Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 412
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акциз салыгынын маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга Антикризистик чараларынын планын ишке ашыруу жана бизнести колдоо, ошондой эле калк үчүн товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021- жылдын 31-декабрындагы № 359 "Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "июнуна"' деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктунун төртүнчү абзацындагы "1-пунктунун 6-8-пунктчаларында" деген сөздөр "1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин 1 -пунктундагы "10 сом/литр" деген сөздөр; "1 сом/литр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |