Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 361 токтомуна) |
Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо Бирдиктүү электрондук почта системасын колдонуунун алкагында аны иштетүүнүн жалпы принциптерин жана тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
Бирдиктүү электрондук почта системасы (БЭПС, электрондук почта) - кызматтык ишти жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери электрондук почта билдирүүлөрүн алмашууну жүзөгө ашыруусу үчүн арналган программалык-аппараттык чечим;
техникалык оператор - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан БЭПСти техникалык тейлөөгө, коштоого, башкарууга жана иштетүүгө ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;
ээси - санариптештирүү, электрондук башкаруу жаатындагы, электрондук кол тамганы колдонуу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системасы, санариптик технологияларга, электр жана почта байланышына, анын ичинде радио жана телевизиондук берүүгө тең жеткиликтүүлүктү камсыздоо, архив иши, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
колдонуучу - техникалык оператор менен БЭПСтин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишим түзгөн жана техникалык оператор тарабынан аныкталуучу тартипте БЭПСке жетүү мүмкүндүгүн алган мамлекеттик жана муниципалдык органдар;
байланыш адамы - техникалык оператор менен БЭПСтин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишим түзгөн, электрондук почтанын даректерин актуалдуу абалда кармоо жана техникалык оператор менен өз ара аракеттенүү боюнча жоопкерчилик жүктөлгөн, ошондой эле электрондук почтанын дарегин түзүү, өзгөртүү, жабуу боюнча чектелген административдик укуктарга ээ мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызматкери же түзүмдүк бөлүмү;
электрондук почта билдирүүсү - колдонуучу тарабынан БЭПС аркылуу алынган же берилүүчү маалымат;
cert.ict.kg - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин компьютердик окуяларга көңүл буруучу бөлүмү;
cert.kg - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Максаты жана милдеттери
3. БЭПСтин максаты болуп мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын БЭПС аркылуу электрондук билдирүүлөр жана маалыматтар менен алмашуусун камсыздоо саналат.
4. БЭПСтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) колдонуучуларга БЭПС аркылуу электрондук почта билдирүүлөрү менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн берүү;
2) "gov.kg" бирдиктүү доменин колдонуу жолу менен электрондук почта билдирүүлөрү менен алмашуу механизмин тартипке келтирүү;
3) системаны иштетүүнүн чегинде электрондук почта билдирүүлөрүнүн сакталышын жана коопсуздугун камсыздоо.
3. Укуктары жана милдеттери
5. Техникалык оператордун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) колдонуучуларга БЭПСке уруксат берүү жана өчүрүү;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен БЭПСке кошулуу жөнүндө келишим түзүү;
3) БЭПСтин үзгүлтүксүз жана коопсуз ишин, системаны иштетүүнүн чегинде БЭПСте электрондук почта билдирүүлөрүнүн сакталышын, корголушун жана резервдик көчүрмөлөнүшүн камсыздоо;
4) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жана техникалык колдоо көрсөтүү;
5) БЭПСтин функционалындагы өзгөртүүлөргө, толуктоолорго жана проблемаларды жоюуга тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын жана сунуштарын кароо;
6) өз компетенциясынын чегинде БЭПСтин киберкоопсуздугун камсыздоо.
6. Техникалык оператор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) БЭПСтин ишин жакшыртуу жана өркүндөтүү үчүн аны модернизациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга.
7. Колдонуучунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) кызматтык милдеттерин аткаруунун алкагында электрондук билдирүүлөрдү берүүдө кызматкерлердин БЭПСти милдеттүү түрдө колдонуусун камсыздоо;
2) БЭПСке уруксат алуу же андан өчүрүү үчүн БЭПСтин даректерин колдонуучулар жөнүндө актуалдуу маалыматты түзүү жана техникалык операторго берүү;
3) техникалык оператор менен өз ара аракеттенүү, электрондук почтанын дарегин түзүү жана алып салуу, ошондой эле колдонуучулардын тизмелерин актуалдаштыруу үчүн байланыш адам катарында жооптуу адисти же түзүмдүк бөлүмдү аныктоо;
4) электрондук почтаны колдонууда маалыматтык коопсуздук эрежелерин сактоо.
8. Колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) БЭПСтин функционалына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы жөнүндө сунуштар менен техникалык операторго кайрылууга;
2) БЭПСтин ишиндеги проблемаларды жоюу маселелери боюнча техникалык операторго кайрылууга;
3) техникалык оператордон БЭПСти колдонуу боюнча методикалык жардам суроого.
4. БЭПСке кошулуу тартиби
9. БЭПСке кошулуу техникалык оператор тарабынан белгиленген форма боюнча мамлекеттик орган же Жободо көрсөтүлгөн башка органдар менен техникалык оператордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде техникалык оператор тарабынан жүргүзүлөт.
10. Колдонуучулар почта ящигин түзүү жана БЭПСке уруксат алууну уюштуруу үчүн электрондук почтаны колдонуучулардын тизмелерин жана байланышуучу адамдар жөнүндө маалыматты түзөт жана техникалык оператордун дарегине жиберет.
11. Техникалык оператор колдонуучулар жана байланышуучу адамдар жөнүндө зарыл маалыматты алгандан кийин байланышуучу адамдарга БЭПСке чектелген административдик кирүү укугун берет.
12. Байланышуучу адамдар өздөрүнүн ведомстволорунун, мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын колдонуучулары үчүн БЭПСте электрондук почтанын дарегин түзөт же жабат.
13. Кызматкерлерди ишке кабыл алууда, ошондой эле иштен бошотууда жооптуу (байланышуучу) адамдар тарабынан буйрук чыккан учурдан тартып эки жумуш күндүн ичинде электрондук почтанын дарегине уруксат берилет же жабылат.
5. Электрондук почтаны колдонуу тартиби
14. БЭПСти колдонууда колдонуучуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген электрондук почта билдирүүлөрүн, анын ичинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган жана кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды, коркутууларды, жалааны, адепсиз маалыматтарды камтыган, башка адамдардын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирген, улуттар аралык, диний жана этностор аралык чыр-чатактын тутанышына түрткү берген, зомбулукка үндөгөн, мыйзамсыз иштерди жасоого чакырган маалыматтарды берүүгө;
2) функциялык жана кызматтык милдеттерге байланышпаган жарнамалык материалдарды Интернет тармагынан мезгилдүү жайылтууга жазылууну тариздөө үчүн электрондук почта дарегин колдонууга;
3) башка адамдарга өзүнүн электрондук почта дарегине кирүүгө уруксат берүүгө;
4) белгисиз жөнөтүүчүлөрдөн алынган кириш электрондук почта билдирүүлөрүнүн шилтемелерине кирүүгө жана салынган файлдарды ачууга;
5) электрондук почтаны жеке максаттарда колдонууга;
6) электрондук почтаны спам жиберүү үчүн колдонууга.
15. БЭПСке түшкөн шектүү шилтемелер, материалдар жана билдирүүлөр табылган учурда, жооптуу адамдарга маалымдоо, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин компьютердик окуяларга көңүл буруу бөлүмүнө (CERT.ICT.KG) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборуна (CERT-KG) билдирүү зарыл.
6. Электрондук почтанын даректеринин форматына талаптар
16. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук почтасынын даректеринин домендик аттары БЭПСтин ээси тарабынан бекитилген маалымдамага ылайык түзүлөт.
17. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ар бир кызматкери үчүн БЭПСте төмөнкүдөй формага ылайык келген электрондук почтанын бир дареги түзүлөт:
1) электрондук почтанын дареги (логин) латын тамгаларынан гана турууга тийиш;
2) электрондук почтанын дареги төмөнкүдөй форматты сактоо менен түзүлөт: атынынбиринчитамгасы.фамилиясы@домендикаты;
3) колдонуучулардын фамилиясы жана аты бирдей болгондо, атасынын атынын биринчи тамгасын колдонууга жол берилет: атынынбиринчитамгасы.атасынынатынынбиринчитамгасы.фамилиясы@домендикаты.
7. Корутунду жоболор
18. БЭПС техникалык оператордун сервердик жабдуусуна жайгаштырылат. Сервердик жабдууга жана сервердик жайга, ошондой эле маалыматтык коопсуздукка коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалыматтар базаларында камтылган маалыматты коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет.
19. БЭПС аркылуу жиберилген, БЭПСке түшкөн жана сакталган почта билдирүүлөрү техникалык оператордун маалыматтык коопсуздугун камсыздоо каражаттары менен зыяндуу файлдардын болушуна карата сканерлениши мүмкүн.
20. БЭПСте билдирүүлөрдү жана колдонуучулардын маалыматтарын резервдик көчүрмөлөө жана сактоо жүргүзүлөт. Резервдик көчүрмөлөөнүн мезгилдүүлүгү жана сактоо мөөнөтү техникалык оператор тарабынан аныкталат.
21. БЭПСте системалык, прикладдык жана колдонуучулук иш-аракеттерди жана окуяларды белгилөө жүргүзүлөт. Окуялардын журналдары санкциясыз өзгөртүүдөн жана алып салуудан корголушу керек.
22. БЭПСтин колдонуучулары жана техникалык оператор Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык БЭПСтин колдонуучуларынын жеке маалыматтарынын сакталышы жана купуялуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.