зыян же чыгым келтирүүчү эч нерсени кылбоого;
6) камсыздандыруу окуясы болгондо чыгымдарды болтурбоочу жана анын өлчөмүн азайтуучу, анын ичинде мүлктү куткаруу жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча чараларды түзүлгөн жагдайларга жараша акылга сыярлык жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
7) камсыздандыруучунун өкүлүн камсыздандыруу окуясынын болушунун себептерине өз алдынча изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылууга;
8) камсыздандыруучунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ордун толтурууларды төлөбөөгө, ага коюлган кандай болбосун дооматтарды жана талаптарды жарым-жартылай же толук моюнга албоого, ошондой эле ошол талаптарды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир тике же кыйыр милдеттенмелерди өзүнө албоого;
9) камсыздандыруучу менен макулдашуу боюнча зыяндын ордун толтуруу жөнүндө дооматтарга байланыштуу камсыздандырылуучунун кызыкчылыктарын сотко коргоо ыйгарым укуктарды, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, келишимдерди түзүү жана башка аракеттерди жасоо боюнча ыйгарым укуктарды ага өткөрүп берүүгө;
10) эгерде камсыздандырылуучуда доону токтотуу же анын өлчөмүн азайтуу талабын коюу мүмкүнчүлүгү болсо аны камсыздандыруучуга билдирүүгө жана доону токтотуу же анын өлчөмүн азайтуу боюнча жеткиликтүү баардык чараларды көрүүгө;
11) зыян келтирүүгө күнөөлүү адамга карата кайра талап коюу укуктарынын камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга;
12) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруунун колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин толук көлөмдө аткарса, камсыздандырылуучу жаңы келишимди түзүүгө милдеттенет.
38. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Эрежелердин шарттарын, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
2) камсыздандыруу тобокелдигин баалоо же үчүнчү жактын ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн көз карандысыз экспертти тартууга. Экспертиза аны жүргүзүүнү талап кылган тараптын эсебинен жүргүзүлөт;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүндө турган мезгилде камсыздандыруучу менен макулдашуу боюнча камсыздандыруу суммасын же камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин көлөмүн көбөйтүүгө;
4) камсыздандыруу полиси жоголгон учурда анын жупнускасын алууга;
5) үчүнчү жактын ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;
6) камсыздандыруучу жана (же) көз карандысыз эксперт жүргүзгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүнүн эсептери менен таанышууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
8) камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
9) кооптуу жүктөрдү ташуудагы камсыздандыруу тобокелдигинин (камсыздандыруу окуясынын болуу ыктымалынын же ал болгондо келтирилүүчү зыяндын өлчөмдөрүнүн) төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн болгон жагдайлар өзгөргөн учурда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;
10) ушул Эрежелерде каралган учурларда жана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;
11) милдеттүү камсыздандыруу келишиминин талаптарын жана шарттарын камсыздандыруучу тарабынан аткарылышын текшерүүгө.
39. Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери белгилениши мүмкүн.
9-глава. Үчүнчү жактардын укуктары
40. Жабыр тарткан төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандырылуучу кооптуу жүктөрдү ташууда келип чыккан камсыздандыруу окуясы жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
2) камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруу төлөмү үчүн керектүү документтерди топтоого жана аларды камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучуга берүүгө;
3) ден соолукка жана (же) мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга. Экспертиза аны жүргүзүүнү талап кылган тараптын эсебинен жүргүзүлөт;
4) келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;
5) камсыздандыруу төлөмүн алууга;
6) камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
7) алган камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан келтирилген зыяндын ашкан суммасынын өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапты камсыздандырылуучуга коюуга.
41. "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда 13-берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жабырлануучулардын укуктары башка адамдарга (пайда алуучуларга) өтөт.
10-глава. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби жана шарттары
42. Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү камсыздандыруучу жана (же) көз карандысыз эксперт тарабынан авариянын себептерин изилдөө актыларынын, сот чечимдеринин жана келтирилгени зыяндын өлчөмү жана себептери жөнүндө маалыматтарды камтыган башка материалдардын негизинде аныкталат.
43. Зыянга учураган мүлктүн ордун толтуруунун өлчөмү аны калыбына келтирүүнүн наркын эсептеп чыгуунун негизинде, камсыздандыруу окуясы болгонго чейинки мүлктүн эскирүүсүн эске алуу менен аныкталат. Мүлктү калыбына келтирүүнүн наркы камсыздандыруу окуясы болгон учурда колдонулган орточо рыноктук баалардын жана тарифтердин негизинде аныкталат.
44. Жок кылынган мүлктүн ордун толтуруунун өлчөмү мүлктүн чыныгы наркынын негизинде, камсыздандыруу окуясы болгон күнү мүлктүн эскирүүсүн эске алуу менен аныкталат. Эгерде мүлктү калыбына келтирүү техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан негизсиз болсо, ал жок кылынды деп эсептелет. Эгерде күтүлүүчү чыгымдар (калыбына келтирүүнүн наркы) камсыздандыруу окуясы болгон күнкү амортизациялык чегеримдер эске алынган мүлктүн чыныгы наркынын 80 пайызынан ашса, мүлктү калыбына келтирүү экономикалык жактан негизсиз деп эсептелет.
45. Жабырланган адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда ордун толтуруунун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготуунун кесепетинен жабырлануучу ажыраган же майып болуунун же ден соолугун башкача бузуунун натыйжасында азайган иштеп тапканы (кирешеси), ал жарандык мыйзамдарга ылайык аныкталат;
2) ден соолугу бузулушунан улам жабырлануучу тарткан кошумча чыгымдар, анын ичинде дарыланууга (медициналык мекемелердин эсептеринин негизинде аныкталат), кошумча тамактанууга (кошумча тамактануу рациону жөнүндө медициналык мекеменин маалымкатынын жана продуктуларга баалары жөнүндө маалымкаттын негизинде аныкталат), протез коюуга (медициналык мекеменин эсептери), башкалардын багуусуна, санаторийлик-курорттук дарыланууга, анын ичинде дарылануучу жерге барууга жана кайра келүүгө жол кирелердин наркы, атайын транспорт каражаттарын сатып алуу (медициналык-социалдык экспертизанын мамлекеттик кызматынын тиешелүү органы көрсөткөн транспорт каражатынын наркынын чегинде), башка кесипке даярдоого (окутууга сарптоолор жөнүндө окуу жайынын эсептери) кеткен чыгымдар, эгерде медициналык экспертизанын корутундусу боюнча ушул чыгымдарды жумшоо зарыл жана кечиктирилгис экендиги белгиленсе, же дарыгер дайындаган болсо, жабырлануучу жардамдын ушул түрүнө жана багууга муктаж жана аларды бекер алууга укугу жок болсо, жана жогоруда аталган чыгымдарды төлөө үчүн негиз болгон башка документтер;
3) жабырлануучу өлүп калган учурда анын багуусунда турган, же анын асыроосун алууга укуктуу эмгекке жөндөмсүз адамдар жоготкон иштеп табуусу (кирешеси).
46. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
47. Камсыздандыруу төлөмү үчүнчү жакка келтирилген чыгымдардьга (реалдуу зыяндын) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
48. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилиги бир нече камсыздандыруучуларда милдеттүү камсыздандырылганда (кошо камсыздандырылганда) ар бир камсыздандыруучу аны менен түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишиминин чегинде камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) алдында жоопкерчилик тартат. Бирок баардык камсыздандыруучулардан камсыздандырылуучу (пайда табуучу) алган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы реалдуу зыяндан ашпайт. Кош камсыздандыруу учурларында камсыздандыруу төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте төлөнүп берилет.
49. Келтирилген зыяндын орду башка адамдар тарабынан да толтурулган учурларда, камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы менен башка адамдар компенсациялаган сумманын ортосундагы айырманы гана төлөйт. Камсыздандырылуучу өзүнө белгилүү болгон үчүнчү жакка келтирилген зыяндын ордун башка адамдар төлөгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
50. Камсыздандыруу окуясынан улам келүүчү зыянды болтурбоо же азайтуу максатында камсыздандырылуучу жумшаган чыгымдар, эгерде алар зарылдык боюнча жана (же) камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн жумшалса, тийиштүү чаралар майнапсыз болуп чыккан учурда да камсыздандыруучу тарабынан милдеттүү түрдө төлөнүп берилет. Камсыздандырылуучунун аталган чыгымдары иш жүзүндөгү өлчөмүндө, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана төлөнүп берилген чыгымдардын жалпы суммасы камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасынан ашып кетпегендей түрдө төлөнүп берилет. Эгерде чыгымдар камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруунун натыйжасында келип чыкса, алар камсыздандыруу суммасына көз карандысыз түрдө толук өлчөмдө төлөнүп берилет.
51. Жабырлануучу өлүмгө учураганда, анын мураскорлору жок болсо, жабырлануучуну көмгөн адам тарткан зарыл чыгымдар мыйзамда каралган тартипте камсыздандыруучу тарабынан төлөнүп берилет.
52. Антиквардык же сейрек учуроочу нерселер, асыл металлдардан, асыл, жарым асыл таштардан жасалган буюмдар, диний ибадат буюмдары, коллекциялар, кол жазмалар, акча белгилери, баалуу кагаздар, документтер жана фотосүрөттөр жок кылынса же зыянга учураса төлөнүп берилүүгө тийиш эмес.
53. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун арызынын, камсыздандыруу актысынын негизинде жана авариянын себептерин иликтөө актысынын, соттун чечимдеринин жана келтирилген зыяндын өлчөмү жана себептери жөнүндө маалыматтарды камтыган башка материалдардын негизинде камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөйт.
54. Камсыздандыруу актысы камсыздандыруучу же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан камсыздандырылуучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен билдирүүнү, ошондой эле камсыздандыруу окуясы болгонуна, анын себептерине, чыгымдардын өлчөмүнө тиешелүү бардык керектүү документтерди алгандан кийин түзүлөт. Зарыл болгон учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясына байланышкан кошумча маалыматтарды укук коргоо органдарынан жана камсыздандыруу окуясы жөнүндө маалыматтары бар башка ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан сурап алышы мүмкүн, ошондой эле камсыздандыруу окуясынын себептерин жана жагдайларын өз алдынча билүүгө укуктуу.
55. Жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө бир мезгилде зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрү камсыздандыруу суммасынын жана жоопкерчилик лимиттеринин чегинде төлөнөт, мында биринчи кезекте жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна жана эмгек жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыяндын орду толтурулат, андан кийин мүлккө жана акыркы кезекте айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын орду толтурулат.
56. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап камсыздандырылуучу же пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен коюлат:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсүн;
2) камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) арызын же кооптуу жүктөрдү ташууда болгон инциденттин кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин;
3) зыян келтирген фактыны, анын мүнөзүн жана өлчөмүн ырастоочу документтерди (маалымкаттарды, актыларды, компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундуларын ж.б.);
4) зыяндарды болтурбоо же анын өлчөмүн азайтуу боюнча көрүлгөн чараларга байланыштуу чыгымдарды ырастоочу документтерди (бар болсо).
57. Ушул Эрежелердин 56-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү документтерди алган күндөн тартып камсыздандыруучу отуз күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берет. Камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөн күн деп камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебинен акчаны эсептен чыгарган же аларды камсыздандыруучунун кассасы аркылуу берген күн эсептелет.
58. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн камсыздандыруучунун баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Эрежелердин 14, 15, 16-пункттарында каралган учурлар;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган же милдеттүү камсыздандыруу келишими менен шартталган башка учурлар.
59. Камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимин кабыл алууга жана камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырууга же камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууга жана ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык керектүү документтерди алган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү жүйөлүү билдирүүнү камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) жөнөтүүгө милдеттүү.
11-глава. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин токтотуунун шарттары. Өзгөчө шарттар
60. Милдеттүү камсыздандыруу келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
1) аны колдонуу мөөнөтү өткөндө;
2) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучунун алдындагы милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарганда;
3) камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый акысын (камсыздандыруу төгүмдөрүн) келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте юридикалык жак болуп саналган камсыздандырылуучу жоюлганда;
5) камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоюлганда;
6) милдеттүү камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими кабыл алынганда;
7) кооптуу жүктөрдү ташууга укук берген лицензияны колдонуу мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле аны колдонуу токтотулганда же чакыртып алынганда;
8) камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдалануу укугунан белгиленген тартипте ажыратылганда;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган башка учурларда.
