Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 438 токтомуна) |
Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби (мындан ары - Тартип) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин (мындан ары - бюджеттер) кассалык аткаруу процессин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.
2. Бюджеттерди аткарууну кассалык тейлөө бюджеттик мыйзамдарга, ошондой эле ушул Тартиптин ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана бюджеттерге каражаттардын түшүү процессин уюштуруу жана аларды бөлүштүрүү менен байланышкан операцияларды эсепке алууну, Бирдиктүү казыналык эсептин акча каражаттарын оперативдүү башкарууну, ошондой эле отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылат.
3. Ушул Тартип бюджеттерди кассалык аткаруу, эсепке алууну жүргүзүү жана бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту түзүү боюнча операцияларды жүргүзүүдө бюджеттик процесстин катышуучуларынын ишине карата колдонулат.
4. Бюджеттик мекемелердин кызмат адамдары тиешелүү бюджеттерге ресурстардын толук жана өз убагында түшүүлөрүн камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына (мындан ары - бюджеттик мыйзамдар), ошондой эле ушул Тартипке ылайык бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) автоматташтырылган система (мындан ары - АС) - бюджеттерди кассалык аткаруу боюнча маалыматты топтоону, иштеп чыгууну, өткөрүп берүүнү, кабыл алууну жана сактоону камсыз кылуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын комплекси;
2) бюджет ресурстарынын администратору (мындан ары - БРА) - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин салыктык эмес кирешелеринен (ресурстарынан) Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте алынуучу салыктык кирешелерди, бажы төлөмдөрүн кошуп эсептөө, жыйноо, эсепке алуу жана эсептөөнүн тууралыгын, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо боюнча функциялардын бирин же жыйындысын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмү;
3) накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарынын кыймылы төлөөчүнүн банктык эсебинен акча каражаттарын чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына (мындан ары - банк мыйзамдары) ылайык берилген төлөм документтери боюнча алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчалардын катышуусуз жүргүзүлгөн акча жүгүртүү формасы;
4) казыналык ичиндеги тапшырма (мындан ары - КИТ) - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бир аймактык бөлүмүнүн (мындан ары - аймактык бөлүм) ичинде ал аркылуу каражаттар (ресурстар) которула турган казыналык инструмент;
5) убактылуу кассалык ажырым - учурдагы бюджеттик жылдын белгилүү бир мезгилинде болжолдонгон Бирдиктүү казыналык эсепте эсептен которууларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын жетишсиздиги;
6) убактылуу бош каражаттар - учурдагы бюджеттик жылдын чегинде конкреттүү датадагы кассалык төлөөлөрдөн ашып кеткен кассалык келип түшүүлөрдүн натыйжасы катары түзүлгөн Бирдиктүү казыналык эсептеги акча каражаттарынын калдыгы;
7) башкы китеп - казыналыктын эсептер китептеринин жалпыланган эсептик маалыматтарын камтыган регистр;
8) реалдуу убакыт режиминде эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (мындан ары - РУРГС) - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ири төлөмдөр системасы;
9) бюджеттердин акча каражаттары - Бирдиктүү казыналык эсепте, бюджеттик мекемелердин кассасында же Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары финансылык-кредиттик мекемелердеги банктык эсептерде топтолгон улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы акча каражаттары;
10) Бирдиктүү казыналык эсеп (мындан ары - БКЭ) - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) ачылган борборлоштурулган эсеби (банктык эсептердин жыйындысы), анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттары топтолот жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын операциялары чагылдырылат;
11) кассалык чыгымга өтүнмө - бюджеттик мекеменин/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн/БРАнын бюджеттик, атайын, тескелүүчү жана депозиттик казыналык эсептер боюнча БКЭ менен чыгаша операцияларын жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна (мындан ары - Турукташтыруу фонду) каражаттарды которууга, ошондой эле ашыкча төлөнгөн салыктарды кошуп эсептөөнү же кайтарууну, бюджетке туура эмес чегерилген төлөмдөрдү төлөөчүнүн банктык эсебине же максаттуу багыты боюнча которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында (мындан ары - салык мыйзамдары) аныкталган КНСти төлөөнү жана кайтарууну жүргүзүүгө тескемесин чагылдырган документ;
12) казыналык тейлөө - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/аймактык бөлүмдөр тарабынан казыналыктын тиешелүү өздүк эсептеринде аларды чагылдыруу менен бюджеттерди кассалык аткаруу боюнча бюджеттик системанын катышуучуларынын операцияларын жүргүзүү;
13) казыналык өздүк эсептер - бюджеттик процесстин катышуучулары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүү жана бюджеттердин кассалык аткарылышы боюнча операцияларды чагылдыруу үчүн ачылган эсептер;
14) кассалык чыгым - бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан кабыл алынган жана бюджеттик мыйзамдарга ылайык бюджеттердин каражаттарынын эсебинен төлөнүүгө тийиш болгон акчалай милдеттенмелерди төлөө үчүн БКЭден акча каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча операция;
15) классификацияланган түшүүлөр - бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун өздүк эсептер боюнча топтоштурулган акча каражаттарынын түшүүлөрү, аларды эсепке алуу кирешелердин классификациясына жана активдери менен милдеттенмелери бар операциялардын классификациясына ылайык төлөм документинде көрсөтүлгөн төлөмдүн коду боюнча жүзөгө ашырылат (классификацияланат);
16) казыналык эсептердин китеби (мындан ары - КЭК) - казыналык системасында жүзөгө ашырылуучу кирешелик жана чыгымдык операцияларды аналитикалык жана синтездик эсепке алуунун регистри;
17) казына аралык тапшырма (мындан ары - КАТ) - аймактык бөлүмдөрдүн ортосунда каражаттарды (ресурстарды) которуу ал аркылуу жүргүзүлүүчү казыналык инструмент;
18) банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - БПБ) - "Элкарт" төлөм карталары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын оператору;
19) мультивалюталык эсеп - чет өлкөлүк инвесторлордон/донорлордон/башка уюмдардан бюджеттик мекемелердин пайдасына түшүүчү акча каражаттарын которуу үчүн, ошондой эле бюджеттик мекемелердин/бюджет ресурстарынын администраторлору менен чет өлкөлүк инвесторлордун/донорлордун/башка уюмдардын ортосундагы келишимдерде белгиленген шарттарга ылайык бюджеттик мекемелердин/бюджет ресурстарынын администраторлорунун эсебине которуу үчүн арналган бир нече чет өлкөлүк валюталарда Улуттук банктагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кошумча банктык эсеби;
20) убактылуу эсепке алуу суммалары - бул төлөмдүн таандыктыгы аныкталганга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын (мындан ары - Борбордук казыналык) эсептерине түшүүчү акча каражаттары;
21) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жалпы чыгымдары (мындан ары - жалпы чыгымдар) - операциялык чыгымдарды жабууга арналган акча каражаттары (ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча пайыздар, республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) бюджетине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММКФ) бюджетине бөлүнгөн акча каражаттары), жергиликтүү бюджеттерге трансферттер, үлүштүк/мүчөлүк төгүмдөр, КНСтин ордун толтуруу жана кайтаруу, Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимдерин аткаруу жана башкалар); финансылык эмес активдер менен операцияларды жүргүзүү, финансылык активдер менен операцияларды (бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүү) жүргүзүү, Турукташтыруу фондуна каражаттарды которуу, милдеттенмелердин негизги бөлүгүнүн чыгымдары (баалуу кагаздар боюнча операциялар, ички жана тышкы карыздарды төлөө, коммерциялык банктарда бюджеттердин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу менен байланышкан чыгымдар жана башкалар);
22) отчеттук бюджеттик жыл - учурдагы бюджеттик жылдын алдындагы жыл;
23) алуучу - пайдасына акча каражаттары төлөмдүн жана эсептешүүлөрдүн натыйжасында келип түшкөн жеке же юридикалык жак;
24) төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акча милдеттенмесин аткаруу же болбосо төлөөчү тарабынан накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси;
25) төлөм системасы - акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы;
26) төлөөчү - акча каражаттарынын эсебинен эсептешүү жүргүзүлүп жаткан төлөмдүн демилгечиси болгон жеке же юридикалык жак;
27) маалымдама - классификациялык кодго байланышкан негизги маалыматтын системалаштырылган тандалмасы (жыйындысы), ал билимдин жана/же практикалык иштин белгилүү бир тармагын камтыган маалыматтардын комплексин камтыйт;
28) майда чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары - ПКС) - төлөм карталары менен эсептешүү системалары, акча которуу системалары, тез төлөм системалары, электрондук акча менен эсептешүү системалары;
29) утурлама фонддордун эсептери - эл аралык финансылык уюмдардан жана институттардан (донорлордон) гранттар, тышкы финансылык жардам жана чет өлкөлүк кредиттер жана зайымдар түрүндөгү акча каражаттарынын, ошондой эле гранттык жана кредиттик каражаттарга сатып алынган жабдууларды жана техниканы ижарага (лизингге) берүүнүн эсебинен алынган каражаттардын, тышкы финансылык жардамдын, чет мамлекеттердин долбоорлорунун алкагында чет өлкөлүк кредиттердин жана зайымдардын банктык эсептерге чегерилишин чагылдырган улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы Улуттук банктагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кошумча банктык эсептери;
30) бюджеттик процесстин катышуучулары - Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктары (мындан ары - коммерциялык банктар), бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү; бюджет ресурстарынын администраторлору, бюджеттик каражаттарды алуучулар;
31) электрондук банктык көчүрмө (мындан ары - ЭБК) - жүргүзүлгөн банктык операцияларды жана банктык эсеп боюнча каражаттардын кыймылын далилдүү чагылдырган жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган финансылык документ;
32) электрондук төлөм документи (мындан ары - ЭТД) - эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматты камтыган жана электрондук санариптик кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү;
33) электрондук кол тамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана маалыматка колу коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылат.
34) кайтарылуучу каражаттар - эл аралык финансылык уюмдардан жана институттардан (донорлордон) гранттар, тышкы финансылык жардам жана чет өлкөлүк кредиттер, зайымдар түрүндө түшүүчү акча каражаттары, алар "утурлама фонддордун" эсептеринде топтолот жана белгилүү программалардын талаптарын аткаруу үчүн же мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жабуу үчүн максаттуу мүнөзгө ээ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. БКЭнин иштөө режими
6. БКЭ каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банкта ачылган банктык эсептеринде турат.
7. Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык БКЭ тейлөө боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырат.
8. БКЭнин акча каражаттары бюджеттерге түшүүлөрдү топтоонун жана бюджеттик мекемелердин/БРАнын казыналык өздүк эсептериндеги акча каражаттарынын калдыктарынын болушунун эсебинен түзүлөт.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКЭге тиешелүү бюджеттин акча каражаттарынын калдыгынын чегинде бюджеттердин чыгымдык операцияларын жүргүзүүнү камсыз кылат.
10. БКЭде бюджеттердин төмөнкү банктык операциялары жүргүзүлөт:
1) чыгымдык бөлүгү боюнча - жабуу боюнча төлөөлөр:
- операциялык чыгымдар (ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча пайыздар, республикалык бюджеттен Социалдык фонддун жана ММКФнын бюджеттерине бөлүнгөн акча каражаттары, жергиликтүү бюджеттерге трансферттер, үлүштүк/мүчөлүк төгүмдөр, КНСтин ордун толтуруу жана кайтаруу, Турукташтыруу фондуна каражаттарды которуу, коммерциялык банктарга бюджеттердин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу менен байланышкан чыгымдар, Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимдерин аткаруу жана башкалар;
- финансылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгымдар;
- финансылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгымдар (бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүү);
- милдеттенмелердин негизги бөлүгүнүн чыгымдары (баалуу кагаздар боюнча операциялар, ички жана тышкы карыздарды төлөө);
2) киреше бөлүгү боюнча - салыктар, бажы төлөмдөрү, бюджеттердин убактылуу бош каражаттарынын депозитинин негизги суммасын кайтаруу, салыктык эмес төлөмдөр түрүндөгү акча каражаттарынын тиешелүү бюджеттерге түшүүсү, анын ичинде бюджеттердин убактылуу бош каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу башка каражаттарды коммерциялык банктарга жайгаштыруудан түшкөн туумдардын жана айып пулдардын түшүүлөрү, Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө ченемдик укуктук актыларда (мындан ары - бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылар) белгиленген төгүмдөрдүн, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, чегерүүлөрдүн жана жыйымдардын, ошондой эле трансферттердин (чет мамлекеттерден алынган гранттар жана эл аралык уюмдардан алынган гранттар) тиешелүү бюджеттерге түшүүлөрү.
11. БКЭге чегерилүүгө тийиш болгон акча каражаттарын которуу боюнча төлөмдөрдү жана накталай акча каражаттарын төлөөчүлөрдөн кабыл алуу боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан банк мыйзамдарына ылайык учурдагы операциялык күндүн алкагында жүргүзүлөт.
12. БКЭден акча каражаттарын чыгарып салуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм документтеринин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча жүргүзүлөт.
13. Бюджеттердин кирешелер боюнча аткарылышы салыктарды, салыктык эмес кирешелерди, жыйымдарды жана башка түшүүлөрдү бөлүштүрүүдөн түшкөн кирешелерди, анын ичинде бюджеттик системага Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, бюджеттик мыйзамдарда жана бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурдагы бюджеттик жылда колдонулуучу нормативдер боюнча бөлүштүрүлүүчү каражаттарды БКЭге чегерүүнү карайт.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик системага келип түшүүчү кирешелерди эсепке алууну жана аларды түшүүлөрдүн тиешелүү эсептерине каражаттарды чегерүүгө төлөм документинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын коддоруна ылайык бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү, ал эми тиешелүү БРА тарабынан төлөм кайтарылган кошуп эсептелген, такталган) учурда, алар тарабынан берилген корутундуга ылайык белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
15. БКЭде түшүүлөрдүн төмөнкү түрлөрү топтолот:
1) салыктар жана жыйымдар;
2) бажы төлөмдөрү жана салыктар;
3) аванстык бажы төлөмдөрү жана күрөөлүк суммалар;
4) негизги сумманы кайтаруу жана бюджеттик ссудалар менен кредиттер боюнча пайыздарды, айып пулдарды жана туумдарды төлөө;
5) бюджеттердин убактылуу бош каражаттарынын депозитинин негизги суммасын кайтаруу;
6) бюджеттердин убактылуу карамагына түшкөн каражаттар;
7) бюджеттик мекемелердин акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттары, демөөрчүлүк жардам, ыктыярдуу жана камкордук төгүмдөр, кайрымдуулук жана гранттык жардамдар, биргелешкен илимий-изилдөө иштерди жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр, өз өндүрүшүнүн товарларын сатуудан түшкөн каражаттар, бюджеттик кредиттерди төгүүнүн эсебинен республикалык бюджетке кайтарылуучу каражаттардан чегерүүлөр, коммерциялык банктарга бюджеттердин убактылуу бош каражаттарын жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайыздык кирешелер;
8) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү;
9) тиешелүү бюджеттердин кирешелерине багытталган салыктык эмес жана башка төлөмдөр;
10) бюджетке, ошондой эле бюджеттик мекемелердин өздүк эсептерине чегерилүүгө тийиш болгон каражаттардын сомдук эквиваленти;
11) активдер жана милдеттенмелер боюнча түшүүлөр;
12) Турукташтыруу фондун түзүү булактары.
16. Улуттук банкта ачылган эсептер боюнча иштөө регламенти жана бюджеттик мекемелердин валюталык төлөмдөрүн жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Улуттук банктын ортосундагы келишимдик мамилелерге ылайык ишке ашырылат.
17. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн суммаларын кошуп эсептөө же кайтаруу жана аныкталбаган төлөмдөр боюнча иштөө регламенти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Социалдык фонддун жана салык органдарынын ортосунда түзүлгөн келишимдик мамилелерге ылайык ишке ашырылат.
3-глава. Казыналык өздүк эсептерди кодификациялоо
18. Бюджеттерди аткарууну казыналык жактан тейлөө максатында АСте казыналык өздүк эсептер ачылат, алар бюджеттерди аткарууну кассалык тейлөө процессинде финансылык операцияларды идентификациялоо жана эсепке алуу үчүн пайдаланылат жана төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен багытталган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсептер;
2) тескелүүчү эсептер - БРА болуп эсептелген тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тескелүүчү БКЭге түшүүлөрдү эсепке алуу эсептери;
3) атайын эсептер - төмөнкүдөй түрдөгү түшүүлөр эсепке алынган эсептер:
- акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр;
- камкорчулук төгүмдөр;
- кайрымдуулук жана гранттык жардам;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр;
- өз өндүрүшүнүн товарларын сатуудан түшкөн каражаттар;
- бюджеттик кредиттерди төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке кайтарылуучу каражаттардан чегерүүлөр;
- Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттар;
4) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана белгилүү бир шарттар түзүлгөндө, аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайтарылууга же багыты боюнча которулууга тийиш болгон каражаттар боюнча операциялар эсепке алына турган кардардын эсептери.
19. Бюджеттик процесске катышууга жараша казыналык өздүк эсептер статустарга бөлүнөт:
1) "активдүү", жаңы ачылган казыналык эсепке ыйгарылат, цифралык коддору бюджеттик жылдын ичинде сакталат жана пайдаланылат;
2) "активдүү эмес", бюджеттик процесске катышуусу эсептин активдүүлүгү пайда болгонго чейин убактылуу токтотулат, ошол эле убакта алардын цифралык коддору бюджеттик жылдын ичинде сакталат жана пайдаланылат;
3) "жабык", бюджеттик процесске катышуусу бюджеттик жылдын аягына чейин токтотулат, ошол эле убакта алардын цифралык коддору бюджетти аткаруу боюнча отчеттук маалыматтарды консолидациялоо үчүн бюджеттик жылдын ичинде сакталат жана пайдаланылат;
4) "алып салынган", бюджеттик процесске катышпайт, ал эми алардын цифралык коддору өткөн мезгилдер үчүн бюджеттик эсепке алуунун толуктугу жана аныктыгы үчүн сакталат жана пайдаланылат;
5) "бир жолку", бир жолку мүнөздөгү чыгымдарды эсепке алуу үчүн;
6) "убактылуу", бул боюнча финансылык операциялар жеткирилген бюджеттик маалыматтарга ылайык бир бюджеттик жылга чейинки мөөнөткө пландалат;
7) "баланстоочу", мурда жүргүзүлгөн чыгымдарга ылайык сметалык дайындоолорду түзөтүүнү кошпогондо, финансылык операциялар боюнча колдонуу токтотулган;
8) "чыгымдык", кирешелерди чегерүү боюнча колдонуу токтотулган.
20. Казыналыктын өздүк эсептерин ачууда аларга он алты разряддан турган жеке коддор ыйгарылат:
XXX XXX ХХХХX ХХХ XX, мында
1-3-разряддар - Улуттук банктын кардары жана төлөм системасынын катышуучусу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктык идентификациялык коду (мындан ары - БИК);
4-6-разряддар - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн коду;
7-разряд - төмөнкү маанилерге ылайык мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин курамындагы бюджеттердин деңгээлдеринин коду:
- 1 - мамлекеттик бюджет;
- 2 - Социалдык фонддун бюджети;
- 3 - ММКФнын бюджети;
8-разряд - төмөнкү маанилерге ылайык бюджеттердин деңгээлдерине ыйгарылуучу код:
- 0 - Социалдык фонддун бюджети, ММКФнын бюджети;
- 1 - республикалык бюджет;
- 2 - жергиликтүү бюджеттер;
9-разряд - шаарлардын бюджеттери боюнча операцияларды эсепке алуу үчүн ыйгарылуучу код:
- 1 - республикалык маанидеги шаардын бюджети;
- 2 - облустук маанидеги шаардын бюджети;
- 3 - райондук маанидеги шаардын бюджети;
- 4 - райондук бюджет;
- 5 - айыл өкмөтүнүн бюджети.
Республикалык бюджеттин эсептерин, Социалдык фонддун бюджетинин эсептерин жана ММКФнын бюджетинин эсептерин коддоодо бул разряд "0" мааниге ээ болот;
10-11-разряддар - төмөнкүдөй эсепке алынуучу каражаттардын түрүнө жараша операцияларды эсепке алуу үчүн ыйгарылуучу код:
- 01 - тескелүүчү каражаттар;
- 10 - бюджеттик каражаттар;
- 20 - атайын каражаттар;
- 30 - депозиттик каражаттар;
12-14-разряддар - үч цифралык белгиден турган ведомстволук жана функциялык классификациялардын коддорунун жөнөкөйлөтүлгөн комбинациясын билдирүүчү бюджеттик процесстин катышуучусунун туюк коду;
15-16-разряддар - маалыматты иштеп чыгуунун ар түрдүү баскычтарында казыналык өздүк эсептин статусун текшерүүнү камсыздоо үчүн арналган контролдук разряддар.
4-глава. Маалымдама маалыматты жүргүзүүнүн тартиби
21. Бюджеттик процесстин катышуучуларын бюджеттердин кассалык аткарылышы маселелери боюнча бирдиктүү жана анык маалымдама маалымат менен камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган АСта төмөнкүдөй маалымдамалардын өзгөртүүлөрдү киргизүү/сактоо тарыхын түзүүнү/жүргүзүүнү камсыз кылат:
1) Бюджеттик классификациянын коддорунун маалымдамасы:
- ведомстволук классификация;
- функциялык классификация;
- кирешелердин классификациясы;
- чыгымдардын экономикалык классификациясы;
- активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы;
- программалык классификация;
2) бюджеттик мекемелердин маалымдамасы ыйгарылган электрондук коддору (IP-даректери) жана реквизиттери менен бюджеттик мекемелердин аталыштарынын тизмегин камтыйт жана бюджеттик каражаттардын негизги тескөөчүлөрү, бюджеттин түрлөрү, аймактык бөлүмдөр боюнча эсептик жана отчеттук маалыматты топтоо үчүн пайдаланылат. Маалымдаманын ар бир жазуусу өзүнчө юридикалык жакты мүнөздөйт жана СИН кодун, ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (ОКПО) кодун, Социалдык фонддун каттоо кодун, ошондой эле бюджеттик мекемелердин өздүк эсептеринин коддоруна милдеттүү шилтемелерди камтыйт;
3) аймактык бөлүмдөрдүн маалымдамасы аймактык бөлүмдөрдүн коддорун, реквизиттерин жана аталыштарын камтыйт;
4) администрациялык-аймактык бирдиктердин маалымдамасы Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин маалыматтарын жана реквизиттерин камтыйт, алардын түзүмүн жана актуалдуу абалын чагылдырат жана жалпы мамлекеттик кирешелерди анын пайдасына бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырууда кийин бюджетти аныктоо максатында төлөм жүргүзүлгөн аймактын кодун аныктоо үчүн пайдаланылат;
5) чегерүүлөрдүн нормативдеринин маалымдамасы бюджеттерди аткаруунун алкагында ар түрдүү деңгээлдеги бюджеттердин ортосунда аларды бөлүштүрүү үчүн түшүүлөрдүн түрлөрү жана БРА боюнча республикалык жана жергиликтүү салыктардын чегерүүлөрүнүн нормативдеринин тизмегин камтыйт;
6) бюджеттин түрлөрүнүн маалымдамасы бюджеттердин коддорун жана аталыштарын камтыйт жана бюджеттик системанын учурдагы абалын чагылдыруу, бюджеттерди аткаруунун алкагында төлөм документтерин даярдоодо төлөмдөрдүн жана түшүүлөрдүн даректелиши үчүн пайдаланылат;
7) каржылоо булактарынын маалымдамасы бюджеттерди аткаруунун алкагында төлөм документтерин даярдоодо төлөмдөрдүн жана түшүүлөрдүн даректелишин аныктоо үчүн казыналык өздүк эсептерди коддоодо пайдаланылат;
8) коммерциялык банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин, төлөм жүргүзүүчү уюмдардын маалымдамасы Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин тизмегин жана реквизиттерин камтыйт жана АСте түзүлүүчү төлөм документтеринде көрсөтүлгөн алуучулардын Улуттук банк тарабынан берилүүчү банктык реквизиттеринин тууралыгын контролдоо үчүн пайдаланылат;
9) расмий валюта курстарынын маалымдамасы чет өлкөлүк валюталардын улуттук валютага карата расмий курстары жөнүндө маалыматты камтыйт жана бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин контролдоо жана эсепке алуу процесстерин аткаруу жана бюджеттерди аткаруунун алкагында Улуттук банк тарабынан берилген төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылат;
10) "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринин объекттерин белгилөө системасына" (ААБОС) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан берилген Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине (СББМР) ылайык административдик-аймактык бирдиктердин (ААБ) маалымдамасы;
11) салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген салык төлөөчүлөрдүн маалымдамасы;
12) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн маалыматтарын жана банктык реквизиттерин камтыган жана төлөм документтерин даярдоодо, ошондой эле салык органы тарабынан түзүлүүчү бюджеттик милдеттенмелерди каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү үчүн пайдаланылуучу продукцияларды берүүчүлөрдүн маалымдамасы.
22. АС маалымдамаларындагы маалыматтарды тышкы системаларга өткөрөт жана тышкы системалардан маалыматтарды ушул маалымдамаларга жүктөйт. Ошондой эле маалымдама маалыматтарын, анын ичинде көрсөтүлгөн мезгилде маалымдама маалыматтарын жаңыртуу үчүн өзгөртүүлөрдү жүктөөнү жүзөгө ашырат.
23. Маалымдамаларга жазууларды кошууда же редакциялоодо башка маалымдамалардагы жазууларга жана шилтеме болуп саналган киргизилген маалыматтардын же киргизилген коддордун тууралыгы текшерилет.
24. Маалымдамалардан талап кылынган жазууну издөө төмөнкүдөй издөө жардамынын варианттары менен жүзөгө ашырылат:
1) жазуунун коду (IР-дареги) боюнча издөө;
2) жазуунун аталышы же аталыштын бөлүгү боюнча издөө;
3) жазуунун бир же бир нече реквизиттеринин мааниси же маанисинин бөлүгү боюнча издөө;
4) маалымдамадагы бардык жазууларды толук кароо.
25. Маалымдамалардын реквизиттери Кыргыз Республикасынын классификаторлорунда жана АСте пайдаланылуучу башка тышкы классификаторлордо белгиленген тиешелүү реквизиттер менен бирдей болууга тийиш.
26. Маалымдамалардын коддору бюджеттерди аткаруунун алкагында төлөм документтерин даярдоодо төлөмдөрдү жана түшүүлөрдү даректелишин жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылат.
5-глава. Казыналык өздүк эсептерди ачуунун/жабуунун жана аталышын өзгөртүүнүн тартиби
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган казыналык өздүк эсептердин тизмегин ачуу/жабуу/жүргүзүү боюнча борборлоштурулган башкарууну камсыз кылат.
28. Казыналык өздүк эсептер төмөнкү документтердин негизинде ачылат/жабылат:
1) аймактык бөлүм тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча даярдалган казыналык өздүк эсепти ачууга/жабууга жана аталышын өзгөртүүгө өтүнмө;
2) кошумча казыналык өздүк эсептерди ачуу зарыл болгондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ведомстволук мекемелердин тизмеси;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдери.
Инвестициялык долбоорлордун тизмегине ылайык, түрткү берүүчү гранттар, мамлекеттик инвестициялык долбоорлор жана капиталдык салымдар боюнча казыналык өздүк эсептерди ачууга өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту берүү жоопкерчилиги менен бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Бюджеттик мекеме аймактык бөлүмгө төмөнкүдөй документтерди берет:
1) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн/алуучунун ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча казыналык өздүк эсебин ачуу/жабуу жана аталышын өзгөртүү жөнүндө арыз каты;
2) бюджеттик мекемени түзүү (уюштуруу) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, тескемелеринин, мамлекеттик органдардын (башкы кредиттик тескөөчүлөрдүн) буйруктарынын көчүрмөлөрү;
3) каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) убактылуу тескөөсүнө келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү;
4) уюштуруу документинин жогору турган уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) салык органынын каттоого коюу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
7) Социалдык фонддун төлөөчүсүнө кабарламанын көчүрмөсү.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
30. АСке киргизүү жана активдештирүү үчүн бюджеттик мекемелердин/түзүмдүк бөлүмдөрдүн/БРАнын/Социалдык фонддун каражаттарынын тескөөчүлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга/аймактык бөлүмдөргө ЭК пайдалануучуларынын маалыматтарын беришет.
31. Бюджеттик мекеме аталышы өзгөргөндө, аймактык бөлүмгө өзгөртүүлөр тууралуу кабарлаган арызды берет, анын негизинде аймактык бөлүм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик мекеменин аталышын өзгөртүүгө төмөнкүлөрдү тиркеп, өтүнмөнү жиберет:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) салык органдарында салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Бюджеттик мекеме ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге өзгөртүүлөр тууралуу аймактык бөлүмгө үч жумуш күндүн ичинде милдеттүү билдирет.
Билдирүүнүн өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин/түзүмдүк бөлүмдөрдүн/БРАнын жетекчилерине/Социалдык фонддун каражаттарынын тескөөчүлөрүнө жүктөлөт.
33. Аймактык бөлүм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик мекеменин жылдын аягына нөлдүк калдык менен эсептерин жабууга өтүнмөнү төмөнкү учурларда жиберет:
1) арыздын жана жоюу жөнүндө документтердин негизинде бюджеттик мекеме жоюлганда;
2) бюджеттик мекемени кайра уюштуруу жөнүндө арыздын жана документтердин (чечимдин) негизинде кайра уюштурулганда;
3) эгерде учурдагы бюджеттик жылдын ичинде казыналык өздүк эсептердин маалыматтары боюнча операциялар жүргүзүлбөсө, бюджеттик жыл аяктаганда;
4) бюджеттик мекеме башка аймактык бөлүмгө тейлөөгө өткөрүлгөндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Бюджеттик мекемелер накталай каражаттар боюнча казыналык өздүк эсептерди жабууда банктык төлөм картасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайтарып берет, ал жок кылуу жөнүндө актынын негизинде аларды жок кылуу үчүн комиссия түзөт.
6-глава. Түшүүлөрдү иштетүүнүн тартиби
35. Акча каражаттары түшүүлөрдү эсепке алуу жана тескөө боюнча операцияларды жүргүзүү жана чагылдыруу үчүн БКЭге чегерилген учурдан тартып бюджеттик системанын тиешелүү бюджетинин кирешесине түштү деп эсептелет.
36. Товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү, анын ичинде салыктарды, жыйымдарды жана бюджетке башка төлөмдөрдү банктын көчүрмөсүнө тиркелген кирешелер жөнүндө толук маалыматты камтыган банктык картаны пайдалануу менен төлөөдө терминал, банкомат жана башка перифериялык түзүлүш менен түзүлүүчү кагазда алып жүрүүчүдө же электрондук түрдө документтер төлөө жүргүзүүнүн ырастоосу болуп саналат.
37. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мыйзамдарга жана бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык ЭБЖнын негизинде кирешелердин классификациясынын коддору жана төлөм документтери, түшүүлөр жөнүндө толук маалыматты камтыган, ЭБЖга электрондук түрдө тиркелген төлөөчүлөрдүн мемориалдык ордерлери, ошондой эле салык жана бажы органдарынын жана Социалдык фонддун бюджетинин каражаттарын тескөөчүсүнүн салыктардын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн суммаларын кошуп эсептөө же кайтаруу жөнүндө корутундулары боюнча түшүүлөрдү жана аларды бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү эсепке алууну жүргүзөт.
38. Кирешелерди бюджеттердин ар түрдүү деңгээлдеринин ортосунда бөлүштүрүү жалпысынан келип түшкөн кирешенин (кирешелерди классификациялоо элементи) суммасы боюнча чегерүүлөрдүн белгиленген ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана төмөнкү операцияларды камтыйт:
1) кирешелерди классификациялоонун түрлөрү/элементтери боюнча бир күндө түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү;
2) бюджеттерге которулууга тийиш болгон кирешелердин суммаларын кирешелердин түрлөрү/кирешелерди классификациялоо элементтери боюнча аныктоо жана топтоштуруу;
3) активдер жана милдеттенмелер менен жүргүзүлгөн операциялардан которулган кирешелердин жана каражаттардын ашык төлөнгөн/өндүрүлгөн суммаларын төлөөчүлөргө кайтаруу.
39. БРА бюджеттик мыйзамдарга жана ушул Тартипке ылайык БРАнын алар ачкан өздүк эсептерине эсепке алынган түшүүлөр боюнча өзүнүн бюджеттик ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат, ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларды кайтаруу (кошуп эсептөө, тактоо) боюнча операцияларды жүргүзүүгө чечимдерди кабыл алат жана корутундуларды түзөт жана көрсөтүлгөн корутундуларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу үчүн жөнөтөт.
40. Классификацияланган түшүүлөрдүн реестрин түзүүдө автоматтык түрдө төмөнкүдөй жол-жоболорду жүзөгө ашырат:
1) жалпы мамлекеттик салыктарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү;
2) ар бир салык төлөөчү боюнча түшкөн салыктарды эсепке алуу жана учурдагы салыктык милдеттенмелерге ылайык ашык төлөнгөн суммалар же карыздар жөнүндө эсептер;
3) келип түшкөн салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка түшүүлөрдү төлөө документинде көрсөтүлгөн төлөөнүн коду боюнча так эсепке алуу;
4) белгиленген ченемдерге ылайык БРАнын тескелүүчү эсептерине түшкөн салыктык эмес кирешелерден чегерүүлөрдү эсепке алуу;
5) аныкталбаган түшүүлөрдү иштеп чыгуу;
6) тиешелүү деңгээлдердеги бюджеттерге берилген суммаларды аныктоо.
41. Төлөм документтеринде берилген маалыматтын негизинде АС күн сайын кирешелерди классификациялоо элементтери боюнча кирешенин ар бир түрү боюнча жалпы суммаларын көрсөтүү менен бюджеттердин ар түрдүү деңгээлдеги бюджеттеринде кирешелердин жана түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча түшкөн кирешелердин реестрин түзөт.
42. Бюджетке ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) төлөмдөр бюджетке төлөмдөрдү төлөөчүнүн арызы боюнча бюджетке ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) төлөмдөрдү кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча бюджеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу БРА тарабынан арыз катталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.
43. Бажы органдарынын ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө кайтаруу жөнүндө корутундуларын аткаруу "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт, ашыкча төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарын кайтаруу/кошуп эсептөө жана атайын демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебинен (ЕАЭБ модулу) жүзөгө ашырылат.
44. Ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) төлөмдү бюджетке кайтаруу жөнүндө арыз, эгерде бюджеттик мыйзамдарда башкача каралбаса, бюджетке төлөмдөрдү төлөөчү тарабынан төлөм төлөнгөн (өндүрүлгөн) күндөн тартып үч жылдын ичинде берилиши мүмкүн.
45. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларды кайтаруу (кошуп эсептөө, тактоо) боюнча операцияларды жүргүзүүгө корутундуларды түзүүнүн аныктыгы жана анын тиешелүү органдарга өз убагында берүү үчүн контролду жана жоопкерчиликти салык жана бажы органдарынын жетекчилери тартат.
46. ЭБЖ иштеп чыгууда түшүүлөрдүн түрлөрүнүн (салыктын, жыйымдын, төлөмдүн аталышы) кирешелердин классификациясынын элементтерине шайкеш келишине контроль жана төлөмдү идентификациялоо үчүн төлөм документтеринин реквизиттеринин толук толтурулушуна контроль жүргүзөт.
47. Бардык төлөмдөр төлөм документинде көрсөтүлгөн төлөмдүн коду боюнча гана чегерилет, мында бир төлөм документинде төлөөчү тарабынан кирешелердин классификациясынын бир гана элементи көрсөтүлүшү мүмкүн.
Төлөм документинде кирешелердин классификациясынын бир нече элементи жаңылыш көрсөтүлгөн учурда, мындай документ иштелбейт жана автоматтык түрдө "аныкталбаган түшүүлөр" катары классификацияланат.
48. Ошол аймактагы салык органында эсепте турбаган төлөөчүлөр тарабынан которулган акча каражаттары БКЭге кирешелердин суммалары боюнча каражаттар чегерилген учурда, төлөөчүнүн эсепке алуу карточкасы БРАнын башка аймактык органына берилет. Каражаттарды которуу которулуучу сумманын түрүнө жараша салык органынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат, мында төлөмдү жаңы дарек боюнча которуу үчүн төлөм тапшырмасы толтурулат.
49. Түшүүлөрдү иштеп чыгууда төмөнкүдөй маалыматтар автоматтык түрдө сакталат:
1) төлөөчүнүн аталышы;
2) акча каражатынын төлөнгөн датасы;
3) каражаттардын БКЭге чегерилген датасы;
4) документтин датасы;
5) төлөм документинин номери;
6) төлөмдүн суммасы;
7) төлөөчүнүн СИН;
8) төлөөчүнүн Социалдык фонд тарабынан ыйгарылган каттоо номери;
9) төлөм түрүнүн коду;
10) төлөмдүн багыты;
11) администрациялык-аймактык бирдиктин коду.
50. Түшүүлөрдү иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча кирешелердин төмөнкү топтору боюнча учурдагы күнгө классификацияланган түшүүлөрдүн реестри автоматтык түрдө түзүлөт:
1) классификацияланган түшүүлөр:
- кирешелердин классификациялоо элементтери менен салыктык (бажылык) жана салыктык эмес түшүүлөр;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү;
- алынган расмий трансферттер;
- активдери жана милдеттенмелери менен операциялардан түшүүлөр;
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептерине түшүүлөр;
- бюджеттик мекемелердин депозиттик эсептерине түшүүлөр;
2) аныкталбаган түшүүлөр.
51. Классификацияланган түшүүлөрдүн күн сайын түзүлүүчү реестри веб-сервер аркылуу электрондук форматта ЭТД тиркемеси менен БРАга берилет.
52. Контролдоодо оң натыйжа болгондо ЭБЖда иштелип чыккан маалыматтарынын жана төлөм документтеринин негизинде классификацияланган түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды автоматтык сактоо жана БРА аймактык органдарынын, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн жана бюджеттик каражаттардын тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын тиешелүү өздүк эсептеринде чагылдыруу жана Башкы китепте чагылдыруу менен бухгалтердик өткөрүүнү түзүү жүзөгө ашырылат.
53. Убактылуу эсепке алуу суммаларына төмөнкүлөр кирет:
1) төлөм документинде коддордун жана башка реквизиттердин жоктугуна, жарым-жартылай же туура эмес көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу эсепке алуу тактоону талап кылган бюджеттик мекемелердин жана түшүүлөрдүн администраторлорунун пайдасына түшүүчү акча каражаттары (аныкталбаган түшүүлөр);
2) эл аралык финансылык уюмдардан жана институттардан (донорлордон) бюджеттик мекемелердин жана түшүүлөрдүн администраторлорунун пайдасына мультивалюталык эсептерге түшүүчү акча каражаттары;
3) мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан каражаттардын түшүүсү жана аларды тиешелүү бюджеттик, тескелүүчү казыналык эсептерге же коммерциялык банктардагы эсептерге киргизүүгө чейин тындыруу;
4) БКЭде чагылдырылган чет өлкөлүк валюта менен төлөөдө тышкы карызды тындыруу үчүн каражаттар;
5) чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага жана тескерисинче конвертациялоодон түшкөн каражаттар;
6) улуттук валютаны чет өлкөлүк валютадагы эквиваленттүү суммага жана тескерисинче алмаштыруу боюнча своп-операциялар боюнча акча каражаттары;
7) Улуттук банк, коммерциялык банктар жана башка финансылык-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акча каражаттары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/аймактык бөлүмдөр/БРА кирешенин түрүнө "аныкталбаган түшүүлөрдүн" таандыктыгын аныктоону "аныкталбаган түшүүлөр" чегерилген күндөн эки жумуш күндөн кечиктирбестен, "аныкталбаган түшүүлөрдүн" ЭТДнын өзүндө көрсөтүлгөн реквизиттердин негизинде (төлөм коду, төлөмдүн багыты, алуучунун тескелүүчү эсеби жана башка реквизиттер) камсыз кылат.
Эгерде "аныкталбаган түшүүлөрдүн" ЭТДда көрсөтүлгөн реквизиттерине ылайык келип түшкөн суммасы кирешеге чегерүү үчүн арналбаса (салыктарды, салыктык эмес кирешелерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн), анда төлөөчүнүн - салуучунун арызы боюнча анын өздүк эсебине кайтарылат.
Аймактык бөлүмдөр "аныкталбаган түшүүлөрдүн" таандыктыгын аныктоо жөнүндө билдирүүлөрдү (номери жана датасы) ЭКны пайдалануу менен ЭТДга каттайт.
Классификациянын белгилери жок түшүүлөрдү аныктоо жол-жоболору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ЭТДнын негизинде ЭК пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
55. "Аныкталбаган түшүүлөр" эсеби ар бир аныкталбаган төлөм бөлүгүндө банктын көчүрмөсү боюнча төлөмдүн чегерилген датасын, төлөм документинин номерин жана датасын, көрсөтүлгөн эсепке чегерүүнүн себептерин көрсөтүү менен түзүлөт.
56. "Аныкталбаган түшүүлөрдүн" таандыктыгын аныктоо жөнүндө билдирүүлөрдү алгандан кийин АС документтин бардык зарыл болгон тилкелерин толтуруунун тууралыгын текшерет жана кирешелерди тиешелүү элементи боюнча классификациялоо, төлөмдөрдүн түрүн тактоо жана аныктоо датасы боюнча активдери жана милдеттенмелери менен операцияларды классификациялоо боюнча БРАнын тиешелүү өздүк эсебине төлөмдү чегерүү жөнүндө билдирүүнү түзөт.
57. Эгерде "аныкталбаган түшүүлөрдүн" ЭТДда көрсөтүлгөн реквизиттери боюнча "аныкталбаган түшүүлөрдүн" таандыктыгын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, анда алардын таандыктыгын аныктоо салык төлөөчүнүн арызы боюнча төлөм/казыналар аралык/казыналар ичиндеги тапшырмаларды пайдалануу менен акча каражаттарын которуу жолу менен учурдагы бюджеттик жылдын декабрында түшкөн төлөмдөр боюнча БКЭге чегерилген күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде учурдагы бюджеттик жылдын акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт.
58. Кирешенин түрүнө таандыктыгы белгиленбеген келип түшкөн төлөмдөр (аныкталбаган түшүүлөр) алар чегерилген күндөн тартып эки айдын ичинде убактылуу эсепке алуу суммалары катары эсепке алынат.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин бул суммалар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жана Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы мультивалюталык эсептерине чет өлкөлүк валютада түшкөн убактылуу эсепке алуу суммаларын кошпогондо, 14511900 "Башка салыктык эмес кирешелер" кирешелерди классификациялоо элементи боюнча эсепке алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Бюджеттердин ортосундагы кайра эсептөөлөр боюнча операциялар жана кирешелерди бюджеттерге которуу учурдагы бир күндүк түшүүлөрдүн суумасынын чектеринде жүзөгө ашырылат, учурдагы күндүн кирешелери жетишсиз болгондо кирешелерди кайра бөлүштүрүү операциясы жарым-жартылай аткарылат, кирешелерди кайра бөлүштүрүү боюнча аткарылбай калган бөлүк кийинки күнү аткарылат.
60. Эгерде бюджеттик мыйзамдарда башкача белгиленбесе, учурдагы бюджеттик жылдын аягына карата бюджеттердин ортосундагы аткарылбай калган кайра эсептешүүлөр кийинки бюджеттик жылда жүргүзүлбөйт.
61. Учурдагы бюджеттик жылда БКЭге келип түшкөн бюджеттин кирешелери жана башка түшүүлөр аталган эсепке каражаттар чегерилген учурга карата бюджеттик мыйзамдар менен белгиленген ченемдер боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Бюджеттик мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген учурда бюджеттердин ортосундагы кайра эсептешүү чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча учурдагы бюджеттик жылдын башынан тартып жүзөгө ашырылат.
62. Салык жана бажы органдары тарабынан тескелбеген кирешелер бюджеттик мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча бөлүштүрүлөт жана кирешелердин классификациясынын тиешелүү элементтери боюнча эсепке алынат.
Салык жана бажы органдары тарабынан тескелбеген кирешелерди кайтаруу жеке же юридикалык жакка кызмат көрсөткөн төлөөчүнүн жана/же органдардын кирешелерди кайтарууга өтүнмөлөрдү түзүүчү тиешелүү аймактык органдарга берилген каттарынын негизинде, төлөөчүнүн жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктык эсебине которуу менен жүзөгө ашырылат.
63. Корутундуларды аткаруу боюнча АСте эсептик жазуулар документтин катталган номерин, ашыкча төлөө түзүлгөн жана кайтарылуучу кирешенин элементин (сумма "-" белгиси менен берилет) жана кирешени кошуп эсептөө жүргүзгөн кирешенин элементи (сумма "+" белгиси менен берилет) көрсөтүү менен автоматтык түрдө киргизилет.
64. Корутундулар боюнча реестрде бюджеттин ар бир деңгээли боюнча күн сайын түшкөн кирешелерге жараша бюджеттердин ар түрдүү деңгээлинде кайтарылууга (кошуп эсептелүүгө) тийиш болгон кирешелердин суммасы чагылдырылат.
Ар түрдүү деңгээлдеги бюджеттерден кайтарылууга (кошуп эсептелүүгө) тийиш болгон суммаларды чагылдыруу салык органынын төлөмдөрдү кайтаруу (кошуп эсептөө) жөнүндө ар бир корутундусу боюнча жүргүзүлөт.
65. Бюджеттердин деңгээлдери боюнча кирешелерди которуунун суммасы жыйынды реестрде тиешелүү бюджеттин "сумма" графасында чагылдырылат жана кирешенин ар бир түрү жана бюджеттин деңгээли боюнча "жыйынтыгында түшкөн" сумма чыгарылат.
66. Учурдагы күндүн жыйынды реестрине ылайык реестрлер боюнча бардык түшүүлөр такталгандан кийин, түшкөн кирешелер жөнүндө маалыматтар (түшүүлөрдүн реестрлери жана тиешелүү ЭТД) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аймактык бөлүмдөргө берилет.
67. Түшүүлөрдүн алынган реестрлерине жана ЭТДга аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ЭК пайдалануу менен кол коет жана БРАнын тиешелүү аймактык органына берилет.
68. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган активдер жана милдеттенмелер менен операциялардан түшүүлөрдү эсепке алууну жана бюджеттик мыйзамдарга жана бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык аларды бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү ЭБЖ жана төлөм документтеринин, төлөөчүлөрдүн мемориалдык ордерлеринин негизинде кирешелердин классификациялоо коддору боюнча жүзөгө ашырат, алар электрондук түрдө ЭБЖга тиркелген түшүүлөр жөнүндө толук маалыматты камтыйт.
69. Мурда АСте активдер жана милдеттенмелер менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешелер катары катталган жана эсепке алынган каражаттарды кайтаруу БРА (салык органынын SТI-13 формасындагы жана бажы органынын CS-2 корутундусу) же каражаттарды которгон төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
70. Аймактык бөлүм кирешелерди кайтарууга өтүнмөнү АС аркылуу берүү менен аны АСте түзүүнү жүзөгө ашырат.
71. БКЭге төлөмдөр туура эмес чегерилгенде аларды кайтаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан же болбосо төлөөчүнүн сунушу боюнча эсеп ресурстарынын администраторунун жазуу жүзүндөгү уруксаты менен аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күн сайын бюджеттин ресурстарынын (кирешелеринин) түшүүсү боюнча маалыматты, ошондой эле бюджеттердин деңгээлдери боюнча жалпы ресурстук бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө ай сайын жана квартал сайын отчетторду кирешелердин классификациясына ылайык түзүүнү камсыз кылат.
73. Отчеттук бюджеттик жылдын түшүүлөрүн бюджеттер ортосунда бөлүштүрүү жана аларды тиешелүү бюджеттерге чегерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын операцияларын аяктоо учурдагы бюджеттик жылдын акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт.
7-глава. Салыктарды жана төлөмдөрдү кошуп эсептөөгө жана кайтарууга өтүнмөлөрдү каттоонун тартиби
74. БРА үзгүлтүксүз негизде, бирок күнүгө бир жолудан ашык эмес ушул Тартиптин 3 жана 4-тиркемелерине ылайык форма боюнча БРА жетекчилеринин ЭК каражаттарын колдонуу менен колу коюлган салыктарды жана төлөмдөрдү кошуп эсептөөгө корутундуну жана салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарууга корутундуну электрондук форматта ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө берет.
75. Салыктарды жана төлөмдөрдү кошуп эсептөөгө жана кайтарууга корутундулар каттоо номери менен катталган жана сакталган маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн жеткиликтүү болот.
76. АС БРАдан келип түшкөн документтердин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасына корутундуларды электрондук форматта, ошондой эле көрсөтүлгөн электрондук графикалык көчүрмөлөр түрүндө жүктөөнү камсыз кылат.
77. АС салыктарды жана төлөмдөрдү кошуп эсептөөнүн жана кайтаруунун корутундуларын бардык зарыл болгон реквизиттери тиркелген корутундуларга ылайык толук толтурулгандыгын текшерет жана ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык аларды кошуп эсептөөнү жүргүзүүгө өтүнмө түзөт.
78. Салыктын/төлөмдүн бир түрүнөн салыктын/төлөмдүн экинчи түрүнө кошуп эсептөөлөр боюнча жүргүзүлгөн операциялар Башкы китепте салыктын кайсы түрүнө ашыкча төлөөлөр болсо, салыктын ошол түрү боюнча түшүүлөрдүн жалпы суммасынын азайышы катары, салыктын кайсы түрүнө ашыкча төлөө эсептелген болсо, ошол түрүнүн ашыкча суммасына көбөйтүү менен өзүнчө эсептик жазуу менен чагылдырылат.
Бул операция төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) БРАнын тийиштүү өздүк эсеби боюнча;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык деңгээлиндеги БРАнын бир өздүк эсебинен башка БРАнын өздүк эсебине суммасына карабастан.
79. Салыктарды жана төлөмдөрдү кошуп эсептөөнү жүргүзүүгө корутундуда салык төлөөчүнүн төмөнкү реквизиттери камтылууга тийиш:
1) аталышы;
2) алуучунун казыналык эсебинин реквизиттери;
3) салыктын/төлөмдүн элементинин коду;
4) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык кошуп эсептелүүчү салыктын/төлөмдүн суммасы.
80. Салыктарды жана төлөмдөрдү кайтаруу боюнча корутундуларды жүктөөдө төмөнкү реквизиттердин туура толтурулгандыгы текшерилет:
1) кирешелерди классификациялоо элементинин коду;
2) БРАнын аталышы;
3) алуучунун казыналык эсебинин реквизиттери;
4) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык кайтарып берилүүчү салыктын/төлөмдүн суммасы. Аны менен катар бир эле убакта төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- салыктардын жана төлөмдөрдүн кайра берилүүчү суммасы БРА белгилеген босоголук көрсөткүчтөн ашып кетпөөсүн контролдоо;
- ашыкча төлөнгөн каражаттарды кайра берүүгө корутундулардын суммасынын БРА белгилеген кайра берилүүчү суммалардын чегинен ашып кетпөөсүн контролдоо;
- жылдын башынан тартып айлар боюнча жана жогорулаган жыйынтык менен ар бир салык төлөөчү боюнча салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарып берүүгө корутундулардын эсебин алуу;
- жылдын башынан тартып айлар боюнча жана жогорулаган жыйынтык менен ар бир салык төлөөчү боюнча ашык төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүүгө корутундулардын эсебин алуу.
81. Ташып кирүү бажы алымдарын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдарды, салыктарды жана жыйымдарды) эсепке алуу, чегерүү жана бөлүштүрүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте АСте ишке ашырылат.
8-глава. Кассалык чыгымга өтүнмө түзүү жана ырастоо
82. Бюджеттик, атайын, тескелүүчү, депозиттик казыналык өздүк эсептер боюнча БКЭ менен чыгымдалуучу операцияларды (чыгымдалуучу милдеттенмелерди жабуу) жүзөгө ашыруу үчүн кассалык чыгымга өтүнмө бюджеттик мекемелер/түзүмдүк бөлүмдөр/БРА/Социалдык фонддун бюджетинин каражаттарын бөлүштүрүүчүлөр тарабынан АСте төмөнкү учурларда түзүлөт:
1) учурдагы операциялык чыгымдарды аткарууда;
2) товарларды берүүчүлөргө, жумуштарды аткаруучуларга жана кызматтарды көрсөтүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын резидент эместерине төлөөнү кошкондо, акча каражаттарын которууда;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктарда ачылган каражаттарды алуучулардын банктык эсептерине акча каражаттарын которууда;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын сот актыларын аткарууда;
5) бюджеттердин убактылуу тескөөсүндө турган жана белгилүү шарттар пайда болгондо, аларды мурда которгон жеке (юридикалык) жактарга кайтарылууга же багыты боюнча которулууга тийиш болгон каражаттарды которууда;
6) салык төлөөчүлөргө салыктар, жыйымдар жана бюджетке башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн, туура эмес чегерилген каражаттарды салык төлөөчүлөргө кайтаруу, кошуп эсептөө, анын ичинде БРА тарабынан берилген корутундулардын негизинде КНСтин ордун толтурууда жана кайтарууда;
7) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн кошуп эсептөөдө же кайтарууда;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык/түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда (киреше салыгы, жогору турган/төмөн турган органдарга каражаттарды которуу жана башка) КЭК жана/же КАТ колдонуу менен каражаттарды (ресурстарды) которууда;
9) бюджеттердин убактылуу бош турган каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштырууда;
10) Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептерине акча каражаттарын которууда.
83. Кассалык чыгымга өтүнмө төмөнкүдөй реквизиттерди камтуусу керек:
1) документтин түрүнүн аталышы;
2) документтин иреттик номери, күнү, айы, жылы;
3) чыгымдардын элементинин түрүнүн жана кодунун аталышы;
4) төлөөчүнүн аталышы, анын эсеп номери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), төлөөчүнүн коду (ОКПО);
5) Социалдык фонддун каттоо номери;
6) төлөөчүнүн банкынын аталышы, анын жайгашкан жери жана банктык идентификациялык коду (БИК);
7) каражаттарды алуучунун аталышы, анын эсептеринин номерлери, алуучунун банкы, анын жайгашкан жери жана банктык идентификациялык коду (БИК);
8) Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна (ТЖМК) ылайык төлөмдүн багыты жана коду;
9) жазуу жана цифра менен белгиленген төлөмдүн суммасы.
Эскертүү: Кассалык чыгымга өтүнмөдө бюджеттик каражаттарды алуучунун ушул казыналык өздүк эсебинин беренелеринин (элементтеринин) ар кандай коддору боюнча кассалык чыгымдарынын бир нече суммасы көрсөтүлүшү мүмкүн.
84. Кассалык чыгымга өтүнмөдө көрсөтүлгөн реквизиттердин көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) кассалык чыгымга өтүнмөнүн датасы учурдагы операциялык күндүн датасынан эрте болушу мүмкүн эмес;
2) пайдасына акча каражаттары которулган алуучунун банктык эсебинин реквизиттери берүүчүлөрдүн маалымдамасында камтылган маалыматтарга шайкеш келиши керек.
85. Акча каражаттарын бир берүүчүнүн пайдасына (өтүнмөлөрдө СИНге окшош кодун көрсөтүү белгиси боюнча) которууда которуу жүргүзүлүп жаткан кассалык чыгымга бир нече өтүнмөлөр боюнча чечмелөө менен бир ЭТД түзүлөт.
86. ЭТДны түзүү процессинде төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча кассалык чыгымга өтүнмөгө ылайык ЭТДны номерлөө автоматтык түрдө тандалат жана кассалык чыгымга өтүнмөдө төлөм документтеринин реквизиттерин сактоо менен ЭТДнын статусу жөнүндө ("түзүлгөн", "авторлоштурулган жана банкка берилген") "банкта аткарылган" маалымат сакталат.
87. ЭТДны түзүү процессинде төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча кассалык чыгымга өтүнмөгө ылайык ЭТДны номерлөө автоматтык түрдө тандалат жана кассалык чыгымга өтүнмөдө төлөм документтеринин реквизиттерин сактоо менен ЭТДнын статусу жөнүндө ("генерацияланган", "система тарабынан кабыл алынган") "ырасталган" маалымат сакталат.
88. Даярдалган ЭТД ("аймактык башкармалыктын куратору", "аймактык башкаруунун начальниги", "чыгымдар бөлүмүнүн куратору", "чыгымдар бөлүмүнүн башчысы", "БТБнын кураторунун ырастоосун күтүү" статусу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан ЭК аркылуу кол коюлат жана Улуттук банк тарабынан белгиленген ПКС, РУРГС төлөм системаларынын модулдары жана БПБ тарабынан белгиленген БПБ төлөмдөрү ("системада кабыл алынды", "ырасталды" статустары) аркылуу Улуттук банкка аткарууга өткөрүп берилет.
Төлөм документтери ЭБКнын дебеттик же кредиттик бөлүктөрүндө ("ырасталды" статусу) чагылдырылган операциялар Улуттук банкта жүргүзүлгөндөн кийин аткарылды деп эсептелет.
89. Ушул Тартиптин 81-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен түзүлгөн кассалык чыгымга өтүнмө аткарылууга тийиш эмес жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү аймактык бөлүмгө, бюджеттик каражаттарды алуучуга жана БРАга бир операциялык күндөн кечиктирбестен кабарлоо аркылуу четке кагылат (кайтарып берилет).
90. Кассалык чыгымга өтүнмөнү түзүү жана ырастоо төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
1) ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча ЭК каражаттарын колдонуу менен кассалык чыгымга өтүнмөнү (бюджеттик мекемелер/түзүмдүк бөлүмдөр/БРА) түзүү;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан төлөмдү ырастоо жана ЭК каражаттарын колдонуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн жетекчисине төлөмдү жөнөтүү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан төлөмдү ырастоо жана ЭК каражаттарын колдонуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөмдү жөнөтүү;
4) куратор, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан төлөмдү ырастоо жана ЭК каражаттарын колдонуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан төлөмдү ПКС, РУРГС, БПБ төлөм системаларына жөнөтүү.
91. БРА/Социалдык фонддун бюджетинин каражаттарын тескөөчүлөр ЭК каражаттарын колдонуу менен кассалык чыгымга өтүнмөнү төмөнкүдөй учурларда түзүшөт:
1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган ашыкча төлөнгөн салыктарды кошуп эсептөөдө жана/же кайтарууда, КНСтин ордун толтурууда жана кайтарып берүүдө;
2) бюджетке туура эмес чегерилген төлөмдөрдү төлөөчүнүн банктык эсебине же багыты боюнча которуу жолу менен кайтарууда;
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн кошуп эсептөөдө же кайтарууда;
4) Социалдык фонддун АСтеги өздүк эсебинен каражаттарды эсепке алууда жана Социалдык фонддун коммерциялык банктардагы банктык эсептерине которуу.
92. Бюджеттик милдеттенмеге шилтемесиз кассалык чыгымга өтүнмөнү каттоодо АС бюджеттик контролдоонун талап кылынган бардык жол-жоболорун аткаруу менен бюджеттик милдеттенмени автоматтык түрдө түзөт.
93. Контролдоонун терс натыйжасында кассалык чыгымга өтүнмө четке кагылат жана каттоодон баш тартуунун себебин сыпаттоо менен контролдун протоколу түзүлөт.
94. Атайын эсептер жана депозиттик казыналык өздүк эсептер боюнча кассалык чыгымга өтүнмөнү каттоодо AC кассалык чыгымга өтүнмөнүн суммасы каражаттардын бош калдыгынын суммасынан ашып кетпешин контролдойт.
Атайын эсептердеги каражаттардын бош калдыгынын суммасы атайын эсептерде топтолуучу бюджеттик каражаттарды алуучулардын каражаттары боюнча казыналыктын өздүк эсептериндеги каражаттардын калдыгынын суммасын билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
95. Чет өлкөлүк валютада түзүлгөн кассалык чыгымга өтүнмөнү каттоодо аталган сумма автоматтык түрдө төлөм жүргүзүлгөн күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген валютанын расмий курсу боюнча улуттук валютага которулат.
Келишимдик негизде келип чыккан жана чет өлкөлүк валютада түзүлгөн бюджеттик милдеттенмелер боюнча кассалык чыгымдарды ишке ашырууда бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу АСте төлөм жүргүзүлгөн күнгө Улуттук банк тарабынан белгиленген валютанын расмий курсу боюнча эсепке алынат.
96. АС чет өлкө валютасында кассалык чыгымга өтүнмөнүн негизинде ЭТД түзөт, анын кагаз түрүндөгү версиясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Улуттук банктын ортосундагы төлөмдөрдү чет өлкөлүк валютада тейлөөнүн тартиби жөнүндө келишимдик мамилелердин шарттарына ылайык Улуттук банкка жөнөтүлөт.
97. Кассалык чыгымга өтүнмөнү артка кайтарып алуу үчүн аймактык бөлүмдөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ЭТДны түзүү башталганга чейин артка кайтарылышы мүмкүн болгон, бюджеттик каражаттарды алуучу тарабынан түзүлгөн кассалык чыгымга өтүнмөнү артка кайтарып алууга суроо-талапты электрондук түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
Кассалык чыгымга өтүнмөнү артка кайтарып алууда, эгерде бюджеттик милдеттенмелер АСте жөнөтүү келишиминин негизинде катталган болсо, аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелердин, кассалык чектөөлөрдүн (кассалык чыгымдарга убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен) суммасы өтүнмө боюнча алардын баштапкы суммасына чейин автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
98. ЭТДны түзүү аяктагандан кийин кассалык чыгымга өтүнмөнү артка кайтарып алуу суроо-талабы аткарылбайт жана артка кайтарылбайт.
99. Кассалык чыгымга өтүнмөнүн реквизиттеринин туура түзүлүшү үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин/түзүмдүк бөлүмдөрдүн/БРАнын жетекчилерине жүктөлөт.
100. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында төлөм документтери үчүн белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде кассалык чыгымга өтүнмөнүн сакталышын камсыз кылат.
9-глава. Өзүнчө банк эсебин ачуу үчүн учурларды жана негиздерди аныктоо тартиби
101. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда бюджеттик мекемеге коммерциялык банктардан банктык эсепти ачууга уруксат берүүгө укуктуу:
1) грант берүүчүнүн коммерциялык банктарда өзүнчө (валюталык) эсебинин болушу жөнүндө шарттарда бюджеттик мекемелердин чет өлкөлүк инвесторлордон грант, демөөрчүлүк/гуманитардык жардам алуусу;
2) эл аралык финансы институттар же башка чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржылануучу биргелешкен илимий-изилдөө программасына бюджеттик мекеменин катышуусу;
3) чет өлкөлүк инвесторлор/инвесторлор менен келишимдик мамилелерди (аккредитив жана башкалар) аткаруунун алкагында аларды андан ары которуу максатында бюджеттик мекеменин акча каражаттарын убактылуу жайгаштырууда;
4) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келишимди аткарууну кепилдик камсыздоо түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын топтоодо жана башкарууда.
102. Коммерциялык банкта банк эсебин ачуу үчүн бюджеттик мекеме ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
бюджеттик мекеменин коммерциялык банкта эсеп ачуу жөнүндө каты тиркемеси менен:
- коммерциялык банктарда банктык эсептин (валюталык) болушу жөнүндө грант берүүчүнүн шарты менен чет өлкөлүк инвесторлордун гранттык, демөөрчүлүк/гуманитардык жардам берүү жөнүндө тараптар кол койгон келишимдердин, макулдашуулардын көчүрмөлөрү;
- эл аралык финансылык институттар же башка чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржылануучу биргелешкен илимий-изилдөө программасына бюджеттик мекеменин катышуусун ырастаган, тараптар кол койгон келишимдердин жана макулдашуулардын көчүрмөлөрү;
- чет өлкөлүк инвесторлордун/инвесторлордун алдындагы келишимдик мамилелерди (аккредитивдер жана башкалар) аткаруунун алкагында аларды андан ары которуу максатында бюджеттик мекемелердин каражаттарын убактылуу жайгаштыруу шарты менен тараптар кол койгон келишимдердин, макулдашуулардын көчүрмөлөрү;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келишимди аткарууга кепилдик камсыздоо шарты менен тараптар кол койгон келишимдердин, макулдашуулардын көчүрмөлөрү.
10-глава. Банктар аралык төлөм системасында иштөө тартиби
103. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык банктар аралык төлөм системаларынын түздөн-түз катышуучусу болуп саналат.
104. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күн сайын Улуттук банктын маалымат системасы менен байланышкан тиешелүү интерфейс аркылуу (банк системасынын кардар орду аркылуу) БКЭнин каражаттарынын кыймылы боюнча Улуттук банктан ЭБК алат.
105. Учурдагы операциялык күндүн ичинде төлөмдөрдү көп тараптуу иштетүү пайдаланылат жана акыркы ЭБКны алууда (каттоодо) АС киргизилген маалыматтын тууралыгын текшерет:
1) ЭБК номерин контролдоо;
2) ЭБК боюнча кириш калдыгынын жана Башкы китептин маалыматтарынын шайкештигин контролдоо;
3) кириш калдыкты жана БКЭ боюнча жүргүзүлгөн операцияларды эске алуу менен ЭБК боюнча акыркы калдыктын тууралыгын контролдоо;
4) ЭБКнын милдеттүү талааларынын болушун контролдоо жана жүргүзүлгөн операцияларга жол берилишин контролдоо;
5) ЭБК жана ЭТД негизинде БКЭ боюнча жүргүзүлгөн тиешелүү жазууларды Башкы китепте чагылдыруу үчүн төлөмдөрдү идентификациялоо.
Ушуну менен бир эле убакта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Улуттук банкка берилген жана ар бир ЭТД боюнча Улуттук банк тарабынан аткарылган ЭТДны иштетүүнүн натыйжалары салыштырып текшерилет.
106. ЭБКны иштетүү процесси ЭБКны жана БКЭ боюнча төлөм документтерин иштетүүнүн натыйжасында катталган операциялардын жол берилгендигин контролдоо жол-жоболорун камтыйт, алардын жыйынтыгы менен катталган операциялар боюнча контролдоо протоколу түзүлөт.
107. Төлөмдөрдү көп тараптуу иштетүү процессинде каталар аныкталган учурда каталарды сыпаттоо менен контролдук протокол түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭБКда аныкталган каталар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт жана корутунду ЭБКны түзүү үчүн учурдагы операциялык күн аяктаганга чейин чараларды көрөт.
108. АСте кароо мүмкүнчүлүгү менен жүктөлгөн корутунду ЭБКны жана төлөм документтерин сактоо боюнча маалымат базасы түзүлөт.
109. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банктагы борборлоштурулган жана кошумча банктык эсептердеги акча каражаттарынын кыймылына АСтеги Башкы китептин жыйынды балансынын маалыматтарына реалдуу убакыт режиминде ылайык келишине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында төлөм документтери үчүн белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде сакталгандыгына күн сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.
11-глава. Республикалык бюджеттин ресурстарын эсепке алуунун жана пайдалануунун тартиби
110. Республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү БКЭге түшүүчү төмөнкүдөй булактардын эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин кирешелери;
2) финансылык эмес активдер менен болгон операциялардан түшүүлөр;
3) финансылык активдер менен болгон операциялардан, анын ичинде баалуу кагаздарды, акцияларды жана капиталга катышуунун башка формаларын (анын ичинде мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн) сатуудан; кредиттерди, ссудаларды жана зайымдарды, ошондой эле башка кредиттик карыздарды жоюудан түшүүлөр;
4) милдеттенмелерди кабыл алуунун натыйжасында, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан; ички жана тышкы карыз алуудан; башка кредитордук карыздарды таануудан түшүүлөр;
5) жылдын башталышына бюджеттик каражаттардын калдыгы;
6) чет мамлекеттерден алынган гранттар;
7) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;
8) бюджеттердин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруудан кошуп эсептелген пайыздык түшүүлөр.
111. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин түз кирешелеринин түшүүлөрүн эсепке алуу үчүн төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүүчү "Республикалык бюджеттин түз кирешелери" КЭКти түзөт:
1) эл аралык донорлордон алынган тышкы гранттардын;
2) салыктык эмес түшүүлөрдөн: Улуттук банктын пайдасы, берилген бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин пайызы, административдик айыптар, лицензия берүү акысы, башка салыктык эмес кирешелер, мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер, курстук пайда;
3) активдердин жана милдеттенмелердин: берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча негизги сумма, баалуу кагаздар, тышкы кредиттер, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар жана башкалар.
112. Республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрүн эсепке алуу жана аларды республикалык бюджеттин чыгымдары боюнча милдеттенмелерди каржылоо максатында кийин пайдалануу "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКинде төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК кредити боюнча республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү чагылдырылат, анын ичинде:
- "Борбордук казыналык - аймактык бөлүм" которуу эсеби боюнча алынган республикалык бюджеттин кирешелери, БКЭге чегерилген түз кирешелер; мурда берилген ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча кошуп эсептелген пайыздар; өткөн жылдардын бюджеттик каражаттарын артка кайтаруу; трансферттер жана башкалар;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан түшүүлөр;
- ички жана тышкы карыздар;
- акцияларды сатуудан жана капиталга катышуунун башка түрлөрүнөн түшүүлөр;
- башка финансылык жана финансылык эмес активдер менен болгон операциялардан, ошондой эле башка милдеттенмелерди кабыл алуу боюнча операциялардан (баалуу кагаздарды сатуудан, товардык-материалдык запастарды брондоодон алып салуу, жабдууларды имараттарды жана курулмаларды, батирлерди, транспорттук каражаттарды жана башкаларды иштетүүдөн жана сатуудан түшүүлөр) түшүүлөр;
- мамлекеттик бюджеттин башка деңгээлинде ссудаларды төлөөнүн натыйжасында түшүүчү ресурстар, ошондой эле ишканалардын, финансылык мекемелердин жана калктын ссуданы төлөөсү;
2) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебети боюнча төмөнкүдөй операциялар чагылдырылат:
- мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча негизги сумманы жана пайыздарды, мамлекеттик тышкы карыз боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөөгө байланышкан жалпы чыгымдарды каржылоо боюнча, Социалдык фонддун бюджетинин жана ММФК бюджетинин милдеттенмелери боюнча, эл аралык уюмдарга үлүштүк жана мүчөлүк төгүмдөр боюнча, калкка индекстештирүү суммасы боюнча карызды төлөө боюнча, кредиттерди, ссудаларды жана зайымдарды чыгаруу боюнча (мекемелерге жана уюмдарга бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүү), финансылык жана финансылык эмес активдерди сатып алуу боюнча, Турукташтыруу фондуна каражаттарды которуу боюнча, башка учурдагы чыгымдар жана бюджеттен башка төлөмдөр боюнча;
- КАТ аркылуу которулган ресурстар, анын ичинде аймактык бөлүмдүн деңгээлинде тейленүүчү башкы тескөөчүлөрдү, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдү жана алуучуларды каржылоо боюнча; мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттарды которуу боюнча; мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдерине ссудаларды чыгаруу боюнча (бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди жергиликтүү бюджеттерге берүү) жана башка.
113. Чет өлкөлүк валютада БКЭге түшкөн ресурстар республикалык бюджеттин ("Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК) ресурстук бөлүгүнө алар түшкөн күнү белгиленген Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсепке алынат.
114. Ар бир отчеттук датага (айдын акыркы иш күнү) чет өлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банктын ошол күнгө карата колдонулуп жаткан расмий курсу боюнча АСте кайра эсептелинет. Акча беренелери боюнча кайра эсептөөдө келип чыккан курстук айырма киреше же чыгаша катары таанылат.
115. "Утурлама фонддордун" эсебине түшкөн кайтарылуучу каражаттар Министрлер Кабинетинин чечиминин же Кыргыз Республикасы менен донорлордун ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде Улуттук банкта ачылган Борбордук казыналыктын эсептеринде топтолот жана республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө ("Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК) чагылдырылбайт.
"Утурлама фонддордун" эсептеринен акча каражаттарын алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинетинин тескемеси боюнча жана эл аралык финансылык уюмдардын жана/же институттардын (донорлордун) уруксаты менен белгилүү программалардын талаптарын аткаруу же мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жабуу үчүн жүзөгө ашырылат.
Борбордук казыналык улуттук валютадагы кайтарылуучу каражаттар боюнча эсептердеги каражаттарынын кыймылына күн сайын аналитикалык эсепти жана мониторингди жүргүзөт.
Ай сайын Борбордук казыналык менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун ортосунда "утурлама фонддордун" эсептериндеги акча каражаттарынын кыймылы боюнча салыштырып текшерүү актысы түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
116. Бюджеттик мекемелерди каржылоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттары "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебети боюнча чагылдырылат.
117. Операциялык күн же отчеттук ай аяктагандан кийин "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК сальдосу алынган ресурстарга жана каржылоо боюнча жүргүзүлгөн операцияларга жараша "оң" же "терс" мааниге ээ болуусу мүмкүн.
118. "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебеттик (терс) сальдо түзүүдө бюджеттик мекемелердин казыналык өздүк эсептеринен кеткен чыгымдар токтотулбайт.
119. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКЭдеги акча каражаттарынын калдыктарына күн сайын мониторинг жана контроль жүргүзөт, андагы сальдо "оң" мааниге ээ болуусу керек, БКЭде "терс" сальдонун болуусуна жол берилбейт.
120. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин милдеттенмелерин аткаруу үчүн БКЭде жайгаштырылган бюджеттик каражаттардын бош калдыктарын пайдаланууга укуктуу.
121. Бюджеттик жыл аяктагандан кийин "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК сальдосу "оң" мааниге ээ болууга жана тийиштүү бюджеттик жылга бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларда белгиленген кассалык накталай жүгүртүү өлчөмдөрүндө сакталууга тийиш.
122. Учурдагы бюджеттик жылдын акыркы иш күнүндө финансылык ажырымга жол берилбейт.
123. Учурдагы бюджеттик жылдын акыркы иш күнүнө чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКЭдеги каражаттардын калдыгынын чегинде белгиленген тартипте төлөөгө санкцияланган бюджеттик милдеттенмелерди төлөөгө милдеттүү.
124. Берилген бюджеттер аралык трансферттердин төмөнкүдөй түрдөгү пайдаланылбаган калдыктары:
1) теңдештирүүчү трансферттер, максаттуу трансферттер - бюджеттик жылдын аягында алар аяктоочу бюджеттик жылдын акыркы айынын чыгымдары боюнча финансылык (кассалык пландын) көрсөткүчтөрүн жөнгө салуу жолу менен кыскарууга тийиш;
2) республикалык бюджеттен Социалдык фонддун жана ММКФ бюджеттерине бөлүнгөн акча каражаттары - бюджеттик жылдын аягында кезектеги бюджеттик жылдын башына баштапкы сальдо катары которулат.
125. Бюджеттик жылдын аягында бюджеттик каражаттардын бюджеттик мекемелер тарабынан пайдаланбаган калдыктары (бөлүштүрүлбөгөн ресурстар (республикалык, жергиликтүү), атайын каражаттар (республикалык, жергиликтүү), депозиттик (республикалык, жергиликтүү) кезектеги бюджеттик жылдын башына баштапкы сальдо катары которулат.
126. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын БКЭдеги акча каражаттарынын калдыктары кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде кезектеги бюджеттик жылдын башындагы калдык катары эске алынат.
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 1-тиркеме |
Форма
Казыналык өздүк эсепти ачууга/жабууга өтүнмө
Аймактык бөлүмдүн аталышы ___________________________________________________
№ | Мекеменин аталышы | ОКПО коду | СИН коду (14 белгиден турган) | Социалдык фонддун каттоо № | Эсептин түрү (бюджеттик, тескелүүчү, атайын, депозиттик) | Негизи | ||
Аталышы (буйрук, тескеме, кат ж.б.) | Датасы | Номери | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аймактык бөлүмдүн жетекчиси _________________________________________________________
(аты-жөнү, колу, датасы)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 2-тиркеме |
Форма
Казыналык өздүк эсепти ачууга/жабууга кат-арыз
Аймактык бөлүмдүн аталышы ____________________________________________________________
Бюджеттик мекеменин аталышы __________________________________________________________
_______________________________________________________________________ ачууну өтүнөбүз
(казыналык эсептин аталышы)
Жетекчинин аты-жөнү ___________________________________________________________________
(колу)
Башкы бухгалтердин аты-жөнү ___________________________________________________________
(колу)
МО 20___-жылдын "___" _________________
Эсепти ачууга документтер текшерилди
20___-жылдын "___" ________________ эсеп ачылды Эсептин № _________________________
Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызматкери ____________________________________________
(аты-жөнү, колу, датасы)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 3-тиркеме |
Форма
Салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуу корутундусу 20___-жылдын "___" ______________
АС каттоо номери ______________________________________________________________________
Бюджет ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы _____________________
Өздүк эсептин коду _____________________________________________________________________
| Өлчөө бирд. (сом) |
Эсепке алуунун негизи | Салык төлөөчүнүн аталышы | Салыктын аталышы (кошуп эсепке алынуучу) | БК коду (элемент) | Кошуп эсептөө суммасы | Салыктын аталышы (кошуп эсепке алынган) | БК коду (элемент) | Кошуп эсептөө суммасы | ||
Аталышы | Номери | Датасы | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| БК (элемент) боюнча жыйынтык | Бардыгы |
| БК (элемент) боюнча жыйынтык | Бардыгы |
Бөлүмдүн начальниги ____________________________________________________________________________
(колу)
Жооптуу аткаруучу ________________________________________________________________________________
(кызмат орду, колу, барактарды чечмелөө, колдору)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 4-тиркеме |
Форма
20___-жылдын "____" _______________ үчүн салыктарды жана төлөмдөрдү кайтарууга корутунду
АС каттоо номуру __________________________________________________________________________________
Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы _______________________________
Өздүк эсептин коду _________________________________________________________________________________
Өлчөө бирдиги (сом)
Кайтаруу үчүн негиз | Каражаттарды алуучу салык төлөөчүнүн аталышы | Алуучунун банктык реквизиттери | БК коду | Кайтаруу суммасы | ||
Аталышы | Номери | Датасы | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| БК коду боюнча жыйынтык | Бардыгы |
Жетекчи (аны алмаштыруучу адам) ___________________ (колу)
Жооптуу аткаруучу: (кызмат орду, колу, барактарды чечмелөө)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 5-тиркеме |
Форма
Салыктарды жана төлөмдөрдү кошуп эсептөөгө өтүнмө 20___-жылдын "____" ________________
АС каттоо номуру _________________________________________________________________________________
Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органынын аталышы ______________________________
Өздүк эсептин коду ________________________________________________________________________________
| Чен бирдиги: сом |
Эсепке алуунун негизи | Салык төлөөчүнүн аталышы | Салыктын аталышы (кошуп эсепке алынуучу) | БК коду (элемент) | Кошуп эсептөө суммасы | Салыктын аталышы (кошуп эсепке алынган) | БК коду (элемент) | Кошуп эсептөө суммасы | Бюджеттин ресурстарынын администраторунун аймактык органы | ||
Аталышы | Номери | Датасы | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
| БК боюнча жыйынтык (элемент) | бардыгы |
| БК боюнча жыйынтык (элемент) | бардыгы |
|
Жетекчи _______________________________ (колу)
|
| Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине 6-тиркеме |
Форма
|
| Бюджеттин түрү ____________________ жылы _____________________________ ведомстволук классификация ___________________________________ функциялык классификация ___________________________________ |
Кассалык чыгымга өтүнмө № _________ 20___-жылдын "____" ________________
Бюджеттик каражаттарды алуучунун аталышы __________________________________________________________________
ОКПО коду _________________________________________________________________________________________________
СИН _______________________________________________________________________________________________________
СФ ИЖН ___________________________________________________________________________________________________
Өтүнмөнүн суммасы ________________________________________________________________________________________
| сом |
№ | Кассалык чыгым | Негизги (коштоочу документтер) | Бюджеттик милдеттенменин каттоо номери | Алуучу | ||||||||
Чыгымдын түрүнүн аталышы | Чыгымдын беренесинин элементинин коду | Сумма | Документтин түрү (т/т, кит, кат) | Документтин № | Датасы | Төлөмдүн багыты | Юридикалык/ жеке жактын аталышы | БИК | Алуучунун алыш-бериш эсеби | Юридикалык/ жеке жактын СИН | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
М.О.
Жетекчи _______________________________________ (колу)
Башкы бухгалтер ________________________________ (колу)