Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 373 токтомуна) |
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт жана аба, темир жол, суу, автомобилдик транспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү ташууда өмүргө, ден соолукка жана/же мүлккө, башкача айтканда багажга келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетине байланышкан ташуучунун мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандырып коргоого берилген кепилдиктерди камсыз кылат.
2. Коммерциялык уюм (мындан ары - камсыздандыруучу) болуп саналган юридикалык жак (камсыздандыруу уюму) ушул Эрежелердин негизинде ташуучулар менен - менчик укугунун же мыйзамдык башка негиздер менен транспорт каражаттарына ээлик кылган, акы алып жүргүнчүлөрдү, багажды ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн жана белгиленген тартипте, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген тиешелүү уруксаты же лицензиясы бар юридикалык же жеке жактар (мындан ары - камсыздандырылуучулар) менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзөт.
2-глава. Камсыздандыруунун объекти
3. Ташуучулардын жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун обьекти болуп автомобиль, аба, темир жол, суу транспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү ар бир ташууда өмүргө, ден-соолукка жана/же мүлккө, башкача айтканда багажга келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетине байланышкан камсыздандырылуучунун (ташуучунун) мүлктүк кызыкчылыктары саналат.
3-глава. Камсыздандыруу суммасы. Камсыздандыруу сый акысы
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсызданыруучу төлөп берүүгө милдеттенген камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы камсыздандыруу суммасы болуп саналат.
5. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде болгон бардык камсыздандыруу окуялары боюнча төлөмдөрдүн суммасы камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн ашпайт.
Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө жоопкерчиликтин төмөнкүдөй лимиттери белгиленет:
1) бир жүргүнчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин лимити;
2) жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө (багажына) келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин лимити.
6. Камсыздандыруу сый акысы деп келишим менен шартталган төлөм түшүнүлөт, аны камсыздандырылуучу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү милдетин алганы үчүн камсыздандыруучуга милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
7. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү, жоопкерчиликтин лимиттери жана камсыздандыруу сый акылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен камсыздандыруу тарифтерине жана жоопкерчиликтин лимиттерине ылайык белгиленет жана милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлөт.
8. Камсыздандыруу сый акыны төлөө бир жолу же бөлүп төлөө менен камсыздандыруучунун банктагы эсебине акча каражаттарын которуп, же камсыздандыруучунун кассасына накталай эсептешүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
9. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый акыны же анын биринчи төгүмүн төлөгөн учурдан тартып күчүнө кирет.
4-глава. Камсыздандыруу окуялары
10. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда каралган окуя камсыздандыруу окуясы деп таанылат, анын орун алышы менен камсыздандырылуучуга, камсыздандырылган адамга, же пайда табуучуга камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөө милдети келип чыгат.
11. Ташуу учурунда өмүрүнө/ден соолугуна жана/же мүлкүнө (багажына) зыян келтирилген жүргүнчүлөр жабырлануучулар деп таанылат.
12. Ушул Эрежелерге ылайык жабырлануучу болуп төмөнкүлөр саналбайт (камсыздандыруу окуясы болгон учурда алардын өмүрүнө/ден соолугуна жана/же мүлкүнө зыян келтирилсе да):
1) аба, темир жол, деңиз, ички суулардагы, автомобилдик транспорт каражаттарын башкарган адам жана камсыздандыруу окуясы болгон учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарган жана транспортто жүргөн камсыздандырылуучунун башка кызматкерлери;
2) жүргүнчүлөрдү ташууда өмүрүнө/ден соолугуна жана/же мүлкүнө зыян келтирилген үчүнчү жактар.
5-глава. Камсыздандыруу окуяларынан чыгаруу жана камсыздандырууну чектөө
13. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруучу төмөнкүлөрдүн кесепетинен жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө/ден соолугуна жана/же мүлкүнө зыян келтирилген учурларда жоопкерчилик тартпайт:
1) форс-мажордук жагдайлардын таасиринен;
2) жүргүнчүлөрдү ташуу менен түздө-түз байланышпаган башка окуянын.
14. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруучу төмөнкүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө/ден соолугуна зыян келтирилген учурларда жоопкерчилик тартпайт:
1) милдеттүү камсыздандыруу жүзөгө ашырылып жаткан окуя болгонго чейин эле жүргүнчү оорулуу болсо;
2) өзүн өзү өлтүрсө;
3) мас болуу максатында ичилген алкоголдон же башка заттардан ууланса.
15. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, ташып бараткан төмөнкүдөй багажга карата камсыздандырылуучунун жарандык жоопкерчилиги камсыздындырылбайт:
1) асыл металлдардын куймаларына жана алардан жасалган буюмдарга;
2) асыл таштарга жана зергер буюмдарга;
3) банкнотторго жана тыйындарга;
4) облигацияларга, төлөм каражаттарына же баалуу кагаздардын башка түрүнө;
5) искусство чыгармаларына;
6) антиквардык жана сейрек кездешүүчү буюмдарга, коллекция буюмдарына;
7) жол кире документтерине, паспортторго жана адамды күбөлөндүрүүчү башка документтерге, слайддарга, фото сүрөттөргө, фотонегативдерге, фильмдердин көчүрмөлөрүнө, иш кагаздарына, чиймелерге, пландарга, схемаларга, моделдерге;
8) дин ибадатынын буюмдарына;
9) үй жана асыл-тукум жаныбарларына, өсүмдүктөргө, уруктарга.
16. Моралдык зыян, жабырлануучунун колдон чыгарган пайдалары, жоготуулар (айыптар, бышмана) камсыздандыруу менен жабылбайт.
17. Кандай гана болбосун камсыздандырып коргоо төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) ар кандай адамдардын, анын ичинде камсыздандырылуучунун жана камсыздандырылуучу менен эмгектик жана/же келишимдик мамилелерде болгон, атайын зыян келтирген адамдардын талаптары же доолору, эгерде атайын жасагандыгынын фактысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленсе жана далилденсе;
2) транспорт каражаты мелдештерге, сыноолорго катышканда же атайын бөлүнгөн жерлерде машыгуу учурунда, ошондой эле транспорт каражатын жүктөөдө жана түшүрүүдө, анын ичинде суу өтмөктөрүндө жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна жана/же мүлкүнө зыян келтирилгенде;
3) согуш аракеттеринин, көтөрүлүштөрдүн, козголоңдордун, элдик толкундоолордун, куралдуу түзүлүштөрдүн же террорчулардын аракеттеринин кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ар кандай талаптарга;
4) камсыздандырылуучунун камсыздандыруучу менен макулдашылган мөөнөттө тобокелдик даражасын байкаларлык түрдө жогорулаткан, камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучуга жалпы кабыл алынган ченемдерге ылайык жоюу зарылдыгы көрсөтүлгөн жагдайлар жоюлбагандыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптарга.
6-глава. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу
18. Милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирген күндөн тартып он эки айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Эгерде ташуучунун жүргүнчүлөрдү ташуу укугу он эки айга жетпеген мезгилде бүтүп калса, анда жүк ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими ушул мезгилге гана түзүлөт.
19. Аба каражаттары, темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууда жөнөтүүчү пункттан жетүү пунктуна чейинки бир сапарга милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлөт.
20. Келишимди тариздөө үчүн камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун өндүрүштүк ишин мүнөздөгөн, камсыздандыруу процессине тиешеси бар кошумча документтерди талап кылышы мүмкүн.
21. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый акы төлөнгөн күндөн тартып күчүнө кирет жана, эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнүндө өзүнүн колдонулушун токтотот.
22. Камсыздандырып коргоону колдонуу жүргүнчү отурган учурдан башталат жана жүргүнчү түшкөн учурга чейин, бирок, эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кеч эмес мезгилге чейин уланат.
23. Милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделген жана тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон шартта юридикалык күчкө ээ болот.
24. Тараптардын макулдашуусу боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими кийинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
25. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы, же болбосо жөнөтүү пунктунан баруу пунктуна чейинки бүткүл баруу жолу камсыздандыруу аймагы деп эсептелет.
26. Темир жол транспорту үчүн камсыздандыруу келишими жыл ичинде республика ичиндеги каттамда иш жүзүндө ташылган жүргүнчүлөргө түзүлөт.
7-глава. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартиби
27. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруучунун камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүсү аркылуу жазуу жүзүндө түзүлөт.
28. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучунун белгиленген 2-тиркемеге ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде түзүлөт.
29. Милдеттүү камсыздандыруу келишими 1-тиркемеге ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн транспорт каражаты менен камсыздандырылуучуну ташууда алардын өмүрүнө/ден соолугуна жана/же мүлктөрүнө зыян/залал келтирилген жүргүнчүлөрдүн пайдасына түзүлөт.
8-глава. Тараптардын укуктары жана милдеттери
30. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга, анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
2) камсыздандыруу полисин берүүгө;
3) камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин аны дароо каттоого алууга жана 3-тиркемеге ылайык форма боюнча камсыздандыруу окуясы жөнүндө акты түзүүгө;
4) камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө билдирүүнү алган учурдан тартып жети жумуш күндүн ичинде камсыздандырылуучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоого, камсыздандыруу актысын түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга жана/же пайда табуучуга таанышуу үчүн берүүгө;
5) камсыздандыруу окуясы болгон учурда бардык зарыл болгон документтерди алган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө;
6) камсыздандырылуучуга (камсыздандырылганга) камсыздандыруу окуясы болгондо чыгымдарды болтурбоо же азайтуу үчүн ал жумшаган чыгымдарды кайтарып берүүгө;
7) камсыздандыруу сырын сактоого;
8) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
31. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруу сый акыларын милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн зарыл болгон, аны кызыктырган бардык маалыматтарды камсыздандыруучуга билдирүүгө. Камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө камсыздандыруучуга өз убагында билдирүүгө;
3) компетенциясына ылайык тиешелүү органдарга (жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, өрткө каршы кызмат органдарына, медициналык тез жардам кызматына, авариялык кызматтарга) камсыздандыруу окуясы жана жабырланган адамдар жөнүндө билдирүүгө;
4) камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө ага белгилүү болгондон кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга жазуу жүзүндө кабарлоого. Эгерде камсыздандырылуучунун жүйөлүү себептер боюнча аталган аракеттерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал аны документтик түрдө ырастоого тийиш;
5) камсыздандыруу окуясы болгон мезгилде түзүлгөн кырдаалда мүмкүн болгон зыянды болтурбоо же аны азайтуу, анын ичинде жабырлануучу адамдарга жардам көрсөтүү үчүн акыл-эстүү, жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
6) камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясына байланыштуу ага коюлуп жаткан бардык талаптарды токтоосуз билдирүүгө;
7) камсыздандыруучунун макулдугусуз компенсацияларды төлөбөөгө, камсыздандыруу окуясынын болушуна байланыштуу ага коюлган талаптардын жарым-жартылай же толугу менен моюнга албоого, ошондой эле мындай талаптарды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир тикелей же кыйыр милдеттенмелерди кабыл албоого. Камсыздандырылуучу тарабынан ушул пунктчадагы шарттардын аткарылбашы, ал камсыздандыруу окуясын тааныган шарттарда камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналбайт;
8) камсыздандыруучунун өкүлүнө бүлүнгөн мүлктү (жол жүгүн) кароого жана изилдөөгө, чыгымдын өлчөмүн, камсыздандыруу окуясынын болушунун себептерин жана башка жагдайларын аныктоого көмөк көрсөтүүгө;
9) камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын себептери, жүрүшү жана кесепеттери, келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмдөрү жөнүндө текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү ага жеткиликтүү болгон баардык маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
10) келишимди түзүүдө жана аны колдонуу мезгилинде ошол камсыздандыруу объектине карата ушундай сыяктуу тобокелдиктер боюнча баардык колдонуудагы/түзүлүүчү милдеттүү камсыздандыруу келишимдери жөнүндө камсыздандыруучуга маалымдоого;
11) камсыздандыруу окуясынын болушу үчүн жооптуу адамга карата талап коюу укугунун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга;
12) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелерди камсыздандыруунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин толук көлөмдө аткарса, камсыздандырылуучу жаңы келишимди түзүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну эркин тандай алат;
13) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
32. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучудан милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун мурдагы келишимдери, камсыздандыруу окуялары жана камсыздандыруу төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга;
2) камсыздандыруу төлөмүн төлөөгө чейин камсыздандыруу окуясынын себептерин, жагдайларын жана кесепеттерин текшерүүгө, анын ичинде компетенциясына жараша тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан камсыздандыруу окуясынын болуу фактысын ырастаган документтерди суроого. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары мындай текшерүүгө байланыштуу зарыл болушу мүмкүн болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү;
3) камсыздандырылуучунун макулдугу менен сотто иш жүргүзүүнү өзүнө алууга;
4) мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандырылуучуга коюлуучу талаптардын өлчөмүн талашууга;
5) ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмүн толук же жарым-жартылай төлөөдөн баш тартууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууга;
7) келтирилген зыян үчүн жооптуу адамга карата кайра талап коюу укугун коюуга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жасоого.
33. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу;
1) камсыздандыруучудан ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын, ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүнү талап кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандыруу төлөмүн алууга;
3) камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышын текшерүүгө;
4) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
5) камсыздандыруу полиси жоголуп кеткен учурда анын дубликатын алууга;
6) жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген залалдын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызмат көрсөтүүсүн пайдаланууга;
7) камсыздандыруучу же көз карандысыз эксперт тарабынан жүргүзүлгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн эсептөөлөр менен таанышууга;
8) камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
9) камсыздандыруучудан жабырлануучунун пайдасына камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнү талап кылууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жасоого.
34. Жабырлануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандырылуучунун жүргүнчүлөрдү ташуусунун натыйжасында болгон камсыздандыруу окуясы жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
2) камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруу төлөмүн төлөө үчүн зарыл болгон документтерди чогултууга жана аларды камсыздандырылуучу ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучуга берүүгө;
3) келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн эсептөөлөр менен таанышууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;
5) камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
6) ташуучуга алынган камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан келтирилген зыяндын суммасынын ашып кеткен өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап коюуга;
7) "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда, жабырлануучунун 14-беренеде белгиленген укуктары пайда табуучу катары чыккан башка жактарга өтөт.
9-глава. Камсыздандыруу окуясынын болушун жана зыяндын өлчөмүн ырастоочу документтердин тизмеги
35. Камсыздандыруу окуясын таануу жана камсыздандыруу төлөмүн төлөө үчүн камсыздандырылуучу/жабырлануучу берген төмөнкү документтер негиз болуп саналат:
1) камсыздандыруу полиси (же анын дубликаты);
2) камсыздандыруу окуясынын болуу фактысын жана жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастаган документ;
3) камсыздандыруучу белгилеген форма боюнча арыз;
4) ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт;
5) жүргүнчүгө билет берилген учурда - жүрүү билети же аны алмаштыруучу документ (билеттерди саткан ведомосттун көчүрмөсү же билеттин ташуучу күбөлөндүргөн дүмүрчөгү), же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү;
6) жабырлануучунун убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын мөөнөтү жөнүндө саламаттык сактоо уюмунун маалымкатынын же ага майыптыкты белгилөө жөнүндө адистештирилген мекемелердин маалымкатынын көчүрмөсү - ал белгиленген учурда жана/же жабырлануучунун дарыланууга кеткен чыгымдары менен байланышкан документтер;
7) жабырлануучу өлгөн учурда - жабырлануучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана пайда табуучунун зыяндын ордун төлөтүүгө укугун ырастоочу документ (көчүрмөсү);
8) жүргүнчүнүн мүлкүнө (жол жүгүнө) зыян келтирилген учурда - жабырлануучунун жоголгон, жетишпеген же бүлүнгөн (бузулган) мүлкүнүн (жол жүгүнүн) тизмеги жана жүргүнчүнүн мындай мүлкүнүн (жол жүгүнүн) болушунун далилдери;
9) камсыздандырылуучу (камсыздандырылган) камсыздандыруу окуясы болгондо зыянды болтурбоо же азайтуу максатында тарткан чыгымдарды ырастоочу документтер - алар болгон учурда.
10-глава. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби жана шарттары. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу
36. Жабырлануучулардын өмүрүнө/ден соолугуна келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу төлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө, тиешелүү уюмдар берген документтердин негизинде төлөнөт.
37. Жабырлануучунун өлүмү үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы майыптыкты белгилөө үчүн, же болбосо бир эле камсыздандыруу окуясынын кесепети болуп саналган эмгекке жарамдуулукту убактылуу жоготуу үчүн төлөнгөн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасына азайтылат. Жабырлануучуга майыптыкты белгилөө үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы бир эле камсыздандыруу окуясынын кесепети болуп саналган эмгекке жарамдуулукту убактылуу жоготуу үчүн төлөнгөн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасына азайтылат.
38. Жабырлануучулардын жол жүгүнө келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу төлөмү жарыяланган (декларацияланган) нарктын өлчөмүндө, тиешелүү документтердин негизинде, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жоопкерчиликтин лимитинен ашык эмес төлөнөт.
39. Камсыздандыруу окуясынын болуу фактысын жана келтирилген зыяндын өлчөмүн далилдөө камсыздандырылуучуга жүктөлөт.
40. Келтирилген зыяндын өлчөмүн камсыздандыруучу же болбосо тиешелүү лицензиясы бар көз карандысыз эксперт аныктайт.
41. Жабырлануучунун жол жүгүнө - кол жүгүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмү жабырлануучунун макулдугу менен камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынын чегинде зыянды накталай түрүндө компенсациялоого алмаштырылышы мүмкүн.
42. Эгерде камсыздандырылуучу камсыздандыруучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу жана аны менен макулдашылган өлчөмдө келтирилген зыянды өзү компенсацияласа, анда камсыздандырылуучу тарабынан талаптагыдай таризделген жабырлануучунун камсыздандырылуучуга дооматынан баш тартуусун жана ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн камсыздандыруу окуясынын болушун жана зыяндын өлчөмүн ырастаган документтер берилген учурда камсыздандыруу төлөмү ага төлөнөт.
43. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын, ушул Эрежелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун сактабоо камсыздандырылуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартууга алып келет. Камсыздандыруучуну камсыздандырылуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн бошотуу камсыздандыруучуну пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн кошо бошотот.
44. Эгерде камсыздандыруу окуясы төмөнкүлөрдүн натыйжасында болсо, камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга камсыздандыруу төлөмүн толук же жарым-жартылай төлөөдөн баш тартууга укуктуу:
1) зарыл коргонуу же чукул зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, камсыздандырылуучу, камсыздандырылган жана (же) пайда табуучу камсыздандыруу окуясынын келип чыгышына, же болбосо анын болушуна түрткү берген аракеттерди атайлап жасаса;
2) камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышка турган аракеттери мыйзамда белгиленген тартипте атайын жасалган кылмыш же административдик укук бузуу деп таанылса.
45. Эгерде камсыздандыруу окуясы төмөнкүлөрдүн натыйжасында болсо камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн бошотулат:
1) ядердик жарылуунун, радиациянын же радиоактивдүү булгоонун таасиринен;
2) аскердик же ушундай аракеттердин (согуш жарыяланганына же жарыяланбаганына карабастан), террордук актылардын, кол салуулардын, чет мамлекеттин душмандык аракеттеринин;
3) козголоңдун, иш таштоолордун, локауттардын, өлчөмү же өсүшү элдик көтөрүлүшкө чейин жеткен жарандык башаламандыктын, жарандык толкундоолордун, аскердик козголоңдун, революциянын, аскердик басып алуунун же бийликти мыйзамсыз тартып алуунун, конфискациялоонун, реквизициялоонун же мүлктү улутташтыруунун.
46. Камсыздандыруу төлөмү төмөнкү учурларда төлөнбөйт:
1) эгерде сот тарабынан камсыздандыруучу камсыздандыруу тобокелдигинин даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ жагдайлар жөнүндө атайын туура эмес жана анык эмес маалыматты билдиргени аныкталса;
2) эгерде камсыздандырылуучу ага зыян келтирген күнөөлүү адамдан тиешелүү зыяндын ордун толтурууну алган учурда;
3) эгерде камсыздандырылуучу камсыздандыруу окуясынын болушунун жагдайларын изилдөөгө жана зыяндын өлчөмүн аныктоого камсыздандыруучуга тоскоолдук кылса;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө камсыздандыруучуга өз убагында эмес кабарлаган же кабарлабаган учурда;
5) камсыздандырылуучу зыян келтирүүгө күнөөлүү адамга доомат коюудан же ага талаптарды ишке ашырууну камсыздоочу укуктардан баш тарткан, ошондой эле камсыздандырылуучу регрессивдик талап коюу тартибинде зыян келтирген адамдан өндүрүлүп алынуучу суммага регрессивдик доону коюу үчүн зарыл болгон документтерди камсыздандыруучуга берүүдөн баш тарткан учурда.
47. Камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга жана камсыздандыруу төлөмүн төлөөгө же камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баардык зарыл болгон документтерди алган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кабарлоону камсыздандырылуучуга жана жабырлануучуга жөнөтүүгө милдеттүү.
48. Камсыздандыруу төлөмүн өз убагында төлөбөө үчүн камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 957-статьясына ылайык жоопкерчилик тартат.
11-глава. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин токтотуунун шарттары
49. Келишим төмөнкү учурларда токтотулат:
1) аны колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
2) юридикалык жак болуп саналган камсыздандырылуучу же камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлганда;
3) камсыздандырылуучу ташууларды ишке ашыруу укугунан ажыратылганда;
4) сот келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алганда;
5) камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасынын толук өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн төлөгөндө.
50. Келишим камсыздандырылуучунун же камсыздандыруучунун, ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
51. Камсыздандырылуучунун чечими боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, камсыздандыруучу камсыздандыруунун мөөнөтү бүтө элек мезгили үчүн камсыздандыруу сый акысынын бөлүгүнүн 10% өлчөмүндө салыктарды жана жыйымдарды, иш жүргүзүү үчүн чыгымдарды эсептен чыгаруу менен, камсыздандыруу сый акысынын бөлүгүнө укуктуу.
Эгерде камсыздандырылуучунун талаптары камсыздандыруучу тарабынан милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарынын аткарылбашы же талаптагыдай аткарылбашы менен шартталса, анда камсыздандыруучу ага төлөгөн камсыздандыруу сый акыларын камсыздандырылуучуга толук кайтарып берет.
52. Камсыздандыруучунун талабы боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, ал камсыздандырылуучуга келишимди колдонуунун мөөнөтү өтө элек мезгили үчүн ага төлөнгөн камсыздандыруу сый акыларын кайтарып берет.
12-глава. Зыян келтирген жакка кайра талап коюу укугу
53. Камсыздандыруу төлөмүн төлөөчү камсыздандыруучу төмөнкүдөй учурларда камсыздандырылуучуга төлөнгөн сумманын чегинде кайра талап коюуга укуктуу:
1) эгерде камсыздандырылуучунун жарандык жоопкерчилиги зарыл коргонуу же чукул зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, анын камсыздандыруу окуясынын келип чыгышына багытталган, же болбосо анын болушуна түрткү берген аракеттерди атайлап жасоосунун натыйжасында келип чыкса;
2) эгерде камсыздандырылуучунун жарандык жоопкерчилиги транспорт каражатын башкарууга жол берилген адамдын транспорт каражатын алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас абалында башкаруусунун кесепетинен келип чыкса;
3) эгерде транспорт каражатын башкарган адамдын аны башкарууга укугу жок болсо;
4) эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө транспорт каражатынын камсыздандырылуучу билген же билүүгө тийиш болгон техникалык жактан бузулушунун кесепетинен камсыздандыруу окуясынын болгондугу аныкталса;
5) транспорт каражаты анын техникалык багытына туура келбеген максаттарда пайдаланылса;
6) камсыздандырылуучу камсыздандыруу окуясынан келтирилген чыгымдарды азайтуу боюнча чараларды атайылап көрбөгөндө.
54. Эгерде ушул Эрежелердин 53-пунктунда саналып өткөн учурларда келтирилген зыян үчүн транспорт каражатын анын ээси менен эмгек мамилелеринин негизинде же жазуу жүзүндө бүтүмдү тариздебестен эле анын ээсинин катышуусунда эксплуатациялоочу адам күнөөлүү болсо, анда камсыздандыруучу ошол транспорт каражатынын ээсине кайра талап коюу укугуна ээ болот.
55. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучуга ал төлөп берген сумманын чегинде зыян келтирген адамдан камсыздандыруунун негизинде төлөнүп берилген зыян үчүн жооптуу жакка карата кайра талап коюу укугу өтөт. Камсыздандырылуучу зыяндын ордун толтуруу талабын коюу укугун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон баардык документтерди камсыздандыруучуга берүүгө милдеттүү.
56. Эгерде камсыздандырылуучу камсыздандыруучу ордун толтурган чыгымдар үчүн жооптуу адамга карата өзүнүн талап коюу укугунан баш тартса, же болбосо камсыздандырылуучунун күнөөсү боюнча бул укукту жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн толук же тиешелүү бөлүгүн төлөөдөн бошотулат жана ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
13-глава. Форс-мажор
57. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмени аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган тарап, эгерде талаптагыдай аткаруу ал жеткис күчтүн жагдайларынын, башкача айтканда өзгөчө жана мындай шарттарында болтурбоого мүмкүн болбогон жагдайлардын кесепетинен мүмкүн болбой калгандыгын далилдесе мүлктүк жоопкерчилик тартпайт.
58. Форс-мажордук жагдайлар төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт: сел каптоо, өрт, жер титирөө жана башка табигый кырсыктар, согуш же кандай мүнөздө болбосун аскердик аракеттер, блокада, мамлекеттик органдардын тыюу салуулары.
59. Форс-мажордук жагдайлардагы аракеттер компетенттүү органдардын тиешелүү документтери менен ырасталууга тийиш.