61. Милдеттүү камсыздандыруу келишими тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ниеттери жөнүндө тараптар, эгерде келишимде башкача каралбаса, келишимди токтотуунун болжолдонгон күнүнө чейин 30 күн мурда бири-бирине билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучунун чечими боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, камсыздандыруучу камсыздандыруунун өтпөгөн мезгили үчүн камсыздандыруу сый акысынын бөлүгүнөн иш жүргүзүү чыгымдарына 10% өлчөмүндө укугу бар, салыктарды жана жыйымдарды алып салганда, эгерде камсыздандырылуучунун талаптары милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын камсыздандыруучунун аткарбай коюшу же талаптагыдай эмес аткарышы менен шартталса, анда камсыздандыруучу ал төлөгөн камсыздандыруу сый акысын камсыздандырылуучуга толук кайтарып берет. Камсыздандырылуучунун талабы боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулганда, камсыздандыруучу, төлөнгөн салыктарды жана жыйымдарды алып салганда, милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуунун өтпөгөн мезгили үчүн ага камсыздандыруу сый акысын кайтарып берет, иш жүргүзүүгө 10% чыгымдарын жана милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинин кыска мөөнөтү үчүн кайра эсептеп берет.
62. Юридикалык жак болуп саналган камсыздандырылуучу кайра уюштурулганда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча анын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте тиешелүү укук мураскоруна өтөт.
63. Милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулуп жаткан мезгилде камсыздандырылуучу камсыздандыруу полисин жоготкон учурда анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ага дубликат берилет. Дубликат берилгенден кийин жоголгон камсыздандыруу полиси жараксыз деп эсептелет жана ал боюнча эч кандай төлөөлөр жүргүзүлбөйт.
64. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан талаптар боюнча доолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде коюлушу мүмкүн.
65. Милдеттүү камсыздандыруу келишимине тиешелүү же ага байланыштуу келип чыккан жана тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынбаган дооматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш.
12-глава. Зыян келтирген адамга карата кайра талап коюу укугу
66. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн камсыздандыруучу төлөнгөн сумманын чегинде камсыздандырылуучуга кайра талап коюуга төмөнкүдөй учурларда укугу бар:
1) эгерде камсыздандырылуучунун жарандык жоопкерчилиги камсыздандыруу окуясынын келип чыгышына багытталган, же анын болушуна түрткү берүүчү анын атайын аракеттеринин натыйжасында келип чыкса, зарыл коргонуу жана өтө зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо;
2) эгерде камсыздандырылуучунун же анын кызматкеринин жарандык жоопкерчилиги алкоголдук, баңгилик же токсиндик мас абалында транспорт каражатын башкаруунун кесепетинен келип чыкса;
3) эгерде транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушунун кесепетинен камсыздандыруу окуясынын болгондугу соттук териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталса, ал тууралуу камсыздандырылуучу билсе же билүүгө тийиш болсо;
4) камсыздандырылуучу камсыздандыруу окуясынан болгон чыгымдарды азайтуу боюнча чараларды атайылап кабыл албаса.
67. Эгерде ушул Эрежелердин 66-пунктунда саналган учурларда келтирилген зыянга күнөөлүү болуп транспорт каражатын анын ээси менен түзүлгөн эмгек мамилелерден улам же анын ээсинин катышуусунда бүтүмдү жазуу жүзүндө тариздөөсүз эксплуатациялаган жак саналса, анда камсыздандыруучу ошол транспорт каражатынын ээсине карата кайра талап коюуга укугу бар.
68. Камсыздандыруу төлөмүн төлөгөн камсыздандыруучуга ал төлөгөн сумманын чегинде кайра талап коюу укугу өтөт, ал камсыздандырылуучу камсыздандыруунун жыйынтыгында камсыздандыруучу ордун толтурган чыгымдар үчүн жооптуу жакка карата болот. Камсыздандырылуучу зыяндын ордун толтуртуу талабына болгон укукту жүзөгө ашыруу үчүн керектүү колундагы бардык документтерди камсыздандыруучуга берүүгө милдеттүү.
69. Эгерде камсыздандыруучу ордун толтурган чыгымдар үчүн жооптуу адамга карата өзүнүн талап коюу укугунан камсыздандырылуучу баш тартса, же камсыздандырылуучунун күнөөсү боюнча бул укукту жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн толук же тиешелүү бөлүгүн төлөөдөн бошотулат жана ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
13-глава. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын айдоочуларына кошумча талаптар
70. Камсыздандырылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын жанында төмөнкү документтер болушу керек:
1) аймагы боюнча жүк ташылган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилген кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат;
2) кооптуулук жөнүндө маалымат системасынын авариялык картасы (кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражатынын же калкалоочу автомобилдин жол баракчасына тиркелет).
14-глава. Талаштарды чечүүнүн тартиби
71. Камсыздандыруучунун жана камсыздандырылуучунун ортосундагы милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча бардык талаштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
72. Макулдашуу жетишилбеген учурда, талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каралат.
|
| Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 1-тиркеме |
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун типтүү келишими (Камсыздандыруу полиси)
Серия __________________ № ______________ 20__-ж. "____" _____________
Камсыздандырылуучу: _______________________________________________
Камсыздандыруучу: _________________________________________________
Камсыздандыруу мезгили: 20___-ж. "___"_______ 20___-ж. "___"_______ чейин
эки дата камтылган
Камсыздандыруунун шарттары: Бул Келишимдин жоболору Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине (мындан ары - Эрежелер) ылайык келет.
Эрежелердин ушул Келишимде баяндалбаган жоболору анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана камсыздандырылуучу үчүн милдеттүү деп эсептелет.
Ушул Келишимге кол коюу менен камсыздандырылуучу Эрежелерди алгандыгын, аны менен таанышкандыгын бышыктайт жана аткарууга милдеттенет.
Камсыздандырылган иш: Ушул Келишимдин алкагында кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт(тор) каражатын(тарын) эксплуатациялоо менен байланышкан камсыздандырылуучунун иши камсыздандырылды деп эсептелет:
Транспорт каражаты:
маркасы/модели: _________________________________________________________________;
кузовдун номери: _________________________________________________________________;
кыймылдаткычтын номери: _________________________________________________________;
каттоо номери: ___________________________________________________________________;
чыгарылган жылы: ____________________________________________________________ жыл
(Зарыл болгон учурда өзүнчө баракка тиркелет, ал Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин
ажырагыс бөлүгү болуп саналат).
Ташылуучу кооптуу жүктөрдүн категориялары:
1. _____________________________________________________________________________
2. _____________________________________________________________________________
3. _____________________________________________________________________________
Камсыздандыруу объектиси: Кооптуу жүктөрдү ташуу процессинде үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна, материалдык баалуулуктарына жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдеттер менен байланышкан камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп саналат.
Камсыздандыруучу ташылган жүккө келтирилген зыян үчүн, ошондой эле камсыздандырылуучунун (анын кызматкерлеринин) эмгек милдеттерин аткарууда мүлктүк кызыкчылыктарына келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Камсыздандыруу окуясы: Камсыздандыруу окуясы деп болгон окуя саналат, анын келип чыгышы менен жүк ташуучу катары чыккан камсыздандырылуучуда кооптуу жүктөрдү ташууда, жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда транспорт каражатын пайдаланууга байланыштуу үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети пайда болот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген үчүнчү жактар тарабынан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө камсыздандырылуучуга негиздүү дооматтарды коюу фактысы менен тастыкталган күтүлбөгөн, алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жана атайлабаган мүнөздөгү себептерден улам пайда болгон окуя.
Жоопкерчилик чеги: ____________________________________________________ сом
Камсыздандыруу аймагы: __________________________________________________
Жөнөтүү пункту: __________________________________________________________
Баруу пункту: ____________________________________________________________
Которуштуруп жүктөө пункту: _______________________________________________
Камсыздандыруу сый акысы: ушул Келишим боюнча камсыздандыруу сый акысынын суммасы _______________________ сомду түзөт.
Төлөө тартиби: Камсыздандыруучу койгон эсепке ылайык бир жолку (узартылган) төлөм менен, 20_______-жылдын "_______" ______________ кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
Атайын шарттар: Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде сый акы төлөө күнү катары белгиленген мөөнөттө сый акы төлөнбөгөн учурда Келишим күчүнө кирген жок деп эсептелет жана анын тараптары үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерге алып келбейт.
Камсыздандыруу валютасы: Камсыздандыруу сый акысынын бардык чектөөлөрү жана суммалары Келишимде кыргыз сому менен көрсөтүлөт. Камсыздандыруу сый акылары жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү төлөмдөр төлөнө турган датага карата кыргыз сому менен жүргүзүлөт.
Колдонулуучу мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
Келишимдин шарттарын өзгөртүү: Келишимди колдонуунун мезгилинде ушул Келишимдин шарттарына киргизилүүчү баардык өзгөрүүлөр тараптар менен макулдашуу боюнча камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызы менен Келишимге Кошумчаларды тариздөө аркылуу киргизилиши мүмкүн, кол коюлгандан кийин алар Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп калат.
Тиркеме: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери, камсыздандырылуучунун арызы ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
КАМСЫЗДАНДЫРЫЛУУЧУ: |
| КАМСЫЗДАНДЫРУУЧУ: |
|
|
|
______________________________________ |
| ______________________________________ |
М.О. |
| М.О. |
|
|
|
____________________________________________________ |
| ___________________________________________________ |
(Аты-жөнү, кызмат орду, ыйгарым укуктарынын негиздери) |
| (Аты-жөнү, кызмат орду, ыйгарым укуктарынын негиздери) |
|
|
|
20__-жылдын "__"___________ |
| 20__-жылдын "__"___________ |
|
| Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга камсыздандырылуучунун АРЫЗЫ
1. Камсыздандырылуучу: __________________________________________________________________
(аталышы, реквизиттери, дареги, телефон №)
2. Ишинин түрү: __________________________________________________________________________
3. Пайда табуучу: _________________________________________________________________________
(аталышы, дареги, телефон №)
4. Жүктүн аталышы жана шарттуу белгилери: _________________________________________________
(жүктүн мүнөздөмөсү, таңгактоо ыкмасы,
_______________________________________________________________________________________
орундардын саны же салмагы, ошондой эле башка зарыл маалыматтар)
5. Ташууларды жүзөгө ашыруунун негизи болгон сертификаттардын (уруксаттардын)
номерлери: _____________________________________________________________________________
Ташылуучу жүктөр:
Жоопкерчиликтин лимити (камсыздандыруу суммасы) Сиз көрсөткөн кооптуу жүктөрдүн
категорияларына жана аларды ташуу көлөмүнө жараша болору мыйзамда белгиленген.
Кооптуу жүктөрдүн категориялары | Ооба/жок | Ташуулардын пландалган көлөмү | Жоопкерчиликтин зарыл лимити |
Жарылуучу заттар, 1-класс |
|
|
|
Кысылган, төмөндөтүлгөн газдар жана эритмелер, 2-класс |
|
|
|
Тез күйүүчү суюктуктар, 3-класс |
|
|
|
Тез күйүүчү заттар жана материалдар, 4-класс |
|
|
|
Кычкылдантуучу заттар жана органикалык кычкылдар, 5-класс |
|
|
|
Уу (токсиндүү) заттар, 6-класс |
|
|
|
Радиоактивдүү жана инфекциялык заттар, 7-класс |
|
|
|
Жегич жана коррозиялык заттар, 8-класс |
|
|
|
Башка кооптуу заттар, 9-класс |
|
|
|
Башка жүктөр: |
|
|
|
6. Таңгактоонун түрү жана атайын коргоочу жабуусу жөнүндө маалыматтар _______________
______________________________________________________________________________
7. Ташуу маршруту:
Жөнөтүү пункту (так дареги) |
|
Жетүү пункту (так дареги) |
|
Кайра жүктөө пункту |
|
Транспорт менен ташуу мезгилинде убактылуу кампага коюу (сактоо жери жана убактылуу сактоо жери көрсөтүлөт) |
|
8. Тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган кооптуу жүктөрдү коопсуз ташуу шарттары: ______
______________________________________________________________________________
9. Жүктөрдү ким ташыйт (жүк ташуучунун реквизиттери) _______________________________
10. Транспорттун түрү ("+" белгисин койгула)
Кеме | Аталышы |
|
Курулган жылы |
| |
Коносамент |
| |
Авиатранспорт | Авиакоштомо кагазы № |
|
Автотранспорт | Экспедитор фирманын/ташуучунун аталышы |
|
Котптомо кагаз/СМК. № |
| |
Темир жол | Вагондун түрү |
|
Коштомо кагаз ЭЖТМ № |
|
11. Камсыздандыруу мезгили: 20__-ж. "____" _____________ тартып 20___-ж. "____"__________ чейин
12. Камсыздандыруу сый акыны төлөө _____________________________________________________
_________________________________________________________ (толугу менен же төгүмдөр менен)
13. Транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөлөрү
Транспорт каражатынын маркасы | Жүк көтөрүмдүүлүгү | Мамлекеттик каттоо номери | Чыгарылган жылы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Керек болгондо өзүнчө тизме тиркегиле.
14. Ташуу мөөнөтү (болжолдуу):
Жөнөтүү күнү: _______________________________________________________________________
Келүү күнү: _________________________________________________________________________
15. Коопсуздук чаралары: _____________________________________________________________
16. Камсыздандыруу статистикасы (акыркы 3 жылдын ичинде сиздин жүктөргө карата болгон
бардык чыгымдар жана камсыздандыруу окуялары жөнүндө маалыматтар) ____________________
17. Сиздин көз карашыңыз боюнча, ушул тобокелдикке тиешеси бар маалыматтарды келтириңиз
____________________________________________________________________________________
18. Камсыздандырылуучу төмөнкү документтерди алып жүрүшү керек:
- аймагында ташуулар жүргүзүлүп жаткан жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилген кооптуу жүктөрдү ташууга уруксатты;
- кооптуулук тууралуу маалымат системасынын авариялык картасы (кооптуу жүктөрдү ташыган
транспорт каражатынын же коргоочу автомобилдин жол баракчасына тиркелет).
ДЕКЛАРАЦИЯ
Мен/биз жогоруда көрсөткөн же менин/биздин атыбыздан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар
чындыкка туура келерин жана толук болуп саналарын, милдеттүү камсыздандыруу
келишиминин бөлүгү болуп эсептелерин мен/биз билдиребиз. Ушул арызда - сурамжылоодо
көрсөтүлгөн ишкананын, компаниянын жоопкерчилигин бир жылдык мөөнөткө
камсыздандырууну суранабыз.
Аты-жөнү ________________________________________________________________________
Кызмат орду______________________________________________________________________
Колу ________________________________________________________________________ М.О.
Арыз толтурулган күн: ______________________________________________________________
|
| Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 3-тиркеме |
Форма
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу окуясы жөнүндө № __________________________ АКТ
Камсыздандыруу уюму: __________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(күнү, айы, жылы) (ким түзгөнү көрсөтүлөт)
Катышкандар: __________________________________________________________________________
(камсыздандырылуучунун же жүк ташуучу уюмдун өкүлүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт)
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
ошондой эле текшерүү учурунда үчүнчү жактар чакырылган:
1. ____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жашаган дареги ________________________________________________________________________
2. ____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жашаган дареги _______________________________________________________________________
20____-жылдын "______" _________________ арыздын негизинде _____________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(камсыздандырыдуучунун өкүлүнүн аты-жөнү же камсыздандырылуучунун аталышы көрсөтүлөт)
Кароонун натыйжасында төмөнкүлөр аныкталды:
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(камсыздандыруу окуясынын баяндалышы)
20____-жылдын "_______" _____________, саат_________ _________ мүнөттө түзүлдү.
Камсыздандыруу окуясы жөнүндө төмөнкүгө билдирилди:
______________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышын жана датасын көрсөтүү)
Камсыздандыруучу:
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду көрсөтүлөт)
______________________________________________________________________________________
(колу, мөөрү)
Камсыздандырылуучу:
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду көрсөтүлөт)
______________________________________________________________________________________
(колу, мөөрү)
Үчүнчү жактар:
1. ____________________________________________________________________________________
(колу)
2. ____________________________________________________________________________________
(колу)
3. ____________________________________________________________________________________
(колу)