Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна) |
Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) укуктук механизмдерди түзүү жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - МЖӨ жөнүндө Мыйзам) 11-беренесинин 4-бөлүгүн практикалык ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо инвестициялардын суммасы ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мааниде) 1 млрд. сомдон ашкан учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары - МЖӨ долбоору) конкурс өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу тартибин аныктайт.
3. Түз сүйлөшүүлөр МЖӨ долбоорлорун ыйгаруунун өзгөчө ыкмасы болуп эсептелет жана акыркы жыйынтыктар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетүү шартында ушул Жободо каралган негиздер болгон учурда гана колдонулат.
4. Түз сүйлөшүүлөр төмөндөгү негиздердин бири же бир нечеси болгондо гана колдонулат:
1) эгер МЖӨ жөнүндө Мыйзамга ылайык өткөрүлгөн конкурс өтүнмөлөрдүн (конкурстук сунуштардын) жоктугуна же конкурска катышууга кызыкдар жактардын жоктугуна байланыштуу жана долбоордун параметрлерине акылга сыярлык өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же тобокелдиктерди бөлүштүрүү натыйжалуу атаандаштыкты камсыз кылууга алып келбей тургандыгынын ыктымалдуулугу жогору экенин ырастаган жүйөлөштүрүлгөн жана документ түрүндө таризделген баалоо берилгендигине карабастан, кеминде эки жолу өткөн жок деп таанылса;
2) эгер МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн сөзсүз талап кылынган инфраструктуралык объекттерге, жер тилкелерине өзгөчө менчик, ээ болуу, пайдалануу же контролдоо укуктарына ээ болгон бир гана кызыкдар жактын МЖӨ долбоорун ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүк болсо;
3) МЖӨ долбоорун мыйзамдарда белгиленген тартипте ырасталган уникалдуу укуктарга, технологияларга жана/же активдерге ээ болгон кызыкдар тараптын катышуусу менен гана жүзөгө ашыруу объективдүү мүмкүн болгон учурда.
5. Инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашкан жана жогоруда белгиленген негиздерге кирбеген МЖӨ долбоорлору МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 10, 12-15-беренелерине ылайык конкурс өткөрүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат.
6. Түз сүйлөшүүлөр мамлекеттик (республикалык жана/же жергиликтүү) бюджеттен түз каржылоо түрүндө мамлекеттик колдоону караган, башкача айтканда мамлекеттик өнөктөштүн түз милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келген МЖӨ долбоорлоруна карата колдонулбайт. Мындай долбоорлор МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 10, 12-15-беренелерине ылайык конкурс өткөрүү жолу менен гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
7. Мамлекеттик өнөктөштүн ачык шарттуу милдеттенмелеринин болушу МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүүлөр жол-жобосунан чыгарууга негиз болуп саналбайт жана бул Жобонун 26, 58-пункттарында каралган тартипте макулдашылууга тийиш. Мамлекеттик өнөктөштүн ачык шарттуу милдеттенмелерине минималдуу киреше кепилдиктери, МЖӨ жөнүндө макулдашууну бузуу учурундагы төлөмдөр, МЖӨ долбоорунун карызын тейлөө боюнча милдеттенмелер, мамлекеттик кепилдиктер жана кепилчиликтер кирет.
8. МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүү жолу менен ыйгаруу үчүн кызыкдар жак ушул Жободо каралган тартипте аныкталган квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
9. Ушул Жободо аныкталган жана колдонулган негизги терминдер:
1) кызыкдар жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жеке ишкер, юридикалык жак, МЖӨ долбоорун демилгелөөгө жана/же МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөргө катышууга кызыкдар консорциум;
2) квалификациялык талаптар - мамлекеттик өнөктөш тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, ошондой эле кызыкдар жакка жана/же МЖӨ долбооруна коюлуучу төмөнкү талаптарды камтыган документ (документтер топтому):
- МЖӨ долбоорунун сыпаттамасы (максаттары жана милдеттери, тармактын өнүгүшүнүн артыкчылыктарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына долбоордун шайкештиги, МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу мөөнөтү, болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмү, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу болжолдонуп жаткан жер тилкесинин (эгер колдонулса) сыпаттамасы, мында анын жайгашкан жери жана укуктук статусу көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү (өздөштүрүү) планы, МЖӨ долбоорунун потенциалдуу экологиялык жана социалдык аспектилеринин алдын ала идентификациясы, МЖӨ долбоорун жүзөгө ашырууга кызыкдар болгон жактардын сыпаттамасы, мында алардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктер көрсөтүлөт;
- кызыкдар жакка карата квалификациялык талаптар, ошондой эле аларды баалоонун тартиби, анын ичинде юридикалык статуска карата талаптар, инфраструктуралык жана/же ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруунун ырасталган тажрыйбасы, зарыл финансылык, техникалык жана башка ресурстардын болушу, ошондой эле башка талаптар;
- долбоордун тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына шайкештигин камсыз кылуучу МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жана жеке демилге жөнүндө сунуш берген, ушул Жобонун 32-пунктуна ылайык түз сүйлөшүүлөр жол-жоболорунун натыйжалары боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүлбөгөн алгачкы кызыкдар жактын чыгымдарынын өлчөмү жана компенсациялоо тартиби;
- түз сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулоо жана толуктап иштеп чыгуу үчүн арналган МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- кызыкдар жакка жана/же МЖӨ долбооруна карата башка талаптар;
3) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык же башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;
4) сүйлөшүү тобу - МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мамлекеттик өнөктөш тарабынан түзүлгөн, мамлекеттик өнөктөштүн, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка мамлекеттик жана/же муниципалдык органдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден жана консультанттардан турган жана өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Жободо белгиленген чектерде жана тартипте гана жүзөгө ашыруучу ведомстволор аралык коллегиалдуу орган;
5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат - МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча таризделген жана кызыкдар жак же мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүүгө тийиш болгон документ;
6) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш - өзүнө төмөнкүлөрдү камтуучу документ:
- МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун максаттарын жана милдеттерин;
- МЖӨ объектине МЖӨнү колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн;
- МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;
- финансы-экономикалык жана юридикалык талдоону;
- мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоонун түрлөрүн жана көрсөтүү шарттарын;
7) жеке демилге жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ (документтердин топтому):
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушка киргизилүүгө тийиш болгон маалыматты;
- жеке демилге жөнүндө сунуш менен кайрылган кызыкдар жактын инфраструктуралык объекттер же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасынын бар экендигин ырастоочу документти;
- болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн жана алардын болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүнүн 5 пайызынан кем эмес өлчөмдөгү салымын кепилдөөчү финансы каражаттарынын бар экендигин ырастоочу документти;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттарын;
8) түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакыруу - мамлекеттик өнөктөш жана/же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте жарыяланган жана анын ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган расмий кабарлоо: МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын (максаттарын жана милдеттерин, ишке ашыруунун мөөнөтүн, болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн), кызыкдар жакка карата квалификациялык талаптарды, мамлекеттик өнөктөш жөнүндө маалыматтарды, түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн негизин, МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды, түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү берүүнүн тартибин, мөөнөттөрүн жана ыкмасын, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттарын, түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн байланыш маалыматтарын, МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу акыркы чечим түз сүйлөшүүлөр жол-жоболорунун натыйжалары боюнча мамлекеттик өнөктөш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынарына көрсөтмөнү;
9) түз сүйлөшүүлөр - ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорун ыйгаруу жол-жобосу, ал МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун шарттарын аныктоо жана макулдашуу максатында бир же бир нече кызыкдар жак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү караган жол-жобо.
Ушул Жободо колдонулуучу башка терминдер эгерде ушул Жободо башкача аныкталбаса, МЖӨ жөнүндө Мыйзамда аныкталган маанилерде колдонулат.
10. Мамлекеттик өнөктөш жана/же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты, жеке демилге жөнүндө сунуштарды, түз сүйлөшүүлөр жол-жоболоруна катышууга өтүнмөлөрдү баалоону, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун акыркы шарттарын, ошондой эле ушул Жобонун алкагында берилүүчү башка документтерди көз карандысыз баалоону жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга укуктуу.
Тартылган эксперттер жана консультанттар көз карандысыз болууга, тиешелүү квалификацияга жана тажрыйбага ээ болууга, ошондой эле каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ болбоого тийиш. Көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга кеткен чыгымдар кызыкдар жакка жүктөлүшү мүмкүн жана кызыкдар жакка мындай шарттар жөнүндө алдын ала кабарланган шартта эксперттер жана консультанттар тиешелүү кызматтарды көрсөткөндөн кийин аларга кызыкдар жак тарабынан төлөнүүгө тийиш.
11. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо мамлекеттик өнөктөш кызыкдар жактан тармактык практиканын жалпы кабыл алынган стандарттарына ылайык МЖӨ долбоорун даярдоо боюнча милдеттерин ак ниеттүү жана талаптагыдай аткаруусун камсыз кылган камсыздоону (банк кепилдиги, кепилдик кат жана/же жол берилген башка формаларда) берүүнү суроого укуктуу.
Мындай камсыздоо кызыкдар жактын ак ниетсиз иш-аракеттеринин же МЖӨ долбоорун даярдоо баскычында жол берген бузуулардын натыйжасында МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же мамлекеттик өнөктөшкө келтирилген, документтик түрдө ырасталган зыяндын ордун толтуруп берүүгө кызыкдар жактын милдеттенмесин карашы мүмкүн.
Мындай камсыздоо кызыкдар жакка кандайдыр бир артыкчылыктарды бербейт жана жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу, түз сүйлөшүүлөргө жол берүү же болбосо МЖӨ долбоорун ыйгаруу боюнча милдеттенмелерге алып келбейт.
2-глава. Кызыкдар жак тарабынан МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун демилгелөө тартиби
12. Кызыкдар жак түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ долбоорун ыйгарууга талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты жөнөтөт. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө мамлекеттик өнөктөш менен бирге МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты алдын ала баалоону (скрининг) жүргүзөт.
13. Алдын ала баалоо (скрининг) төмөнкүлөрдү баалоону камтыйт:
1) МЖӨ долбоорунун улуттук, мамлекеттик, тармактык жана региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына шайкеш келүүсүн;
2) түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун колдонуу үчүн негиздердин болушун;
3) мамлекеттик бюджеттен түз каржылоо түрүндө мамлекеттик финансылык колдоо зарылдыгынын (мамлекеттик өнөктөштүн түз милдеттенмелеринин) жоктугун;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашырууда акыркы натыйжалар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына потенциалдуу жетишүүнү.
14. Алдын ала баалоонун (скринингдин) алкагында МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактан берилген маалыматты ырастоо жана/же ар тараптуу баалоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле МЖӨ долбооруна жана/же кызыкдар жакка тиешелүү кошумча маалыматтарды жана документтерди суроого укуктуу. Ошол эле учурда мындай суроо-талаптар баалоонун максаттарына шайкеш болууга тийиш жана эркин мүнөзгө ээ болбошу керек.
15. Алдын ала баалоонун (скринингдин) натыйжалары боюнча МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) кызыкдар жакка жеке демилге жөнүндө сунушту берүү тууралуу суроо-талапты жиберүү менен алдын ала баалоодон (скринингден) өткөн МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты таануу тууралуу;
2) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты алдын ала баалоодон (скринингден) өткөн жок деп таануу тууралуу.
16. Ушул Жобонун 13, 47-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлер боюнча алдын ала оң баалоодон (скринингден) өткөн учурда, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жакка жеке демилге жөнүндө сунушту берүү тууралуу суроо-талапты жиберет. Жеке демилге жөнүндө сунушту даярдоо жана берүү мөөнөттөрү МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып 150 календардык күндөн ашпоого тийиш.
17. Жеке демилге жөнүндө сунуш ушул Жобонун 1-главасында каралган маалыматтарды жана документтерди камтууга тийиш. Мында кызыкдар жакта жеке демилге жөнүндө сунуштун курамына киргизилүүчү болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүнүн 5 пайызынан кем эмес өлчөмдө аларды салым кылууга кепилдик берген финансылык каражаттардын бар экендигин ырастаган документ өздүк капитал же болбосо өздүк капиталга теңештирилген каржылоо формасында мындай каражаттардын бар экендигин ырастоосу тийиш. Мындан тышкары жеке демилге жөнүндө сунушка киргизилүүчү финансылык-экономикалык жана юридикалык талдоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш, анын ичинде:
- негизги болжолдорду жана баштапкы параметрлерди негиздөө менен МЖӨ долбоорунун финансылык моделин, анын ичинде МЖӨ долбоорунун наркын жана аны каржылоо түзүмүн;
- МЖӨ долбоорунун наркын деталдаштырылган баалоону;
- чыгымдарды жана пайдаларды талдоону;
- акыркы натыйжалар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетишүүнү талдоону;
- тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн долбоорун жана аларды минималдаштыруу боюнча иш-чаралар планын;
- рыноктук суроо-талапты талдоону, анын ичинде маркетингдик изилдөөлөрдүн натыйжаларын (бар болсо).
18. Жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбооруна жана/же кызыкдар жакка тиешелүү кошумча документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде кызыкдар жактын квалификациясы жана тажрыйбасы жөнүндө документтерди жана маалыматтарды суроого укуктуу.
19. Жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 45 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөктөш менен биргеликте жеке демилге жөнүндө сунушту төмөнкү критерийлерге ылайык карайт:
1) түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун колдонуу үчүн негиздердин болушу;
2) МЖӨ долбоорунун техникалык, финансылык жана институттук ишке ашырылуусу;
3) мамлекеттик бюджеттен түз каржылоо түрүндө мамлекеттик финансылык колдоонун зарылдыгынын жоктугу (мамлекеттик өнөктөштүн түз милдеттенмелери);
4) МЖӨ долбоорунун негизги параметрлерин Кыргыз Республикасында жана/же башка мамлекеттерде ишке ашырылган окшош долбоорлор менен салыштырууну кошкондо, долбоорду ишке ашыруунун альтернативдүү варианттары менен салыштырма талдоо жүргүзүү аркылуу баалануучу мамлекет үчүн акыркы натыйжалардын жана чыгымдардын эң мыкты катышынын потенциалдуу болушу.
20. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) жеке демилге жөнүндө сунушту четке кагуу жөнүндө;
2) аныкталган эскертүүлөрдү жана аларды жоюунун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен жеке демилге жөнүндө сунушту жеткире иштеп чыгууга кайтарып берүү жөнүндө;
3) жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу жана кызыкдар жак менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү этабына өтүү жөнүндө.
21. Жеке демилге жөнүндө сунушту МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мамлекеттик өнөктөштүн ортосунда кароонун жыйынтыгы боюнча позициялардын пикир келишпестиги болгон учурда жеке демилге жөнүндө сунушту четке кагуу тууралуу чечим кабыл алган тарап экинчи тарапка мындай четке кагуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө негизделген корутундуну жиберет. Кайсы болбосун тараптын укуктук, финансы-экономикалык, техникалык же башка олуттуу жагдайларга негизделген жүйөлүү баш тартуусунун болушу жеке демилге жөнүндө сунушту четке кагуу үчүн жетиштүү негиз болуп саналат.
22. Жеке демилге жөнүндө сунуш четке кагылган учурда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жакка жеке демилге жөнүндө сунушту четке кагууну негиздеген жазуу жүзүндөгү жүйөлүү билдирүү жиберет.
23. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты жана жеке демилге жөнүндө сунушту даярдоого жана берүүгө байланыштуу кызыкдар жак тарткан чыгымдардын орду толтурулбайт, буга ушул Жобонун 32-пунктунда каралган учурлар кирбейт.
24. Жеке демилге жөнүндө сунушту четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мурда берилген бардык документтердин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн кызыкдар жакка кайтарып берүүгө милдеттүү.
25. Жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда мамлекеттик өнөктөш ушул Жобонун 1-главасында аныкталган квалификациялык талаптарды тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде иштеп чыгат жана бекитет.
26. Мамлекеттик өнөктөш тарабынан квалификациялык талаптар, анын ичинде МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору да иштелип чыккандан жана бекитилгенден кийин, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ошондой эле жеке демилге жөнүндө сунушту түзүүчү маалыматтарды жана документтерди бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик органга мамлекеттин ачык шарттуу милдеттенмелери бөлүгүндө макулдашуу үчүн жиберет. Бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган көрсөтүлгөн ачык шарттуу милдеттенмелерди кароону жана макулдашууну көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырат.
27. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана атаандаштык шарттарын түзүү максатында МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик өнөктөш квалификациялык талаптар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде өздөрүнүн расмий веб-сайттарына жеке демилге жөнүндө сунуштун кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоону жарыялайт, ал жеке демилге жөнүндө альтернативдүү (атаандаштык) сунуштарды берүүгө башка кызыкдар жактарды чакырууну да камтыйт.
Жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу тууралуу кабарлоодо, анын ичинде, төмөнкүдөй маалыматтар: МЖӨ долбоорунун сыпаттамасы (МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун максаттары жана милдеттери, мөөнөтү, болжолдонгон инвестициялардын өлчөмү), кызыкдар жакка карата квалификациялык талаптар, МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар, альтернативдүү (атаандаштык) сунушту берүүгө чакыруу, жеке демилге жөнүндө альтернативдүү (атаандаштык) сунушту берүү тартиби, мөөнөттөрү жана ыкмалары, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги шарттары, түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн байланыш маалыматы, ошондой эле МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу акыркы чечим түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча мамлекеттик өнөктөш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат деген көрсөтмө камтылууга тийиш.
28. Жеке демилге жөнүндө сунуш кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жарыялангандан кийин башка кызыкдар жактар жеке демилге жөнүндө альтернативдүү (атаандаштык) сунуштарды берүүгө укуктуу. Альтернативдүү (атаандаштык) сунуштарды берүү мөөнөтү МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана кабарлоо жарыяланган күндөн тартып 45тен 90 календардык күнгө чейин созулат. Альтернативдүү (атаандаштык) сунуштарды кароо үчүн мөөнөт аларды берүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндү түзөт.
29. Жеке демилге жөнүндө бирден көп сунуш берилген учурда мындай сунуштар салыштырмалуулукту жана кызыкдар жактарга бирдей мамилени камсыз кылуу максатында бирдиктүү квалификациялык талаптардын негизинде бааланууга тийиш.
30. Эгерде башка кызыкдар жак жеке демилге жөнүндө сунушту мамлекеттик өнөктөш үчүн кыйла пайдалуу шарттарда берген учурда, жеке демилге жөнүндө сунуш берген алгачкы кызыкдар адамга мамлекеттик өнөктүн тиешелүү кабарлоосун алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде өзүнүн сунушун мындай кыйла пайдалуу сунуштун шарттарына ылайык келтирүү укугу берилет.
31. Көрсөтүлгөн укук ишке ашырылган учурда баштапкы кызыкдар адамга мамлекеттик өнөктөш менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү этабына жол берилет.
32. Эгерде баштапкы кызыкдар жак көрсөтүлгөн укуктан пайдаланбаса, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты жана жеке демилге жөнүндө сунушту даярдоодо анын документтер менен тастыкталган жана текшерилген чыгымдарынын орду түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорунун натыйжалары боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүлө турган кызыкдар жак тарабынан толтурулууга тийиш. Мындай ордун толтуруунун өлчөмү жана тартиби квалификациялык талаптарда аң-сезимдүүлүк принцибин эске алуу менен аныкталат жана МЖӨ долбоорунун капиталдык чыгымдарга катыштагы маани чеги менен чектелет.
33. Альтернативдүү (атаандаштык) сунуштар жок болгон учурда мамлекеттик өнөктөш жана/же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бааны аныктоону (МЖӨ долбоорунун алкагында жеке өнөктөш көрсөткөн кызматтар үчүн акыны же сый акыны аныктоону кошкондо) жана төмөнкү чаралардын бирин же бир нечесин колдонуу жолу менен мамлекет үчүн акыркы натыйжалардын жана чыгымдардын эң жакшы катышына жетишүүнү камсыз кылат:
1) көз карандысыз консультанттарды жана/же көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен долбоордун наркынын эсептөөлөрүн талдоо жана текшерүү;
2) жеткиликтүү рыноктук маалыматтардын негизинде долбоордун негизги нарктык жана финансылык параметрлерин Кыргыз Республикасында жана/же башка мамлекеттерде ишке ашырылган ушуга окшош долбоорлор менен салыштыруу;
3) "ачык китеп" принциби боюнча маалыматты ачуу талаптары, анын ичинде субподряддын келишимдери жана башка келишимдер боюнча чыгымдардын жана баа түзүүнүн түзүмүн ачып берүү;
4) МЖӨ долбоору үчүн олуттуу нарктык мааниси бар субподряддын келишимдери боюнча субподрядчыларды тандоодо атаандаштык сатып алуулар жол-жоболорун (тендерлерди) жүргүзүү тууралуу талаптарды белгилөө.
34. Көрсөтүлгөн чараларды колдонуунун натыйжалары ушул Жобонун 35-пунктунда каралган чечимдерди кабыл алууда эсепке алынууга тийиш.
35. Альтернативдүү (атаандаштык) сунуштарга суроо-талаптын жыйынтыктары боюнча МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) алгачкы кызыкдар адам менен сүйлөшүүлөр жол-жобосун улантуу жөнүндө (эгерде альтернативдүү (атаандаштык) сунуштар жок же болбосо баштапкы кызыкдар адам кыйла ыңгайлуу сунуштар шарттарына ылайык жеке демилгеси жөнүндө өзүнүн сунушун берсе);
2) альтернативдүү (атаандаштык) сунушту мамлекеттик өнөктөш үчүн кыйла пайдалуу деп таануу жана тиешелүү кызыкдар адам менен сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун улантуу жөнүндө;
3) мамлекет үчүн акыркы натыйжалар менен чыгымдардын эң жакшы катышынын жоктугун жүйөлүү негиздөө менен түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун ишке ашкан жок деп таануу жөнүндө.
Кабыл алынган чечим жөнүндө маалымат алгачкы кызыкдар адамга жана альтернативдүү (атаандаштык) сунуштарды берген (бар болсо) башка жактарга жиберилет, ошондой эле тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик өнөктүн расмий веб-сайтына жарыяланат.
36. Түз сүйлөшүүлөр мамлекеттик өнөктөш тарабынан даярдалган МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизинде жүргүзүлөт.
37. Сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун улантуу жөнүндө чечим кабыл алынган кызыкдар жак ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна карата өзгөртүүлөр боюнча өз сунуштарын "оңдоолор" форматында (MS Word документи) жана документтин текстинде түз чагылдырылган сунушталган өзгөртүүлөрдүн тиешелүү негиздемеси менен түшүндүрмөлөрдү берүүгө, мында мындай сунуштар МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды бекиткен жоболорго тийиштүү болушу мүмкүн эмес; же
2) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун бардык шарттарына макулдугун жана ага кол коюуга даярдыгын жазуу жүзүндө ырастоого.
38. Кызыкдар жак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мамлекеттик өнөктөш сүйлөшүү тобун түзөт, ал кызыкдар адамга МЖӨ долбоорун ыйгаруу жөнүндө же болбосо түз сүйлөшүүлөрдү ишке ашкан жок деп таануу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат. Сүйлөшүүлөр тобу өз ишин ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырат. Сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусу жоктугун ырастоого жана жашыруун маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоого милдеттүү. Сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболоруна катышуу башталганга чейин МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызга кол коюуга милдеттүү.
39. Сүйлөшүүлөр ушул Жобонун 35-пунктунда каралган чечим кабыл алынган күндөн тартып 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.
40. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды бекиткен жоболордон тышкары өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Ошол эле учурда мындай өзгөртүүлөр ушул Жобонун 29-пунктунда каралган сунуштардын салыштырмалуулугу жана кызыкдар жактарга бирдей мамиле кылуу принциптерин бузууга алып келбеши керек.
41. Түз сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча МЖӨ долбоорун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин МЖӨ долбоору жөнүндө макулдашуунун долбоорунун акыркы шарттары кызыкдар жак менен аффилирленбеген жана кызыкчылыктар кагылышы жок көз карандысыз эксперттер жана/же консультанттар тарабынан жүзөгө ашырылуучу көз карандысыз баалоого алынууга тийиш. Мындай баалоо макулдашуунун долбоорунун акыркы шарттары бекитилген минималдуу талаптарга шайкеш келүүсүн, акыркы натыйжалар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетүүнү, ошондой эле мамлекет үчүн негизсиз тобокелдиктердин жоктугун камтыйт. Көз карандысыз баалоонун натыйжалары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда эске алынат. Көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар ушул Жобонун 10-пунктунда каралган тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
42. Сүйлөшүү тобу кызыкдар жак жана/же анын уюмдаштыруучусу (уюмдаштыруучулары) жана/же тиешелүү түрдө акционер (акционерлер) тарабынан берилген каалаган документтерди, маалыматтарды, билдирүүлөрдү текшере алат жана кызыкдар жактан берилген маалыматтарды ырастоо жана/же ар тараптуу баалоо жүргүзүү үчүн МЖӨ долбооруна жана/же кызыкдар жакка тийиштүү кошумча маалыматтарды жана документтерди керектүү көлөмдө сурай алат. Ошол эле учурда мындай суроо-талаптар баалоонун максаттарына шайкеш болууга тийиш жана эркин мүнөзгө ээ болбошу керек.
43. Сүйлөшүүлөр процесси жана алардын натыйжалары сүйлөшүүлөр протоколуна киргизилет, ага сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү тарабынан кол коюлуп, мыйзамдарда белгиленген тартипте сакталууга тийиш.
Сүйлөшүү тобунун чечимдери ачык добуш берүү жолу менен мүчөлөрдүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушунун негизинде кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болуп калган учурда, сүйлөшүү тобунун төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
44. Сүйлөшүү тобу сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) долбоорду ыйгаруу жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун акыркы редакциясын бекитүү, анын ичинде макулдашууга кол коюлганга жана ал күчүнө киргенге чейин аткарыла турган шарттар жөнүндө; же болбосо
2) жүйөлүү негиздөө менен, түз сүйлөшүүлөрдү өткөн жок деп таануу жөнүндө.
45. Сүйлөшүү тобу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө протоколдун датасынан тартып 3 жумуш күндүн ичинде протоколдун көчүрмөсүн кызыкдар жакка жөнөтөт, ал эми долбоор ыйгарылган учурда 4-главада көрсөтүлгөн иш-аракеттерге өтөт.
3-глава. Мамлекеттик өнөктөш тарабынан түз сүйлөшүүлөр жол-жобосун демилгелөө тартиби
46. Мамлекеттик өнөктөш МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жөнөтүү жолу менен МЖӨ долбоорун демилгелейт. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат келген күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты алдын ала баалоону (скрининг) жүзөгө ашырат.
47. Алдын ала баалоо (скрининг) төмөнкүлөрдү баалоону камтыйт:
1) МЖӨ долбоорунун улуттук, мамлекеттик, тармактык жана региондук социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына шайкеш келүүсүн;
2) түз сүйлөшүүлөр жол-жобосун колдонуу үчүн негиздер бар экендигин;
3) мамлекеттик бюджеттен түз каржылоо (мамлекеттик өнөктөштүн түз милдеттенмелери) түрүндө мамлекеттик финансылык колдоо зарылдыгынын жоктугун;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашырууда акыркы натыйжалар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына потенциалдуу түрдө жетүүнү.
Алдын ала баалоонун (скринингдин) алкагында МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөктөштөн түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле берилген маалыматтарды ырастоо жана/же ар тараптуу баалоо жүргүзүү үчүн МЖӨ долбооруна тийиштүү кошумча маалыматтарды жана документтерди керектүү көлөмдө сурап алууга укуктуу. Ошол эле учурда мындай суроо-талаптар баалоонун максаттарына шайкеш болууга тийиш жана эркин мүнөзгө ээ болбошу керек.
48. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын ала баалоонун (скринингдин) натыйжалары боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты алдын ала баалоодон (скринингден) өткөн деп таануу жөнүндө, мамлекеттик өнөктөшкө МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш берүү тууралуу суроо-талапты жөнөтүү менен;
2) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты алдын ала баалоодон (скринингден) өткөн жок деп таануу жөнүндө.
49. Ушул Жобонун 4 жана 47-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлер боюнча алдын ала баалоо (скрининг) оң натыйжада өткөн учурда, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөктөшкө МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту берүү тууралуу суроо-талап жөнөтөт. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту даярдоо жана берүү мөөнөтү МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталып, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү суроо-талапты жөнөткөн датадан тартып 60 календардык күндөн кем эмес жана 150 календардык күндөн ашпаган мөөнөттү түзөт.
50. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш ушул Жобонун 1-главасында каралган маалыматтарды жана документтерди камтууга тийиш. Мында МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуштун курамына киргизилген финансылык-экономикалык жана юридикалык талдоо анын ичинде төмөнкүлөрдү да кароого тийиш:
- негизги болжолдорду жана баштапкы параметрлерди негиздөө менен МЖӨ долбоорунун финансылык моделин, анын ичинде долбоордун наркын жана аны каржылоо түзүмүн;
- МЖӨ долбоорунун наркын деталдаштырылган баалоону;
- чыгымдарды жана пайдаларды талдоону;
- акыркы натыйжалар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетишүүнү талдоону;
- тобокелдиктерди бөлүштүрүү долбоорун жана аларды минималдаштыруу боюнча иш-чаралар планын;
- рыноктук суроо-талапты талдоону, анын ичинде маркетингдик изилдөөлөрдүн натыйжаларын (бар болсо).
51. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөктөштөн МЖӨ долбооруна тиешелүү кошумча документтерди жана маалыматты суроого укуктуу.
52. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 45 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту төмөнкү критерийлерге ылайык карайт:
1) түз сүйлөшүүлөр жол-жобосун колдонуу үчүн негиздердин болушу;
2) долбоордун техникалык, финансылык жана институттук ишке ашырылуучулугу;
3) мамлекеттик бюджеттен түз каржылоо (мамлекеттик өнөктөштүн түз милдеттенмелери) түрүндө мамлекеттик финансылык колдоо зарылдыгынын жоктугу;
4) акыркы натыйжалар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышынын потенциалдуу түрдө болушу, ал долбоордун негизги параметрлерин Кыргыз Республикасында жана/же башка мамлекеттерде ишке ашырылган ошого окшош долбоорлор менен салыштырууну кошо алганда, долбоорду ишке ашыруунун альтернативдүү варианттары менен салыштырып талдоо жүргүзүү жолу менен бааланат.
53. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту четке кагуу жөнүндө;
2) аныкталган сын пикирлерди жана аларды четтетүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту толуктап иштеп чыгууга кайра кайтаруу тууралуу;
3) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту кабыл алуу жана ушул Жобонун 56-пунктунда каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн жүйөлүү корутундуну даярдоого өтүү жөнүндө.
54. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мамлекеттик өнөктөштүн ортосундагы МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту кароонун жыйынтыгы боюнча пикир келишпестиктер болгон учурда мындай сунушту четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алган МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечимдин негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жүйөлүү корутундуну жиберүүгө милдеттүү.
55. Мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту даярдоого жана берүүгө байланыштуу жумшалган чыгымдардын орду толтурулбайт.
МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү документтердин мурда берилген бардык түп нускалары менен көчүрмөлөрүн мамлекеттик өнөктөшкө кайтарып берүүгө милдеттүү.
56. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн жүйөлүү корутундуну даярдоого өтүү тууралуу чечим кабыл алынган учурда мамлекеттик өнөктөш МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ долбоорун ыйгаруу жана МЖӨ долбоорунун улуттук, мамлекеттик жана тармактык стратегиялар менен программаларга шайкеш келүү зарылдыгын, суроо-талапты жана сунушту баалоонун, альтернативдүү чечимдердин болушун, МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камтыган рынокту талдоонун натыйжаларын жана акыркы натыйжалар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетишүүнү баалоонун натыйжаларын негиздеген жүйөлүү корутундуну даярдайт.
57. Мамлекеттик өнөктөш ушул Жобонун 1-главасында аныкталгандай квалификациялык талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде иштеп чыгат жана бекитет.
58. Мамлекеттик өнөктөш мамлекеттин шексиз шарттуу милдеттенмелери бөлүгүндө макулдашуу үчүн бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик органга МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ошондой эле МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту түзгөн маалыматтарды жана документтерди жиберет. Бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган документтерди алган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө шексиз шарттуу милдеттенмелерди кароону жана макулдашууну жүзөгө ашырат.
59. Бардык кызыкдар жактар менен түз сүйлөшүүлөрдү камсыз кылуу жолу менен МЖӨ жөнүндө кыйла пайдалуу макулдашууну түзүү максатында мамлекеттик өнөктөш жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квалификациялык талаптар бекитилген датадан тартып 5 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөктөштүн жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайттарында түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакырууну жарыялайт. Зарыл болгон учурда сүйлөшүүлөрдүн потенциалдуу катышуучуларын максималдуу камтуу үчүн эл аралык адистештирилген маалымат ресурстарына түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакыруу жарыяланат.
Мамлекеттик өнөктөшкө потенциалдуу кызыкдар жактар белгилүү болгон учурда түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакыруу мындай адресаттарга да түздөн-түз жөнөтүлөт.
60. Түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышуу үчүн кызыкдар жактар түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышуу үчүн МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча өтүнмө (кызыккандыкты билдирүү) берет, ага алардын укуктук статусун, квалификациясын жана инфраструктуралык жана/же ошого окшош долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын, финансылык абалын ырастаган документтер жана башка документтер тиркелет.
61. Түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү топтоо мамлекеттик өнөктөш тарабынан түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында жүргүзүлөт, ал түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакыруу жарыяланган датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 60 календардык күндөн ашык эмес түзүлүшү мүмкүн.
62. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мамлекеттик өнөктөш сүйлөшүү тобун түзөт, ал кызыкдар жакка МЖӨ долбоорун ыйгаруу жөнүндө же түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок деп таануу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат. Сүйлөшүү тобу өз ишин ачык-айкындык, ак ниеттүүлүк жана түз сүйлөшүүлөр жол-жобосунун бардык катышуучуларына бирдей мамиле кылуу принциптеринде ишке ашырат. Сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугун ырастоого жана жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоого милдеттүү. Сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышуу башталганга чейин МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндө арызга кол коет.
63. Сүйлөшүү тобу ушул главада белгиленген тартипте түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган күндөн тартып түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киришет.
64. Түз сүйлөшүүлөр жол-жобосу эки этаптан турат:
1) түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү кароо;
2) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча техникалык жана финансылык сунуштарды кароо.
65. Түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктаган датадан тартып 15 календардык күндүн ичинде сүйлөшүү тобу түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга кызыкдар жактардан алынган өтүнмөлөрдүн жана аларга тиркелген документтердин квалификациялык талаптарга ылайык келишин "өтөт/өтпөйт" баалоо системасы боюнча баалайт.
66. Келип түшкөн өтүнмөлөр баалангандан кийин 3 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөктөш түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрү квалификациялык талаптарга ылайык келет деп таанылган кызыкдар жактардан МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча техникалык жана финансылык сунуштарды сурайт.
67. МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча техникалык жана финансылык сунуштарды топтоо мамлекеттик өнөктөш тарабынан аныкталган, бирок ал сүйлөшүү тобу тарабынан түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү кароонун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлгөн датадан тартып 60 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
68. Түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга бир гана өтүнмө квалификациялык талаптарга ылайык келет деп таанылган учурда мамлекеттик өнөктөш мындай өтүнмөнү берген тиешелүү кызыкдар жактан техникалык жана финансылык сунушту сурайт жана ушул Жобонун 73-пунктунда белгиленген талаптарды сактоо шартында аны менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
69. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча техникалык жана финансылык сунуштар кызыкдар жактар тарабынан квалификациялык талаптарда аныкталган курамда жана көлөмдө берилет жана кеминде төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) төмөнкүлөрдү камтыган техникалык сунуш:
- МЖӨ долбоору боюнча сунушталып жаткан техникалык чечимдин сыпаттамасын, анын ичинде МЖӨ долбоорунун негизги параметрлерин, МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун технологияларын, стандарттарын жана этаптарын;
- долбоорлоо, куруу (түзүү), эксплуатациялоо жана/же кызматтарды көрсөтүү (эгер болсо) графигин;
- МЖӨ долбоорунун иштешинин сапатын, ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу менен байланышкан, техникалык жана эксплуатациялык аспекттерге тиешелүү бөлүгүндө тобокелдиктерди башкаруу боюнча сунуштарды;
- квалификациялык талаптарда каралган техникалык мүнөздөгү башка маалыматтарды;
2) төмөнкүлөрдү камтыган финансылык сунуш:
- негизги кемчиликтерин жана баштапкы параметрлерин негиздөө менен МЖӨ долбоорунун финансылык моделин, анын ичинде долбоордун наркын жана аны каржылоонун түзүмүн;
- инвестициялардын түзүмүн жана өлчөмүн, МЖӨ долбоорун каржылоонун булактарын жана шарттарын;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун баасынын (акынын, сый акынын) эсептерин жана башка финансылык шарттарды;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын арасында финансылык тобокелдиктерди бөлүштүрүү боюнча сунуштар;
- квалификациялык талаптарда каралган финансы-экономикалык мүнөздөгү башка маалыматтар.
70. Техникалык жана финансылык сунуштарды берүү үчүн мөөнөттүн ичинде кызыкдар жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна карата өзгөртүүлөр боюнча өз сунуштарын оңдоолор форматында (MS Word документи) жана документтин текстинде түздөн-түз чагылдырылган, сунушталган өзгөртүүлөрдүн тиешелүү негиздемеси менен комментарийлерди берүүгө, ошол эле учурда мындай сунуштар МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды бекиткен жоболорго колдонулбайт; же болбосо
2) МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбоорунун бардык шарттарына макул болууну жана ага кол коюуга даяр экендигин жазуу түрүндө ырастоого.
71. Сүйлөшүү тобу техникалык жана финансылык сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде квалификациялык талаптарга шайкеш жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун эң жакшы шарттарын сунуштаган кызыкдар жакты аныктоо үчүн келип түшкөн сунуштарды баалайт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана ушул Жобонун 76-пунктунда көрсөтүлгөн чечимди кабыл алат.
72. Белгилүү бир этаптарда кызыкдар жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү процессинде МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды бекиткен жоболорду кошпогондо, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
73. Эгерде түз сүйлөшүүлөргө техникалык жана финансылык сунуш берген бир кызыкдар жак катышкан учурда, сүйлөшүү тобу төмөнкү чаралардын бирин жана бир нечесин колдонуу аркылуу бааны аныктоону жана акыркы жыйынтыктар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетүүнү камсыз кылат:
1) көз карандысыз консультанттарды жана/же көз карандысыз баалоочуларды ишке тартуу менен МЖӨ долбоорунун наркын эсептөөнү талдоо жана текшерүү;
2) МЖӨ долбоорунун негизги нарктык жана финансылык параметрлерин жеткиликтүү рыноктук маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасында жана/же башка мамлекеттерде ишке ашырылган ушуга окшош долбоорлор менен салыштыруу;
3) маалыматты "ачык китеп" принциби боюнча ачыкка чыгаруу, анын ичинде субподряд келишимдери жана башка келишимдер боюнча чыгымдардын түзүмүн жана баа түзүүнү ачыкка чыгаруу;
4) МЖӨ долбоору үчүн олуттуу нарктык мааниге ээ болгон субподряд келишимдери боюнча субподрядчыларды тандоодо сатып алуулардын атаандаштык жол-жоболорун (тендерлерди) өткөрүү жөнүндө талапты белгилөө.
74. Түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча МЖӨ долбоорун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбоорунун акыркы шарттары кызыкдар жак менен аффилирленбеген жана кызыкчылыктар кагылышы жок көз карандысыз эксперттер жана/же консультанттар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз бааланууга тийиш. Мындай баалоо макулдашуунун долбоорунун акыркы шарттарынын бекитилген минималдуу талаптарга шайкештигин, акыркы жыйынтыктар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетүүнү, ошондой эле мамлекет үчүн негизсиз тобокелдиктердин жоктугун аныктоону камтыйт.
Көз карандысыз баалоонун жыйынтыктары МЖӨ долбоорун ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууда эске алынат. Көз карандысыз баалоону жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар ушул Жобонун 10-пунктунда каралган тартипте жүргүзүлөт.
75. Сүйлөшүү тобу кызыкдар жак жана/же анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана/же акционер (акционерлер) тарабынан берилген документтерди, маалыматты, арыздарды текшерет жана берилген маалыматтарды ырастоо жана/же ар тараптуу баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө МЖӨ долбооруна жана/же кызыкдар тарапка тиешелүү кошумча маалыматтарды жана документтерди сурайт. Ошол эле учурда мындай суроо-талаптар баалоонун максаттарына шайкеш болушу керек жана негизсиз мүнөздө болбоого тийиш.
76. Сүйлөшүүлөр процесси жана жыйынтыктары сүйлөшүүлөрдүн протоколуна киргизилет, ага сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү кол коет жана мыйзамда белгиленген тартипте сакталууга тийиш.
Сүйлөшүү тобунун чечимдери ачык добуш берүү аркылуу анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болуп калган учурда сүйлөшүү тобунун төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Сүйлөшүү тобу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөр жөнүндө чечим кабыл алат:
1) квалификациялык талаптарга шайкеш келген жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун эң жакшы шарттарын сунуштаган кызыкдар жакка долбоорду ыйгаруу жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун акыркы редакциясын, анын ичинде макулдашууга кол коюлганга жана ал күчүнө киргенге чейин аткарылууга тийиш болгон шарттарды бекитүү; же болбосо
2) жүйөлүү негиздөө менен түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок деп таануу.
Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун датасынан тартып 3 жумуш күндүн ичинде сүйлөшүү тобу протоколдун көчүрмөсүн кызыкдар жакка жиберет жана МЖӨ долбоору ыйгарылган учурда ушул Жобонун 4-главасында көрсөтүлгөн иш-аракеттерге өтөт.
4-глава. Кызыкдар жак менен МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү
77. Жүргүзүлгөн түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө протокол сүйлөшүү тобу тарабынан таризделген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде МЖӨ долбоорун кызыкдар жакка ыйгаруу жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик өнөктөштүн жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайттарында милдеттүү жарыяланууга тийиш.
МЖӨ долбоорун ыйгаруу жөнүндө кулактандырууда МЖӨ долбоору ыйгарылган кызыкдар жактын аталышы, аткарылуучу жумуштардын же көрсөтүлүүгө тийиш болгон кызматтардын кыскача сыпаттамасы, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары (макулдашуунун предмети, аны колдонуу мөөнөтү жана тараптардын негизги милдеттенмелеринин кыскача сыпаттамасы), баанын түзүмү, негизги финансылык шарттар, ошондой эле кабыл алынган чечимдин кыскача негиздемеси, анын ичинде акыркы жыйынтыктар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетүүнү ырастоо камтылууга тийиш.
Түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок деп таанылган учурда бул тууралуу кулактандыруу да кабыл алынган чечимдин жүйөлүү негиздемесин көрсөтүү менен мамлекеттик өнөктөштүн жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
78. Кызыкдар жакка МЖӨ долбоорун ыйгаруу тууралуу кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөктөш жана кызыкдар жак МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзөт. Жеңүүчү катары консорциум кулактандырылган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү мөөнөтү кошумча 20 календардык күнгө узартылышы мүмкүн.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кызыкдар жак МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, мамлекеттик өнөктөш аны дисквалификациялоо тууралуу чечим кабыл алат жана түз сүйлөшүүлөр жол-жобосун ишке ашкан жок деп тааныйт.
79. МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ жөнүндө макулдашууга жана МЖӨ жөнүндө Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
Мониторинг жүргүзүү МЖӨ жөнүндө макулдашууда белгиленген МЖӨ долбоорунун натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын контролдоону, ошондой эле жеке өнөктөш тарабынан МЖӨ жөнүндө макулдашууда аныкталган мезгилдүүлүк менен бериле турган отчетторду кароону камтыйт.
МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин бул макулдашуунун олуттуу шарттарын өзгөртүүгө МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте акыркы жыйынтыктар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң мыкты катышына жетүүнү сактоо шартында гана жол берилет.
5-глава. Башка жоболор
80. Мамлекеттик өнөктөштүн, башка кызыкдар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын, ошондой эле түз сүйлөшүүлөр аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгаруу жол-жобосуна катышкан башка субъекттердин иш-аракеттерине Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте же сот тартибинде даттанууга болот.
81. Түз сүйлөшүүлөр аркылуу МЖӨ долбоорун ыйгаруу жол-жобосунун алкагында МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу ниети жөнүндө каттар, анын ичинде жеке демилге жөнүндө сунуштар, альтернативдүү (атаандаш) сунуштар (эгер болсо), квалификациялык талаптар, МЖӨ долбооруна коюлуучу минималдуу талаптар, сүйлөшүү тобунун жыйналыштарынын протоколору жана чечимдери, көз карандысыз эксперттердин, консультанттардын, баалоочулардын (эгер алар ишке тартылса) корутундулары, отчеттору милдеттүү түрдө таризделүүгө жана сакталууга тийиш.
82. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же мамлекеттик өнөктөш ачык-айкындыкты камсыз кылуу максатында өздөрүнүн расмий веб-сайттарында түз сүйлөшүүлөр жол-жобосунун жүрүшү тууралуу негизги маалыматтарды, анын ичинде жүзөгө ашыруу ниети жөнүндө каттардын, жеке демилге жөнүндө сунуштардын жана альтернативдүү сунуштардын (эгер болсо), түз сүйлөшүүлөргө катышууга өтүнмөлөрдүн келип түшүүсү тууралуу маалыматтарды, түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна уруксат берилген кызыкдар жактардын тизмегин, баалоонун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын кыскача резюмесин, ошондой эле МЖӨ долбоорун ыйгаруу тууралуу же түз сүйлөшүүлөр жол-жобосун жүргүзүлгөн жок деп таануу тууралуу кулактандырууну жарыялоону камсыз кылат. Аталган маалымат коммерциялык сырды жана жашыруун маалыматты түзгөн маалыматтарды кошпогондо талаптагыдай түрдө жарыяланууга тийиш.
83. МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу мезгилинде МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган маалыматтар, анын ичинде натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү ачыкталуусу зарыл, буга коммерциялык сырды жана жашыруун маалыматты түзгөн маалыматтар кирбейт.
84. Мамлекеттин МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан фискалдык жана шарттуу милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсепке алынууга жана башкарылууга тийиш.
85. Сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү, ошондой эле тартылган эксперттер жана кеңешчилер ак ниеттүүлүк, талапка ылайык этияттык жана кесипкөйлүк менен иш жүргүзүүгө, кызыкчылыктардын кагылышууларынан качууга милдеттүү. Түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышуу башталганга чейин көрсөтүлгөн жактар кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу тууралуу арыз беришет.
86. Кызыкдар жактар МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу ниети жөнүндө катты, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту, альтернативдүү (атаандаш) сунушту же түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөнү берген күнгө карата жана ал күнгө чейинки 3 жыл аралыгында алдамчылык, коррупция, көмүскө бүтүм, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) же кылмыштуу иштерди каржылоо менен байланышкан кылмыш-жаза иштери боюнча шектүү, айыпталуучу, соттолуучу эместигин же болбогондугун, ошондой эле алардын МЖӨ долбоорлоруна катышуусуна чектөөлөрдүн жоктугун ырасташат.
87. Так эмес маалыматтар берилгендиги, кызыкчылыктардын кагылышуусу, көмүскө бүтүм же болбосо ак ниеттүүлүк жана ачык-айкындык принциптеринин башка бузулуулары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды колдонуу менен кызыкдар жак түз сүйлөшүүлөр жол-жобосунан чыгарып салынууга тийиш.