Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 1-апрели № 21
Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 , 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-берене. Ушул Мыйзамдын укуктук жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.
2-берене. Терминдер жана аныктамалар
1) жер мунапысы - жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт;
2) жер мунапысынын субъектилери - мүлктүк укуктары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жер мунапысына туура келген Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) жер мунапысынын объектилери - төмөнкүдөй жер участоктору:
а) өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар;
б) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
г) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
д) багбанчылык-дача участоктору;
е) 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, жеке турак үйлөр, анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген, ошондой эле 2025-жылдын 1-июлун кошуп алганга чейин берилген жарандардын арыздары боюнча кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору;
4) ыйгарым укуктуу органдар - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
5) өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөр - "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак жай курулушун жөнгө салуучу мыйзамда белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген жер участогунда жеке турак үй куруу үчүн негизсиз тургузулган объектилер.
6) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участоктору – 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) курулган жер участокторунун жыйындысы, ошондой эле бири бирине чектешкен жана (же) аймактык жактан байланышкан бирдиктүү тышкы чек араларын аныктоону талап кылуучу, кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору.
(КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу
1. Ушул Мыйзам 2-беренеде каралган жер мунапысынын объектилерине багытталган.
2. Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдү, мал көмүлгөн жерлерди, таштандыларды коргоо зонасында өзүм билемдик менен курулган жер участокторуна, социалдык-маданий, тиричилик багытындагы объектилерди куруу үчүн арналган жерлерге, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине;
2) экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, аларга карата сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын зонасына кирген жер участокторуна, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилери, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери бар жер участокторуна; маданий жана эс алуу парктарына, ботаникалык паркка;
3) "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" жана "Суу фондунун жерлери" категорияларындагы жер участокторуна, ошондой эле үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум чарбалардын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илимий-изилдөө мекемелеринин жер участокторуна.
4-берене. Жер мунапысынын субъектилерине мамлекеттик кепилдиктер
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жер мунапысынын субъектилери өзүм билемдик менен жер участогун басып алгандыгы жана комиссия тарабынан жер мунапысынын объектилери болуп аныкталган жерлерде уруксатсыз курулуш жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликтен бошотулат.
5-берене. Жер мунапысы боюнча комиссиянын курамы жана функциялары
1. Жер мунапысын жүргүзүү үчүн шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда комиссия түзүлөт.
Комиссия тиешелүү аймакта шаардын мэриясынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен түзүлөт.
2. Комиссиянын төрагасы болуп шаардын мэриясынын башчысынын орун басары же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары дайындалат.
3. Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү киргизилет. Комиссия зарыл учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тарта алат.
Комиссиянын курамына коомчулуктун өкүлдөрү да киргизилиши мүмкүн.
4. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жер мунапысын жүргүзүүнү уюштурат;
2) жер мунапысынын объектиси болуп саналган аймактардын же айрым жер участокторунун чектерин бекитет;
3) жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесин түзөт жана бекитет;
4) жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укугуна байланышкан талаш маселелер боюнча доо-талаптарды карайт жана чечимдерди кабыл алат;
5) "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулуучу (трансформациялануучу) контурлардын жана аянттардын тизмегин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаардын мэриясынын бекитүүсү үчүн сунуштайт;
6) административдик-аймактык бирдикте жер мунапысын жүргүзүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
5. Которулуп жаткан жер участогу жайгашкан жер боюнча маалыматтын (материалдардын) аныктыгы үчүн жер мунапысы боюнча комиссия жеке жоопкерчилик тартат.
6. Мамлекеттик органдардын корутундуларында камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн аталган мамлекеттик органдардын райондук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жеке жоопкерчилик тартат.
7. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворуму болгондо, комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссиянын жыйналышына катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
51-берене. Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссия
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт (мындан ары - Мамлекеттик комиссия).
2. Мамлекеттик комиссия 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, кандайдыр бир курулмалары жок, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участокторун легалдаштыруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун мамлекеттик менчикке алып коюу маселелерин карайт.
3. Мамлекеттик комиссиянын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү
1. Жер мунапысынын объектисине менчик укуктарын бекитүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан, коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыктары боюнча комиссия бекитүүчү пайдалануучулардын тизмелеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Комиссияны түзүү тартиби, анын функциялары, пайдалануучулардын тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7-берене. Багбанчылык-дача жер участокторун бекитүү
1. Жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок багбанчылык-дача жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы багбанчылык-дача кооперативинин же коомдук бирикменин чечиминин негизинде багбанчылык-дача жер участогун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси күчүнө киргенге чейинки багбанчылык-дача жер участокторундагы курулуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык турак жай болуп таанылат.
8-берене. Калктуу конуштардагы укук белгилөөчү документтери жок жер участокторун бекитүү
1. Калктуу конуштардагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жер участогун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Калктуу конуштардагы жер участокторундагы жеке турак үйлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык турак жай курулуштары болуп таанылат.
9-берене. Калктуу конуштардын жерлеринде өзүм билемдик менен курулган курулуштарды бекитүү
1. Калктуу конуштардын жеке турак үй куруу үчүн белгиленген тартипте берилген жерлерде курулушка документтерди жол-жоболоштуруу менчик ээсинин же анын өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катына ылайык, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
2. Курулуштун башкы пландарынын жана схемаларынын жоктугуна же курулуштун башкы планында жана схемаларында жер участогунун жок экендигине байланыштуу, белгиленген тартипте берилген жер участокторунда жеке турак үйдүн долбоордук документтерин макулдашуудан баш тартууга жол берилбейт.
10-берене. Жер мунапысына туура келген жерлерди которуу (трансформациялоо)
1. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жер участоктору, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан каттам жолдору катары же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн иш жүзүндө пайдаланылуучу жерлер (жолдор, көчөлөр, тротуарлар, жол боюндагы жер тилкелери, жашыл өсүмдүктөр, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашкан жана жээктеп өткөн арык жана башка сугат түйүндѳрү, өтмөктөр, токой парктары, эс алуу парктары, бульварлар, скверлер жана башкалар), багбанчылык-дачалык жер участокторун кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы тарабынан жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлердин тизмегин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.
2. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жер мунапысынын жол-жоболорун колдонууда айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын орду толтурулбайт.
3. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Жер мунапысынын жол-жоболорун аяктоо
Жер мунапысынын объектилерине укуктар мамлекеттик каттоого алынган жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилген учурдан тартып жер мунапысы аяктады деп эсептелет.
12-берене. Жер мунапысын жүргүзүү тартибин бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ыйгарым укуктуу органдар жана алардын кызмат адамдары жер мунапысын жүргүзүү тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
13-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |