Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-июлу № 388
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө маалыматты карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинет:
1) энергетика чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоону аяктасын;
- республиканын региондорунда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетсин, ошондой эле "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн;
- 2022-жылдын 25-декабрына чейин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке киргизүү үчүн уруксат документтерин берүү бөлүгүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизсин;
- 2022-жылдын 22-декабрына чейин "Бала Саруу" ГЭСинин биринчи гидроагрегатын пайдаланууга киргизсин, калган эки агрегатты 2023-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга киргизсин;
- 2022-жылдын 1-октябрына чейин Токтогул ГЭСинин 2 жана 4-гидроагрегаттарын ишке киргизүү боюнча иштерди тездетүүнү контролдоону камсыз кылсын;
- "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча маалыматтарды ай сайын берип турсун;
- генерациялоочу энергетика объекттерин реконструкциялоону жана курууну кылдат контролдоону камсыз кылсын;
2) фискалдык саясат чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 31-декабрына чейин 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүн белгиленген көлөмдөргө жеткирүү боюнча бардык чараларды көрсүн;
- 2022-жылдын 25-декабрына чейин салык жол-жоболорун автоматташтыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарынын IT-инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзсүн;
3) өнөр жай чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 15-декабрына чейин региондордо жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган "Кыргыз Республикасынын өнөр жай-өндүрүштүк зоналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- 2022-жылдын 1-сентябрына чейин шаар түзүүчү жана экспортко багытталган ишканалардын ишин өнүктүрүүгө дем берүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу менен алардын тизмесин аныктасын;
- 2023-жылдын 12-августуна чейин К4, К5 экологиялык стандарттарына өтүү үчүн ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо боюнча конкреттүү планды иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
- 2023-жылдын аягына чейин региондордо тигүү тармагында 3 ири кластердик өндүрүштү ишке ашырсын;
- 2022-жылдын аягына чейин "Кыргызстанда жасалган" экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
4) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 25-декабрына чейин азыркы күндүн талаптарына жооп берген ченемдерди камтыган жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин жана Жер кодексинин долбоорлорун иштеп чыксын;
- 2022-жылдын аягына чейин ишканалардагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн кен ишканаларынын онлайн-камераларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборуна кошуу маселесин иштеп чыксын;
- 2022-жылдын аягына чейин жер казынасын пайдалануу укугуна электрондук лицензияларды берүү жана электрондук аукциондорду өткөрүү үчүн шарттарды түзсүн;
- төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө толук масштабдуу мамлекеттик контролду камсыз кылуу;
жаңы кендерди эксплуатациялоого киргизүү (Андаш, Талды-Булак, Кутессай-2, Түндүк Акташ ж.б.);
жаңы кендерди ачуу максатында мамлекеттик ишкана жүргүзүп жаткан геологиялык чалгындоо иштерине дем берүү;
жер казынасын пайдалануучулар тарабынан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 80 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республикасынын аймагынан сатып алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен кызматкерлердин 90 пайыздан кем эмесин жалдоону камсыз кылуу;
- экология чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтсүн;
- 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйналышын өткөрсүн жана анын кароосуна 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясынын долбоорун кароого киргизсин;
- 2022-жылдын 1-октябрына чейин Баткен облусунун жер казыналарын пайдаланууга жана кен пайдалануу ишине лицензияларды инвентаризациялоону жүргүзсүн;
5) айыл чарба чөйрөсүндө:
- биринчи кезекте ички өндүрүштүк потенциалды пайдалануу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрсүн;
- 2022-жылдын 1-декабрына чейин 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- 2024-жылдын 31-майына чейин "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында жерлерди трансформациялоо жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- 2022-жылдын 1-сентябрына чейин "Бир айыл - бир продукт" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун даярдасын;
- 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба дүң өндүрүшүнүн көлөмүн өстүрүүнү камсыз кылсын;
- эки жылдык мөөнөттө өздүк резервдердин эсебинен 9 продукциянын ичинен негизги азык түлүктүн 6 түрү менен Кыргыз Республикасынын калкын камсыз кылсын;
- 2024-жылдын 20-февралына чейин 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында ферула өстүрүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
6) транспорт жана жол чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 25-декабрына чейин 2022-жылга пландалган мамлекеттик инвестициялар линиясы боюнча транспорттук инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылсын;
- мамлекеттер аралык сүйлөшүү процесстерин аяктоону жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону камсыз кылсын;
- Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушун бүткөрүү үчүн каражат издеп тапсын;
- 2022-жылдын 30-ноябрына чейин "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча стратегиялык транспорттук долбоорду ишке ашырууга киришсин;
- 2022-жылдын 25-декабрына чейин Коопсуздук боюнча агенттиктин (EASA) "кара тизмесинен" чыгуу максатында Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) кезектеги аудитине даярдоо иштерин аяктасын;
- чакан авиацияны өнүктүрүү жана региондук аэропортторду модернизациялоо боюнча бардык чараларды көрсүн;
7) курулуш чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 25-декабрына чейин "2022-жылга капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объекттердин курулушун жана капиталдык оңдоону өз убагында бүткөрүүнү камсыз кылсын;
- 2022-жылдын 15-декабрына чейин курулуш тармагын башкаруунун санариптик процесстерин киргизүү боюнча иш-чараларды аяктасын;
- 2022-жылдын 25-декабрынан тартып өнөр жай жана жарандык маанидеги объекттерди курууда курулуш ченемдерин жана эрежелерин, анын ичинде алдыңкы өлкөлөрдүн методдорун жана технологияларын колдонууну баштасын;
8) саламаттык сактоо чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 1-августуна чейин Бишкек ш., Ош ш. "Манас" эл аралык аэропортторунда, Ысык-Көл "Тамчы" эл аралык аэропортунда ПЧР-тестирлөө боюнча лабораторияларды ачуу боюнча чараларды көрсүн;
- 2023-жылдын 30-июнуна чейин Мамлекеттик кепилдиктердин программасын толугу менен калктын максаттуу, аялуу топторуна медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кайра багыттасын;
- 2023-жылдын 1-мартына чейин ата мекендик дары-дармек каражаттарын, анын ичинде чет өлкөлүк капиталды тартуу аркылуу өндүрүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын;
- 2022-жылдын 25-декабрына чейин идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун негизинде препараттарды көзөмөлдөөнүн электрондук системасын бүтүрсүн;
- 2022-жылдын 30-декабрына чейин саламаттык сактоо уюмдарына киргизүү үчүн санариптик медициналык картаны иштеп чыксын;
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 2022-жылы өз убагында жана толук каржылоону камсыз кылсын;
9) пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды орточо эсеп менен 2000 сомго жогорулатсын жана кайра эсептөөнү жүргүзсүн;
- 2022-жылдын 1-декабрына чейин чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жараша тиешелүү түрдө 22 жана 14%га чейин төмөндөтүү боюнча мыйзамдын долбоорун илгерилетүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алуу боюнча чараларды көрсүн;
- 2022-жылдын 10-декабрына чейин тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер үчүн (тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштегендерди, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага бергендерди кошпогондо) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 6%га чейин төмөндөтүү боюнча мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
10) социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө:
- 2022 жылдын 25-декабрына чейин:
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча ишти учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринде белгиленген мөөнөттөрдө бүтүрсүн;
ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча медиапланды ишке ашырсын;
эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутуу, акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартуу жолу менен жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чараларды ишке ашырсын;
11) билим берүү чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 30-сентябрына карата мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарын Интернет тармагына туташтыруу, республиканын 1000 мектебинин базасында "Акылдуу мектеп" маалыматтык системасынын киргизүү тууралуу келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоону камсыз кылсын;
- 2022-жылдын 30-октябрына чейин "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын консолидацияланган Мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгууну аяктасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн аны макулдашуунун жана жактыруунун мыйзамдарда белгиленген жол-жобосун жүргүзсүн;
- 2022-жылдын 30-сентябрынан тартып билим берүүнү санариптештирүү жана маалыматтык системаларды жана компьютердик жабдууну үзгүлтүксүз иштетүү зарылдыгына байланыштуу маалыматтык системалар менен иштөө үчүн бардык деңгээлдердеги окуу жайларында жаңы штаттык бирдиктерди каржылоону камсыз кылсын;
- 2022-жылдын 20-ноябрына карата окумуштууларды илимий-изилдөө жана конструктордук иштерге тартууга дем берүү үчүн аспиранттардын стипендияларынын жана окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн өлчөмүн көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
- 2022-жылдын 31-декабрына чейин жыл сайын 25 мектепти, 10 бала бакчаны курууга жана оңдоого зарыл чыгымдарды карасын, ошондой эле жакынкы жылдарда авариялык мектептер проблемасын жоюуну артыкчылык катары аныктасын;
- 2022-жылдын аягына чейин билим берүү чөйрөсүндөгү маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча атайын мамлекеттик мекемени түзсүн;
12) тышкы саясат чөйрөсүндө:
- кыйла кеңири географиялык камтуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын өз убагында коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды, технологияларды жана билимдерди тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго экспорттоого көмөктөшүү боюнча кыйла натыйжалуу иштерди камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук катышуусун кеңейтүү боюнча иштерди активдештирсин;
- 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин органдарында төрагалык кылуусун ийгиликтүү аяктоону жана 2023-жылы Кыргыз Республикасынын КМШда төрагалык кылуусуна сапаттуу даярданууну камсыз кылсын;
13) ипотекалык кредиттөө чөйрөсүндө:
- 2022-жылдын 1-сентябрына чейин жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте социалдык турак жайды курууга багытталган комплекстүү ишти жүргүзсүн жана турак жай куруунун колдонуудагы механизмдерин мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
- 2022-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасына турак жайга муктаж болгон калктын айрым социалдык топторуна карата так талаптарды белгилөө жана контракттык турак жай аманат системасын өнүктүрүү үчүн жаңы критерийлерди эске алуу менен катышуучуларды тандоо тартибин кайра карап чыгуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- 2022-жылдын аягына чейин мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында өлкөнүн региондорунда турак жайды комплекстүү курууга кошумча каржылоону бөлүү үчүн зарыл эсептөөлөрдү киргизсин;
- 2023-жылга республикалык бюджетте жана 2024-2025-жылдарга болжолунда мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында өлкөнүн региондорунда турак жайды комплекстүү курууга кошумча финансылык ресурстарды бөлүүнү карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары:
- республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында жыйноо жана уюштуруу, күзгү талаа жумуштарын жүргүзүүгө даярдык көрүү боюнча маселелерди чечүүнү камсыздасын;
- ар айлык негизде чогулуштарды жүргүзүү практикасын жана көйгөйлөрдү жеринде чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өтө маанилүү чечимдери боюнча жеринде тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирсин;
- "Жер-укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролдоону күчөтсүн жана турак жайларга мамлекеттик актыларды берүү боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
- жергиликтүү бюджеттин натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону камсыздасын жана айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен жыйналыштарды өткөрсүн жана тиешелүү чараларды көрсүн;
- аткаруучулук тартипти сактоо жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биринчи адамдарынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |