Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 462 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 411
"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 677 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновациялык долбоорлорго, стартаптарга дем берүү жана аларды илгерилетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 265 токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
1. "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссия аталган Жобого ылайык инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо жүргүзсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетинде "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан 8ге (сегизге) чейинки инновациялык демилгени, анын ичинде стартаптарды Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен каржылоого акча каражатын карасын;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бир тандалып алынган инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын бөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 677 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аталган Жобону жетекчиликке алышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 9-августундагы № 69 (3404) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| 2-тиркеме |
"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 677 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору (макулдашуу боюнча);
коомдук уюмдун өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).