Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 458
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жободо:
- "Өнөр жай үлгүлөрү" деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-пункт менен толукталсын:
"
36-1 | Өнөр жай үлгүлөрүнө патент алууга 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколго (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-июлундагы № 72 "2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасына карата 2021-жылдын 17-апрелинде күчүнө кирген) ылайык өтүнмө берүү жана анын формалдуу белгилер боюнча экспертизанын талаптарына ылайык келишин текшерүү | 30 |
";
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары" деген V бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 87-1 - 87-22-пункттар менен толукталсын:
"
87-1 | Евразия экономикалык бирлигинин Товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимге (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-февралында № 22 "2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын товардык белгилери, тейлөө белгилери жана чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган) ылайык Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисин, тейлөө белгисин каттоого өтүнмө (мындан ары - Бирликтин товардык белгисине өтүнмө, Бирликти товардык белгиси, Бирлик) берүү | 65 |
87-2 | Бирликтин жамааттык белгисин каттоого өтүнмө (мындан ары - Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмө) берүү | 93 |
87-3 | ведомствонун Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү алдын ала экспертизалоо баскычында берүү суроо-талабына жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу | 28 |
87-4 | Эгерде каттоо ТКЭЖдин бир-үч классы үчүн суралса Бирликтин товардык (жамааттык) белгиси катары каттоого билдирилген белгини экспертизалоо) (ар бир улуттук патенттик ведомствого алымды төлөө) | 185 |
87-5 | Союздун товардык (жамааттык) белгиси катары каттоого өтүнмө берилген белгини экспертизалоо (эгерде каттоо ТКЭЖдин үч классынан көбүрөөккө суралса), (алымды төлөө ар бир улуттук патенттик ведомствого) | 185 |
| жана ТКЭЖдин ар бир классы үчүн кошумча | 18 |
87-6 | Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмөнү Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө өзгөртүү | 46 |
87-7 | Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмөгө өзгөртүү | 46 |
87-8 | Бирликтин жамааттык белгисин Бирликтин товардык белгисине өзгөртүү | 93 |
87-9 | Бирликтин товардык белгисин Бирликтин жамааттык белгисине өзгөртүү | 93 |
87-10 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 37 |
87-11 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өтүнмөнү экспертизалоонун натыйжалары жөнүндө кабарлоого байланышкан жүйөлөрдү жана эскертүүлөрдү жөнөтүү үчүн кошумча мөөнөттү берүү | 28 |
87-12 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисин каттоо жана Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине күбөлүк берүү | 139 |
87-13 | Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринин маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 46 |
87-14 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өзгөчө укуктарды колдонуу мөөнөтүн узартуу (ар бир улуттук патенттик ведомствого төлөө) | 324 |
87-15 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өзгөчө укуктарды колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берүү үчүн кошумча 6 айлык мөөнөт берүү | 139 |
87-16 | Бирликтин товар чыгарылган жеринин аталышын (мындан ары - Бирликтин ТЧЖА) пайдалануу укугун каттоого жана (же) берүүгө өтүнмө берүү жана билдирилген белгини экспертизалоо | 185 |
87-17 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугун каттоого жана (же) берүүгө өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 37 |
87-18 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү каттоо жана (же) берүү (ар бир улуттук патенттик ведомствого алымды төлөө) | 185 |
87-19 | Бирликтин товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын бирдиктүү реестринин маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 46 |
87-20 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу (ар бир улуттук патенттик ведомствого алымды төлөө) | 324 |
87-21 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз берүү үчүн кошумча 6 айлык мөөнөт берүү | 139 |
87-22 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү каттоо жана берүү (2020-жылдын 3-февралындагы Евразия экономикалык бирлигинин Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишим күчүнө киргенге чейин катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына карата) (алымды төлөө ар бир улуттук патенттик ведомствого) | 93 |
";
- "Өнөр жай менчик объектилерине жана селекциялык жетишкендикке укуктарды башкаруу жөнүндө келишимдерди каттоо" деген IV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 89-1-пункт менен толукталсын:
"
89-1 | Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктарды тескөөнү каттоо | 139 |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |