Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу № 367
"Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп атоо жөнүндө
Багыттардын кеңири спектри боюнча кадрларды даярдоону өркүндөтүү, юриспруденция, экономика, башкаруу, маалымат-коммуникациялык технологиялар жаатында фундаменталдык изилдөөлөрдү аткаруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусу "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп өзгөртүлсүн.
2. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин аталышы "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп өзгөртүлсүн.
3. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы № 671 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА):
- Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин (КГЮА) юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |