Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 417
"Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети" мекемесин жана "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КМЮА)" мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө
Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Жусуп Баласагын атындагы. Кыргыз улуттук университети" мекемеси ага "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КМЮА)" мекемесин кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети" мекемеси "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КМЮА)" мекемесинин бардык укуктары жана милдеттери боюнча укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленсин.
3. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮА) балансынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июнундагы № 305-б буйругунун негизинде Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетине (КМЮА) бекитилип берилген Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын "Дельфин" спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин имараттары жана курулмалары жанаша аймагы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунун балансына тиешелүү материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетине (КМЮА) бекитилип берилген Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын "Дельфин" спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин имараттарын жана курулмаларын жанаша аймагы менен тиешелүү материалдык-техникалык каражаттары менен балансына кабыл алсын.
5. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮА) балансынан Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 18 дареги боюнча жайгашкан № 99 кесиптик лицейи тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүп берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- кайра уюштурулуп жаткан мекеменин өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- кайра уюштурулуп жаткан мекеменин уставын бекитсин;
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу маселелерин чечүү, ошондой эле мекемелерди кайра уюштурууга байланыштуу бардык зарыл болгон иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссия түзсүн;
- жогоруда аталган мекемелерди белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- № 99 кесиптик лицейин белгиленген тартипте балансына кабыл алсын;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ЖОЖдордун жетекчилери:
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу маселелерин чечүү, ошондой эле мекемелерди кайра уюштурууга байланыштуу бардык зарыл болгон иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссия түзсүн;
- үзгүлтүксүз окуу процессин уюштурууну жана абитуриенттерди өз убагында кабыл алууну камсыз кылсын;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кайра уюштурулган мекемени каржылоону тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы № 671 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 726 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы № 671 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 367 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп атоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы 560-б буйругу.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 23-августунда № 76(3411) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |