Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-марты № 160
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүү эрежелери 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун мамлекеттик реестринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын, "тобокелдиктерди башкаруу" деген сөздөр "бюджеттик саясат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин" деген сөздөр "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жобо күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "бөлүнгөн" деген сөз алып салынсын, "жана" деген сөздөн кийин "даярдоону" деген сөз менен толукталсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга же МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышына башка комплекстүү баалоо жүргүзүүгө, ошондой эле аларга кийин мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каржылоо зарылдыгына;
- башка булактардан каржылануучу МЖӨ долбоорлору боюнча жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдү тең каржылоого, ошондой эле кызыкдар тараптар демилгелеген МЖӨ долбоорлорун жеткире иштеп чыгууну тең каржылоого.";
- 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. МЖӨ долбоорун даярдоого каражаттардын орду МЖӨ жөнүндө макулдашууда аныкталган тартипте жеке өнөктөш тарабынан толтурулат.
Эгер МЖӨ жөнүндө макулдашуу МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарына көз каранды болбогон себептер боюнча жеке өнөктөш менен кол коюлушу мүмкүн болбосо (жеке өнөктөштү тандоо конкурсуна өтүнмөлөрдүн жоктугу, түзүмүнүн же активдердин, тарифтердин наркынын, мамлекеттик колдоонун же саясаттын өзгөрүшү жана башка ушул сыяктуу себептер), анда мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбооруна керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча каржылоону алуу жана жаңы конкурсту жарыялоо үчүн Фондго кайрыла алат. Башка учурларда мамлекеттик өнөктөш каржылоонун башка булактарынын эсебинен МЖӨ долбоорун даярдоого сарпталган каражаттардын кайтарылышын камсыз кылууга милдеттүү.";
- 9-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунда:
экинчи абзацындагы "инвестициялар" деген сөз "экономика жана коммерция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "Инвестициялар" деген сөз "Экономика жана коммерция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктунда:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- МЖӨ долбоорун даярдоого техникалык тапшырманы бекитүү же ал боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды киргизүү;
- МЖӨ долбоорун даярдоого бюджетти бекитүү же ал боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды киргизүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу планын бекитүү же ал боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды киргизүү.";
- 18-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруу планы аткарылбаган же аткаруу артыкчылыгы төмөндөтүлгөн учурда, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга бөлүнгөн каражаттарды кайтарып берүү жөнүндө маселени Байкоочу кеңештин кароосуна киргизүүгө укуктуу.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө" деген сөздөр "Мыйзамына" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктундагы "тендердик" деген сөз "конкурстук" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендердик комиссия жөнүндө жободо:
- Жобонун жана 2, 3, 4-главаларынын аталышында жана 1, 9, 10, 21-27, 30, 32-пункттарындагы "тендердик" деген сөз "конкурстук" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2 жана 6-пункттарындагы "Тендердик" жана "тендердик" деген сөздөр "Конкурстук" жана "конкурстук" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Конкурстук комиссия, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорун түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен ыйгаруудан тышкары, ар бир МЖӨ долбоору боюнча түзүлөт.
5. Конкурстук комиссия конкурстук документтер бекитилген күндөн тартып эки жуманын ичинде конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен түзүлөт жана бекитилет.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Конкурстук комиссиянын курамына конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү кирет, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоочу органдын өкүлү кирүүгө укуктуу, тиешелүү инфраструктура объектисинде тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана (же) финансы чөйрөсүндөгү адис, юриспруденция чөйрөсүндөгү адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасир эте турган жергиликтүү коомчулуктун өкүлү кирет.";
- 8, 28 жана 33-пункттарындагы "Тендердик", "тендердик" деген сөздөр "Конкурстук", "конкурстук" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "мамлекеттик өнөктүн" деген сөздөр "конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик өнөктөш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11, 14, 18, 20 жана 31-пункттарындагы "тендердик" жана түрдүү жөндөмөдөгү "тендер" деген сөздөр "конкурстук" жана тиешелүү жөндөмөдөгү "конкурс" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12 жана 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүндө каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата кызыкчылыктардын кагылышы болбошу керек, бул тууралуу алар конкурстук комиссияны түзгөн конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө ырастоо берет. Конкурстук комиссиянын курамында мындай адамдар аныкталган учурда, конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды конкурстук комиссиянын мүчөлүгүнөн чыгарат жана конкурстук комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки мөөнөткө башка адамдарды киргизет.
13. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жана конкурска тиешеси бар бардык документтердин жана маалыматтардын купуялуулугунун сакталышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге кол коюшат.";
- 15-пунктунда:
бүткүл тексти боюнча "тендердик" жана түрдүү жөндөмөдөгү "тендер" деген сөздөр "конкурстук" жана тиешелүү жөндөмөдөгү "конкурс" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1 жана 2-пунктчаларындагы "баалоо" деген сөз "жыйноо жана баалоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16 жана 19-пункттарындагы "Тендердик" жана "тендердик" деген сөздөр "Конкурстук" жана "конкурстук" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "мамлекеттик өнөктөштөн" деген сөздөр "конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын, түрдүү жөндөмөдөгү "тендер" жана "мамлекеттик өнөк" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "конкурс" жана "конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Квалификациялык тандоо жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир өтүнмө берүү жетиштүү.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Конкурсту өткөрүү процессинде конкурстун катышуучулары менен конкурстук комиссиянын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте чечилет.".
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги үч айлык мөөнөттө ишке ашыруунун бардык стадияларын эске алуу менен МЖӨ долбоорлорун даярдоо үчүн документтердин керектүү формаларын жана үлгүлөрүн иштеп чыксын жана бекитсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үч айлык мөөнөттө:
- жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу же тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды карап чыксын жана киргизсин;
- МЖӨ долбоорлорун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржылоо жана аларды ишке ашыруудагы тийиштүү тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча өзүнүн чечимдерин бул токтомго шайкеш келтирсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |