КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-июлу № 361
Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
Аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Бирдиктүү электрондук почта системасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Сапариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук почтасынын аталыштарынын маалымдамасын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Бирдиктүү электрондук почта системасына кошулуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |