Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна) |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүү эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлору боюнча конкурс өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
Конкурстун катышуучуларына квалификациялык талаптарга, жеке өнөктөштү баалоонун жана тандоонун критерийлерине тийиштүү бардык маалымат ар бир МЖӨ долбоору боюнча иштелип чыгуучу конкурстук документтерге (конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы, конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы) киргизилет.
2. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) аныкталган маанилерде колдонулат.
3. Конкурс Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өткөрүлөт.
4. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту даярдоонун алдында техникалык, финансылык, экономикалык, юридикалык, социалдык, экологиялык жана башка зарыл изилдөөлөрдү (конкреттүү МЖӨ долбооруна жараша) жүргүзүү сунушталат.
5. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш же жеке демилге жөнүндө сунуш бекитилгенден кийин Мыйзамдын 10-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык конкурстук документтерди даярдоону жана конкурсту өткөрүүгө байланышкан башка тиешелүү жол-жоболорду жүзөгө ашырат.
Инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашкан МЖӨ долбоорлору боюнча конкурстук документтер мамлекеттик өнөктөш тарабынан иштелип чыгат жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
6. Жогоруда белгиленген бардык жол-жоболор жасалгандан кийин конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган бир жумалык мөөнөттө конкурстук документтерди карайт жана тиешелүү чечимди кабыл алат.
7. Андан ары конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ар бир МЖӨ долбоору боюнча конкурстук комиссияны түзөт жана бекитет. Конкурстук комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстук комиссия жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
8. МЖӨ долбоорун даярдоо жана конкурсту өткөрүү үчүн конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте өз ишин Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган МЖӨ долбоорлорун даярдоо тобунун ичинен тиешелүү эксперттерди тартууга укуктуу.
9. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сом жана андан жогору болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс квалификациялык тандоодон жана конкурстун жеңүүчүсүн тандоодон турган эки этаптуу метод менен өткөрүлөт.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон аз болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс конкурстук сунуштарды квалификациялык критерийлер боюнча тандоону камтыган бир этаптуу метод менен өткөрүлөт.
2-глава. Бир этаптуу метод
10. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомго барабар же андан аз сумманы түзгөн МЖӨ долбоорлору үчүн бир этаптуу конкурстук тандоо колдонулат.
11. Бир этаптуу конкурстук тандоо ушул Эрежелерде белгиленген тартипте, ушул бөлүмдүн жоболорун эске алуу менен конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан өткөрүлөт.
12. Бир этаптуу конкурстук тандоонун алкагында квалификациялык, техникалык жана финансылык сунуштарды берүү жана баалоо бир убакта жүзөгө ашырылат.
13. Конкурсту бир этаптуу метод менен жарыялоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабын иштеп чыгат жана аны өзүнүн расмий веб-сайтында жана МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтында жарыялайт.
14. Бир этаптуу метод менен конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү чогултуу квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабы жарыяланган датадан тартып 30 календардык күндүк мөөнөттө конкурстук комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Конкурстун катышуучулары квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабына же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабы жарыяланган датадан тартып 10 календардык күндүн ичинде киргизүүгө укуктуу.
Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 5 календардык күндүн ичинде квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабына же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алууга же четке кагууга укуктуу. Өзгөртүлгөн конкурска катышуу үчүн квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабы жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору бекитилүүгө жана конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзүнүн расмий веб-сайтында жана МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтында жарыяланууга тийиш.
Квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабына же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген учурда конкурстук сунуштарды чогултуу мөөнөтү өзгөртүүлөр бекитилген датадан тартып 15 календардык күнгө узартылат.
Өзгөртүлгөн квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабы же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору өзгөртүүлөр бекитилген датадан тартып кийинки календардык күндөн кечиктирбестен конкурстун бардык катышуучуларына жеткирилүүгө тийиш.
15. Бир этаптуу метод менен жеке өнөктөштү тандоо өткөрүү үчүн бир конкурстук сунушту берүү жетиштүү.
16. Конкурстун катышуучулары квалификациялык маалыматты, техникалык жана финансылык сунуштарды камтыган бирдиктүү конкурстук сунушту квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабынын шарттарына ылайык берет.
17. Конкурстук комиссия квалификациялардын жана сунуштардын бирдиктүү суроо-талабынын шарттарына жана ушул Эрежелердин 5-бөлүмүнө ылайык конкурстук сунуштарды баалайт.
18. Бир этаптуу конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү ушул Эрежелердин 4-бөлүмүндө каралган тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
3-глава. Эки этаптуу метод
19. Квалификациялык тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын өзүнүн расмий веб-сайтында жана МЖӨ расмий веб-сайтында (ppp.gov.kg) жарыялайт.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата конкурс өткөрүү учурунда, конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы көп сандагы квалификацияланган катышуучуларды камсыз кылуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын эл аралык ресурстарында да жарыяланышы мүмкүн.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата конкурс өткөрүүдө МЖӨ долбоору жөнүндө маалымат МЖӨ долбоорунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана эл аралык инвесторлорду тартуу максатында "SOURCE" эл аралык платформасында да жарыяланышы мүмкүн.
Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы Мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык маалыматтарды камтыйт.
20. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында жүргүзүлөт.
21. Квалификациялык тандоону өткөрүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир өтүнмө берүү жетиштүү.
22. Конкурстун катышуучуларына конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында белгиленген квалификациялык талаптар коюлат.
23. Конкурстун катышуучуларында конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабына тиешелүү маселелер келип чыккан учурда конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндөгү кайрылуулар боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берет. Түшүндүрмөлөр маселенин булагын көрсөтпөстөн, мындай кайрылууну алган датадан тартып 10 жумуш күндүн ичинде конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жана МЖӨ веб-сайтында (ppp.gov.kg) жарыялоо аркылуу бардык кызыкдар жактарга жеткирилет.
24. Квалификациялык тандоо этабында кайрылууларды кабыл алуу конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жарыяланган датадан тартып башталат жана квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктоочу датага чейин 15 календардык күн мурун аяктайт.
25. Конкурска байланышкан маселелерди түшүндүрүү үчүн конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстун катышуучуларын маалыматтык жолугушууга чакырууга укуктуу. Чакыруу квалификациялык тандоонун бардык катышуучуларына жөнөтүлүүгө тийиш.
26. Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын же МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүү жол-жоболоруна окшоштуруп өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабынын жаңы вариантын бардыгына жеткирүүгө, бардык өзгөртүүлөр жөнүндө конкурстун бардык катышуучуларына кабарлоого жана квалификациялык тандоонун катышуучуларынын тең укуктуулугун камсыз кылууга тийиш.
27. Квалификациялык тандоо этабында конкурска катышуу үчүн өтүнмө ээси жеке өзү же ишенимдүү адамы аркылуу конкурстук комиссияга өтүнмөнү эки нускада (түп нускасы жана көчүрмөсү) жана ага тиркелген бардык документтерди конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында аныкталган тартипте берет. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде машиналык ыкма менен толтурулууга, электрондук басып чыгаруу түзүлүштөрү аркылуу басып чыгарылууга жана көктөлгөн түрдө, номерленген жана парафирленген (кол коюлган) барактары менен берилүүгө, акыркы бетине конкурстун катышуучусунун колу жана мөөрү коюлууга, өзүнчө чапталган конвертте берилүүгө тийиш.
28. Конкурстун катышуучусу тарабынан берилген өтүнмөдө ошол өтүнмөнүн номерин көрсөтүү менен өтүнмө берилген дата жана убакыт жөнүндө белги коюлат. Документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү кабыл алынбайт жана жараксыз болуп эсептелет. Конкурстук комиссияга берилген өтүнмө документтерди каттоо журналында ал берилген датаны жана так убакытты (саат жана мүнөт) көрсөтүү аркылуу катар номери менен катталууга тийиш.
29. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө конкурстун катышуучусунун конкурстук документтерде белгиленген талаптарга жана шарттарга макулдугун билдирүү формасы болуп саналат.
30. Квалификациялык тандоого катышууга берилген өтүнмө конкурстук комиссия тарабынан ал алынган күнү каттоо журналында катталат. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө берген конкурстун катышуучycy квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө берүү фактысын ырастоо катары каттоо журналынан көчүрмөсүн ала алат. Каттоо журналы – конкурстун катышуучуларынын квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрү жана конкурстук сунуштары келип түшкөн, алмаштырылган жана чакыртып алынган датаны жана убакытты белгилөө үчүн багытталган документ, аны жүргүзүү жана сактоо конкурстук комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Конкурстун катышуучусунун квалификациялык тандоого катышууга өзүнүн өтүнмөсүн өзгөртүүгө же чакыртып алууга, эгерде конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында башкача белгиленбесе, өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган убакта жол берилет. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөнү алмаштырган конкурстун катышуучусу квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөнү алмаштыруу фактысын ырастоо катары каттоо журналынан көчүрмөсүн ала алат.
32. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөнү өзгөртүү же аны чакыртып алуу жөнүндө кабарлоо, эгерде мындай өзгөртүү же кабарлоо конкурстук комиссияга квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшсө, жараксыз деп эсептелет.
Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстук комиссияга берилген квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө бар конверт ачылбайт жана аны берген конкурстун катышуучусуна кайтарып берилет, мында квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө бар конвертте аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө белги коюлат.
33. Конкурстун бир катышуучусу квалификациялык тандоого катышууга бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу.
34. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстук комиссиянын чечимине ылайык конкурстун катышуучуларына жана башка кызыкдар тараптарга квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрү бар конверттерди ачуу датасы жөнүндө кандай болбосун жеткиликтүү ыкмалар менен, мындай кабарлоону алгандыгы жөнүндө ырастоо милдеттүү түрдө алынган шартта кабарлайт.
35. Конкурстук комиссия өтүнмөлөр бар конверттерди конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин, ошондой эле конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда ачылат. Өтүнмөлөрдү кароодо конкурстук комиссия квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөдө көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерет.
36. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөр бар конверттерди ачуудан жана аларды кароо башталгандан кийин конкурстук комиссия конкурстун бардык катышуучуларына квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөгө байланышкан, конкурстук комиссия техникалык деп эсептеген каталарды беш жумуш күндүн ичинде оңдоого уруксат бериши мүмкүн. Конкурстун катышуучулары тарабынан кетирилген техникалык ката жаңылыш жазылган, жаңылыш басылган сыяктуу каталар, грамматикалык же арифметикалык же ушуга окшогон ката болушу мүмкүн.
37. Конкурстук комиссия квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү жана аларга тиркелген документтерди конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында белгиленген баалоо критерийлерине ылайык баалайт. Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөр конкурстук комиссия тарабынан четке кагылууга тийиш.
38. Конкурстун катышуучусу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөнүн жоболору боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн конкурстук комиссиянын жыйналышына(тарына) чакырылышы мүмкүн. Конкурстун катышуучусунун же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн түшүндүрмөлөрү конкурстук комиссиянын жыйналышынын протоколуна киргизилет.
39. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучусу жана/же анын уюмдаштыруучусу(лары) жана/же акционери(лери) тиешелүү түрдө берген кандай болбосун документтерди, маалыматтарды, арыздарды текшере алат жана конкурстун катышуучусунан квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөгө жана ага тиркелген документтерге тийиштүү кошумча маалыматтарды сурай алат.
40. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү баалоонун жыйынтыктарынын негизинде конкурстук комиссия өзүнүн компетенциясынын жана чечимдерди кабыл алуу тартибинин алкагында квалификациялык тандоону өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт.
41. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктары жана конкурстук комиссия кабыл алган чечимдер конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында аныкталган тартипте конкурстун катышуучуларына жеткирилет.
42. Конкурстук комиссия квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөнү берүү мөөнөтү аяктаган датадан кийин конкурстук комиссия өтүнмөнү алган учурларды кошпогондо, квалификациялык тандоого катышууга алынган өтүнмөлөрдү жана аларга тиркелген документтерди конкурстун катышуучуларына кайтарып бербейт.
4-глава. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо
43. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына белгиленген тартипте бекитилген конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун берет. Сунуштардын суроо-талабы конкурстун катышуучуларынын финансылык жана техникалык сунуштарынан турган конкурстук сунуштарга талаптарды камтыйт.
44. Конкурстук сунуштарды чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок Мыйзамдын 13-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында өткөрүлөт.
45. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо үчүн бир конкурстук сунушту берүү жетиштүү.
46. Конкурстун катышуучусу конкурстук сунуштун кепилдик камсыздоосун берүүгө тийиш, анын шарттары конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында аныкталат. Конкурстук тандоо аяктагандан кийин конкурстук сунуштун кепилдик камсыздоосу МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун кепилдиги болуп саналат.
47. Конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун өзгөртүү тартиби Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жөнгө салынат.
48. Квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучусу жеке өзү же ишенимдүү адамы аркылуу конкурстук комиссияга техникалык сунушту (түп нускасын жана көчүрмөсүн) жана финансылык сунушту (түп нускасын жана көчүрмөсүн) камтыган конкурстук сунушту аларга тиркелген документтери менен берет, алар мамлекеттик же расмий тилде машиналык ыкма менен толтурулууга, электрондук басып чыгаруу түзүлүштөрү аркылуу басып чыгарылууга, көктөлгөн түрдө, номерленген жана парафирленген (кол коюлган) барактары менен берилүүгө, акыркы бетине конкурстун катышуучусунун же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу жана мөөрү коюлууга, өзүнчө ички конвертке чапталып бекитилүүгө жана бир жалпы тышкы конвертке салынууга тийиш.
49. Техникалык сунуш жана финансылык сунуш бар өзүнчө ички конверттердин, ошондой эле ар бир конкурстук сунуш бар жалпы тышкы конверттин чапталган жерине конкурстун катышуучусу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коюуга жана конкурстун катышуучусунун мөөрү (болсо) менен бекитилүүгө тийиш.
5-глава. Конкурстук сунуштарды баалоо
50. Конкурстун катышуучулары берген конкурстук сунушка бул конкурстук сунуштун номерин көрсөтүү менен ал берилген дата жана убакыт жөнүндө белги коюлат. Документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү кабыл алынбайт жана жараксыз деп эсептелет.
51. Конкурстук комиссияга берилген конкурстук сунуш каттоо журналында ал берилген датаны жана так убакытты (саат жана мүнөт) көрсөтүү аркылуу катар номери менен каттоо журналында катталууга тийиш.
Конкурстун катышуучусу конкурстук сунушту берүү фактысын ырастоо катары каттоо журналынан көчүрмөсүн ала алат.
52. Конкурстун катышуучусу кандай болбосун конкурстук сунуш берилгенден кийин конкурстук сунушту берүү мөөнөтү аяктаган датага чейин алмаштырууга же чакыртып алууга укуктуу. Мындай конкурстук сунуштарды алмаштыруу же чакыртып алуу каттоо журналында катталат.
53. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстук комиссиянын чечимине ылайык конкурстун катышуучуларына жана башка кызыкдар тараптарга конкурстук сунуштар бар конверттерди ачуу датасы жөнүндө кандай болбосун жеткиликтүү ыкма менен, мындай кабарлоону алгандыгы жөнүндө ырастоону милдеттүү алган шартта кабарлайт.
54. Конкурстук комиссия конкурстук сунуштар бар конверттерди конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда ачат.
55. Конкурстук комиссия конкурстук сунуштарды (техникалык жана финансылык сунуштарды) конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында белгиленген талаптарга ылайык баалайт.
56. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучусу жана/же анын уюмдаштыруучусу(лары) жана/же акционери(лери) тиешелүү түрдө берген кандай болбосун документтерди, маалыматтарды, арыздарды текшере алат жана конкурстун катышуучусунан конкурстук сунушка тийиштүү кошумча маалыматтарды берүүнү/түшүндүрүүнү сурай алат.
57. Конкурстук сунуштар толук жана анык болушу керек.
58. Конкурстук сунуштар, эгерде конкурстук документтерде башкача каралбаса, протокол таризделген жана кол коюлган жана конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыктары жөнүндө чечимди жарыялаган датага чейин күчүндө болот.
59. Конкурстун катышуучулары же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү конкурстук сунуштарды ачууда катышууга укуктуу.
60. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыктарынын негизинде конкурстук комиссия өзүнүн компетенциясынын жана чечимдерди кабыл алуу тартибинин алкагында конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт.
61. Конкурстук сунуштарды кароодо жана баалоодо конкурстук комиссия конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан тартылган консультанттардын пикирин эске алууга укуктуу.
62. Конкурстун жеңүүчүсү болуп техникалык жана финансылык сунуштары конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына ылайык келет деп таанылган жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун эң жакшы шарттарын камтыган конкурстун катышуучусу жарыяланат. Конкурстук комиссия конкурстун бардык катышуучуларынын техникалык жана/же финансылык сунуштарын конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына ылайык келбейт деп тааныган учурда, конкурстук комиссия конкурсту өткөн жок деп тааныйт жана кайра конкурс жарыялоого укуктуу.
63. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жана МЖӨ веб-сайтында (ppp.gov.kg) конкурстун жеңүүчүсү тандаган датадан тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен жарыялайт.
64. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү тарабынан берилген маалыматтын чындыкка ылайык келбестигин аныктаган учурда, мындай ылайык келбестик документ түрүндө ырасталган шартта конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн же конкурстун башка катышуучусун дисквалификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу, алар конкурска катышуудан чыгарылат жана 5 жыл ичинде МЖӨ долбоору боюнча конкурстарга катышуу укугунан ажырайт.
65. Конкурстун жеңүүчүсү дисквалификацияланган учурда, конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген конкурстун катышуучусун конкурстун жеңүүчүсү деп дайындоого укуктуу.
66. Конкурстун жыйынтыгына карабастан конкурска катышууга байланыштуу конкурстун катышуучулары тарткан чыгымдардын орду толтурулууга тийиш эмес.
6-глава. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү
67. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү Мыйзамдын 15-беренесинде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.".