Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 202
2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 378, 2023-жылдын 29-майындагы № 285, 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
1) Концепцияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
4. Концепция Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан ишке ашырылары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 363 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтомуна) |
2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Киришүү
2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.
Бажы чөйрөсүндөгү жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 12 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин 2025-жылга чейин сапариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын, эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугун түзгөн актылардын жоболорун эске алуу менен шартталган.
Концепцияны иштеп чыгууда таянган негизги базалык документтерди Бажы жол-жоболоруна шайкеш келтирүү жана жөнөкөйлөтүү тууралуу эл аралык конвенция (Киото конвенциясы), ошондой эле Дүйнөлүк бажы уюмунун (ДБУ) платформасында эл аралык бажы коомчулугу тарабынан иштелип чыккан бажылык башкаруунун заманбап инструменттери болуп саналат.
Концепцияны иштеп чыгууда колдонулган методологиялык ыкма эки этаптан турган: талдоо жана пландоо.
Функциялык талдоо этабында учурдагы абалды баалоо жүргүзүлгөн жана бажы иши чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелер аныкталган.
Пландоо этабы Концепциянын мазмунун иштеп чыгуудан, аны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чараларды пландоодон, аткаруу индикаторлорун жана тобокелдиктерин, ошондой эле Концепцияны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарды аныктоодон жана күтүлгөн акыркы натыйжага жетүүдөн турган.
2-глава. Учурдагы абалды талдоо жана көйгөйлөр
Өзүнүн калыптануу мезгилинде Кыргыз Республикасынын бажы кызматы тышкы экономикалык байланыштарды мамлекеттик жөнгө салуу системасына, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду аткарып, заманбап, көп функциялуу система катары республиканын экономикалык түзүмүндө өзгөчө орунду ээледи.
Өлкөнүн тышкы экономикалык саясаты чөйрөсүндөгү көптөгөн иш-чаралар жана иш-аракеттер үчүн жалпы реформаны ишке ашыруу жана бажы кызматын модернизациялоодо абдан маанилүү, мисалы, "Санариптик бажы долбоору", "СМАРТ Бажы", "ONE STOP" жана башка инновациялык долбоорлор, ошондой эле сооданы өркүндөтүү, улуттук күн тартибин ишке ашыруу жана негизги максаттарды ишке ашыруу маселелеринде өз ара тыгыз байланышта турат.
Тышкы сооданы жөнөкөйлөтүү жана либералдаштырууга карай төмөндөгү маанилүү кадамдар катары электрондук декларациялоо практикасын кеңейтүү, милдеттүү түрдө алдын ала кабарлоо практикасын киргизүү, товарларды чыгаруу мөөнөтүн кыскартуу, бажы максаттары үчүн талап кылынган документтердин минималдуу тизмесин аныктоо, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун киргизүү жана бажы декларациясын тапшырганга чейин товарларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берүү, бажы алымдарын төлөөнүн жаңы технологияларын колдонуу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын, "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында бажы кызматынын алдында бажы жол-жоболорун оптималдаштыруунун, башка мамлекеттик контролдоочу органдардын, бизнес коомчулугунун жана жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуунун алкагында жарандарга жана бизнес коомчулугуна сапаттуу кызмат көрсөтүү, сооданы жөнөкөйлөштүрүү боюнча инновациялык долбоорлорду колдонуу менен заманбап бажы органын курууда маанилүү милдеттер пайда болууда.
30 жылдык ишине карабастан Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасынын кыргыз тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарында дагы эле институционалдык потенциал жетишсиз, эффективдүүлүк төмөн жана жол-жоболордун башкаруусу начар бойдон калууда, анын натыйжасында экономикалык коопсуздук маселелери боюнча сапаттуу иштерди камсыз кылууга мүмкүндүк бербей келет.
Ушул кемчиликтерди моюнга алып жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга жана 2019-2023-жылдарга карата өнүктүрүү боюнча кабыл алынган стратегияларын жана алардын алкагында модернизациялоо боюнча жүргүзүлгөн реформаларды жана иш-чараларды көңүлгө алуу менен өткөрүү пункттарында бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугу талаптагыдай камсыз кылган эмес.
Административдик тоскоолдуктар, контролдоочу мамлекеттик органдардын өткөрүү пункттарындагы бизнес-процесстеринин татаалдыгы, ашыкча контролго алынгандыгы жана өз ара байланыштын жоктугу техникалык жабдууларды жана инфратүзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бербей жатат, бул тышкы соода жол-жоболорун татаалдаштырууда.
Өткөрүү пункттарында мамлекеттик кызматтар санариптик форматта толук кандуу көрсөтүлбөгөндүгү, ошондой эле жарандар менен кызматкерлердин ортосундагы байланышты минималдаштырууга багытталган бажы контролунун техникалык каражаттарын оптималдуу эмес жана натыйжасыз колдонулушу өткөрүү пункттарындагы жана бажы объекттериндеги техникалык базаны тез арада инвентаризациялоону талап кылат.
Жүргүнчүлөрдүн келүү зонасында бажы контролун камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдүн начардыгы маанилүү жагдай болуп саналат, бул "Манас" эл аралык аэропортунда жарандарды тейлөөнүн сапатынын төмөндүгүнөн кабар берет, эл аралык стандарттар сакталбай, өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизүүдө, ошондой эле улуттук коопсуздук тобокелдикке учуроодо.
Ошентип, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана ЕАЭБге мүчө болуп саналбаган өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөр менен бажы контролунун зонасына чейин байланыштардын болушу ЕАЭБ укуктарынын жоболоруна жана бажы контролунун жалпы эрежелерине карама-каршы келүүдө, бул бажылык укук бузууларды жасоонун жогорку тобокелдигин жана улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат.
"Манас" эл аралык аэропортунун учуп келүү зонасында бажы контролунун техникалык каражаттарынын натыйжасыз колдонулушу, атап айтканда, жүк бөлүгүндө инспекциялык-текшерип кароо комплексинин жоктугу бажы контролунун интрузивдик эмес натыйжаларын колдонууга мүмкүндүк бербейт. Бажы контролунун жогоруда аталган чараларынын жоктугу, анын ичинде тобокелдиктерди башкаруу системаларын (мындан ары - ТБС) колдонуу мүмкүн эместиги бажы органы тарабынан келген бардык жүргүнчүлөргө карата контролдук чараларды толук көлөмдө жүзөгө ашыруусуна мажбурлайт, бул бажы контролу зонасында жүргүнчүлөрдүн көп санда топтолушуна, жагымсыз чөйрөнүн түзүлүшүнө жана бизнес чөйрөгө таандык болгон жүргүнчүлөрдүн, ошондой эле туристтердин арасында терс беделдин калыптанышына алып келет.
Кагазсыз технологияларга өтүү башка мамлекеттик контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүдө заманбап механизмдерди колдонууга даяр эместиги менен татаалданган.
Бажылык декларациялоо жана товарларды чыгаруу мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан импорттук, экспорттук же транзиттик жол-жоболорду аткаруу үчүн зарыл болгон коштомо кагаздардын жана уруксат берүүчү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат, мында "Бирдиктүү терезе" чөйрөсүндө уруксат берүүчү документтерди калыптандыруу системасы тийиштүү электрондук уруксат берүүчү документтерди колдонууга милдеттендирбейт, анын натыйжасында товарларды чыгарууда бизнес-процесс татаалдашып, бизнес-коомчулук үчүн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратат.
Бажы администрациялары тарабынан пайдаланылуучу мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун баалоо үчүн бажы контролунун формаларын колдонуунун борбордук звеносу катары ТБС өзгөчө мааниге ээ. Азыркы ТБСтин натыйжасыз иштөөсү бажы контролунун жол-жоболорун татаалдантат, бажы процесстерин субъективдүү чечимдердин негизинде башкарууга мүмкүндүк берет жана сооданы жеңилдетүү боюнча долбоорлорду киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Бажы классификациясын жана наркын аныктоо максатында импорттолуучу товарларды талдоо жана изилдөө боюнча эксперттик чечимдердин жоктугу, бажылык экспертиза системасынын жоктугу өткөрүү пункттарында, ошондой эле бажылык тариздөө жайларында товарларга жана транспорт каражаттарына толук кандуу бажы контролун жүргүзүү боюнча милдеттердин татаалдашына алып келет, бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке кирешенин толук түшпөй калышына алып келет.
"Бирдиктүү колдонуучу система" платформасында иштелип чыккан жана 2011-жылы киргизилген бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы азыркы учурда бардык бажы процесстерин камтуу жана бажылык кызматтарды бизнес-коомчулугуна электрондук түрдө көрсөтүү максатында программалык продуктуларды ыкчам жаңыртууга, "Customs to Business (С2В) ("Бажы - Бизнес (ББ)" (мындан ары - "Customs-Business (С2В)"), "Customs to Government (C2G) ("Бажы - Өкмөт (БӨ) (мындан ары - "Customs-Government (C2G)") жана "Customs to Customs (С2С)" ("Бажы - Бажы (ББ)" (мындан ары - "Customs-Customs (С2С)") принцибинин негизинде бажы маалыматтык ресурстарын пайдаланууга мүмкүндүк бербейт.
Алсак, учурдагы түзүм ушул Концепцияда каралган жаңы максаттарга, милдеттерге жана көз караштарга шайкеш келбейт. Бажы контролун жана башка жол-жоболорду ишке ашыруу үчүн адам ресурстарын оптималдуу эмес бөлүштүрүү жумуштарды сапатсыз аткарууга, ашыкча чыгымдарга жана бажы ишинде административдик тоскоолдуктарга алып келет. Бажы кызматкерлерине дем берүү жана социалдык камсыздоо системасынын жоктугу функциялык милдеттерди сапатсыз аткаруу себептеринин бири жана коррупциялык тобокелдиктин булагы болуп саналат.
3-глава. Пландоо
3.1. Максаты жана милдеттери
Бул Концепциянын максаты бажылык башкаруунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы чөйрөсүнө заманбап инновациялык долбоорлорду киргизүү аркылуу тышкы соодага көмөк көрсөтүү жана тышкы экономикалык иштин натыйжалуулугун камсыздоо болуп саналат.
Максатка жетишүү төмөнкү коюлган милдеттерди аткаруу аркылуу камсыздалат:
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн мыйзам чыгаруу базасын жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
- сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган жол-жоболорду жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү;
- бажы процесстерин оперативдүү башкарууну жана бажы кызматынын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында санарип бажыны түзүү;
- башкаруу системасын өркүндөтүү жана кадрдык потенциалды жогорулатуу;
- бажы объекттеринин инфратүзүмүн өнүктүрүү жана заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу.
3.2. Багыттар жана чаралар
Ушул Концепцияда коюлган максаттарга жетүү жана көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөндө саналган багыттар, ошондой эле 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) каралган.
Сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам чыгаруу базасы.
Бажылык башкаруу сапатын жакшыртуу үчүн бажы кызматы өткөрүү пункттарына жана бажылык тариздөө жайларына басым жасашы керек, ал эми мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө бөгөт коюу боюнча функциялар башка тийиштүү ведомстволорго өткөрүп берилүүгө тийиш.
Чек арада мамлекеттик башкарууну жөнөкөйлөтүү максатында алгачкы документтик контролдоо жана каттоо боюнча функцияларды башка мамлекеттик контролдоочу органдардан бажы кызматына өткөрүп берүү жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө милдеттүү түрдө алдын ала маалымдоо, мамлекеттик контролдоочу органдардын бажы кызматы менен өз ара аракеттенүүсү боюнча натыйжалуу иштерди уюштуруу зарыл.
Бул багытта чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө багытталган бир катар ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу зарыл:
- мамлекеттик контролдоочу органдардын бажы кызматы менен өз ара аракеттенүүсү боюнча бизнес-процесстерди оптималдаштырууга;
- кагазсыз технологияга негизделген чек ара жана бажы кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн технологиялык схемасын өркүндөтүү;
- бажы контролун жөнөкөйлөтүү жана соодага көмөктөшүү максатында бажы ишинде тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү;
- санариптик технологияны киргизүү аркылуу сооданы жөнөкөйлөтүү;
- бажылык тариздөө процессин тездетүү.
Бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү жана Бажы процесстерин автоматташтыруу.
Бул багытты ишке ашыруунун негизги векторлору төмөнкү иш-чараларды аткарууга топтолушу керек:
- бажы ишинде ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү;
- бажы органдарынын кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;
- иш кагаздарды электрондук түрдө жүргүзүүнү уюштуруу;
- web-технологиянын базасында бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын (БАМС) иштеп чыгуу.
Санарип бажы институтун өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын бажы кызматы түптөлгөн мезгилден бери тышкы экономикалык иштин технологиялык жактан өнүгүүсүнүн кыйла маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет.
Бажы кызматын санариптештирүүнүн башкы элементи болуп "Customs-Business (С2В)", "Customs-Government (C2G)" жана "Customs-Customs (С2С)" принциби боюнча WEB-технологиялардын негизинде бирдиктүү маалыматтык платформаны ("Смарт "Бажы") иштеп чыгуу жана киргизүү болушу керек, ал ар кандай чакан системаларды, бажылык тариздөөнү тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы жана бажыга байланыштуу объекттерди бир системага интеграциялоону, бажы органдары менен маалыматтык алмашуунун катышуучулары үчүн маалыматтардын бирдейлештирилген форматын колдонууну камтыйт.
Тышкы сооданын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүнүн алкагында документтерди жана маалыматтарды электрондук түрдө колдонууга, документтерди жана маалыматтарды автоматташтырылган текшерүүгө, товарларга декларацияны автоматташтырылган каттоого жана бажы органынын кызмат адамынын катышуусуз товарларды автоматтык чыгарууга басым жасоо менен бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо жол-жоболорун автоматташтыруу зарыл.
Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча тышкы экономикалык иштердин катышуучулары үчүн шарттарды жакшыртуу интернет банкинг, мобилдик банкинг жана төлөм терминалдарын колдонуу менен банктар аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жолу менен накталай эмес формада ишке ашыруу пландалууда.
Соода жүргүзүүчү өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда алдын ала маалымат алмашуу - БАМСтын толук иштеши үчүн негизги шарт болуп эсептелет.
Бул үчүн өнөктөш-өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда алдын ала маалымат алмашууну уюштуруунун алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат, анын натыйжасында төмөнкүлөргө жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт:
- соода жүргүзүүчү өлкөлөрдүн ортосунда импорт жана экспорт боюнча маалыматтарды бири-бири менен салыштырууда дал келбестиктерди олуттуу даражада кыскартууга;
- республикалык бюджетке чегерилүүчү бажы жана салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схемалардын белгилерин аныктоого;
- тийиштүү сунуштарды мамлекеттик органга киргизүү үчүн бажылык укук бузуу предмети болуп саналган товарлардын тобун жана алардын себебин аныктоого.
Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн Дүйнөлүк бажы уюмунун Эл аралык сооданы жөнөкөйлөтүү жана коопсуздук алкактык стандарттарына ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун (ЫЭО) программаларын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана бажы өкүлдөрүнүн институтун өнүктүрүүгө басым жасоо талап кылынат.
Тобокелдиктерди башкаруу системасы.
Тобокелдиктерди башкаруу системасы бажы контролунун формасын колдонуунун борбордук звеносу катары чек арага келгенден тартып товарларды чыгарууга чейин бажылык башкаруунун натыйжалуу инструменти болууга тийиш.
Бул багытта негизги күч тобокелдиктин төмөн деңгээлиндеги категорияга кирген жактарга контролду жүргүзүүнү азайтууга басым жасоо менен бажы операцияларынын бардык баскычтарында тобокелдикти аныктоо процесстерин автоматташтырууга (алдын ала маалыматтарды алууда, алар өткөрүү пунктуна келгенде, декларациялоодо жана товарларды чыгаргандан кийин текшерүүдө), тобокелдиктерди башкаруу системасынын субъекттик-багытталган моделин жакшыртууга (тобокелдик деңгээли боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларын категорияга бөлүү) багытталууга тийиш.
Санариптик бажы платформасын ишке ашыруунун алкагында бажы кызматында да, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын (салык кызматы, Социалдык фонд, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы ж.б.) маалыматтарын пайдалануу менен түзүлгөн маалыматтардын негизинде иштеген системанын өзүнчө модулу болгон алдынкы ТБСны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарыл.
ТБСны иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө колдонулуучу технологиялар тышкы экономикалык иштин (мындан ары - ТЭИ) катышуучуларынын категорияларын аныктоого, аларга туруктуу жаңыланган автоматташтырылган ТБСнын негизинде бажы контролунун айрым формалары колдонулбашы же жарым-жартылай колдонулушу мүмкүн, ТБС тарабынан түзүлгөн так сунуштардын негизинде бажылык тариздөөнүн бардык процессинде адам факторунун варианттарын максималдуу азайтууга мүмкүндүк берет.
Кадрдык потенциал.
Бажы кызматын реформалоонун негизги элементтеринин бири болуп структуралык реформалар, бажы органдарынын ишинин акыркы натыйжаларына кадрларды кесиптик даярдоонун ролун жана таасирин жогорулатуу саналат.
Бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны өркүндөтүү негизинен башкаруу системасынын уюшкандыгы менен аныкталат, ал анын түзүмүнө жана бардык элементтеринин ишине көз каранды.
Азыркы этапта башкаруу системасын өркүндөтүүнүн зарылдыгы көптөгөн факторлор менен аныкталат. Бул башкаруу аппаратынын санын, анын функцияларын жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу, башкаруунун автоматташтырылган системаларын киргизүү, чечимдерди кабыл алуу системаларын өнүктүрүү болуп саналат.
Бул багытта кадр саясаты иш процесстерин автоматташтырууну эсепке алуу менен бажы кызматынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштырууга, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу механизмин өркүндөтүүгө, бажы органдарынын ишинин негизги түрлөрү боюнча кызмат адамдарынын оптималдуу иш жүгүн камсыз кылууга, кадрдык курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, электрондук декларациялоо борборлорун түзүүгө багытталат.
Жергиликтүү жана эл аралык тренерлерди тартуу менен жаңы долбоорлордун жана технологиялардын продуктуларын колдонуу боюнча бажы кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча мезгилдүү тренингдерди жана семинарларды өткөрүү.
Бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү.
Инновациялык технологияларды киргизүү менен өткөрүү пункттарын жана бажылык тариздөө жайларын модернизациялоо бул багытты ишке ашыруунун негизги факторлорунун бири болуп саналат.
Бул багытта бажы контролунун заманбап техникалык каражаттарын, анын ичинде стационардык, салмак-габариттик, мобилдүү, портативдик сканерлерди, радиациялык жана салмак-габариттик контролдун каражаттарын, видео байкоолорду жана башка алдынкы инновациялык технологияларды колдонуу жана аларды БАМСка интеграциялоо менен эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү пункттарын жана бажылык тариздөө жайын долбоорлоо-архитектуралык пландоону иштеп чыгуу зарыл.
Бажылык жөнгө салуу жаатындагы милдеттерди аткаруу үчүн атайын илимий таанууларды колдонуу менен бажы эксперттери тарабынан ишке ашырылуучу изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле бажылык квалификациялоо максатында товарлардын бардык түрлөрүн талдоо үчүн борбордук бажы лабораториясын түзүү талап кылынат.
4-глава. Концепцияны ишке ашыруу этаптары
Ушул Концепцияны ишке ашыруу 3 этаптан турат.
Биринчи этапта (1-этап) төмөнкү иш-чараларды аткаруу пландалууда:
- "Бир терезе" принциби боюнча товарларды жана транспорттук каражаттарды текшерүү үчүн өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдардын ыйгарым укуктарын бажы кызматына өткөрүп берүү;
- бажы кызматынын контролдоочу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө мүмкүндүк берүүчү өткөрүү пункттарында "Бир терезе" механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (анын ичинде "онлайн" форматында документтерди жана маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү жолу менен);
- мамлекеттик контролдоочу органдар менен бажы кызматынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылган БАМС системасынын "Уруксат берүүчү электрондук документтер" модулун ишке киргизүү;
- бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн "э-Кол тамга" электрондук кол тамганын корпоративдик сертификациялык борборунун системасын киргизүү;
- өткөрүү пункттарында бажы процесстерин автоматташтыруу жана БАМС "Каттоо" модулун киргизүү;
- өнөктөш-өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда алдын ала маалымат алмашуу;
- ТЭИ катышуучулары тарабынан бажы органдарына алдын ала маалыматтарды берүү;
- GPS технологияларын колдонуу жолу менен бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүү боюнча долбоорду киргизүү;
- "ERP systems" системасынын "э-Кадрлар" модулун киргизүү ("Enterprise resource planning systems" ("Ресурстарды пландоо программасы" системасы) (мындан ары - "ERP systems").
Экинчи этапта (2-этап):
- мамлекеттик органдар менен бажы кызматынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоочу БАМС системасынын "Электрондук уруксат берүү документтери" модулун киргизүү;
- товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө үчүн БАМСтын "э-Декларация" модулун киргизүү;
- "ERP systems" системасынын "э-Документ" модулун киргизүү;
- өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын чыгаруу убактысын автоматтык түрдө өлчөө үчүн номерлерди окуу жана шлагбаумдарды башкаруунун автоматташтырылган системасын (TRS (Time Release Study) - Чыгаруу убактысын өлчөө) киргизүү.
Үчүнчү этапта (3-этап):
- БАМСтын базасында "е-Customs" ("е-Бажы") (мындан ары - "е-Customs") санарип бажысын түзүү;
- автоматташтырылган ТБСти өркүндөтүү жана колдонуу;
- бажы кызматынын иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу.
5-глава. Күтүлүүчү натыйжа
Ушул Концепциянын ишке ашуусуна жараша төмөнкүдөй жалпы жыйынтыктарга жетишүү болжолдонот:
- өткөрүү пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүү боюнча контролдоочу чараларды жөнөкөйлөтүү аркылуу соода жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу;
- бажы төлөмдөрүн болжолдоонун жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бажы ишинде субъективдүү факторлорду жокко чыгаруучу бажылык тариздөө боюнча бирдиктүү стандартты түзүү;
- "Бир терезе" принциби боюнча өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорттук каражаттарды текшерүү боюнча мамлекеттик контролдоочу органдардын ыйгарым укуктарын бажы кызматына өткөрүп берүү;
- ТЭИ катышуучулары менен бажы органдарынын ортосундагы байланышты азайтуу максатында "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинетин" колдонуу менен бажы органдары менен ТЭИ катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- кагазсыз технологиянын негизинде уруксат берүүчү документтерди алмашуу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- "Бир терезе" механизми аркылуу өткөрүү пункттарында бажы кызматынын мамлекеттик контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу жана жакшыртуу, бул документтерди жана маалыматтарды "онлайн" форматында алмашууга мүмкүндүк берет;
- БАМСтын "е-Customs" санарип бажысын түзүү максатында бажы процесстерин автоматташтыруу;
- өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын каттоо процессинин ачыктыгын жана оперативдүүлүгүн камсыздоо жана бажылык тариздөө жайларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүдө бажы контролунун формаларын пайдаланууну азайтуу, субъективдүү чечимдерди жок кылуу максатында тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасын түзүү;
- БАМС базасында маалымат ресурстарын натыйжалуу колдонуу жолу менен бажы ишинде укук бузууларды ыкчам иликтөө үчүн шарттарды түзүү жана аларды тариздөөдө оперативдүүлүк жогорулатылган;
- өнөктөш өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда алдын ала маалымат алмашууну камсыздоо;
- соодалашкан өлкөлөр ортосунда импорт жана экспорт боюнча статистикалык маалыматтарды бири-бири менен салыштыруудагы карама-каршылыктарды азайтуу;
- ар түрдүү отчётторду түзүү боюнча оперативдүүлүктү жогорулатуу жана статистикалык маалыматтарды ар тараптуу талдоо үчүн шарттарды түзүү;
- GPS технологияларын колдонуу жолу менен бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүүдө транспорт каражаттарын топтук коштоону жоюу аркылуу чыгымдарды оптималдаштыруу жана укук бузуулар боюнча тобокелдиктерди азайтуу;
- электрондук кезек системасын киргизүү жолу менен автомобилдик өткөрүү пункттарынын өткөрүүчүлүк жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бажы операцияларын жүзөгө ашырууда чыгымдарды азайтуу;
- товарларга бажылык экспертиза жүргүзүү максатында бажы лабораториясын түзүү;
- иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу жана электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) колдонуу менен электрондук түрдөгү документтер менен иштөө технологиясын уюштуруу;
- интернет-дүкөндөрдүн жардамы менен импорттолуучу товарларды текшерүү боюнча бажы контролун камсыздоо;
- кадр потенциалын жогорулатуу, бажы органдарына ишке киргизүүнүн ачыктыгын жана инновациялык технологияларды колдонуу менен бажы кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштардын сапатын камсыздоо аркылуу бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бажы кызматынын кызматкерлеринин эмгек акы жана социалдык камсыздоо шарттарын жакшыртуу;
- ушул концепцияны ишке ашыруу максатында эл аралык стандарттарга ылайык бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү;
- бажы кызматын өнүктүрүүгө багытталган инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу "Виртуалдык бажыны" түзүү боюнча укуктук жана техникалык шарттарды түзүү.
Күтүлүүчү натыйжалардын алкагында төмөнкү көрсөткүчтөргө жетүү болжолдонуп жатат:
- өткөрүү пунктунда бажы операцияларын жүргүзүү убактысын 30 мүнөткө чейин кыскартуу (1-этап);
- кагазсыз технологиянын негизинде уруксат берүүчү документтерди алмашуу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууда товарларды бажы жол-жоболоруна коюуда товарларга декларацияларды иштеп чыгуу убактысын 1 саат 30 мүнөткө чейин кыскартуу (2-этап).
- БАМСтын тобокелдиктерди башкаруу системасынын жыйынтыктарынын негизинде гана бажылык текшерип кароону жүргүзүү жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларын категориялоо (3-этап);
- өткөрүү пунктунда бажы операцияларын өткөрүү убактысын 15 мүнөткө чейин кыскартуу (3-этап);
- бажы операциясын жүргүзүү убактысын кыскартуу жана декларациялар бажы органдарына келип түшкөндөн кийин 30 мүнөттүн ичинде товарларды бажы жол-жоболоруна коюу боюнча чечимди кабыл алуу (3-этап).
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун жана Иш-чаралар планынан келип чыккан долбоорлорду киргизүүнүн натыйжасында мамлекеттик чек арада жол-жоболорду оптималдаштырууну жана товардын жүгүртүлүшүнө олуттуу таасир тийгизген бажылык тариздөө жайына чейин товарларды жеткирүү боюнча укук бузууларга бөгөт коюуну эске алуу менен импорттолуучу жүктүн агымын жогорулатуу болжолдонууда. Башка мамлекеттердин тажрыйбасынын негизинде жана дүйнөнүн экономикалык кырдаалына карата алдын ала эсептөөлөр боюнча болжолдонуучу көрсөткүчтөр автомобилдик ташуулар боюнча товарлардын келүүсү жылына 40 миңден 300 миңге чейин жогорулайт.
6-глава. Финансылык ресурстар жана булактар
Ушул Концепцияны ишке ашырууну каржылоо республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле эл аралык донорлордун мүмкүн болуучу каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылары пландалууда.
7-глава. Концепцияны ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктер
Концепцияны ишке ашырууда төмөнкүдөй мүмкүн болгон тобокелдиктер бар:
- ушул Концепцияда каралган тапшырмаларды талаптагыдай эмес, өз убагында эмес жана толук эмес каржылоо;
- өнөктөш өлкөлөр менен интеграциялык бирикмелердин ортосунда саясий жана экономикалык мамилелердин абалы жана өнүктүрүү перспективалары;
- инфратүзүмдү өнүктүрүү жана бажы объекттерин заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо боюнча иш-чараларды мөөнөтүнөн кечиктирип аткаруу;
- тендердик конкурстарды өткөрүүнүн жана Иш-чаралар планынан келип чыгуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүчүлөрүн аныктоонун жыйынтыктарына карабастан иш-чараларды аткаруунун узактыгын жогорулатуу;
- башка тиешелүү мамлекеттик органдарда маалымат системаларын өнүктүрүүнүн деңгээли;
- ал жеткис күч жагдайлары (пандемия, табигый кырсыктар, социалдык-саясий өзгөрүүлөр жана туруксуздук ж.б.).
8-глава. Мониторинг жана баалоо
Ушул Концепциянын конкреттүү чараларынын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруунун прогрессин байкоонун натыйжалуу инструменти болот, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- ушул Концепциянын приоритеттерин илгерилетүү процессине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгелүү чечимдерди кабыл алууга;
- ушул Концепцияны ишке ашыруунун этаптарынын орто аралык жана жыйынтыктоочу натыйжаларын баалоого;
- бажы ишинин жалпы өнүгүүсүнө алардын таасирин баалоого.
Ишке ашырууну баалоонун жүрүшүндө жетишилген прогресс деталдуу талданат, "начар жерлери" жана кемчиликтер аныкталат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу этаптарынын орто аралык жыйынтыктары Иш-чаралар планын аткаруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде (мындан ары - иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү) бааланат.
Иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү (жыл сайын жана жалпы план боюнча өсүп жаткан жыйынтык менен) болуп төмөнкүлөр саналат:
- Иш-чаралар планында каралган иш-чаралардын жалпы санынан аткарылган иш-чаралардын үлүшү;
- аткаруу мөөнөттөрү келген иш-чаралардын жалпы санынан өз убагында аткарылган иш-чаралардын үлүшү.
Жыйынтыктоочу натыйжаларды баалоо отчеттук мезгилде аткаруунун натыйжалуулугунун төмөнкү көрсөткүчтөрүнүн негизинде бааланат:
Коэффициент "1" - "Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугунун жогорку деңгээли";
Коэффициент "0,8" - "Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугунун ортодон жогору деңгээли";
Коэффициент "0,2" - "Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугунун төмөнкү деңгээли".
Коэффициент "1" - "1ге" барабар бааланат жана иш-чара толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылган учурда колдонулат (мисалы, ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынса).
Коэффициент "0,8" - "0,8ге" барабар төмөндөтүүчү коэффициент менен бааланат жана иш-чара белгиленген мөөнөтү бузулуп, бирок отчеттук мезгилдин ичинде аткарылса жана негиздемеси болгон учурда колдонулат.
Коэффициент "0,2" - "0,2ге" барабар коэффициент менен бааланат жана иш-чаралар отчеттук мезгилде аткарылбаса жана негиздемеси болбогон учурда колдонулат.
Аткарылбаган жана өз мөөнөтүн бузуп аткарылган иш-чаралар боюнча аларды аткарбоонун же мөөнөтүндө аткарбоонун объективдүү себептерине негиздеме берилүүгө тийиш.
Алынган жыйынтыктардын негизинде ишке ашыруунун андан аркы кадамдары, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донордук коом менен аракеттерди координациялоону жакшыртуу, бизнес-коомунун күтүүлөрүн кыйла толук канааттандыруу менен альтернативалуу мүмкүнчүлүктөрдү тандоо боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынат.
|
| 2-тиркеме |
2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 378, 2023-жылдын 29-майындагы № 285 , 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618)
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруучулар |
|
I. Сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзамдык база |
| |||||||
1 | Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн мыйзамдык базаны жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | 1) Мамлекеттик контролдоочу органдардын бажы кызматы менен өз ара аракеттенүүсү боюнча бизнес процесстерди оптималдаштыруу | Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо аркылуу өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдардын бизнес-процесстерин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2022-жылдын 15-апрелине чейин | Бюджеттин чегинде | Мамлекеттик чек арада функциялар оптималдаштырылды жана жоопкерчилик белгиленди | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
|
Кыргыз Республикасынын "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө" жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | 2022-жылдын 1-февралына чейин | Бюджеттин чегинде | Мамлекеттик чек арада функциялар оптималдаштырылды жана жоопкерчилик белгиленди | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
| |||
Өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык транспорттук жана бажылык контролдоо органдарынын ишин координациялоо маселелерин кошуп, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдардын өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2024-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | "Бир терезе" принциби боюнча товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүү боюнча өткөрүү пункттарында бирдиктүү мамлекеттик орган аныкталган | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
| |||
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана башка мамлекеттик контролдоочу органдар жөнүндө жоболорго, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2024-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | "Бир терезе" принциби боюнча товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүү боюнча өткөрүү пункттарында бирдиктүү мамлекеттик орган аныкталган | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
| |||
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 285 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| |||||||
Тобокелдиктерди башкаруунун негизинде санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана транспорттук контролдоо чөйрөсүндө контролдоочу чаралардын тартибин белгилеген Министрлер Кабинетинин токтом долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2024-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | Товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүү боюнча контролдоочу чаралар жөнөкөйлөш-түрүлдү | МБК, ССМ, АЧМ, ТКМ, ЭКМ |
| |||
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө жобого, ошондой эле өткөрмө пункттарынын статусун жөнгө салуучу башка актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2024-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | Мамлекеттик чек арада товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүдө функциялар оптималдаштырылды жана жоопкерчилик аныкталды | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
| |||
Бажы кызматынын мамлекеттик-контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштырууга жана жакшыртууга мүмкүндүк берген өткөрмө пункттарындагы "Бир терезе" принциби боюнча механизмди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (анын ичинде "онлайн" форматында документтерди жана маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизүү жолу менен) | 2022-жылдын 1-октябрына чейин | Бюджеттин чегинде | "Бир терезе" принциби боюнча механизм киргизилген, ал "онлайн" форматында документтер жана маалыматтар менен алмашууну ишке ашырууга мүмкүндүк берет | ЭКМ, ФМ, МБК, ССМ, АЧМ, МБК, УКМК ЧК |
| |||
2) Кагазсыз технологиянын негизинде чек ара жана бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүнүн технологиялык схемасын өркүндөтүү | "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ушул Иш-чаралар планынын 1) пунктчасын ишке ашырууну эске алуу менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | 2023-жылдын 1-февралына чейин | Бюджеттин чегинде | Кагазсыз технологиянын негизинде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылды | ЭКМ, ФМ, МБК, УКМК ЧК |
| ||
3) Алдын ала маалымдоонун негизинде бажы контролун жөнөкөйлөтүү жана соодага көмөктөшүү максатында бажы ишинде тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү | Төмөнкүлөрдү караштыруучу "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" КР Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү: - берилген так маалымат үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле алдын ала маалыматты бербөө жана (же) атайын жалган маалыматты берүү үчүн жоопкерчиликти жөнгө салуу максатында милдеттүү тартипте берилген алдын ала маалыматтын укук статусун бекитүү; - соодага көмөктөшүү, ТЭИ натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган бажы контролунун формаларын тандоо үчүн бажы чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу | 2023-жылдын 1-январына чейин | Бюджеттин чегинде | Товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүү боюнча контролдоочу чараларды жөнөкөйлөтүүнүн эсебинен соода жүгүртүү деңгээли жогорулатылды. Өнөктөш-өлкөлөрдүн ортосунда бажы статистикасынын маалыматтарын салыштырууда айырманы азайтуу | ЭКМ, ФМ, МБК | |||
Бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүнүн, бажы контролун ишке ашыруунун, маалымат алмашуунун, конкреттүү көрсөткүчтөрдүн жана аларды аткарууну мүнөздөгөн бирдиктүү стандартты белгилөө боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы ишинде субъективдүү факторлорду жокко чыгарган бажылык тариздөө боюнча бирдиктүү стандарт түзүлдү | ЭКМ, ФМ, МБК |
| |||
Соодалашкан өлкөлөр ортосунда импорт жана экспорт боюнча статистикалык маалыматтарды бири-бири менен салыштырууда карама-каршылыктарды азайтуу жана бажылык тариздөө процессин тездетүү жана айкындуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөш өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда алдын ала маалымат алмашуу боюнча эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо жана уюштуруу | 2022-жылдын 1-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Соодалашкан өлкөлөр ортосунда импорт жана экспорт боюнча статистикалык маалыматтарды бири-бири менен салыштырууда карама-каршылыктар азайтылды жана бажылык тариздөө процесси тездетилди | ФМ, МБК |
| |||
4) Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу сооданы жөнөкөйлөтүү | Бажы операцияларын жүргүзүүнүн бардык этаптарында Бажы кызматынын БАМСтин базасында бажы ишиндеги санариптик технологияларды этап менен киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2022-жылдын 1- сентябрына чейин | Бюджеттин чегинде | "е-Customs" электрондук бажы түзүлдү | ЭКМ, ФМ; МБК | |||
Бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүү боюнча бажы процессинде навигациялык түзүлүштөрдү (GPS, пломба) жөнгө салуу үчүн мамлекеттик органды аныктоо боюнча токтом долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2022-жылдын 1-сентябрына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүүдө укук бузуулар боюнча тобокелдиктер азайтылды | ЭКМ, СӨМ, НППТТБСУО, МБК |
| |||
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн транспорт каражаттарынын агымын оптималдуу жана натыйжалуу уюштурууну камсыздоо үчүн электрондук кезек системасынын операторун аныктоо боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү | 2024-жылдын 1-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Автомобилдик өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылды жана бажы операцияларын ишке ашырууда чыгымдар кыскартылды | ЭКМ, ФМ, МБК |
| |||
5) Бажылык тариздөө процессин тездетүү | Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү: - борбордук бажы лабораториясын түзүүнү; - товарларды талдоо үчүн бажы эксперттеринин тобун түзүү принциптерин; - бажы лабораториясында товарлардын үлгүлөрү боюнча операциялардын техникалык талаптарын (тандоо, жайгаштыруу. талдоо, эсепке алуу ж.б.); - бажы лабораториясын техникалык жабдуу | 2025-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы экспертизаларын ыкчам өткөрүү үчүн шарттар түзүлгөн | ЭКМ, ФМ, МБК |
| ||
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 285 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| |||||||
II. Бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү |
| |||||||
2 | Сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган жол-жоболорду жана формалдуулукту жөнөкөйлөтүү | 7) Бажы ишинде ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | Бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо | 2022-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы кызматын өнүктүрүү максатында инновациялык долбоорлорду киргизүү үчүн укуктук шарттар түзүлдү | МБК |
|
Иштелип чыккан "TRS-чыгаруу убакытын өлчөө" автоматташтырылган системанын негизинде бажы операцияларын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мезгилдүү талдоо жүргүзүү үчүн методологияны иштеп чыгуу | 2024-жылдын 1-январына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугу жогорулатылган | МБК |
| |||
8) Кызыкдар тараптар менен бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу | ТЭИ катышуучуларынын жана башка кызыкдар тараптардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана маалымдоо үчүн МБКнын борбордук аппаратында "Колл-Борборду" түзүү | 2023-жылдын 1-сентябрына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы органдарынын жана ТЭИ катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү | МБК | |||
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 285 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| |||||||
9) Иш кагаздарын жүргүзүүнү электрондук түрдө уюштуруу | БАМС "ERP systems" ("э-Документ", "э-Кадрлар", "э-МТР") тарабынан иштелип чыккан базада бажы органдарынын ресурстарын пландоо жана башкаруу эрежелерин аныктаган ведомстволук регламентти иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | Иш кагаздарын жүргүзүү процесси автоматташтырылды | МБК | |||
Бажы ишинде кызмат адамдары тарабынан электрондук кол тамганы колдонуу боюнча ведомстволук актыны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын 1-ноябрына чейин | Бюджеттин чегинде | ЭКТ колдонуу менен электрондук түрдө документтер менен иштөө технологиялары уюштурулду | МБК |
| |||
III. Бажы процесстерин автоматташтыруу |
| |||||||
3 | Бажы процесстерин оперативдүү башкарууну жана бажы кызматынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында санарип бажыны түзүү | 10) web-технологиянын базасында БАМСты иштеп чыгуу | Бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн "э-Кол тамга" электрондук кол тамганын корпоративдик сертификациялык борбор системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2024-жылдын 1-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | ЭСК колдонуу менен электрондук түрдөгү документтер менен иштөөнүн технологиясы уюштурулду | МБК |
|
Бажы органдарынын ресурстарын пландоо жана башкаруу үчүн БАМС "ERP systems" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: |
| Бюджеттин чегинде
| Электрондук түрдө иш кагаздарын жүргүзүү камсыздалды
| МБК
| ||||
-э-"Кадрлар" модулу; | 2025-жылдын 30-октябрына чейин | |||||||
-э-"Кадрлар" модулу;
| 2025-жылдын 30-октябрына чейин | |||||||
Өткөрмө пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын (автомобилдик, темир жол, авиациялык жана контейнерлер) каттоо үчүн БАМС "Каттоо" модулун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн товарларды жана транспорт каражаттарын тариздөө процесси тездетилди | МБК |
| |||
Мамлекеттик контролдоочу органдар менен бажы кызматынын ортосунда маалыматтарды алмашууну камсыздоочу БАМС системасынын "Электрондук уруксат берүүчү документтер" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын 1-августуна чейин | Бюджеттин чегинде | МКО менен бажы кызматынын ортосунда уруксат берүүчү документтер боюнча маалымат алмашуу камсыздалды | МБК |
| |||
Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө үчүн БАМС "э-Декларация" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | Бажылык тариздөө процессинин оперативдүүлүгү жана ачык-айкындуулугу камсыздалды жана ТЭИ катышуучулары менен бажы органдарынын ортосундагы байланыштар минималдаштырылды | МБК |
| |||
Бажы төлөмдөрүн жана тарифтик жөнгө салууну башкаруу үчүн БАМС "э-Төлөмдөр" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 1-апрелине чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы төлөмдөрүн болжолдоонун жана башкаруунун натыйжалуулугу жогорулатылды | МБК |
| |||
БАМС "Укук бузуу" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 30-октябрына чейин | Бюджеттин чегинде | БАМС базасында маалыматтык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жолу менен ыкчам изилдөө үчүн шарттар түзүлдү жана бажы ишинде укук бузууларды тариздөөдө оперативдүүлүк жогорулатылды | МБК |
| |||
Дүйнөлүк бажы уюмунун "Товарларды чыгарууга кеткен убакытты өлчөө боюнча колдонмолор" сунуштамаларына ылайык бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн бажылык тариздөө жайларында товарларды чыгаруу жана өткөрмө пункттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жол-жоболорун автоматташтыруу боюнча "TRS-чыгаруу убакытын өлчөө" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын 1-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Өткөрмө пункттарда товарларды жана транспорт каражаттарын каттоо процессинин ачык-айкындуулугу жана оперативдүүлүгү камсыздалды жана БТЖ ишинин натыйжалуулугу жогорулатылды | МБК |
| |||
Бажы органдарынын ортосунда транспорт каражаттары менен товарларды жеткирүүнү контролдоо жана ташууларды көзөмөлдөө үчүн БАМС "GPS система" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын 1-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Жеткирүүнү контролдоо системасын автоматташтыруу жана транспорт каражаттарын көзөмөлдөө жолу менен бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүү боюнча укук бузуулардын тобокелдиктери минималдаштырылды | МБК |
| |||
Бажы процесстери жана жол-жоболору, ошондой эле бажы статистикасы боюнча отчётторду түзүү үчүн БАМС "Отчёт жана талдоо" модулун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2025-жылдын 31-августуна чейин | Бюджеттин чегинде | Ар түрдүү отчётторду түзүү боюнча оперативдүүлүгү жогорулатылды жана статистикалык маалыматтарды ар тараптуу талдоо үчүн шарттар түзүлдү | МБК |
| |||
Бажы максаттарында уруксат берүүчү документтер боюнча маалыматтарды алмашуу үчүн БАМС "Customs to Government" модулун иштеп чыгуу жана этап менен киргизүү | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы максаттары үчүн мамлекеттик органдардын жана бажы кызматынын ортосунда зарыл маалыматтарды алмашуу камсыз кылынды | МБК |
| |||
Өнөктөш өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда алдын ала маалыматтарды алмашуу үчүн БАМС "Customs to Customs" модулун иштеп чыгуу жана этап менен киргизүү | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Өнөктөш өлкөлөрдүн бажы органдарынын ортосунда алдын ала маалыматтарды алмашуу камсыз кылынды | МБК |
| |||
ТЭИ катышуучулары менен бажы органдарынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн БАМС "Customs to Business" модулун иштеп чыгуу жана этап менен киргизүү | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | ТЭИ катышуучулары менен бажы органдарынын ортосунда маалыматтарды алмашуу камсыз кылынды | МБК |
| |||
Алдын ала маалыматтын жаңы форматтарын жана түзүмдөрүн пайдалануу менен бажы органдарынын жана ТЭИ катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган БАМС "ТЭИ катышуучусунун жеке кабинети" модулун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2023-жылдын 1-октябрына чейин | Бюджеттин чегинде | "Чиновник-бизнес" байланыштарын азайтуу максатында бажы кызматынын зарыл маалыматтык ресурстарына ТЭИ катышуучуларынын жетүүсү камсыз кылынды | МБК |
| |||
Бажы процесстерин оптималдуу башкаруу аркылуу соодага көмөк көрсөтүү жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында бажы контролун жөнөкөйлөтүү үчүн БАМС "Тобокелдиктерди башкаруу" модулун өркүндөтүү жана киргизүү | 2025-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы процесстеринде чечимдерди кабыл алуунун автоматташтырылган системасы түзүлдү | МБК |
| |||
Бажы процесстерин оптималдуу башкаруу аркылуу соодага көмөк көрсөтүү жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында бажы контролун жөнөкөйлөтүү үчүн БАМС "Постконтроль" модулун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2025-жылдын 31-августуна чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы процесстеринде чечимдерди кабыл алуунун автоматташтырылган системасы түзүлдү | МБК |
| |||
Бажы органынын кызмат адамдарынын катышуусуз товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө үчүн БАМС "Авто каттоо" жана "Авто чыгаруу" модулдарын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2025-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Товарларды жана транспорттук каражаттарды текшерүү боюнча контролдук чараларды жөнөкөйлөтүүнүн эсебинен соода жүгүртүүнүн деңгээли жогорулатылды | МБК |
| |||
Интернет-сооданы администрациялоону жана эсепке алууну башкаруунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2025-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Интернет-дүкөндөрдүн жардамы аркылуу импорттолуучу товарларды текшерүү боюнча бажы контролу камсыздалды | МБК |
| |||
Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү транспорттук каражаттардын топтолушун болтурбоо максатында, алардын агымын оптималдуу жана натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу үчүн БАМС системасынын "Электрондук кезек" модулун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Автоунаа өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылды | МБК |
| |||
Бажы кызматынын маалыматтык ресурстарына оперативдүү жетүүнү камсыз кылуу менен зарыл болгон бажы процесстерин жасоо үчүн "SMART Customs" ("СМАРТ Бажы") мобилдик жана web-тиркемесин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2025-жылдын 30-июнуна чейин | Бюджеттин чегинде | Бажылык тариздөө процессинин оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн пайдалануучулардын жайгашкан ордуна карабастан, бажы кызматынын маалыматтык ресурстарына жетүүсү жеңилдетилди | МБК |
| |||
IV. Кадр потенциалы |
| |||||||
4 | Башкаруу системасын өркүндөтүү жана кадр потенциалын жогорулатуу | 11) Бажы кызматынын түзүмүн оптималдаштыруу | Бажы кызматын башкаруунун учурдагы түзүмүн талдоо, ушул концепцияны жана алдынкы тажрыйбаны эске алуу менен жаңы башкаруу түзүмүнүн долбоорун даярдоо | 2023-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы органдарын башкаруу түзүмү оптималдаштырылды | МБК |
|
12) Бажы органдарынын ишинин акыркы жыйынтыктарына кадрлардын ролун жана кесипкөй даярдыгынын таасирин жогорулатуу | Квалификациялык талаптарга ылайык бажы кызматкерлеринин билимин аттестациялоо жана баалоо системасын колдонуу менен кадрларды тандоо жана коюу механизмдерин иштеп чыгуу | 2024-жылдын 1-июнуна чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы органдарында аткарылган иштердин сапаты жогорулаган жана бажы органдарына жумушка орношуу боюнча ачык-айкындык камсыз кылынды | МБК | |||
Бажы чөйрөсүндө БАМСтын ишке ашкан модулдарын жана заманбап технологияларды эсепке алуу менен кызматтык категориялар боюнча бажы кызматкерлерин туруктуу даярдоо жана кайра даярдоо үчүн окутуу методологиясын жана окуу программаларын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 1-майына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы процесстеринде БАМСты пайдалануу боюнча кадр потенциалынын деңгээли жогорулады | МБК |
| |||
Бажы органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана бажы кызматынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоо системасы боюнча методологияны иштеп чыгуу (Performance Measurement) | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Бөлүнүштөр жана кызматкерлер тарабынан аткарылуучу функциялардын натыйжалуулугу жогорулады | МБК |
| |||
V. Бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү |
| |||||||
5 | Бажы объекттеринин инфратүзүмүн өнүктүрүү жана заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу жайларын модернизациялоо | 13) Инновациялык технологияларды киргизүү менен өткөрүү пункттарын жана бажылык тариздөө | 1. Өткөрүү пункттарынын жана бажылык тариздөө жалаарынын учурдагы бажы инфратүзүмүн талдоо; | 2022-жылдын 1-майына чейин | Бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | Бажы объекттеринин, техникалык каражаттардын жана жабдуулардын инфратүзүмдөрүнүн маалыматтар базасы түзүлдү. Бажы инфратүзүмү эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилди жана бажы контролунун заманбап каражаттары менен жабдылды | МБК |
|
2. Бажы контролунун заманбап техникалык каражаттарын, анын ичинде стационардык, салмак-габариттик, мобилдик, портативдик сканерлерди, радиациялык жана салмак-габариттик контролдун каражаттарын, видео байкоолорду жана башка алдынкы инновациялык технологияларды колдонуу жана аларды БАМСка интеграциялоо менен бажы инфратүзүмдөрүн модернизациялоо | 2022-жылдын 31-декабрына чейин |
| ||||||
Бажылык жөнгө салуу жаатындагы милдеттерди чечүү, ошондой эле бажылык квалификациялоо максатында товарлардын бардык түрлөрүн талдоо үчүн атайын илимий билимдерди пайдалануу менен бажы эксперттери тарабынан жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү максатында борбордук бажы лабораториясын түзүү | 2025-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин, эл аралык донорлордун каражат-тарынын чегинде | Товарлар боюнча бажылык экспертиза камсыздалды | ФМ, МБК |
| |||
14) Бажы кызматынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын турак-жай шарттарын жакшыртуу | Бажы кызматынын кызматкерлери жана жумушчулары үчүн ведомстволук турак жай жана башка социалдык багыттагы башка объекттерди (ден соолукту чыңдоо-дарылоо комплекстерин, бала бакча ж.б.) куруу | 2024-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Социалдык шарттарын жакшыртуу менен бажы кызматынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын ишин мотивациялоо деңгээли жогорулатылды | ФМ, МБК, "БИ" МИ |
| ||
15) Бажы кызматын жана "БИ" МИни материалдык-техникалык жана социалдык камсыз кылуу үчүн, "БИ" МИ тарабынан алынган кирешелердин калдыктарын пайдалануу максатында "БИ" МИнин карамагындагы таза кирешени сактоону камсыз кылуу | Төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү: - Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жоболор: - "Бажы инфратүзүмү" мамлекеттик ишканасынын уставы | 2023-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | Бажы кызматын жана "БИ" МИни материалдык-техникалык жана социалдык камсыз кылуу үчүн "БИ" МИ тарабынан алынган кирешелердин калдыктарын пайдалануу камсыз кылынды | МБК, "БИ" МИ |
| ||
Эскертүү: өткөрүү пункттары* - Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасынын кыргыз участогунда жайгашкан өткөрүү пункттары.
Кыскартуулардын тизмеси:
МКО | - | мамлекеттик контролдоочу орган |
НППТТБСУО | - | Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору |
ТЭИ | - | тышкы экономикалык иш |
ТТ | - | техникалык тапшырма |
УКМК ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
КРСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
"Бир терезе" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы |
"БИ" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфратүзүмү" мамлекеттик ишканасы |
ЭСК | - | электрондук санариптик кол тамга |
БТЖ | - | бажылык тариздөө жайы |
БАМС | - | Бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы |
КМ | - | Министрлер Кабинети |