Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-февралы № 94
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412, 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2023-жылдын 3-мартындагы № 125, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 13-майындагы № 253,
2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кыл ат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкалары 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Акциздик жыйымдын маркасы менен төмөнкүлөр маркаланууга тийиш деп белгиленсин:
- 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары;
- 2024-жылдын 1-июнунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар;
- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2403 товардык позициясында классификациялануучу түтүктүү, тартуучу, жыттоочу, кальяндуу тамеки (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекиден тышкары);
- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позициясында классификациялануучу майлоочу майлар, башка майлар, битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар.
- 2025-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларда классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит;
- 2027-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык;
- 2027-жылдын 1-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу өздүк өндүрүшүндөгү сууларды, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган сууларды чекене сатууну жүзөгө ашыруучу коомдук тамактануу субъекттери катары катталган салык төлөөчүлөр.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин тыюу салынат, буга жүгүртүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-майынан тартып белгиленген ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ТР ТС 021/2011) ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүгү болсо) балдар тамак-ашы кирбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө акциздик маркаларды талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн импорттоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөм төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- алкоголдук продукциянын бир литри үчүн (ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу сыраны кошпогондо) 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
- ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыранын бир литри үчүн 2028-жылдын 1-январынан тартып 1 (бир) эсептик көрсөткүч.
"Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тийиштүү жылдын биринчи күнүнө карата колдонулган эсептешүү көрсөткүчү негиз катары алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
51. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте 2030-жылга карата айыл чарба кооперативдеринен жемиштерди, кургатылган жемиштерди жана мөмөлөрдү сатып алуучу ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан өндүрүлүүчү компоттордун, шербеттердин, нектарлардын жана морстордун экспортунун көлөмүн 2 эсеге көбөйтүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү жана он төртүнчү абзацтары, 3 - 3-2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомунун 2, 5-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин күчүнө кириши тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 1-пунктчасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 749 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 "Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
|
| |||
|
| ||||
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна) |
| ||
|
|
|
|
|
|
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык, акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну, акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана депозиттик төлөмдү колдонууну жана башкарууну регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
1) депозиттик төлөм - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн салык төлөөчү тарабынан салынуучу алдын ала төлөм;
2) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү;
3) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
4) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функциялык бөлүмдөрү;
5) депозиттик эсепти башкаруу боюнча реестр (мындан ары - реестр) - ар бир импорттоочу жана сумма үчүн өзүнчө таризделүүчү, депозиттик төлөмдөрдүн түшүүсүн, бюджеттик эсепке которулушун жана кайтарылышын эсепке алуу системасынын негизги документи.
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) банк кепилдиги - бул акциздик жыйымдын маркаларын талаптагыдай эмес пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүнүн банк кепилдигинде көрсөтүлгөн депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө импорттоочунун милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр ушул Тартипте аныкталган мааниде колдонулат. Ушул Тартипте чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
4. Депозиттик төлөм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык колдонууну;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан ташылып кетишин;
3) акциздик жыйым маркалары жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланган алкоголдук продукцияны импорттоону;
4) импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктардын төлөнүшүн;
5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчеттун импорттоочулар тарабынан берилишин;
6) бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан кайтарылышын.
2. Депозиттик төлөмдү колдонуу
5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алууда берилүүчү документтерге кошумча ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени (мындан ары - милдеттенме);
2) милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчанын салынгандыгын ырастоочу төлөм документи же акциздик маркаларды алууга арыз берилген датадан тартып 6 айдан кем эмес жарактуулук мөөнөтү менен депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө ыйгарым укуктуу салык органынын атына берилген банк кепилдиги.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Милдеттенме ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө акча каражаттарын салуу же банк кепилдигин берүү жолу менен камсыздалат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. Депозиттик эсепке акчаларды салуу же банк кепилдигин берүү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
8. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген учурда, акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары берилбейт.
9. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү салык органдарында сакталат.
3. Депозиттик төлөмдү башкаруу
10. Маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоочу акциздик маркаларды алууга чечим жана/же акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечим чыгарылган айдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу салык органына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен берүүгө милдеттүү:
1) белгиленген тартипте салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан ырасталган товарлардын ташып киргизилгени жана кыйыр салыктардын төлөнгөнү жөнүндө арыздын көчүрмөсүн;
2) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын иш жүзүндө төлөнгөнүн ырастоочу банктын көчүрмөсүн жана (же) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган, импорттолгон товарларга кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенменин аткарылганын ырастоочу башка төлөм документин;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукциянын өткөрүлүшүн ырастоочу товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн;
4) товарларды жүктөп жөнөтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралардын көчүрмөлөрүн, эгерде аларды берүү (көчүрмө) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралса;
5) алкоголдук продукцияны жеткирүүчүнү маркалануучу алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү же дүңүнөн сатуучусу катары каттоо жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын документинин көчүрмөсүн;
6) алкоголдук продукциянын түрүн, аталышын, көлөмүн, ошондой эле акциздик маркалардын серияларын, номерлеринин диапазонун жана санын көрсөтүү менен импорттолуучу алкоголдук продукцияга чапталган акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары (агрегацияланган код) жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүүчүсүнөн жетекчинин мөөрү жана колу коюлган маалымкаты.
11. Отчеттун бир нускасы ыйгарым укуктуу салык органында калат, экинчи нускасы импорттоочуга же анын өкүлүнө берилет (жиберилет).
12. Ыйгарым укуктуу салык органы депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу боюнча милдеттенмелердин импортер тарабынан аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Импорттоочу салган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенмелерди аткаруунун суммалары боюнча реестр жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Реестр төмөнкүлөр үчүн багытталган:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган же берилген банк кепилдигин акча каражаттарын эсепке алуу;
2) импорттоочулардын аткарылбаган милдеттенмелери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебинен депозиттик төлөмдүн суммаларын өз убагында чегерүү же банк кепилдигинин аткарылышын талап кылуу;
3) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын салык төлөөчүнүн аткарылган милдеттенмелери боюнча банктык эсептерине же башка милдеттенмесинин эсебине кайтаруу (чегерүү).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестр кабыл алынган милдеттенменин же берилген банк кепилдигинин негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ар бир салык төлөөчү жана сумма боюнча жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төлөм документтеринин реестри жүргүзүлөт, анда салык төлөөчү депозиттик эсепке салган депозиттик төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
16. Ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан акча каражаттарынын салынышы же банк кепилдигинин берилиши реестрге киргизүү үчүн негиз болот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестр ар бир календардык жылга ачылат. Каражаттардын калдыгы кийинки жылга которулат. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестрде милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
- салык төлөөчүнүн толук аталышы;
- салык төлөөчүнүн ИСНи.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ыйгарым укуктуу салык органынын эсебине салынган депозиттик төлөм ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенден кийин 30 (отуз) календарлык күндөн кечиктирбей импорттоочуга төмөнкү шартта кайтарылууга тийиш:
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө тиешелүү отчет берилгенде;
- кыйыр салыктар боюнча салык карыздары жок болгондо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине 1-тиркеме |
Форма
|
| ____________________________________________ (салык органы) |
|
| ____________________________________________ (салык органынын жетекчисинин аты-жөнү) |
|
| Каттоо № ______ ______-жылдын ______________ |
|
| (салык органы толтурат) |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын максаттуу колдонуу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
_________________________________________________________________________________________________
(импорттоочунун аталышы, ИСН, юридикалык дареги, банктык реквизиттери) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине ылайык акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык пайдаланууга, милдеттенмени камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын которууга, Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын ташып чыгарууга, акциздик маркалар менен маркаланган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына белгиленген тартипте ташып киргизүүгө жана аны дайындалган жерине чейин жеткирүүгө, бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын ыйгарым укуктуу салык органына кайтарып берүүгө, импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктарды төлөөгө, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу салык органына белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттенет.
Жогоруда аталган иш-аракеттер аткарылбаган учурда, ушул милдеттенменин алкагында депозиттин суммасы болуп саналган акча каражаттары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулат.
______-ж. "___" ______________
Жетекчи | ____________________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү, колу) |
|
Башкы бухгалтер | ____________________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү, колу) |
|
М.О. |
|
|
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине 2-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө ОТЧЕТ
_______________________________________________________________________________________________
(маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү (импорттоочу) импорттоочунун аталышы, ИСН жана жайгашкан жери)
№ | Акциздик маркаларды алууга/акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечимдин номери же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн номери | Акциздик маркаларды алууга/акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечимдин датасы же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн датасы | Алкоголдук продукциянын түрү | Акциздик маркалар же санариптик идентификациялоо каражаттары колдонулган алкоголдук продукциянын аталышы | Алкоголдук продукциянын сыйымдуулугу | Берилген акциздик маркалар | Алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркалар колдонулду же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн номери | Ыйгарым укуктуу салык органына бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркалар кайтарылды | |||||
акциздик маркалардын тиби жана номерлеринин диапазону | саны (даана) | Салык органы тарабынан ырасталган товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз | сериясы жана номерлердин диапазону | саны (даана) | сериясы жана номерлердин диапазону | саны (даана) | |||||||
№ | дата | ||||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы |
| x | x | x |
| x |
| ||||||
Бардыгы ___________ даана акциздик марка берилген,
анын ичинде:
маркалоо үчүн ________ даана колдонулган;
кайтарылды ________ даана;
калдык ________ даана.
Отчетко тиркеме _______ баракта.
Жетекчи | ________________________________________ | ________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
Башкы бухгалтер (болсо) | ________________________________________ | ________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
М.О. |
|
|
|
| |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын СТАВКАЛАРЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Акциздик продукциянын түрү | Акциздин ставкасы | |||
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2027-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2028-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2029-жылдын 1-январынан тартып | ||
1 | КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык улуттук суусундуктарды (бозо, максым жана жарма) кошпогондо, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар | 3 сом/литр | |||
1-1 | ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) | 0 сом/литр | |||
1-2 | 2024-жылдын 1-апрелинен тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу энергетикалык, алкоголсуз суусундуктар | 6 сом/литр | |||
1-3 | 2025-жылдын 15-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн сатып алынган жемиштерден, кургатылган жемиштерден жана мөмөлөрдөн ата мекендик айыл чарба кайра иштетүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн кант кошулган компоттор, шербеттер, нектарлар жана морстор | 1 сом/литр | |||
1-4 | 2027-жылдын 1-майынан тартып коомдук тамактануу субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жана чекене сатылган, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар | 0 сом/литр | 3 сом/литр | ||
2 | ТЭИ ТН 2204 (220410 жана 220430 тышкары), 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шараптар | 25 сом/литр | 30 сом/литр | 35 сом/литр | 40 сом/литр |
3 | ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу арак | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
4 | ТЭИ ТН 220830, 220870, 220890 товардык позицияларында классификациялануучу ликер-арак ичимдиктери | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
5 | ТЭИ ТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар | 200сомов/литр | 220 сомов/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
6 | ТЭИ ТН 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 товардык позицияларында классификациялануучу коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 140 сом/литр | 160 сом/литр | 180 сом/литр | 200 сом/литр |
7 | Арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн суусундуктарды, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты чыгаруу үчүн аларды өндүрүү укугуна лицензиясы болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө бергенден же товар өндүрүүчүлөр импорттогондон жана норманын чегинде атайын керектөөчүлөргө бергенден тышкары, ТЭИ ТН 2207 товардык позициясында классификациялануучу денатурланбаган этил спирти, денатурланган ар кандай концентрациядагы этил спирти жана башка спирттик тундурмалар | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |
8 | ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу алкоголу аз ичимдиктер | 100 сом/литр | |||
9 | ТЭИ ТН 220430 товардык позициясында классификациялануучу шарап материалдары | 5 сом/литр | |||
10 | ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра | 20 сом/литр | 25 сом/литр | 30 сом/литр | |
11 | ТЭИ ТН 2204, 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шуулдап туруучу шараптар, анын ичинде газдалган шарап жана шампан | 50 сом/литр | 55 сом/литр | 60 сом/литр | 70 сом/литр |
12 | ТЭИ ТН 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500, 271019290 товардык позицияларында классификациялануучу кышкы дизель отунунан тышкары, мотордук, атайын бензиндер, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар | 5000 сом/тонна | |||
13 | ТЭИ ТН 2710192100 товардык позициясында классификациялануучу реактивдүү отун | 0 сом/тонна | |||
14 | ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну | 400 сом/тонна | |||
15 | ТЭИ ТН 271019510-2710196809, 2710203101-2710203909 товардык позицияларында классификациялануучу мазут | 400 сом/тонна | |||
16 | ТЭИ ТН 2710192900 товардык позицияларында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизель отунуна карата) | 400 сом/тонна | |||
Эскертүү:
1 литр ликер-арак ичимдиктерине, күчтөндүрүлгөн суусундуктарга, күчтөндүрүлгөн ширелерге жана бальзамдарга акциз салыгынын ставкасы ТЭИ ТН 220890 товардык позициясында классификацияланган алкоголу аз башка суусундуктарды, башка тундурмаларды кошпогондо, аларда этил спиртинин болушун эске алуу менен кайра эсептелет. Мында базалык ставка болуп күчтүүлүгү спирттин 40 көлөмдүк пайыздагы ушул ичимдикке ставка эсептелет.