14-глава. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
60. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы баардык талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
61. Макулдашуу жетишилбеген учурда талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каралат.
|
| Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 1-тиркеме |
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун типтүү келишими (камсыздандыруу полиси)
Сериясы: ____________________________ № __________________________ 20______-ж. "____" __________
Камсыздандырылуучу: ________________________________________________________________________
Камсыздандыруучу: __________________________________________________________________________
Камсыздандыруу мезгили: 20___-ж. "______"____________ тартып 20_____-ж. "_____" ____________ чейин
эки дата тең кошо алганда
Камсыздандыруунун шарттары: Ушул Келишимдин жоболору Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине (мындан ары - Эрежелер) ылайык келет.
Эрежелердин ушул Келишимде жазылбаган жоболору анын ажырагыс бөлүгү жана камсыздандырылуучу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ушул Келишимге кол коюу менен камсыздандырылуучу Эрежелерди алгандыгын, аны менен таанышкандыгын ырастайт жана аткарууга милдеттенет.
Камсыздандырылган иш: Ушул келишимдин алкагында камсыздандырылуучунун камсыздандырылган иши деп жүргүнчүлөрдү ташууда транспорт каражатын(каражаттарын) эксплуатациялоо эсептелет:
Транспорт каражаты:
- маркасы/модели: ______________________________________________________________;
- кузовдун номери: ______________________________________________________________;
- кыймылдаткычтын номери: _____________________________________________________;
- каттоо номери: _______________________________________________________________;
- чыгарылган жылы _____________________________________________________________;
- жүргүнчү орундарынын саны: ____________________________________________________;
(Зарыл болгон учурда өзүнчө баракта тиркелет, ал Камсыздандыруу келишиминин
ажырагыс бөлүгү болуп саналат).
Камсыздандыруу объектиси: Камсыздандырылуучунун (ташуучунун) жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна жана/же мүлкүнө, б.а. жүргүнчүлөрдүн жол жүгүнө аларды ташууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктары.
Камсыздандыруу окуясы: Камсыздандырылуучу эксплуатациялоочу транспорт каражатында болгон авариянын кесепетинен үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө белгиленген тартипте ырасталган зыян келтирүү камсыздандыруу окуясы болуп саналат жана ал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык үчүнчү жактардын камсыздандырылуучуга зыяндын ордун толтуруу жөнүндө негиздүү дооматтарды коюшуна алып келет.
Жоопкерчиликтин лимити: Жоопкерчиликтин жалпы лимити: ______________________________ сом
анын ичинде:
- бир жүргүнчү орунуна өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин лимити __________ сом;
- бир жүргүнчүнүн мүлкүнө келтирилген зыян үчүн лимит сом.
Камсыздандыруу сый акысы, төлөө тартиби: Ушул Келишим боюнча камсыздандыруу сый акысынын суммасы ___________ сомду түзөт жана камсыздандыруучу койгон эсепке ылайык 20_______-жылдын "_____" __________ кечиктирбестен бир жолку төлөм (бөлүп төлөө) менен төлөнүүгө тийиш.
Камсыздандыруу аймагы: Ушул Келишим боюнча камсыздандырып жабуу Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде гана колдонулат.
Атайын шарт: Камсыздандыруу келишиминде сый акыларды төлөө күнү катары белгиленген мөөнөттө сый акы төлөнбөгөн учурда Келишим күчүнө кирген жок деп эсептелет жана анын тараптары үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерди алып келбейт.
Камсыздандыруу валютасы: Камсыздандыруу сый акысынын баардык лимиттери жана суммалары Келишимде кыргыз сому менен көрсөтүлөт. Камсыздандыруу сый акысы жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү төлөмдөр төлөнүүчү күнгө карата кыргыз сомунда жүргүзүлөт.
Колдонулуучу мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
Келишимдин шарттарын өзгөртүү: ушул Келишимди колдонуу мезгилинде анын шарттарына баардык өзгөртүүлөр камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызы менен тараптардын макулдашуусу боюнча Келишимге толуктоолорду тариздөө аркылуу киргизилет, алар кол коюлгандан кийин Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп калат.
Тиркеме: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери, камсыздандырылуучунун арызы ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
КАМСЫЗДАНДЫРЫЛУУЧУ: |
| КАМСЫЗДАНДЫРУУЧУ: |
|
|
|
______________________________________ |
| ______________________________________ |
М.О. |
| М.О. |
|
|
|
____________________________________________________ |
| ___________________________________________________ |
(аты-жөнү, кызмат орду, ыйгарым укуктарынын негиздери) |
| (аты-жөнү, кызмат орду, ыйгарым укуктарынын негиздери) |
|
|
|
20__-жылдын "__"___________ |
| 20__-жылдын "__"___________ |
|
| Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдетүү камсыздандырууга камсыздандырылуучунун АРЫЗЫ
Арыз ээси
1. Аталышы: _____________________________________________________________________
2. Жетекчи: ______________________________________________________________________
3. Юридикалык дареги: ____________________________________________________________
4. Почта дареги: __________________________________________________________________
5. Телефону: _____________________________________________________________________
6. Банктык реквизиттери: __________________________________________________________
7. Ишинин түрү: __________________________________________________________________
8. Камсыздандырылуучунун көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүгө укугун ырастоочу документтер: ______
________________________________________________________________________________
9. Жаңы o Арыз o Калыбына келтирүү
10. Транспорт каражатынын кыскача мүнөздөмөсү:
Транспорт каражатынын түрү: ______________________________________________________
Маркасы/модели: _________________________________________________________________
Кыймылдаткычы: _________________________________________________________________
Кузову: __________________________________________________________________________
Мамлекеттик номери: ______________________________________________________________
Жүргүнчү орундарынын саны: _______________________________________________________
(Зарыл болгон учурда өзүнчө тизме тиркелет)
11. Камсыздандыруу мезгили: 20_____-жылдын "___"____________________ тартып
20____-жылдын "_____" _____________________________ чейин
12. Камсыздандыруу сый акысын төлөө: ______________________________________________
13. Акыркы 3 жылдын ичинде сиздердин жүктөрүңөргө карата баардык чыгымдар жана
болгон камсыздандыруу окуялары жөнүндө маалыматтар: _______________________________
________________________________________________________________________________
14. Кошумча маалыматтар:
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
15. Ташуу маршруту:
Жөнөтүү пункту: ____________________________________________________________________
Баруу пункту: _______________________________________________________________________
ДЕКЛАРАЦИЯ
Мен/Биз мен/биз тарабынан же менин/биздин атыман/атыбыздан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар
анык жана толук экендигин билдиребиз жана Камсыздандыруу келишиминин бөлүгү болуп
саналат. Ушул арызда - сурамжылоодо көрсөтүлгөн ишкананын (компаниянын) жоопкерчилигин
бир жылдык мөөнөткө камсыздандырууну суранабыз.
Камсыздандыруу мезгили: __________________________________________________________
Аты-жөнү: ________________________________________________________________________
Кызмат орду: ______________________________________________________________________
Колу М.О. _________________________________________________________________________
Арыз толтурулган күн: _______________________________________________________________
|
| Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 3-тиркеме |
Форма
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу окуясы жөнүндө № _________ АКТ
Камсыздандыруу уюму _________________________________________________________________
(аталышы)
______________________________________________________________________, кароого келген,
(камсыздандырылуучунун-ташуучунун аты-жөнү көрсөтүлөт)
чакырылган үчүнчү жактардын катышуусунда:
1. __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, дареги)
2. __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, дареги)
3. __________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, дареги)
камсыздандырылуучунун 20____-ж. "___"_________ арызынын негизинде ушул акт менен
ырастайбыз, жаран __________________________________________________________________
(жабырлануучу жүргүнчүнүн аты-жөнү)
20____-ж. "_____" _________________ саат___________ ____________ мүнөттө
(_______________________________________________________________) транспортко отурганда
(________________________________________________________) транспортто бараткан мезгилде
_______________________________________ маршруту боюнча баратканда төмөнкүдөй жагдайларда
жаракат алды, каза болду:
_____________________________________________________________________________________
(жүргүнчүнүн жаракат алуу, каза болуу жагдайларынын кыска баяндамасы)
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Ушул кырсыктын жагдайларына иликтөөлөрдү жүргүзгөн
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(тергөө органынын аталышы)
Биринчи медициналык жардамды ким көрсөттү жана жабырлануучу жүргүнчү каякка жөнөтүлдү
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(медициналык мекеменин аталышы жана анын жайгашкан жери)
Акт 20_______-жылдын "______"_________________ саат _____________________________ түзүлдү.
Камсыздандырылуучу
_____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу, М.О.)
Камсыздандыруучу ____________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу М.О.)
Үчүнчү жактар:
1. ___________________________________________________________________________________
2. ___________________________________________________________________________________
3. ___________________________________________________________________________________