ТоктомКүчүндө эмес же Колдонулбайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 380 «2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция12.07.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 12-июлу № 380

2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2020-жылдын 22-январында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Ойлоп табууларды укуктук коргоо тармагындагы мамлекеттер аралык жашырын сырларды өз ара сактоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров