Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 378
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасында:
- 1-пунктунда:
1-пунктчасында:
бешинчи сабындагы "июнуна" деген сөз "октябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
алтынчы сабындагы "июнуна" деген сөз "октябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
2-пунктчасындагы "майына" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пунктчасында:
биринчи сабындагы "майына" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи сабындагы "майына" деген сөз "декабрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү сабындагы "июнуна" деген сөз "декабрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-пунктчасындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун 9-пунктчасындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунда:
10-пунктчасында:
биринчи сабындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи сабындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен, "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү сабындагы "1-июнуна" деген сөздөр "31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү сабындагы "январына" деген сөз "августуна" деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи сабындагы "январына" деген сөз "июнуна" деген сөз менен алмаштырылсын;
алтынчы сабындагы "сентябрына" деген сөз "ноябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
жетинчи сабындагы "2023-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он төртүнчү сабындагы "майына" деген сөз "октябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
он алтынчы сабындагы "2023-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он жетинчи сабындагы "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 31-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жыйырманчы сабындагы "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 30-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунун 15-пунктчасындагы "майына" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |