Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 405
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Социалдык стационардык мекемелерде, балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде жашаган балдардын жана жарандардын тамактануу рационунун сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 545 "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемесинин 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
13 | Саламаттык сактоо системасынын балдар үйү үчүн | 220 |
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн реабилитациялык борборлору үчүн | 220 | |
балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборлору үчүн | 220 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана психоневрологиялык оорулары бар балдар үчүн айрым саламаттык сактоо уюмдарында тамактанууга чыгымдарды каржылоо үчүн 5890500 (беш миллион сегиз жүз токсон миң беш жүз) сом бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |